Заманбап келиндер. 2-бөлүмү

https://kyrgyzcha.site/?p=65143&preview=true Кызыктуу окуялар.

Заманбап келиндер

2-бөлүмү

Адамзат жашоо менен тартышып,дүйнө топтоп,анын арасында болбогон акча үчүн жакындарыбыздын да көңүлүн оорутуп коёт экенбиз.Азыр эле мен өлүм менен алышып,ажалдын кучагынан суурулуп чыккандай болдум.Аман эсен эс алып үйгө кайтсам,көп жылдардан бери жылуу мамиледе болбой жүргөн кайын журтумду,энемди чакырып,алар менен кеңешип,уулумду үйлөйм деп чечтим.

Айланага бир заматта эле беш алты аял эркек чогула коюшту.Тоонун элдери колу ачык,меймандос , бирөөнүн көйгөйүнө кайдыгер карабаган,ак көңүл келишет экен.Мен курактуу бир аял үстүмө кийгени жылуу,кургак кийим алып келди.Арыдан бери мени кийиндиришип, жолдун четинде турган эски Нива үлгүсүндөгү машинага отуруп жөнөп кеттик.

-Ой баай ,денең от менен жалын болуп күйүп жатат го?—боз үйдөн чыгып күтүп алган курбум, илеби чекеме тиери менен сүйлөндү.Аны кучактап жылмайып койдум.Денем титиреп өзүмдү алсыз сезип бараттым.Жанымда келген шыпылдаган аял арыдан бери бир бурчка төшөнчүлөрдү төшөп,мени жаткызды.Гүлүмкан сырттан бир чыныга ыссык шорпосун куюп кирип келди.Аны ичип эле мемиреп уйкуга кеттим.

Эртеси баарибир жакшы болбодум.Денем нымшып тердеп,өзүмдү алсыз сезип турдум.Сыртта да түндөн бери токтобой дыбырап жаан жаап жатты.Беттен алган тоонун чыкыроон суугу,сыртка чыкканда чыйрыктырып жиберди.Негедир жүрөгүм оордуна келбей бир нерседен кабатыр болгондой көңүлүм тынчыбай койду.Курбум менен өткөн кеткенди сүйлөшкөнгө да чамам келбей турганын байкап,кайра шаарга аттанууну туура көрдүм.

Пример HTML-страницы

Машина шаарга жетейин деп калганда,үйгө келе жатканыма өкүндүм.Бир күн жатсам,кымыз ,эт жеп өзүмө келет элем деп,өзүмдү өзүм тилдеп жаттым.Атайын дем алганы кетип,эртеси кайтып келгеним эмнеси деп ,курбум Кулпунайдын үйүнө бармакчы болдум.Машинада чогу келе жаткандар жолдордо түшүп калып,мен жалгыз калгандыктан ошол эле машинаны айдатып,курбумдун айылына бардым.

Алардын айылы борборго бара турган жолдун четинде жайгашкандыктан, камаз,машиналар тынбай зуулдап өтүп турушат эле. Жолдун эки бети өзүнчө эле базар.Курут майынан баштап,бензинге чейин тизип алышкан.Жолдун четине токтоттуруп, коон дарбыз сатып алдым.Айылга кирген машина,узун көчөнү аралап ылдыйга карай жылды.Күүгүм кирип,күн уясына батып бараткан учур болгондуктан, жолду чаңыта мал койлорун айдап келе жаткан жаш балдар баратышты.Машина, адамдарга аралашып көнгөн жаныбарлар, кенебестен жолду ээлеп,сүзүлө басып баратышты.Алардын арты менен,биз да анча мынча сигнал чалып коюп,аста секинден жылып отурдук.Машинанын айнегин бир аз түшүрүп коюп,айылдагы керемет көрүнүшкө көз чаптырып бараттым.Айылдын кечки абасы укмуш жыттанып турду.Кимдир бирөө очокко от жагып,кечки тамагын бышырып жатты,дагы бирөөсү тандырда эми гана кызарып бышкан нанын үзүп баштады,ак жолук салынган келиндер мал сааганга киришишти,жаш балдар ар ар жерлерге топтолушуп, оюндун кызыгына батып жатышты. Айылдын жашоосу кандай керемет?!Шаардан келген адамга өзүнчө эле жомоктогудай туюлат.Көчөнүн ортосунан өтүп,бийик дөбөдөн ылдыйды көздөй түшкөндөн кийин шопур бала жол сурагандай айнектен мен тарапты карап койду

-Тээ тигинде турган кызыл камаздан кийинки үй,көк дарбаза.

Шопур бала мал койлордон өтүп,көчө бошоп калгандыктан, ылдамдыгын жогорулатып айдап жөнөдү .Болжогон жерге жеткенде ал менен эсептешип,машинадан түшүп калдым.

Курбум Кулпунай менен аяшым Асан да үлгүлүү үй бүлөөлөрдөн. Кулпунай кара тору,узун бойлуу,созулган, жөнөкөй аял.Мектепте тил адабияттан мугалим болуп эмгектенет .Адамга катуу сүйлөбөгөн жумшак мүнөз курбума кээде тамашалап» окуучуларың сабакта башыңа чыгып алышса керек «деп калам.Ал жылмайып гана кутулат.Анын жолдошу Асан ошол эле айылга каттаган автобуста шопур.Орто бойлуу,арык чырай,чап жаак ,эмгекчил ,ак көңүл киши.Булар экөө тең бирөөнүн акысын жебей,ар дайым муктаж адамга жардам берүүгө даяр турушат.Асан жердештеринин тең жарымын бекер деле ташый берет.Ошондуктан өздөрүнүн жашоосу орточо.Бирде ач,бирде ток калып жашап келишет.Чоң уулун үйлөп,бир балалуу болгондо небересин кошуп,Орусияга жиберишти.Колунда кичүү уул келини турушат.

 

Көк дарбазаны каккылап бир топко туруп калдым.Жаш келин чыгып эшикти ачты.Караңгыда жүзүн анча байкай албадым.

—Сизге ким керек?

Илгери биздин убагыбыздагы келиндер ,өзүнөн чоңдорго ыйбаа кылып,угулар угулбас үнү менен,уялгандай кайрылышаар эле.Салам алик да бербей,түз эле катуу үн чыгарып суроо берген келиндин үнүнөн дирт эте түштүм.

—Энең кайда?

—Кошунанын үйүнө кеткен эле…Эмне деп коёюн?

Ал келин мени босогодон эле кууп жаткандай мукактана түштүм.Эки жагымды каранып калдым.Бери жакта сүйлөшүп турган эки үч аялдын бирөөсү биз тарапты көздөй басып келе жатты.Качан гана бир аз жакындаганда курбумду тааный коюп,жаш баладай сүйүнүп кеттим.

-Кулпунай!

—Гүлжан сенби?

Караңгыда курбум анча тааныбагандай суроо узатты.Шыпылдай басып жаныма жетип келди

—Гүлжандын үнүнө окшош деп коём,кандайсын? Тынчылык элеби биз тарапка келип калыпсың?

—Тынчылык! Сени сагындым.

Мен балалыгымдан бери бирге өскөн курбумду кучактап өөп алдым.Жан дүйнөмөн сагынганымды сезип кеттим.

—Кир ичкериге,эмне турабыз бул жерде?!

Курбум адатынча балпаңдап колумдагы баштыкты көтөрүп,ичкерини көздөй басты.Жанагы келин көзгө көрүнбөй бир жагына кетиптир.

Ичкериге кирип,курбум өзү дасторкон жайып,чай коё баштады.

-Келин алсаң деле өзүң кызмат кыласың,айтсаң болбойбу?

Мен ага күйгөндүктөн сүйлөндүм

—Ээ,курбум бир адамга дасторкон сала албай калдым беле?Ал жашта,али көп нерсени түшүнбөйт.

-Жаш болсо эмнеге турмушка чыгат тооба? Үйүндө эле отурбайбы?

-Азыркы жаштар ушундай экен да,эмне кыласың

—курбум тек кой дегенсип кол жаңсап койду

—Менимче ал нерсе жаш карыга карабайт .Тарбиядан.Илгери биз онду бүтүп жаткан кезде эле энелерибиз, жеңелерибиз турмуш жашоо жөнүндө кулагыбызга куя баштачу.Ал кезде ажырашуу өөн учурайт эле.Азыркылар кыздарын,кайын энең кабыл албаса,ар дайым Москва кабыл алат.Жаның кыйналган күнү баарын таштап келе бергин.Иштейсин, акча кармайсын,гүлдөй болуп жүрөсүң —деп тарбия бергендей.

—Бир нерсе деш кыйын,бара бара келинге катуу сөз деле айта албай калабыз го…

—Биздин келиндик доорду эстесең?

Курбума айтып жатып өзүмдүн келин болуп келгендерим көз алдыма тартылды….

«Ал кезде мен окууну бүтүп,институтта студенттерге психологиядан сабак берет элем.Жашым отузга жакындап калган болчу.Жолдошум Залкар экөөбүз кайсы бир майрам күнү капыстан тааныштык.Бир көргөндө жылдызыбыз келишип,жакшы мамиледе болуп кеттик .Анын жашы отуз бештерге барып калгандыктан, турмуш кура турган кези алда качан келип калган эле.Мен да жаш кыз эмес болчумун.Бир күнү жолукканда эле ал турмушка чыгууга макулдугумду сурады.Мен макул болдум.Аны менен менин келечегим жарык экенин,бактылуу болушубузду ошондо эле сезген элем.Коркпостон кол кармашып,турмуштун даңгыр жолуна кадам таштадым.Шаардын ичинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирип,төртүнчү кабатка көтөрүлдүк. Эшик ачылгыча толкунданып, тартынганымды сөз менен жеткизе албаймын.Эшикти ачкан толмооч келген аял анча деле кубанып күтүп алган жок.Кайын эне өз апамдай болот беле,деп ичимден өзүмдү тынчтандырып койдум.Ичкериге кирдик.Кайын энем төрт бүктөм кызыл жоолугун башыма салып,чекемден билинер билинбес сүйүп койду.Кайын эжем да ошол жерде жашайт экен.Ал да тил учунда бактылуу болгула деп өөп койду.Баарыбыз күндөгүдөй эле бир дасторконго отуруп тамактандык. Эч нерсеге маани бербедим.Мен Залкар менен беш алты жыл жашагандай болуп жашап калдым.Алып кетебиз деген ата энеме да көнбөй жашап калдым.Эки баласы менен ажырашкан кайын эжем,кайын энем ,биз болуп эки бөлмөлүү квартирада жашайт элек.Таң атпай туруп,газга нан бышырып ,кир жууп коюп жумушума кетем.Мен кайтып келгенде дагы эле толгон идиш,кир кийимдер.Кабак кашым дебей күлүп жайнап кылып жүрдүм.Себеби биздин чыныгы сүйүүбүз бар эле.Мени түшүнгөн,эркелеткен, аяган,ыйласам соороткон өмүрлүк жолдошум турганда ,ал жумуштар жумуш эмес болчу.Иштен адам өлбөйт,бирок жылдан жылга жан дүйнө бөксөрүп,көңүл өлөт экен .Адамзат көөдөнү толгуча баарына чыдап жүрө берет экенбиз.Качан гана көөдөндөгү күйүтүбүз толуп жарылганда баары кеч болот экен.Менин толуп турган көөдөнүм,үйдөгү болбогон бир жаңжалда кайын энем бут кийимин чечип ,бир эки жолу чаап жибергенде сынып талкаланды. Ошол күнү артка кайтпайм деп өзүмө өзүм сөз бердим.Он жыл ,баш көтөрбөй,сиздики туура эмес деп кайын энеме бир ооз сөз сүйлөбөй,тил оозу жок келин болгонума таң калам.Ал кезде тарбия ошондой беле ким билсин…Башка батирге чыгып кеттик Залкардын жумушуна кеп кеңешимди айтып,жардам бердим.Экөөбүз көп нерселерге жетиштик.Азыр кайын энем экөөбүз жакын да,алыс да эмеспиз.Залкарга ал жөнүндө жаман да,жакшы да айтпайм.Азырга чейин кайын эжем экөө биздин турмушубузга аралашып,ушак сүйлөп келишет.Менин бирөө менен ишим жок.Мен өлсөм артыман эч ким кошо өлбөйт!Андай учурда-«Бириң терек бириң тал,бириң өлүп бириң кал!»деп гана ичимден айтып,өз жолум менен кете берем…..»

—Гүлжан,Гүлжан!

Ойго батып кетипмин курбумдун үнүнөн баш көтөрө карадым

—Жанатан бери сүйлөймүн,унчукпайсын. .

—Келиндик доорду эскерип жаткам…

—Биз көз жашсыз эскере албай калдык го…Азыркыдай памперс деген жок,жада калса тогуз айлык баланы да көчөгө чыкканда жүдөп,кышындасы одеалга ороп алат элек .Азыр баары заманга жараша…Мен дагы өз кайнемден көп кордук көргөндүктөн, келинге катуу сүйлөгүм келбейт.Түшүнсө түшүнүп алат.Өмүр бою жүрөгүнө так салышты каалабайм.Алар да эртең эле бизге окшоп кайнене болуп калышат.Биз байкабай эле болуп калдык го…

—Туура айтасын сөзүңө кошулам.

Аңгыча сырттан жанагы келин кирип келди.

—Кел отур чайдан ич балам?Манас көчөдөн келе элекби?

—Манасыңыз көчөгө кароол болуп калган го-келин менин тушума келип отуруп калды.Беш алты ай мурун булардын тоюна барганда,элдин көптүгүнөн, жүзүн анча көрө алган эмес элем.Эми жарыкта сарасеп сала карап отурдум.

Дене түзүлүшү толмооч келип,жымшыйган көздөрү карегинен бир аз сыртка чыгып турат экен.Өзүнө жарашпаган ашыкча чоң оозу менен түкүрүгүн чачыратып ойду тоону кобурап жатты.Чайды шоррр эте ууртаганда эле үйдө тизилип турган китептердин арасындагы» Этикет для девушек»деген китепти белек кылгым келип кетти.

Үйү жыйналбай,тамагы кылынбай,балдары каралбай,эртеден кечке көчөмө көчө кыдырып,ушак айтып жүргөн аялдар ,ушундай келиндерден чыкса керек деп ойлоп койдум.

Бир аздан кийин аяшым жумуштан келип,өткөн кеткендерди эскерип,түн бир оокумга чейин отурдук.Качан гана асмандагы жылдыздар суюла баштап,бир гана үркөр жылдызы бажырайып көрүнүп турган кезде уйкуга кирдик….

Жылдар жылга алмашып,чачыма бирин серин ак араласа да,өзүмдү кээде он сегиз,он тогуз жаштагыдай сезип кетем.Бул оюмду эч кимге айтпайм албетте.Тартынам. Эмне деп айтмакмын?— Бирок,адамзат сыртынан карыса да,жүрөгү жапжаш бойдон калса керек деп ойлодум.Улгайган адамдар деле кээде өз денесине батпай,жаш баладай ойногусу,бийлегиси, шоктук кылгысы келет.Кээ бири элден уялса,кээ бири ден соолугуна байланыштуу өзүн эркин,жеңил сезе албайт.

Курбумдун үйүндө төрт күн билинбей эле өтүп кетти.Экөөбүз аны муну сүйлөп,кыз кездегидей шаңкылдап күлүп алабыз.Кайра эле колу коңшудан,уул келинден тартынып,тынч отуруп калабыз.Биз канчалык улгайган сайын,ошончолук бекем тосулган клеткада жашап калат экенбиз.Эч кандай эркиндик жок.Баары чектелген.Элге уят,балдарга уят,келинге уят деп өзүбүз жөнүндө ойлонбой деле баратабыз.Мен го азырынча келин ала элекмин.Өз үйүмдө өзүмдү эркин сезем.Курбум менен аяшым бир нерсени тамашалап,катуу күлүп алышса да,бири бирине «келин угат «деп айтып калышат экен. Мен да келин алсам кээ бир кыймылдарым чектелсе керек деп ойлоп койдум.

Төртүнчү күнү баары менен коштошуп,шаарга аттандым.

Чоң көчөнү аралап өтүп,үй тарапка бурулганда эле көк машина көзүмө урунду.Жүрөгүм дирт эте түшкөнсүп кетти.Бул машина кайын эжемдин уулуна таандык.Демек көптөн бери катташпай жүргөн туугандар келишкен деп ойлодум.Подьездин астына жеткенде эле отургучта отурган бир эки кошуна жолукту

—Гүлжан,келин кут болсун!Көшөгөсү көгөрүп бактылуу болушсун!

-Кайсы келин?!

Мен таң калгандай аларды карап калдым.Анан мээме бир ой келип тык эте түшкөнсүдү

-Аа,рахмат! Эч эле келинге көнө албай жатам

Мен калптан эле күлгөндөй болдум.Алардын бир сөзү кулагыма кирсе,бири кирбей тезиреек коштошууга шаштым.Менин шашканымды алар да байкадыбы,арыдан бери коштошуп өз жолубузга тарадык.

Үйдү ачып,босогосун аттаганда эле,ичкериден аялдардын бака шакасы угулду.Бут кийимимди чечип,эми гана сумкамды көтөрүп ичкериге кирип баратканда кайын эжем чыгып калды.Мени бир тиктеп,жүзү өзгөрүп кеткендей болду.

—Кел Гүлжан,уулуң эч кимди укпай аял алып качып келиптир…

Мен эмне дешимди билбей туруп калдым .Биздин үнүбүздөн кайнем чыгып келди.Мен менен учурашып,сүйлөшүп алуу үчүн башка бөлмөгө чакырды.

-Менин жок экенимди билип туруп,атайын ушул ишти жасадыңыздарбы? Бир кездеги кекти ушул жол менен алгыңыз келди окшойт…Менин жалгыз уулума кыз ала качтырып алып бергеним үчүн,эл астында төмөн кетееримди билдиңиз да ээ?-мен ага муздак үнүм менен кайрылдым.

—Уулуң өзү суранды.Менин да неберем.Анын каалоосун четке кага албадым.

-Ушул кезге чейин,канча жолу эстедиңиз эле небереңизди? Кандай алып келсеңер,ошондой алып барып койгула!

Мен да көгүмө таяна кекенип отуруп алдым. Кайын энем экөөбүз бир сыйра кагыша кеттик.Ал этегин кагынып, оордунан туруп сыртка чыгып кетти.Залкар үйдө жок экен.Башымды жерге салып отуруп калдым.Бир аздан кийин уулум кирип келди.Жүзүнө бир аз тигилип турдум да,көздөрүмдү тартып алдым.Өңү кубарып калыптыр.Аяп кеттим.

—Апа,мени кечириңизчи? Сизге айткандан коркуп жүргөм.Айдайдын боюнда бар…Атама айтсам,абжем менен кеңешиптир. . .Алар сиздин жоктугуңузда ала качтырып алсак,отуруп калат деп чечиптир…

Мага тагдыр күтүлбөгөн белек даярдап туруптур .Кабыл албастан башка аргам жок эле.Эне өз баласы үчүн отко күйүп,суукка тоңгону да даяр эмеспи?Мен да уулум үчүн баарына көз жумдум.Өз аброюмду,чөнтөгүмдү ойлоп жатып уулумдун намысын тебелегим келбеди.Кийимдеримди алмаштырып, «алар»отурган үйгө чыктым.Келиндин жеңелери да уялгансып баш ийип турушту.Алар менен жылуу учурашып,оордунан турган Айдайдын бетинен өөп ак жолугумду салдым.Жеңелерин сыйлап,берчүүсүн берип,түн бир оокумда жолго узаттык..Ата энеси Орусияда экен келишпеди. Телефондо сүйлөштүк.Алар, азырынча эч нерсенин кереги жок,биз барганда салттын чегинде баарын кылабыз,кызыбыз жаштык кылыптыр, деп энеси кечирим сурады.Эртеси күнү кайын журтум да алчуусун алып,үйлөрүнө кетишти.Сураган дос тааныштарга, кудаларыбыз келгенде той өткөрөбүз деп кутулдук.

Биз көп нерсени ойлоп ,пландап койсок да кээде иш жүзүнө ашыра албай калат экенбиз.Канча аракет кылсак да тагдырдын жазмышынан кутулуу кыйын экен.Биз да кокустан эле уулубузду үйлөнтүп койдук. Кайнене деген статуска анча көнө албай жаттым.Айдайды ашканага жолотуштан кызганып турдум.Бир жумадай тамак ашты көп кылып даярдап коюп жүрдүм .Алар экөө биз экөөбүз.Ар бирибиз өз бөлмөбүздөн чыкпайбыз.Мурункудай бака шака болбой тынчыгансып калдык.

Ошол күнү эрте менен уктап жатсам,күйгөн сүттүн жыты мурдума келди.Оордумдан ыргып эле туруп,үстүмө жеңил шайы халатты илип,ашканага чыктым.Газда турган сүт алда качан бышып,ак көбүк болуп,төгүлүп жатыптыр.Газды өчүрүп,казанды бери жылдырдым.Аңгыча колундагы телефонунан бир нерсени караганча Айдай кирип келди

—Айдай сүттү койгон соң карап турат да,телефонго алаксыбай?!

—Москвадан мамам чалды эле…

-Ал унчукпай барып,газдын үстүн жууп баштады.Мен да өз бөлмөмө чыгып кеттим.Залкарды ойготуп,чайын берип,жумушка жөнөдүк.

Түш убактысында кыларга иши жок желеге кирип,социалдык тармактардын биринде отуруп калдым.Капыстан уулумдун сүрөтү көзгө урунду.Ачып бирден барактай баштадым.Замандын жетишкендигин карагыла?Бул тармакта үйдө отурган келиниңди көзөмөлдөп, ал жөнүндө көбүрөөк маалымат билсең да болот экен.Ал жерде келинимдин укмуш сүрөттөрүн көрдүм.Жолук салып түшкөн,алып түшкөн,оозун чүйрүйтө түшкөн,уктап жатканы,уулумдун уктап жатканы…деги койчу баары укмуш.Ушундан көрө бир пайдалуу жумуш жасаса гана дейсиң

Ойлонуп отуруп,шаардагы курбума коңгуроо кылдым.Ал жайды,аны муну сүйлөшүп бүткөн соң кезек келиндерге келди

—Келинди жумшап коюп,төрдө отурасыңбы?

—Кайдан…

—Кызмат кылбай жатабы?..

—Айтсаң кылат.Шаарда эмне жумуш бар эле…

—Биз шаарда эмне жумуш бар эле деп жүрүп,бара бара келинге өзүбүз кызмат кылып калат окшойбуз..

—Сенин келиниң кандай?Тамак ашка жакшы эле бекен?

-Кызыл кылып куурулган картошка жегим келип жатат.Айтсамбы, айтбасамбы деп ойлонтам.

-Айта бер,билбесе үйрөтөсүн да жаш немени…

Мен унчукпадым. Ал менен дагы бир аз сүйлөшүп коштоштук.Кайра эле Айдайга чалдым.Бир топ гудок кеткенде уйкусурап телефонду көтөрдү

—Айдай,кечкиге кызыл кылып картошка кууруп коё аласыңбы?

—Сабизден салат да жасап коёмун

Айдай кыска эле жооп берди.

-Рахмат -Мен телефонду өчүрдүм.

Арадан эки саат өтүп,үйгө кетүүгө жарым сааттай убакыт калды эле.Компьтерди өчүрмөкчү болуп жаткам.келинимдин ашканадагы сүрөтү көзгө илинди.Ак фартук тагынып,чачын артына өткөрүп таштап алыптыр.Менин көзүмө сүрөт эмес,Айдайдын артында турган кызыл ак гүлү бар сыр кастрюль көрүндү……

-Мен жакшы көргөн,өзүм да аяп иштетпей жүргөн кастрюльга картошка кууруп жатат!

Мен Залкар отурган кабинетке кирип кирбей жатып сүйлөнүп кирдим.Залкар босого тарапка аркасын салып отургандыктан, анын алдында отурган кишини байкабай калыпмын.Алар экөө тең бери бурулуп мага тигиле карап калышты.Ал кишини биринчи жолу көрүшүм эле,

—Кечиресиздер, бөлмөдөн адашып башкага кирип алган окшойм.

Мен арсыз жылмая артка кетенчиктедим. Залкардын жүзүнөн күлкүсүн зорго тыйып турганы байкалды.

-Силерди эмне кылсам экен?Эки аял таймашып бизге тынчтык бербейт окшойсуңар! —Залкар мен отурган жерге кирип сөз баштады

—Жакшы азыр сөзүңдү таап кеттиң…Аялым болот деп кантип тааныштырам эми деп жаткам-Ал каткыра күлдү.Экөөбүз ээрчише сыртка чыгып үйгө жөнөдүк.

Үйгө кирип,көргөн көзүмө ишенбедим.Убагында бир тарелканы жылдырып койбогон уулум,бычак кармап,салат кылып жатыптыр

—Апа,келиниңиз даамдуу тамак жасады.Силерди күтүп отурганбыз.

Азат колу менен пиязды шыпылдата басып жатып сүйлөдү

«Маа»деп чакырганы,эркелеп сүйлөгөнү күндөн күнгө калып баратканына ичим тызылдай түштү»Ар бир эне баласы канча жашта болсо да , кичине кезиндей эркелеткенди ,бооруна кысканды кааласа керек.Кыз назик,боорукер болот.Кээде энесине бой таштап,эркелеп да,ыйлап да ала алат.Уул бала үйлөнгөндөн кийин бир кыйла эле алыстай түшкөм экен.Кайненелерди эми түшүнгөндөй болдум.

Баарыбыз кечки тамакка отурдук.Азат чоң идишке куурулган картошканы салып,үстүнө көп кылып көк чөптөн сееп коюптур.Он минутадай эч ким үн чыгарбай тамактанды .Пиязы капкара болуп күйүп кеткендиктен, тамакка да кычкыл даам берип жатты.

—Айдай ,казанга бышырбапсын да…

Мен биринчи жолу аны сындап сүйлөдүм

-Кечеги аштын кырмычыгы кырсам кетпей койду…

Залкар экөөбүз бири бирибизди тиктеп гана тим болдук.Тамактанып бүткөндөн кийин,баарын эс ала бергиле деп,ашканада өзүм калдым.Түбүнө картошка жабышып калган кастрюльду тазалап жууп,жогоруга алып койдум.Баарын кайрадан жыйнап ,өзүм кылгандай кылып оордуна койдум.Залкар жакшы тамактанбай уктап калды деп кабатырланып, бөлмөгө кирдим.

Биз аялдар ,бетибизге узун сызык бырыш түшүп,саамайлар агарып,дене келбетибиз өзгөрүп баратканда эле карылыктын алгачкы көрүнүштөрүн сезип,кабатырга түшөбүз. Эми мурункудай жаш,сулуу болбой калсак сүйүктүүбүз таштап,же жаш кыздарга кетет деп ойлойбуз.Бирок, эркектер деле карылыкты аялдардай оор кабыл алат экен.Майкачан күзгүнүн астында турган Залкарды карап турдум.Мени байкабады көрүнөт,колдорун кыймылдатып, булчуңдарын кармап койду.Күзгүгө жакын келип,бешенесиндеги бырыштарды ,бир аз агарган чачын карады.Кече эле күчкө толуп,ташты да жарууга даяр турган эркек,бир аз күчтөн тайып,оордун кийинки жаш муундарга бошотуп берип жаткандай ,көздөрү муңдуу эле..Аны барып кучактап,» Мен үчүн,дүйнөдөгү эң күчтүү,эң жароокер,эң сулуу,эң татыктуу,чыныгы эркек «экенин айткым келди.Бирок кандайдыр бир күч токтоткондой, артка кетенчиктедим. Эшикти билдирбей жаап ашканага чыгып кеттим.

Менимче,бизге орто курактагы кризис келди окшойт…Айрыкча мен өзүмдү бир аз керексиз сезип кеткендей болдум.Жалгыз уулум болгон үчүнбү,ага ашыкча кам көрүп үйрөнүп калыпмын.Ал кече эле эркелеген жаш бала эле да…Бөлмөсүнө кирип уйкудан ойготкондо ,беш алты жаш курагындай эркелеп,жуурканга көмүлө жатып алчу.Эми анын бөлмөсүнө да уруксат менен кирип калдым.Мага бул көрүнүшкө көнүү үчүн бир топ эле убакыт керек болот…

Аялдар дүйнөнү кооздукка бөлөп,баарына жылуулук,мээрим чачып турабыз.А эркектер тескерисинче ,ошол мээримди,жылуулукту аялдан күн санап алгылары келет. Өздөрүн сүйүктүү, керектүү , күчтүү экенин сезгиси келет.Келин алып,кыз берген кезде биз көйгөйлөр менен алаксып,жакын адамыбызга анча көңүл бөлбөй калабыз.Негедир аларды,»Келиндин себи кандай экени,кызга канча төшөк бериш керектиги» ,кызыктырат деп ойлоп,күнү эле эмес,түнү да ошол жөнүндө айта беребиз.

Курбуларымдын көбүнүн күйөөлөрү ошол келин алып,кыз берген куракта,башка аял күтүп алышкан….Залкар күзгүгө каранып эмне жөнүндө ойлонгону,эмнеге жаш жигиттердей булчуңдарын чыгарып ,денесин караганы мен үчүн табышмак болуп турду…

Жашоо кызык.Бирок адамзат эмнеге жашап жатканыбызды билбейбиз.Сүйүшүп, күйүшүп үйлөнгөн жаш жубайлар,ашып кетсе он жылдай көңүлдү жашайбыз.Наристе бөбөктөр төрөлөт.Алардын биринчи күлкүсү,басканы, сүйлөгөнү,мектептин босогосун аттаганы чоң бакыт эмеспи ар бир ата эне үчүн.Бала чоңоюп,чоңдорго аралашып баштаганда, жомоктогудай жашоодон чыгып баштайбыз.Жаштыгыбыз, күчүбүз барында иштеп,балдарды бутка тургузалы деп ,бири бирибизге деле анча көңүл бурбаган учурлар болот.Бирок ошол жаштык менен кошо,таттуу кыялдар,тунук махабат өчүп,ыссык денелер муздап бараткандай сезилет.Бири бирине көнүп калгандыктан, жалгыз жашоону элестете да алышпайт,ошондой эле чогуу жашоо да жалындуу эмес.Балдарды уядан учургандан кийин,алар ошол эле уяда эч өзгөрүүсүз күнүмдүк жашоо кечирип калышат,же эркектер башка,жаңы,жылуу ,эч жеринен шамал өтпөгөн,кагылып согулбаган уя тандайт.Бул жашоо…

Аял назик,эркектер аялдын көңүлүн оорутпай, ,аярлап,эркелетип, кам көрүүсү керек деп ойлойбуз.Бирок, эркектердин дене түзүлүшү эле айырмаланбаса ,жүрөгү биздикиндей эле болсо керек.Алар деле ооруйт,ыйлайт, ааламдан өтөт…Бизге эле окшош.Бизге канчалык мээрим,жылуулук керек болсо,аларга да ошончолук керек.Көпчүлүк аялдар,бара бара өздөрү көңүл бурбай,кайра ошол көңүлдү эркектерден талап кылат.Менимче эки жактан бирдей жылуулук барса,бирөөсү башка жактан издебесе керек…

Бүгүн эмнеге мындай философиялык ой жүгүртүп калганыма таң калдым.Азат менен болуп,көптөн бери Залкарга көңүл бөлбөй калганымды сездим.Жаштарды өз жайына коёюн,азырынча үй жумуштарына да,тамак ашка да күчүм жетет,Айдай деле эртең төрөсө үйрөнүп кетет деп ойлодум.Күндө эле Залкарга ,шыпыргыны туура эмес койду,табакты тескери көмкөрдү деп айта берсем да үйдөн качаары турган кеп эле.Өзүмдөн бир топ жашка кичүү кыз менен айтышып,кадыр баркымды да кетиргим келбеди.Негедир азыркы жаштар баарын билебиз деп ойлошот.Бирок интернетке жазган адам,ошол жазганын көзү менен көрүп,колу менен жасаган.Окуп койсоң эле жашоо жөнүндө толук түшүнүк ала албайсың .

Жашоо узун жол.Адам өмүрүнүн аягына чейин ошол жолду жылаңаяк буту менен басып өтөт.Кимдин жолунда көп таштар,тикендер болсо,алар өздөрүнөн кийинкилерге, ошол таш тикендин киргендеги оорусун эстеп,ошону баспаса экен деп,туура жол көргөзүп кеп кеңешин айтат. Көпчүлүк аны түшүнбөйт деп ойлойм.Мисалы Айдай.Ага эч кандай кеңештин кереги жок.Маанилүү нерсе жөнүндө айтып түшүндүрүүгө аракет кылып баштаганда эле,жактырбагандай, кашын серпип баштайт.Менимче бул жаш келин үчүн эң терс сапаттардын бири.

Түн бир оокумда Залкардын жылуу кучагына кирип жаттым.Бери оодарылган Залкар жылуу кучагы менен кыса кучактап,көзүмдөн өөп койду. Түбөлүккө бирөөнүкү болгон кандай жакшы!-деп ойлоп ширин уйкуга кеттим.

Күндөр күнгө алмашып,анча мынчада казан аяк кагышып жатып ,кыш өтүп жаз айы келип калды.Айдай айы күнүнө жетип баратат.Эмне болсо да мейли,неберебиз аман соо жарык дүйнөгө келсин деп тиленип калдык.Азат мен айткандай эле үй бүлөөлүк жашоонун кызыгынан чыга баштады.Кээде келсе кээде келбейт.Досторунун арасында жалгыз менин уулум гана үйлөнгөн.Албетте аларга суктанат да.Айдай деле Азатка анчалык сүйүүсү жанганын байкабадым. Экөө тең жаш турмуш кургандыктан, экөөнүн айырмасы бир жаш болгондуктан, Айдай да кээде Азатка окшоп, оюн күлкүгө баргысы келет эле.

Айдай айы күнүнө жетип,уулду болду.Бирок бул кубанычка,алар эмес,биз көбүрөөк кубангандай сезилди.Кичинекей ымыркайды колума алганда,жашоом жаңыдан башталып,жаштыгым кайтып келгендей болдум.Атасына окшош экен.Үч күндөн кийин үйгө алып келдик.Залкар экөөбүз тең бирибизден бирибиз талашып ,кичинекей Байзаттын ууз денесинен жыттап жаттык.Азатка уйкаш болсун деп,Байзат деп атадык.Бирок менин жүрөгүмдү ооруткан нерсе,Айдайдын балага анча мээрими жок эле…Түн ичинде Байзаттын ыңаалаган үнү чыкканда эле оордумдан турам.Коридордо ары бери басып,акыры чыдабай,алардын бөлмөсүнө баш багам.Телефонду караган Айдай,эмчегин салып коюп,бешикти катуу силкилдете тербетип жаткан болот.Мен өзүбүздүн бөлмөгө алып барам,сен эс ал дейм.Ал каршы болбойт.Мен болсо жүрөгүмдө оор таш бардай үшкүрүнүп алам,ага билгизбей.Келиним мейли жаман болсун,колунан эч нерсе келбесин,эмне болсо дагы,ал менин неберемдин энеси эле…Мен кичинекей Байзаттын энесиз өсүшүн каалабайм.Айдайдын кареги менен тең айланып,төрөттөн кийин өзүнө келе албай жатат,бир аз убакыт өтүп,анан энелик мээрими пайда болот деп ойлодум.Кээ бир энелер балдарына бара бара тартылат деп окуган элем.А Азат болсо өзү жаш бала эле…

Байзаттын кыркы чыккан убакта,Орусиядан Айдайдын ата энеси келишти.Биз үйгө чакырганыбызга да көнбөй,өзүңөр келип конок болуп,кызыбызды калтырып кетесиңер бир топ күнгө деп чакырышты.Азат бир айга башка шаарга практикага кеткендиктен, өзүбүз бармай болдук.

Төрт саат жол жүрүп,алардын айылына кирип бардык.Эч кандай өзгөчөлүгү жок кадимки эле айыл.Дарбазасы күрөң түскө боёлуп,айланасы жапыз болуп тосулган үйдүн астына келип токтодук.Ичкериден орто бойлуу,сары жүздүү,бир караган адамга ак көңүл маңдайы жарык,колундагы бар нерсесин кармата коё турган, киши чыгып тосуп алды.Айдайды кучактап өпкөндө эле анын атасы экенин байкадым.Залкар менен кучакташа көрүшүп,мени менен да жылуу учурашты.Жөнөкөй, жакшы адам экен.Ичкериге кирдик.Эшиктин асты кең болгону менен көптөн бери адам жашабагандай кумсарып турду.Бирөөнүн үйүнө киргенде сырттан эркегине,ичкериден аялга баа берет эмеспизби,булардын экөөнө тең анча баа бере албадым.Балким көп жылдан бери чет жакта жүргөнгөбү. ..

Айдайдын апасы чыкты.Баарыбыз менен учурашып,ичкериге баштап кирди.Бою узун,толук келген аял экен.Кашын кара калем менен керме каш кылып боёп алганы анча жакпай турду.Дасторконго отуруп бата кылгандай кийин,чай куйуп баштады.Түкүрүгүн чачырата балпаңдап сүйлөп баштаганда эле,чайга табитим тартпай баратты эле,пиаланын ичин колун түкүрүктөп аарчып койгондо Залкар экөөбүз тең тамагыбызды оңдоп алдык.Эки бутун эки тарапка кере бүктөп ,үч адам отурган жерди ээлеп отурган аялды,бир сыйра баштан аяк сындай карап койдум.Дүйнөдө ар кыл аялдар бар экен.Чай ичпедик.Биз үйдө көбүнчө суу ичебиз,ден соолукка пайдалуу деп кутулдук.Айдай көрүнбөдү.Залкар атасын чакырып,сыртка чыгып кетишти.Биз алып келген койду ичкериге алып киришип,сойгонго даярдап жатышты.Аңгыча төрт беш аял эркек келишип,шарактап кече тойго айланып кетти.Айдайдын ата энеси экөө тең ичимдикке жакын кишилер экен.Байзатты бир көргөндө эле колго алып коюшбаса,кийин кармаган жок.Турмуштан ажыраган эки кызынын балдары бар экен.Бир кыйла отуруп,сый көрүп бүткөндөн кийин биз үйгө аттандык.Айдай неберем экөө калышты.Жол бою Залкар экөөбүз үн катпай бүгүнкү окуяларды эстеп бараттык.

Мен ойлогом,Айдайдын ата энеси,эл катары той кылгыла деп айтат деп.Ага деле даяр турат элек.Бирок алар эч нерсе сурабады . Көптөн бери катташып жүргөндөй эле мамиле түзүп отурушту.

Окуу жылы аяктап,эгзамендер башталган кез эле.Азат таң эрте кетип,кеч киргенде келип жүрдү.Байзаттын күлкүсү ,кылыктары чыгып баштагандыктан биз ал менен алаксып,беркилерге анча көңүл бурбай калдык.Байзат апасына барса ыйлайт.Мага жакын.Андайда Айдай кайра сүйүнүп мага берип,интернетке кирип кетет.

—Апа ,ата биз Москвага барып иштеп келебиз..

Кечки тамактын үстүндө сөз баштаган Азаттын оозун карап,Залкар экөөбүз катып калдык

-Кимдер биз?

—Айдай экөөбүз ..

-Байзатчы?

—Апа сизге жакшы көнүп калды го,..биз да эл катары иштеп келсек эмне болуптур..Чоңураак машина алабыз..

Айдай сөзгө кошулду

-Эл жер көрүп дегендей…

Мен эмне деп айтаарымды билбедим.Залкардын оозун карайм,же ал унчукпайт.Бир топко ойлонгон Залкар сөз баштады

—Азат уулум,сен өз алдыңча акча табам дегениң жакшы,бирок бул жерде деле иштесең болмок.Москвага эмес,Сургутка баргыла.Менин жакшы досум тиш даарылай турган клиника ачкан.Ошол менен келишип ,сени жумушка алдырам.Окууң да бүтө берет.

Азат Айдайды эмне дейсиң дегендей карады.Бир аздан кийин экөө макул болуп,барабыз дешти.Анда даярдана бергиле деген Залкар оордунан туруп,бөлмөгө кирип кетти

-Байзат эмне болот?—анын артынан кирип жанына отурдум

—Байзатка өзүң эне болосуң…Айдай го көнүп калган,уулуң чыдабайт.Даяр тамакка көнгөн бала андай жашоого чыдай албайт.Бул жерде кеңири чапкылап жатат,бөтөн элдеги жашоону да көрүп келсин..Байзат эс тартканда энесине керек эмес экенин сездиргим келбейт…Башка өлкөдө бир аз жашап көрүшсүн.Алыста сагынып мээрими ойгоноор..

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️