Заманбап келиндер. 1-бөлүмү

https://kyrgyzcha.site/?p=65143&preview=true Кызыктуу окуялар.

Заманбап келиндер.

1-бөлүмү

—Мааа,Мааам! Менде соонун жаңылык бар!

Коридордон бутун чечип жатып эле үйдү жаңыртып кыйкырган уулумду ичимден тилдеп алдым.

-Мамылдабай кир залга!-бетимдеги масканы эки колум менен оңдоп,жаздыкты бийик коюп чалкалай жата кеттим.Бөлмөгө кирип мени караган уулум,бир азга оозуна сөз келбей туруп калды

-Маа,бетиңиздеги эмне?

Пример HTML-страницы

—Маска..!

—Мындай жашыл түстө койбойт элеңиз го?..

Ал кызыга кармалап койду.Колумдагы саатыма тигилип,убакыт болуп калгандыктан масканы сыйрып алып ыргыттым.

—Эмне жаңылык,сүйлө?

Уулумду сынагандай баштан аяк карап алдым.Алар атасы экөө бул көз карашты жакшы билгендиктен, уулум айта турган нерсесин унутуп калгандай,же азыр айткысы келбей тургандай болуп сезилип кетти

-Атам гана?

—Атаң китеп окуп жатат.Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык»чыгармасын. .

—Ооохуу,эмне тамак кылдыңыз?

—Сен жактырган тамак уулум,кийимдериңди алмаштырып, атаңды айтып ашканага чыккыла.!

Уулум болуптур дегендей баш ийкеп,өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Мен кесибим боюнча психологмун .Жолдошум юрист болгондуктан , нотариалдык кеӊсе ачып алганбыз.Ошол жерде экөөбүз он жылдан бери эмгектенип келебиз.Жалгыз уулубуз бар.Өтө эрке.Төртүнчү курста окуйт.Буюрса тиш доктур болот.Кичинесинен орус бала бакчага,мектепке барып,орустар менен аралашып өскөндүктөн, мүнөзү да орустардыкындай .Бир нерсени ар дайым түз кабыл алып,түз ойлойт.Атасы экөөбүз үйдө кыргыз тилинде сүйлөшүн катуу талап кылгандыктан, өз тилинде да жакшы сүйлөйт.

Жолдошум Залкар,адамга катуу сүйлөбөгөн, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, бей бечарага ар дайым жардам колун сунуп турган,жоош момун киши.Биз аялдар кээде эркектерге деле акыл үйрөтүп,башкарып алат эмеспизби?— ал андай учурда да туура кабыл алып жылмайып гана коёт.Кээде уулума»биз чыныгы джентельменбиз, аялга жол беришибиз керек»деп тамашалап калат.

Биздин үй бүлөөнүн ички жана сырткы иштерине көбүнчө мен жооп берем.Залкар финансы жагынан эле камсыздап турат.Мен мүнөзү темирдей каттуу,айтканынан кайтпаган,адамды жакшы ылгай билген аялмын.Анан аялдардын компаниясынын фанаткасы эмесмин.Ушак айтканды да жактырбайм. Мен өзүм жөнүндө кенен маалымат бергенимдин себеби,бул чыгарма мен жана башка менин тааныштарым жөнүндө болмокчу.

Биздин үй бүлөөдө китеп көп окулат.Азыр заман өнүгүп,айфон ,айпадтар толуп кетсе да,биз кээде жөнөкөй,кадимки эле китепти барактап окуйбуз.Кыскача айтканда ,чакан интеллигент үй бүлөөбүз.

Биздин үй шаардын четинде эле жайгашкан.Бир чуркасаң чоң базарга жетип барасың.Ошондуктан күнү түнү көчөбүздөн эл үзүлбөйт.

Анан мен сатып алган тамакты жактырбайм! Колун жууп кылабы,жуубай жасайбы кайдан билебиз?Мен жакындарыма, өз колум менен даамдуу тамактарды бышырып бергенди жактырам.

Столдун бетин аарчып,вазада турган жемиштерди койдум.Муздаткычтан апелсиндин ширесин алып,стакандарга куюп жатканда Залкар жаныма чыгып келди.Колунда планшет ,кулагында наушник

—Уфф,ушу силердин виртуалдуу жашооңордон тажадым да!

Мен чын дилден эле кейип алдым.

—Эмне-е?

Залкар бир кулагындагы наушникти чыгарып мага карады

-Эч нерсе,чыкканың жакшы болду,чын дилден баарлашып отурабыз деп жатам

-Ааа

Залкар кайра эле планшетке үңүлүп өзү менен өзү болуп кетти.Аңгыча уулум Азат келип оордуна отуруп,колундагы китепти столдун четине койду.Залкар бир уулун,бир китепти карап койду,бирок унчукпады

—Мааа,

Ушу бала «маалаганын» качан коёт экен деп ойлоп кеттим

-Ата-апа менде соонун жаңылык бар!

Үнүн чыгара сүйлөгөн Азатты,Залкар экөөбүз тең карап калдык

—Мен үйлөнөйүн деп жатам ..!

Илгери балдар уялышаар эле,азыркылар мен беш алып келдим дегенсип эле айтып коёт экен..

— !Куприндин «Олесия» чыгармасын окуп жатасыңбы?Бул чыгармадан кийин өзү адам сүйгүсү келип калат экен.Эгер катуу сүйсөң үйлөнүп ал балам!

Менин оозуман сөз чыга электе эле Залкар жооп берип койду

—Азатик,сен эми гана жыйырма бирге кирдиң го ?!Эрте эмеспи балам?

Мен балама ширин тилге салып суроо узаттым.

-Тек кой,үйлөнө берсин!Сага жакшы,жеңилиңди жерден,ооруңду колдон алганы бирөө келет!

Залкарга жиндене карап алдым

—Азыр жаш,үйлөнбөйт и точка!!

—Үйлөнөт! Ушу сени кандай кайнене болот экен деп кызыгат элем…Азат экөөбүздү эле башкара бербей,бирөөнүн кызын да башкарып көр,биздин баркыбызга жетесиң

Залкар моокуму канган адамдай,каткыра сүйлөдү.

—Азыр үйлөнбөйт,окуусун бүтүрсүн

Мен да сөз бербей талаша бердим.

—Мен ансыз жашай албайм!Үйлөнөм, же башка өлкөгө кетип калам!

Азат эркелигине салып,кежирдене сүйлөдү

-Мени сыйлабайсыңар, укпайсыңар! Үйлөнсөң менсиз үйлөнө бер!

Мен тамакты да салбастан өзүбүздүн бөлмөбүзгө кирип кеттим….

Биз энелер баарын билебиз,баары биздин айтканыбыздай болот,балдарыбыз да биз айткан окууга окуп,биз тапкан адам менен гана турмуш курат деп ойлойт экенбиз.Бирок биздин айтканыбыз, балдарыбыз он сегиз,жыйырма жашка чыкканга чейин эле орундалат экен.

Мен албетте качандыр келин алышым керек деп ойлонот элем,бирок азыр ага даяр эмес болчумун. Күзгүнүн астына отуруп бетимдеги боёкторду өчүрүп жаттым.Сырттан кирген Залкар мени карап туруп калды

-Мени көндүрөм деп ойлобо,баарибир азыр жаш үйлөнбөйт!

Залкар сөз баштай электе эле бир тийе сүйлөдүм

—Гүлжан,сен качан эле чоң аял болгонсун,билесинби? Чоң аялдардын балдары,кыздары турмуш кура турган мезгилге келип калышты.Сенин эркелигиңи мен эле көтөрөм!Азат эрезеге жеткен,анын айтканын да угушубуз керек да!..

Артымдан келип кучактаган Залкар эркелете сүйлөдү. Жакшылык жамандыкты тең бөлүп келе жаткан жолдошумдун сөзүнө бир аз жибип,колунан өөп койдум

—Мен жок дедимби ,жок!Азат качан өзү акча тапканда үйлөнөт!

Мени көндүрдүм деп мыйыгынан жылмайып турган Залкар менден мындай жоопту күтпөгөндүктөн, мойнума оролуп турган колдорун тартып алды

—Өжөрлүгүң сени алыс алып барбайт го…

Оордуна жатып,колуна китепти алып,окуу менен алаксып,мага көңүл бурбай отуруп алды.Жумуштан чарчап келгендиктен жаздыкка башым тиери менен уктап калыпмын.

Ар дайым эрте туруп жакындарыма чай бергендиктен, алар мага көнүп калышыптыр. Бүгүн турбаймын деп ,төшөгүмдө жата бердим.Ата бала тарактатып тириликтерин кылып жатышты.Бир нерсени издеп ызылдап да жиберишти.Арадан бир саат убакыт өткөндөн кийин үй ичи тынчып калды.Алардын кеткенин билип,ашканага чыктым.

«Жок,бул эркектер кыйын болгону менен аялсыз бир күн да жашай албайт»деп ичимден жиндендим.Ашкананын кейпи тойдон кийинки көрүнүштөй болуп турду.Эч нерсе кылгым келбегендиктен, отургучка отура кеттим .Кол телефонумду алып,апама коңгуроо кылмакчы болуп,номерин тере баштадым «-Так,стооп» !!гудок кетип кете электе зорго шашыла өчүрүп салдым.Апам эски адам да!Азат үйлөнөт десем»—Ии, жакшы болгон турбайбы,сага жардамчы келет «..деп баштайт.А мага азыр мен тарапта боло турган адам керек .Ойлонуп отуруп,айылда мугалим болуп иштеген жакын курбум Кулпунайдын номерин издей баштадым.Эмнеси болсо да бул курбум кыз берип,бир эмес эки келин алган балпайган байбиче .Гудок кетип жаткан телефонду кулагыма тыңшап,бир колум менен столдо турган жүзүмдөн бирди оозума салдым.Кыйла гудок кеткенде күйүп быша бир жактан чуркап келген курбум телефонду көтөрдү

-Купуш,..Кайсы жактарда тентип жүрөсүң?

Ар дайымкыдай эле сурашпай туруп суроо жаадырып кирдим.Менин мүнөзүмдү тээ бала чактан бери билген курбум аныма капа деле болбойт.

—Тоокторго жем чачып жүргөм..Тынчылыкпы? Таң атпай коңгуроо кылчу эмес элең?

Ичимден туура ,канча күндөн бери мунун акыбалын сурап койбодум деп ойлонуп алдым.

—Тынчылык,неме, биздин үйгө келин келет экен…

Мен негедир Азат үйлөнөт деп айткым келбеди.Трубканын ар жагынан курбумдун каткырган үнү угулду

—Гүлжан,сен кеч турмушка чыккансын,азыр балаңды жаш деп үйлөгүң келбей жатат.Бирок классташ кыздардын көбү эле кыз берип,уул үйлөп калышпадыбы? Азат отузга чыкканда,сен алтымышка жакындап каласың ошону ойлонтасынбы?

—Курбум математикадан сабак бергендиктен, бул жерге да математиканы аралаштырып, мектептеги балдарга түшүндүргөндөй эле жөн жайы менен мени көндүргөнсүп койду

—Мен эмне кылышым керек?

-Сага андай эле адамдар жага бербейт,кыйын сындайсын го?Шаардыктарга боло берет,бир күнү үйгө чакырып көр.

Мен анын кеңешине рахмат айтып,тез эле коштоштум.

Ашкананы иретке келтирип,үйдүн ичин да жыйнап чыктым.Күндүзү бир нече жолу жолдошум менен уулум коңгуроо кылышты.Албадым. Кабатыр боло беришсин.Түш ооп калган кезде кечки тамакка урундум .Картошканы арчып эми жууганы даярдап жатсам эшиктин коңгуроосу кагылды.Терезеден карап эч кимди көрө албадым.Барып ачсам бир кучак гүл кармап уулум туруптур.Бетимден өөп койду

—Эрте келипсиң го?

—Башым ооруп кетти эле келе бердим

Чынында эле уулум өңү бозоргонсуп көрүндү.Кийимдерин чечип,бөлмөсүнө кирип кетти.Эт менен картошканы дымдап коюп артынан кирип бардым.Уулум баарибир өзүмдү тарткан да,оорунун кейпин кийип жатканын байкадым.Мен деле кээде Залкар айтканымды аткарбаса ушинтип жата калам .Унчукпадым. Байкабаган адамдай шкафтан бир нерсени алып чыгып кеттим.Залкар жумуштан келгенге чейин чайга да чакырбадым.

Залкар жумуштан келип баарыбыз кечки тамакка отурдук.Унчукпай отуруп тамак жеген уулума көз кырын сала карап коюп жаттык

—Ата,кече экөөбүз келиштик эле го,мамамды көндүрдүңүзбү?

Азат мен жок болгонсуп атасына кайрылды

-Эгер үйлөнбөйм десең жаңы чыккан Шевроледен алып берем.

Мен бир болсо көнөт ушул сунушка деп ойлодум

-Эх,мама,байлык ,машина Бакыт алып келбейт экен …-уулум философиялык ой жүгүртүп койду

-Даа,похоже тут серезьна…

Колуна вилканы кармап турган Залкар да кошула кетти

—Мама ,мен Москвага барып иштеп келейин деп жатам?! Жакында биздин группадан бир эки бала кетет экен.Үйлөнүш үчүн өзүм да аракет кылышым керек го…

—Эми гана чай ууртаган элем какап кеттим.Көпкө жөтөлүп,буулуккан үнүм менен ага кайрылдым

—Сага эмне жетпейт уулум?Биз ким үчүн эмгектенип жатабыз атаң экөөбүз?

—Же өзүң жактырган адамга үйлөнө албасаң… уулум муңайым үн катты..Баарибир эне эмесминби.?Көнбөй каяка да бармакмын?Ар бир эне өз баласынын бактын ойлойт.Балким ал жакшы кыздыр …Балам бактылуу болсо ,мен каршы болмок белем?

-Мындан кийин Москва жөнүндө айтпай жүргүн.Биздин баардык дүйнөбүз сеники.Ошол кызды алып келип тааныштырчы? Эртең кечкиге атаң экөөбүз дасторкон даярдап күтүп алалы?

Балам менин сөзүмө ишенбегендей элеңдеп карап алды

-Орустарга окшобогулачы? Кыргызда качан эле атасы менен апасы келинди сындап көрөт эле?

Өзү орус чалыш балам бизге салт жөнүндө кеп баштаганда, Залкар экөөбүз тиктешип алдык

-Элге карап жашаба уулум!Өзүңө кара! Апаң менен тааныштыр,беш алты келин албайт!Өзү сындап көрсүн.

Залкар уулуна жай баракат айтып түшүндүрүп өттү

-Кайсыл жерде окуйт?Жашы канчада?Ата энеси кимдер?

-Москвадан келишиптир. ..Жашы жыйырмада.

Оозуна нанды салып чайнаган уулум бейкапар жооп берди

—Москвада үйлөрү бар бекен?

—Жок,иштеп келишиптир.

Мен башка суроо бербедим.Унчукпай салаттан чайнап отурдум

—Кстати маа,социалдык тармакта баракчасы бар,достук жөнөтсөңөр да болот атам экөөңөр!Азыр сүрөтүн көргөзөм!

Уулум кол телефонун алмакчы болуп,чөнтөгүнө кол сала баштады

-Жок керек эмес!Өзүн эле көрөм!

Мен аны токтотуп койдум.Тооба, кайын ата келин желеден бири бирине достук таштайт деген кандай заман деп ойлоно кеттим.

Тамактанып бүткөн соң ата бала тез эле өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти.Мен эртеңки күндү ойлонуп отурдум .Эмне тамак жасайм,кандай суроо берем,эмне кийим кийем деген суроолор башымды катырып жатты

Мен уулумдун мүнөзүн жакшы билгендиктен, үйлөнүп ,жашап калышына анча көзүм жетпей турду.Өз баламдын да,бирөөнүн баласынын да турмушу талкаланышын каалабадым. Жыйырма бир жаш эр жигитке үйлөнгөнү эрте курак эле.Анан менин эрке уулум,турмуштун ачуу таттуусун,уруш жаңжалына чыдабайт болчу.Бирок көпкө көгүмө таянып да тура албадым.Себеби каны кызуу бала Москвага да кетип калышы мумкун эле

 

Кечки саат төрткө келебиз деп ,Азат эрте менен эле эскертип кеткен.Залкардын жумушу көп болгондуктан кеч келерин кабарлады.Столду залга сүйрөп кирип,даярдана баштадым.Ии, Азаттын апасы мынча жүдөгөн неме»дебесин деп ,үстү башымды оңдоп,отуруп калдым.Саат төрттөн өткөн кезде эшиктин коңгуроосу кагылды

-Саламатсызбы?

Азаттын артынан кирип бутун чечип жатып салам берген кызды сындай тиктеп калдым.Бут кийимин бир четке коюп,мени баштан аяк бир сыйра карап туруп калды.Мени эмес,менин үстүмдөгү кийимди карады Демек адамдарды кийимине карап мамиле кыла турган кыз»деп ойлоп койдум.Орто бойлуу,чачы сарыга боёлгон,көздөрү жымшык кыз экен.Бетке катар катар кылып чаптаган боёктун ичинде да саргымтыл тартып турган өңү,бул кыздын көп жылдан бери тамеки тартаарын билдирип турду.Ашыкча митаамдыгы жүзүнөн эле көрүнүп турат. Бөлмөгө кирип,столго отурдук.Берген суроого нары,бери карап жатып жооп берген адамды жактырбайм. Ал кыз да менин суроолорума, бир тырмагын чукуп,бир менин колумдагы изумуруд көздүү шакекке тигилип ,жооп берип жатты .Демек адамды да анча сыйлап жарытпайт дедим.

Азаттын досторунун баары колунда бар жердин балдары. Алар жөнөкөй кыздарга карабасы турган эле кеп.Алар мына менин тушумда отурган кыздай,атын унутуп коюпмун»дерзкая болуп көрүнгөн кыздарды карашат.Бирок булардын көбү тышы жылтырак,ичи калтырак экенин сезишпейт эле.

—Айдай,тамактан алсаң?

Уулум кызга кайрылды.» Айдай»анын аты Айдай экен

—Айдай өзүң жөнүндө кененирээк айтып берчи?

Колума стаканды кармап кызга кайрылдым

—Эмнеге кызыгасын?Келечекте кандай пландар бар?

Тамагын бир эки жолу оңдоп алган кыз жооп берди

—Китеп окуганга кызыгам…анан көп кызыктууларды кызыгып үйрөнгүм келет….

Ичимден эки сөздү бир кылып сүйлөй албаган кызга кыжырланып кеттим.

-Кандай жанрдагы китептерди окуйсун?Романдардыбы, же мемуарбы?

-Мемуар аралашкан романдарды жактырам…

Ойлонбой эле шар жооп берген кыздын жообуна күлкүм келип кетти.Азат столдун түбүнөн бутумду басып койду.

Ошол болду Айдайга жөн гана сылык сыпаа жылмайып гана отурдум.Бир саттан ашык отургандан кийин үйүнө аттанды

 

Сиздер ойлосоңуздар керек,бирөөнүн ай чырактай кызын эмнеге сындайт,эмнеге басынтат деп?—бирок ,мен кантип сынабаймын? Мен тапкан ташыганымды жалгыз уулума камдадым.Анын келечеги үчүн баарын жасадык. Элге окшоп,келин алып эле бир айдан кийин кредит төлөш керек деп,Орусияга айдабагандан кийин акыл эстүү,түшүнүктүү келин алгым келет да.Азыркы кээ бир жаш кыздарды көрүп жакамды кармайм.Сүйлөсөң беттен үзүп алгыдай болуп алынышат.

Айдай негедир бир көргөндө жакпады.Бой көтөргөн аял затын деги жактырбайм. Уулум үчүн унчукпай угуп отурдум.Бирок ал экөөнүн түбөлүктүү жашоосуна ошол күнү эле көзүм жетпеди.Колумдан эмне келмек .Сүйүүнүн көзү сокур… ….

Кайын эне менен келиндин таймашы тээ илгертеден бери эле токтобой келе жаткан салт болсо керек.Биздин үй бүлөөдө уул бала жок болгондуктан, апам кайнене болуш кандай сезим экенин билбейт эле.Үч кызы тең турмуштабыз. Эки сиңдимдин балдары азырынча жаш.Бирок аларда уул көп болгондуктан, баарыбыз чогулганда апам «Бейиштин эң төрүндө бир так бар экен.Бирок канча мезгил кылымдар өтсө да ,азырга чейин бош экен.Ал так ким үчүн деп сурагандарга «Дүйнөдөгү эң жакшы кайнене үчүн»деп периштелер жооп беришиптир. .—деп айтып берчү.Андайды уккан мен,»ошол такка мен отурам,»деп апама кыялдана айтаар элем.Азыр ошону эстеп жылмайып алдым.

Адамзат өз башыбызга түшкөнгө чейин бир нерсенин кадырын билбейт экенбиз.Мисалы мен,кайнем менен өтө эле күйүп жанган жылуу мамиледе эмесмин.Менден башка үч төрт келини болгондуктан, андан да биз өзүбүзчө бөлүнүп,бутубузга тургандыктан ,биз жөн гана бир эркекти жакшы көргөн эки башка аял катары сый мамиледе калдык.

Ушул күнгө чейин кайнем жөнүндө башкача ойдо элем.Эми аны түшүнгөндөй болдум .Көрсө биз энелер,уулубузду жандан артык көрүп,бапестеп өстүргөндөн кийин,башка аял анын сүйүүсүн,мээримин тартып алганы жатса,энелик сезимибиз менен баарибир ичтен кызганат экенбиз.

 

Жай айынын орто чени болчу.Күндүн ысыгы мээни кайнатып,шаардын тургундары суу жээгине,айылдагы туугандарыныкына, курортторго кетип жатышты.

Азат Айдайды тааныштыргандан бери бир айдан ашуун убакыт өттү.Үйдө чоң жаңжал болуп,мен үйлөнсөң мен тапкан кызга үйлөнөсүң деп катуу тургандыктан, башка үйлөнүү тууралуу ооз ачпады.Баары оордуна келип калды,уулумдун сезимдери да сууй түштү окшойт деп ичимден жымыңдай сүйүнүп алдым.Залкардын сунушу менен жайлоодогу курбум Гүлүмкандыкына эс алганы кеттим.

 

Эрте менен шаардан чыккан машина караңгы кирип баштаганда араң жетип келди.Жолдун четинде бирин серин үйлөр салынгандыктан ,алардын үйлөрүнөн чыккан жарык,айлана чөйрөнү жарыта албайт эле.Кичинекей кепеге окшоп салынган аялдамага мени дагы үч төрт адамды түшүргөн машина,ошол эле жерден жашы өтүп калган жубайларды, дагы төрт студент кызды салып,кайра эле шаарды көздөй айдап кетти.Ээн талаага таштап,цивилизацияны көздөй кеткен машинанын артынан узата карап калдым.Жанымдагыларды тосуп алганы келгендер оор баштыктарын атка өңөрүп сай жакты көздөй жылып баратышты,эки тарапты карап туруп калган менин жаныма атчан жаш жигит келди

—Гүлжан,деген сизби?

Ал мага уялыңкы үнү менен суроо узатты.Биз шаардыктар, өзүбүздү канчалык акылдуу,маданияттуу сезбейли,тарбия тартип жагынан баарибир бир аз артта калганбыз» деп ойлоп алдым

Ал бала аттан түшүп менин отурушума жардам берип,баштыкты астыма өңөрүп койду.Астыга түшүп бир аз басып,ылдыйлап баратканда эле мен коркконумдан өзүмдү жоготуп коё жаздадым.Аттын буту мүдүрүлүп,жыгылып бараткандай сезилди.Менин коркконумду байкаган жигит атка өзү да минип,менин астыма отурду.

—Менин ийинимден кармап алыңыз,өзүңүздү кенен кетсин десем коркот экенсиз.Жол таштак,карангы да кирип калды,жөө бассаңыз бутуңузга бир нерсе киреби деп турам

—Аа эч нерсе эмес,сенин артыңда коркпой кетет экенмин кайра.Сен Гүлүмканга ким болосуң?

—Мен анын чоң уулу Урматмын да,тааныбадыңызбы?

Жигит мага карап жылмайып койду.Канча жыл болду буларды көрө элекмин.Мен көргөндө,бети кызыл,орто бойлуу томпойгон бала эле,эми минтип,бир аз мурут койгон жигит болуп калыптыр.

—Сен үйлөнө турган чоң жигит болуп калган турбайсыңбы?

—Мен үйлөнгөнмүн. Кызыбыз үч айлык болуп калды

-Сен Азат менен теңсин ээ?

—Үч жаш улуумун.

Жол бою өз ойлорум менен алпурушуп бараттым.Убакыттын өткөнүн кара,кече эле көз алдыбызда чүкө ойноп,топ тээп жүргөн балдар,минтип ата болуп,өз балдарын тарбиялап келе жатышат.

Мындан көп жыл мурун бир сапарга баратып,сексенге кирген карыя менен автобузда жанаша отуруп калган элем.Жол узак болгондуктан аны муну сүйлөшүп баратканбыз. Ошондо ал карыя мындай деди эле»

«Илгери илгери өткөн заманда , бир жолоочу токойду аралап баратып,чарчагандыктан бир дарактын түбүнө отура кетиптир.Бир аз чарчоосун басып,айлана чөйрөгө көз жүгүртүп караса,мүрзөнүн четинде отуруптур. Тушунда турган жазууну көрүп жакын келип окуса,маркумдун аты жөнү жана жашы жазылыптыр. Ал маркумдун жашы тогуз жаш деп жазылып тургандыктан, ичкериге кирип,баардык жазууларды көз алдынан өткөрүп чыгыптыр.Эң кызыгы алардын баары,тогуз, он,он беш жашка чейинкилер экен.Алардын ичинен жашы чоңураагын таппаган жолоочу,бир четке отуруп ыйлап кириптир.Анын ыйлаганын көргөн ак сакалдуу карыя жанына басып келип,эмнеге ыйлап жатканынын себебин сураптыр.» —Булар жалаң жаш балдар экен.Жашоодо эч нерсени көрбөй ааламдан өтүп кеткендерине кайгырып жатам»деп жооп бериптир.Анда карыя»бизде адам өлгөндө баардык жашын эсептебейбиз. Биз өмүрүндөгү жалаң гана бактылуу көз ирмемдерди жазабыз.Мисалы ар бирибиздин китепчебиз бар.Эс тарткан мезгилден баштап,башыбыздан өткөргөн ар бир кубанычтуу окуянын канча мүнөткө созулганын жазып коёбуз.Кийин адам өлгөндө,ошол мүнөттөрдүн баарын эсептеп,жылдарга айлантабыз» деп айтыптыр.-Ошондо ушул окуяны айтып бүткөндө эле ал карыя автобустан түшүп кеткен эле ,андан бери жаш белем ким билсин,бул жөнүндө ойлобоптурмун. Негедир эми оюма түшүп кетти.

Кече эле ак бантик тагып ,мектептин босогосун аттаган секелек кыздар,бүгүн минтип байбиче болуп,небере көрүп отурушат.Башкаларга бүтүндөй бир кылым жашагандай көрүнгөнү менен өзүбүз үчүн чоң арыкты аттагандай эле сезилет.Арыктын аркы өйүзүндө кечеги эле балалык .Берки өйүзүндө турмуш,тиричилик, үй бүлөө…

Эгер биз деле жашообуздун кубанычтуу мүнөттөрүн кагазга түшүрсөк,биздики да тогуз,он жыл чыкса керек.Биз адамзат кээде жумуш үй,бала чака,күнүмдүк көйгөй менен болуп кубаныч эмне экенин деле унутуп калат экенбиз.Биз балам дейбиз,балдар да бойго жетип үй бүлөө күтүп,балам деп кете берет экен .

—Аттан түшүп турасызбы?Мен биринчи жүктөрдү сайдан ары өткөзүп келейин?

Өз ойлорум менен болуп кеткендиктен, Урматтын үнүнөн селт чоочудум

-Кол телефон,акчаңыз болсо да чоң сумкага салыңыз

Мен анын айткандарын аткарып,сайдын жээгиндеги дөңчөгө келип отуруп калдым.Урмат атты минип,сайдагы сууну кече арткы өйүзгө өтүп баратты

-Жана түштө өткөндө суу мынчалык улуу эмес эле,кеч киргенге адамдар эгиндерине деп тоскон тосуктарын ачып,суу сайга кошулуп улуулап жатат окшойт.

Урмат жээке жете электе эле сүйлөп баштады

—Мындан башка жол жокпу?

—Көпүрө бар эле,жакында сел алып кетти.Эми оңдошот.Мындан башка жол бар,бирок бир саттан ашуун жол жүрүп,башка жайлоодон айланып келиш керек.Бул сай өтө эле чуңкур эмес.Жайылып, жай агат.Мына бул эң тайыз жери.

Урмат кол жаңсап сай тарапты көргөздү.Экөөбүз атка минип,сууну көздөй айдап бараттык.Аттын буттары таштарга тийген сайын буту мүдүрүлүп кетип жатты.Башында бутубузга жетпеген суудан ,бара бара тизебизге чейин малынып кирдик.Шарпылдаган суунун үнү айбаттуу угулуп турду.Карангыда байкабай калдыбы,көк кашка ат ортого жеткенде жыгылып кетти.Анын үстүнөн Урмат экөөбүз тең учуп түштүк.Салмактуу жаныбардын үстүндө суунун улуулугу байкалбай жаткан экен,толкуп келген толкундар мени агызып баратты.Муз аралаш суу сөөктөрүмө өтүп ,денем тоңуп калды.Карангыда кармай турган эч нерсе көзгө көрүнбөйт.Улам бир чоң ташка асылам,колумдан чыгып кетет.Бир кыйла агып барганда эркек кишинин күчтүү колдору желкемден кармап,жээкке сүйрөдү.Азыр эле өлүм менен алышып,ажалга тик карап жаткан мен,жашыл шибер чөптүн үстүндө ,жаратканга миң мертебе шүгүлөр келтирип,асманды карап жаттым……

 

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️