Айсаара колуна бир кучак кызыл жоогазын кучактап алып, ангыраган ээн жолдо кимдир бироо менен ооз учунан угулаар угулбас суйлошуп баратты.
Биздин уйдун эркеси да, сулуусу да, эриндирбес эрмеги да мен элем. Агам менден 4 жашка улуу ал экообуз такыр эки башка кишибиз, ал апамдын а мен атамдын эрке кызымын. Апам агамды Уланым акылдуу бала кичинесинен эле шумдугу жок токтоо, боорукер болду, мунун куйумдуулугучу десе ,мен дайым чычалап ,каршы чыкчуумун.
-Ушинтип эле баланарды жерге сууга тийгизбей мактай эле бересинер да , же анынар ошол мактоого татыктуу болсочу.
Эмне учун экенин билбейм мен Уланга бир тууган агамдай эмес жат бир душманымдай эле мамиле кылчуумун. Анткени бироонун созун , буйруйган буйругун угу мен учун олумдой эле болчу.Мен атамдын гана тилин алып анын менен гана кенешчуумун. Агам турсун апамдын да конулумо тура келбеген создоруно тескери басып кетип калчуумун. Улан эмнени айтпасын мен дайым каршы чыга берчуумун, турабы туура эмеспи мага баары бир болчу иши кылып анын ачуусун келтирип, кыжырын кайнатмай мен учун азарт эле. Ал болсо башын чайкап:
-Тентек кыз, качан чонгоюп, качан акылына келесин. Бой жетип деле калдын? –деп.
Бир эсе ушкуруно,бир эсе мыйыгынан куло тим болоор эле.
Кызыктын баары бул жакта бир куну Улан суйлошкон кызын уйго бизге тааныштырганы
алып келиптир. Зулайка сын келбети келишкен, ичи сырты топ келген татына кыз экен. –
— Мм,балекет мындай татына кызды кайдан таап алган?
Бул куну да жон олтура албай адатымча шайтаным карматым.
Тамактанып олтуруп Улан Зулайкага бизди кененирээк тааныштырып жатты.
Атамды , апамды анан мага кезек келди.
— Мына менин жалгыз карындашым, кандашым боор тартаар суймончулугум. 2 курстун студентаксы болгонуна карабай,биздин уйдун тай-тай баскан эркеси…
Атамдар кулуп калышты. Зулайкада башын ийип жакшы деп жылмайып турду. Ачуум
алкымыды бууп, козумон жаш тегерене,дене бойюум тырыша . Эмне? Кандайча, Зулайка менден бир жаш эле улуу ал минтип эрге тийген жатса, а мени эрке тай-тай баскан дегенинер эмнеси? Бир заматта ачуума буулуга туштум. Ордуман шарт туруп, болмомо кетип калдым.
Бир аздан сон Улан болмомо келди.
-Эй, тентек кыз, эмне таарындынбы? Жур эми женен менен коштошуп койбойсунбу, жок дегенде?
— Сен мени эрке кыз анан тентек кыз деп айтпа деп канча айтам! Сен эмне мени кичине кыз деп ойлоп журунбу я?! Барчы башымды оорутпай. Ушул убакта мен Зулайканын караанын калганын артынан козум чалып калды, анан айтайлап.
— Качан койесун кыздардын башын айлантканынды, бул байкуштан да алаарын алып анан ар шылтоонун башын айтып бара гой деп жолго саласын да э?
-Эмнени айтып жатасын, кайсы кыздар, качан уйго кыз алып келди элем, кантип буга оозун баарып жатат. Улан чындап эле жасабаган нерсесине башы катып куйуп жатты.
А мен болсо ырас болду эми ушинтип Зулайкана актана бер деп, туура эмес кылганыма бетим кызарып турса дагы, очумду алганыма маашырланып басып кетип калдым.
Ошентип кундор ото берди баягы кылыгымдан кийин Улан мага коп суйлобос болгон. Эрке кыз , тентек кыз дененин да койгон. Ал озу менен мен озум менен озум бирок жанылышкан окшойм. Анткени аны менен тартышып, жулмалаша мушташып кеткен кундорумду энсечуу болдум, бук болуп жарылайын деп турсам дагы эрдемсинип кырсыйып ,эч нерсе болбогондой тур корсотом.
Каргашалуу кара тун.
Жуманын аягында дос кыздарым менен конул ачмакка бир клубка бармай болдук.
Алдына ала атамдан шылтоосун таап суранып койдум. Эми ошол кунду гана чыдамсыздык менен кутуп жаттык. Бир жылда бир уюштурулуп турчуу абдан чон масштабдуу, оюн-зоок,бекер ичимдиктер, белгилуу диджей, ырчылар келе турган кечени кантип анан кутпойсун.Ошентип бат эле куттургон кун да келди. Болушунча жасанып, кооздонуп барчуу жагыбызга ээрчишип шашып жонодук.
Клубдун оозунда кара таандай жайнаган жаштар, кыйкырык ызуу-чуу жулунуп ичине кирем дегендер толтура. Биз андан ары ото албаарыбызга козубуз жетип, айла таппай туруп калдык.
-Эмне кылабыз? Ушундай сонун кечени карап туруп откоруп алабызбы ?
-Мм, кыздар мен таптым, киргизе турган киши бар. Эсинердеби? Мен силерге айтып бербеди белем. Качып кеткен коен жонундо. Урмат деген бала мага соз айтып, жаны жылда коен белек кылып анысы колумду тиштеп алып, качып, аркасынан кубалаганыбыздычы? —
— А коенегинби, ха-ха. Ага биз коенек деп ат койбоду белек.
— Ии. Ошол коенек бул жерде администратор болуп иштейт. Ал мен дегенде жердин тубунон болсо дагы чуркап келет, самаганына жетпей журот. Азыр мен аны кулактан илем.- деп, Диля тапкан оюна суйуно телефон номерин терип кирди.
Диллора биз аны Диля дейбиз, бизден бир жаш улуу, атасы татар апасы озбек улутунан алар Дилянын кичиненисен эле ажырашып кетишиптир, Диля апасы менен турат. Апасы жумуштарына байланыштуу чет олколорго командировкага коп кетчуу, андай кундору Дилянын куну туулчу отуруштан,жигитерден башы чыкчуу эмес. Ар –дайым шайыр, озу да кулуп элди да кулдуруп, биздин комигибиз ошо болчу. Айткандай Уланга Диля жакчуу эмес.
-Айсаара, сенин чойрондогу кыздарын жакпайт ошолор менен журбой эле койчу, озгочо жанагы Дилян жакпайт, обу жок неме.
-Ишин болбосун, озумдун башым озумдо озум билем эмне кылышты. Качан койесун деги ушу кийлигишкенинди?
Айткандай эле Дилянын коенеги бизди жабык эшик менен киргизип кетти. Атайы биз учун стол даярдаганга да жетишиптир.
Дене балкыткан бий, башка тээп чыккан ичимдик, тамекинин тутуну. Эстен алып акылындан адаштырып, дуйно-тушундо жок учуп –калкып бири-бирибизди карап алып, турубузго жыргап кулуп жаттык. Кече ортолоп каган ченде, биздин столго 4 бала келди.
-Кандайсынар кыздар ? маанайлар кандай, эч ким капа кылган жокпу? Мумкун болду бекен чоогу олтуруп,бирге конул ачсак?
Андайды куру кетирбеген Диля, козун кысып наздана.
— Мумкун. А силер байкап корбойсунорбу?
-Кандайсын Айсаара ?
-Мм, жакшы.
Ой, бул Абыл го, былтыркы жылы аркамдан колокодой болуп, кайда барсам ошол жакка барып, телефонум номерин канча алмаштырсам да чалып, смс жазып жургон эле. Дагы деле тунуло элек экен да э?
Абыл бапылдап.
-Бугун бир сулуу кыздын конулун алайынчы кана каалаганынарды алдыргыла, эч нерседен аянбагыла. Шампан созсуз болсун, бугунку кун шапман иче турганга татыктуу. Абыл акчасын чачып, столдун устун жайнатып салды , бугун демейдегиден да коп ичмдик ичилди.Бака- шака куу шаа, кулак тундурган музыкабы же ичилген шараптын кесепетиненби, жер кочо башым тегеренип, журогум айланып чыкты. Темселеп сокур немеден бетээр, дубал боорун сыйпалап, туз эле эшикке бет алдым, бир аз да болсо муздак аба жутуп эсиме келээрмин.
Бироонун каарылуу колдору белимден мыжыга кармады.
-Эй, сен кимсин, кое бер, кое бергинин дейм.
-Мен Абыл, журу уйуно жеткирип коем.
-Кереги жок, колунду тартчы ары. Анын жузу элес-булас, тартып ,оозум карышып, буткон боюм салмактанып баратты.
-Мм, эми каяка качат экенсин колума туштунбу? Менменсинип тенине алчу эмес элен? Озун эле тушуп бердинби тузагыма. Мени шылдындап ушинтип эле таштап кетип калам деп ойлоду белен? Жоок, сен мага толойсун, ызама муунуп, суйумо тунчугуп жургон кундорум учун жооп бересин. Эл караган бетинди жер каратам.
Абыл Айсаараны жулмалап суйроп машинасына бет алды. Кыз кыйкырып жардам сурап, тебинип-согунуп каршылык коргозду эле, ансыз да аран турган эмени тумшук талаштыра уруп-уруп жиберди. Анан женил гана которуп багажына турто салып, устун жаап салды.
Улан баягы окуядан кийин Айсаарага абдан наарызы болуп, байкатпаганы менен ичинен таарынып журду. Зулайкада жазган смстерине жооп жазбай, чалган телефонун албай козуно корунбой качып жургону же бир ортодогу мамилелеринин буткон бутпогонун билгизбегени тупойул ойго салып, ичин бышырып журду. Бир эсе ал карындашынын мунозунон, жасаган кылыктарынан коркуп кетчуу.Анан озунчо, акылына качан келээр экенсин. Эркеликтен эсиреп, балдай таттуу балалыгындын бал ширининде эс-мас болуп, сыны кете элек баоелуктун бешигинде ачыла элек аппак гулдун бурусун, турмуш сырын тушуно элек кичинекей чунаксын.Жашоодо биз ойлой бербегендин бары боло бербээрин, ал биздин эркибизге, калообузга баш ийбээрин эгер ката кылып жаса басып, окунуп кайра баарын ондомокко суранып, тизе бугуп зар какшасан да курулай муздак жооп алаарынды. Турмуштун куттурбой чаппкан сокусуна тошунду тосуп, озунду таштабай туруштук берип, турмуштун абдан машакат экендигин билгенинде. Жашыл жайсан жан-дуйнон бурганактап , жузуно тартылган кулкун жоголуп, кайгы тартаарсын. Ошондо мен ар дайым сенин жанын да болом. Ыйласан сооротуп, чалынсан тургузуп,,.Уландын ойлоп жаткан ойюун эшиктеги машинанын уну бузуп жиберди.
-Бул кайда барат, мынча эмне жасанып алган?- деп, Улан Айсааранын машинасы менен уйдон чыгып баратканын корду. Анан чонтогунон кол телефонун ала коюп, карындашына чалды. Эки –уч жолу чалды, трубканы албай койду. Буга эмне болгон кара жанына таарынат да.
-Апа, Айсаара кайда баратат?
-Билесинби, откондо айтып журбоду беле научный конференцияга катышып журом деп, Университети Алматага жиберип жатыптыр эки кунго. Диля да барат экен, экообуз бир топтобуз дейт, барбасам болбойт дегенинен жибердик . Анын устуно жалгыз эмес экен го, барса барып катышып келсин.
Тынчым кетип, такыр жай ала албай койдум.Ар нерселер ойго келип, акыры Дилянын уйуно барып баарын оз козум менен коруп жанымды жай алдырбасам болбой калды.
Сезгенимдей эле бар экен, Дилянын уйунун терезелеринде жарык куйуп туруптур. Машинамды далдоо жерге токтотуп, Айсаарга телефон чалдым ал дагы албай койду.
-Эми ушунча болду кутойун кичине, эмне болуп жатканын билип кетейин.
Арадан бат эле эки сааттык убакыт отуп кетти, эми дагы бир эки саат кутойун анан кетейин –деп ойюумду жыйгыча эле, занкайган кызыл дарбаза ачылып, ичинен Дилянын донкойгон кара джиби атырылып чыгып кетти.
-Ай,болду-болбоду булар бир жакка кетишти. Машинамды от алдырып он чакты метр алыстыкта машиналардын далдоосунда алардын аркасынан мен да жонодум.
-Бул эмнеси я? Ата-энесин алдап, жашырынып кеткени. Мындайы жок эле го, ушу кыздар менен журбой эле койчу деп канча какшадым ,деги кулагына соз кирбеген кыз экен. Эч кимибиз каттуу айтпай такыр эсиреп, буткон экен да.
Бир убакта кара джип жолдун сол тарабына бурулуп, тегерегин бак-шак, караган-тикен курчаган кууш жолго тушту бир аз айдай тушкондон кийин кайра ээн талаага чыгышты.
Анан биз боору жерге баткан, тобосу кызыл-сары ар туркун коз уялткан жаркыратмалар менен кооздолгон кулубдун жанынан чыктык. Кире беришинде тапыраган элдер, кыйкырык ызуу-чуу. Калдайган чоон плакат да “Каргашалуу кара тун ” деген жазуу бакыйып жазылып турат. Мен антип-минтип машинаны бекитип баргыча , Дилялар клубду айланып басып кетишти. Кыязы жабык эшик менен кирип кетишти корунот,караандары корунбой калды.Ошентип аран дегенде топтун ичин жарып , турган билеттин баасына дагы акча кошуп олтуруп анан гана кирууго мумкун болду .
Бул кеченин озгочолугу ичиндеги элдин бары кара кийимчен экен, каргашалуу кара тун кечеси дегени ушундан турбайбы. А эмнеге каргашасын кошуп койгон кара тун десе деле болчудай экен го. Кызыгы, этаждары жогору эмес, а томон коздой тушот экен.
-Мына Айсаара олтурат, жанында Диля и дагы эки кыз бар экен. Ачуум келе тушту туз эле барып, билектен жулкуп эшикке суйроп чыгайын дедим. Атама,апама калп айткандыгы учун ызырынып нервим кайнап чыкты. Бирок,бирок…. .атырылып жакын бара албадым, туура корбодум. Азыр, азыр барам деп озумду сооротум. Канткен менен ал бойго жетип калбадыбы, озу дагы ошондой деп эсептейт, а мага болсо кичине эле кыз коруно берет. Мен азыр аны тентуштарынын козунчо сындырып алам го, кой акылыма келип, ачуумду басайынчы. Бир аз байкай турайын, четкээрек жалгыз чыкканда барайын.
Бул кыздарын жожодой эле болот экен уймолоктошуп, бири-бирин ээрчитип, баса-турса деле бирин-бири колтукташып журушот экен. Айсаараны кичине ээнирээк жерге чыгара албай койдум. Ошентип кече да ортолоп калды. Тигилердин столуна 4 бала келип кошулду. Озгочо куркуйган, эки кашы кошулган туркторго окшоп кеткен бала такыр эле Айсаараны тегеренип жанынан чыкпай калды.
Кечке алардан алыс кетпей айланчыктап журо берип, дааратканага да барбаптырмын. Тигилер дагы деле каткырып-кулуп олтурушат, жакын арада ордуларынан турчуу эместей. Телефонумду алып дагы чалдым, жоопсуз. Сумкасын ачып телефонун карап да койгон жок, кыязы уну жок режимине коюп койсо керек.
Кайра кайтып келгенде Айсаара ордунда жок болуп чыкты, калган кыздары олтурат.Ал эле жок . Жанагы жанында колокосундой ээрчип жургон бала да корунбойт. Бийлеп жаткан элди аралап тиги башынан бул башына чейин карап, кыдырып чыктым. Жок, дайыны жок. Анан туз эле эшике бет алдым.
-Тээтиги жанагы бала го. Начар тушкон жарыктан мен аны аран тааныдым.
-Ассалоому алейкум. Дос Айсаараны кордунбу?
-Ваалейкуму салам. Жок.
— Сен жанында журбоду белен?
Ал жооп бергиче жаныбызда турган машинанын багажынан турсулдогон ун чыкты . Тушунуп-тушуно электе тиги бала мени бет талаштыра коюп, эки –уч жолу эсиме келтирбей тээп калды. Анан машинасына олтуруп , газды тубуно чейин басып, журуп кетти. Жер тайянып, озоргонумо карабай машинама жетип мен да анын аркасынан туштум. Зуулдашып ээн жолдо эки машина бирин-бири тороп жоолошуп, аркырап тун шамалын жиреп баратышты. Октой учуп куйуп бараткан алдыдагы машина бир топ узап барып анан жолдон четке чыга токтоду. Ичинен жанагы мени уруп качкан турк окшогон неме анан дагы доодой болгон эки бала тушту.Туз эле атырылып барып туркту жакадан алдым, мени алардын туру да суру да коркута алмак эмес, жан аябай эмнеси болсо да Айсаараны бул айбандардан куткарып калышым керек эле. Бироого учоо, кызыл жаян мушташ. Билбейм бул жаратылыш закон ченемдуулугубу озунду крогоодо сага кымбат болгон нерселерин коркунучта кабылганда ушундай бир ашып –ташкан куч- кубаттуу, кайраттуу болуп чыга келесин го. Мен дагы абдан каттуу жарадар болдум, бирок ысып-кайнап турган демимен оруксунууну сезген жокмун. Учоон сулайта чаап, Айсаараны машинама которуп келдим. Байкушумдун бети жарылып, кийими дал-далынан тытылыптыр.
Козум карангылап, арка белим туз куйгандай ачышып кетти. Колдорум калтырап, алкымыдан аба отпой , башым энги-ден. Бир заматта кан шымыма толуп чыкты. Акырын машинанын сидениесине чалкалай буркурап акан канды бууп тосо, тез жардамга телефон чалдым. Барган сайын дем жетпей, комокойум кургап козум жумулуп баратты. Айсаара, карындашым менин. Тентегим, мен сага ишенем, сен жакшы адам болосун. Суранам жашоодон эч убакта чокпо, алсыз болуп сынба. Ата-энебизди айя.,.
Буткон боюум жер тартып, ар бир клеткама чейин зыркырап оордук, илендик баскандай. Аран дегенде козумду ачтым, мага тааныш эмес башка жер, дубалдары ангырайып ээн. Анан эле тобомдон ак кийимчен бироо пайда боло калды, усул-кесил бир нерселерди суйлоп жатты, атымдан башка эч нерсесин ажырата албдым. Кайра элес-булас айланам мунурык чалып, козум талыкшып жумулуп баратты, канчалык далбастап аракет кылсам да , озумду башкара албадым.
Кийинки куну гана эсиме келиптирмин. Бирок дагы бир –эки кундой дарылануум керек экен. Мени ото кучтуу ууландыруучу касиетке ээ металл менен уулуктурушупур. Аны нарко зат ордуна да колдонушат экен. Мунун озгочолугу ичимдиктерге, суусундуктарга кошуп берсе билинбегендигинде. Жытын ,онун, даамын озгортпойт тура.
Бул жакка мени ким алып келди Дилялар кайда? Эч нерсеге башым жетпей туйук суроолор гана эзип жатты. Бирин серин элестер коз алдыман отуу очкон тутундой бырыксып отуп жатты клубдан чыкканымды билем, Алымдын жеп ийчуудой акшыйа караган коздору, анан козумон от чагылыша тушкону, бироонун которуп баратканын ушундай кыска туш-соонун ортосундагыдай учурларды элестеп жаттым.
Туш оой мен жаткан палатага атамдар келишти, ичимден уйгу-туйгу ынгайсызданып турдум. Кантип айтам, эмне деп тушундуром. Силерди алдап клубга кеткен элем деп, уялбай кантип айтам. Уятымдан,жосунсуз жасалган жоругумдун аяынан башымды которуп, коздорун тиктей албадым. Бирок алар мен куткондой такап сурап же бир унун которуп урушкан жок, атам мага жакын келип, алсыз жаткан колумду кош колдоп , кыса кармап, оксуп-оксуп ыйлап жиберди. Апамда абдан ыйласа керек, коздору канталап шишип калыптыр. Алардын турун коруп кабыргам кайышып кетти, азыр эле тура калып алардан чоголоп кечирим сурап, ыйлабагылачы суранам деп коздорундогу ар бир жашын суртуп чыкмакка да даяр элем.
Кечинде врач дагы келип ахыбалымды бир сыйра текшерип, уколун берип кетти.
Врач чыгып кетээри менен эшик такылдап, палатага Зулайка кирип келсе болобу.
Аны келет деп, кутпогон жаным чындап эле айран –тан калдым, кызык анын да коздору уйкудан калгандай киртийийп, астылары кызырып шишип калыптыр. Мостойгон жузуно тартылган ууруту коп жарашкан жок.
-Кандайсын Айсаара. Аябай жузун кумсарып калыптыр да абдан кыйналсан керек.?
Улан экообу тарынышып журбоду беле, жолукпагандарына коп болуп калса керек эле. Менин айымдан.Кандайча кайра бул мага келгени. А Улан кайда? Ал корунбойт да, ал биринчи келмек эле го. Жооп бергиче ушулар ойума тушо калды.
-Жакшы. Кичине чыдасам жакшы болуп кетээрмин. Зуулайка, откондогу окуяга мен куноолумун. Кечирип койчу ойлонбой суйлоп салыпын. Уланда куноо жок. Ага ишенсен болот. А Улан кайда? Келген жокко. Менин агам менен суйлошо турган создорум бар. Мага таарынып журот.
-Уну мукактанып каргылданаУлан жумуштары менен Кытайга кеткен. Бугун кечинде же эртен тан заардан келип калам деди.
— Атамдардын Зуулайканын буу туру мени чоочулатты. Телефонумду алып берип койчу. Улан мага 22 жолу чалыптыр. Кандайча, кеткенине 4-5 кун болуп калды дединби ? Анда эмнеге наркы куну тунку 3 чалган. Кыргызстандан эле чалган го. Такыр эч нерсеге тушуно албай турам. Деги эмне болду ? Баарын айтып берчи.
-Зуулайканын уну дирилдеп, шамалга учкан жалбырактай. Айдай аппак жузуно жылтыр жашы куйулуп, бирде оксуп, бирде тиштене суйлоп жатты.
Корсо Улан менин артыман клубка барган турбайы, жамандыкты журогу сезгенби же алдаганым учун жазалайын дегенби. Айтоор жанымдан айланчыктап анан жанагы мага асылган зоокурлорго каршы туруп, мен учун менин омурум, намысым учун курошкон тура. Аркасынан бычак жеп, бойрогунон анан опкосунон жаракат алыптыр. Алдан тайып, жанын оозуна тиштеп, акыркы умуту менен Зуулайкага чалыптыр. Андан кечирим сурап, эгерде бир нерсе болуп кетсем, Айсаараны куноолобогуло. Анын куноосу жок мен аны байкеси катарында коргошум парз. Анан жанагы балдарды, алардын машинасын, номерин айтып, кылмышкелерди издоосун табыштаптыр. Бат эле берилген коргозмолор менен алардын изин суутпай таап, кызыгы ушунун баарын уюштурган баштоочусу Диля экен. Бир кудуктан суу ичип , бир туугандай коюун –колтук алышып калган адамын колтугуна суу буркушу абдан каттуу тийет экен.
Улан болсо ошондон бери эс-учуна келбей реанимацияда жатыптыр. Ата-энем турумду коруп Уланды айтууга даай алышкан эмес тура.
Ошентип тан эрте Уландын абалы кескин начарлап, тушко жетпей узулуп кете берди. Коруп турган козумо ишене албай, жок бул жон гана туш, мен азыр ойгоном, мындай болуусу мумкун эмес.Жан далбастап, жалынып кайра баарын артка кайруусун айласыздан сурап жаттым.Ошол учур да дуйнодо менден откон бактысыз адам жок эле. Омурумдон гулдой жайнаган кундой жаркыраган адам очтуу. Буркурап жансыз денени кучактап байкелеп сыздап, кечирим сурап жаттым, бирок эми бары кеч болуп калды. Ал менин байкелегенимди кечирим сураганымды укпай кетти.
Байеке убакыт кандай учкан куш. Сен бизди таштап кеткенинден бери арадан 9 жыл отуп кеткен экен. Ооба бул саам мен сага жалгыз келдим, Зуулайка турмушка чыкты, эми андан ары оз жашоосу менен кеткенин туура кордум. Сен таарынба, эртеби кечби сен аны кой беруун керек болчу. Атам, кош кайгыдан кийин абдан чогуп кетти, эски журок ооруусу да козголуп, анысы бат-баттан кармай турган болгон. Откон жылы сага келгенибизде ахыбалы оордоп турган, андан коп отпой эле тошок тартып, жатып калды.Апамды сени ойлоп, куйут эзип, бир жагынан ооруусу кучоп. Акыры жанын алып тынды. Балким апам экоонор атамды тосуп алган чыгаарсынар. Дайыма тушумо баягыдай болуп тортообуз эки экиден болуп болунуп команда тузуп шахмат ойногон кундор кире берет. Ошол кундордун таттулугуна ичим ачышып, ыйлай берем.