Сезимдерге оролгон жагымдуу каттардын арты кандай болорун Айнек ойлонгусу келчү эмес. Андай ой башына кылт дегенче эң алды «эл эмне дейт?», анан «Мелис мага тынчтык бермек беле», «Күмүш эле тынч жатат дейт», «а балдарымчы» деген санаалар арты-артынан агылып мээсин жечү.
Ошондуктан антип санаа тартуудан көрө айылдын түйшүктүү жашоосу менен күйөөсү экөөнүн чеке жылытпаган кунарсыз турмушунан алаксыйын деп учурунда бактылуу болуп кат алышууга көнүп калган. Бул маалда Айнек Тынчтык эмнени максат кылып, кандай кадамга камданып жүргөнүн эч билчү эмес.***– «Менин тунугум, сенин жаныңда болгум келет».– «Рахмат», – Айнек үчүн мындай билдирүүгө рахматтан артык деле жооп жок эле. Бирге боло алышпаса да көңүл кубандырып койгонуна ыраазы боло түштү.– «Бүгүн биз жазышкан каттардын башаты кайсы айга туш келерине кызыктым. Биздин каттарга канча ай толду, билесиңби?» — чынында эле анык датасын эстей албай кетти. Бирок аз убакыт эмес. Эрте билгиси келип суроо салды:– «Жок, канча экен?»– «Жарым жылга бир ай жетпейт», — келин ишене албай кетти. Эсептесе чын эле беш ай болуптур. Ушунча убакыт жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салган мамиленин минтип уланып келе жатканына сыймыктанарын же алда кимден (абийириненби) уяларын билбей кетти. Ойго жетеленди. Бул аралыкта канча бир жолу нөшөрдө калып, канча бир жолу ак кардын бүртүктөрүнө кубанышты. Жамгырга, карга кубанган ал ирмемдерде нечендеген сырлар ачылган. Тынчтык Күмүштү балдарынын энеси катары сыйларын, бирок ага аял катары тартыла албай калганын ачык айткан. Сезимди тыйып болобу, Тынчтыктын мындай сырлары Айнекке аял катары өзүнө ишеним жараткан. «А мен сени сүйдүрө алам» деген ээн баш ойго жетеленип кеткен. Бирок өзүнүн «мен болсо күйөөмө аял катары да, балдарынын энеси катары да баасызмын. Мен бул үйдө ага ким экенимди билбейм» деген ызалуу сырын айтууну намыс көрүп келет. Кайталанма ойлорунан каттын үнү алаксытып кетти:– «Айнек, бүгүнкү каттарыбыздын эң башын окучу».– «Менин тунугум, сенин жаныңда болгум келет». Эмне экен?»– «Сен да мага ушинтип айтчы?»– «Тынчтык, боло турган нерселер тууралуу эле сүйлөшөлүчү».– «Болбой турган эмне бар экен. Анда: Айнек, менин тунугум, биз бирге болобуз» — келин «сонун» деген таризде койкойгон баш бармактын сүрөтүн кетирди. Бул анын Тынчтыкка болгон какшыгы эле. Кат окулган белги болору менен ага Тынчтыктан чалуу келди. Минтип алдын ала убакыт болжоп алмайын бейубак чалчу эмес. Андан улам Айнек анын оюнун анчейин тамаша эмес экенин билди. Жагымсыз ачкыл жыттанып коңурук тартып жаткан күйөөсү менен катарынан тизилип жүздөрү албыра уктап жаткан балдарын аста карап койду да, жымырыла сыртка чыкты:– Алло, эмне чалып атасың?– Анан эмне кылайын? Мен үйдө эмесмин. Шаарда бүгүн жаан. Сонун жаан. Келгенден бери машинеде сени күтүп олтурдум. Сени менен бүгүн компьютерди калп чукулап эмес, чын дилимден, жаанга эркелеген сезимдерим менен сүйлөшкүм келди, – Тынчтык кусасы төгүлүп-чачылып чын эле чын дилинен сүйлөп атты. Ал айнекти ачты окшойт, келинге алыстан дыбыраган жамгырдын жагымдуу үнү кошо угула баштады.– Cени күтүп атышат го. Сарсанаа кылбай кирсеңчи… – саатты карап түнкү бирге чукулдап калганын көрүп чочуп кетти.– “Минтип камкор болбой жүр” дебедим беле, — Тынчтык жактырбай да, таарына да унчукту, – мени укчу.– Угуп атам.– Мен чындап эле бирге болуубузду каалап атам. Макул болчу. Качан “даяр болдум” десең алып кетем.– Балдарчы?– ???– Сенин. Менин. Мени го “аракеч эринен качып кетти” дешет. А сени эмне дейт эл?– Мен эл үчүн жашабайм.
Үй-бүлөмдү да таштабайм, — Тынчтык унчукпай калды да, — кечирип кой, “аларды да, сени да” дегеним ач көздүгүмдүр. Антпейин десем, адамгерчиликсиздик болуп калат. Уу-ф-ф, Айнек, минтип бакыт издегендер жалгыз эле мен бекенминби? Сен жөнүндө мынчалык ойлонбой, толгонбой койсом болмок. Мынча болду, аягына чыгышым керек. Сага айтпадым беле, «ашык болгон жигит беттеген максатына жетет, берген убадасына турат” деп, – жанатан муңайым унчугуп аткан Тынчтык кебинин аягын өзүн кыйнай көңүлдүү бүтүрдү.– Анан эмне кылалы дейсиң?– Алып кетем, баарыңарды. Балдарды таштаба. Аларды кор кылбайм. Ишенесиңби мага?– Ишенем.– Эй, катын, эй дейм. Темселеп кайда жүрөсүң эй, жети түндө. Суу алып кел, – төркү бөлмөдөн айкырык салган Мелистин үнү Тынчтыкка даана угулду. Айнек телефонду өчүрө салып суу куюлган чакага жетип барды. Суу куюлган чөмүчтү Мелистин колуна карматары менен ал өзүн карай урулду. Ичиндеги муздак суу денесин чыйрыктырса, темир чөмүчтүн сабы башын ысытып өттү:– Эмне эле колуңдан телефон түшпөйт ия, сенин? Күн деле, түн деле телефон шыкаалайсың? Таап алганың барбы ия? – Мелис жана келгендегисинен бир топ соолугуп калган экен. Башынын ысыган жагынан ылдый сызылган жылуу кан Айнекти чочутуп ийди. Мелиске каны кайнап, ыза болуп турса дагы балдары ойгонуп кетпесин деп шыбырай:– Акмак десе, сага мен өлүп калсам деле баары бир. Кайсы ырысыңа кызганып атасың? — деди тайманбай. Мелис обдулганча Айнек эшикке атып чыкты.***Айнек үчүн бул окуя «чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» болду. Жанагынтип аялын коруп кызганымыш болуп аткан Мелис Айнек сыртка качып чыгары менен кайра жатып коңурук тартып уктап калган. Ит уянын түбүндө ыйлап таң атырган келин башынын айрыгын эртеси араң жууп, тазалап таңган. Аялынын таңылган башын, балдарынын энесине боор ачып ыйламсырап турганын көрүп туруп Мелис дагы арак уулап кетти. Анын мындай кайдыгерлиги биротоло жанына батып кетүүнү чечти.Чынында башына урунган чөмүч Айнекти бул жерден кетире алмак эмес. Антип токмок жебей жүрүптүрбү. Аны шерденткен Тынчтыктын кечээки «мага ишен» деген кеби эле. Ага болгон ишеничи келинди төрөп түшүп, балдарым деп жашап келе жаткан бул үйүнө заматта чоочун кылып салды. Жыйналбаган төшөктүн этегинде жаткан чөмүчтү өйдө кылып койбой туруп биринчи жолу Тынчтыкка өзү телефон чалды:– Алло, кандайсың тунугум? Жакшы эс алдыңбы? Тынч эле жаттыңбы түндө?
– Тынчтыктын камкор үнү катар суроолорду жаадырды. Чынында күтүүсүз маалда Айнектин чалышы аны кубандырып жиберген.– Жакшы, сен кечээ “даяр болгонуңда алып кетем” дебедиң беле?– Ооба.– Мен бүгүн кечте даяр болом.– Бүгүн? Макул.– Балдарымды да алам, – келин коомайлана унчукту.– Ал, алып ал. Бирок Айнек, эрте күндө айтып коёюн, андан кийин артка жол жок.– Макул.– Макул анда, иштен бошорум менен жолго чыгам.– Бирок анан кайда барабыз?– Азыр билбейм, бирок анын жолу да табылат. Кечке чейин аракет кылам. Башкысы сен жаныма келчи эртерээк, — эркелеткен үн Айнектин жүрөгүн козгоп кетти.***– Апа, анан атам биз жок коркпойбу?– Коркпойт.– Апа, анан атам мас болуп келгенде бизди таппай калса жини келет да, — машине айылдан чыккандан бери суроолору тынбай келе жаткан уулу менен кызын башка нерсеге алаксыта албаган Айнек туталанып кетти.– Эк, жашабагыр, жебиреген. Жини келсе келет да, келбей жүргөн жин беле анын жини, – ачуулана балдарын зекип алып, кайра Тынчтыктан уялып кетти.– Апа, мен атама кетем. Антпесе артыбыздан барып баарыбызды сабайт, — уулу апасынан коркуп турса дагы балапан эриндерин кыбыратып, көздөрүн аянычтуу жылтыратты. Мелистен муну күтүүгө болот. Ушуну ойлонгон Айнек уулуна жооп кайтарган жок, урушпады дагы.***Түндү жарган машине бат эле шаарга кирип келди. Күндүзү быкпырдай кайнаган жолдор эс алып ээн экен. Асфальт менен бир топ жүргөн соң жарыгы жок шагыл жолдор менен дагы жарым сааттай жүрүштү. Дарбазасы заңгыраганы менен али бүтө элек, терезелеринин орду аңгырап коркунучтуу көрүнгөн анча чоң эмес үйгө келишти. Айнек баштыктарды, Тынчтык эч нерсени сезбей уктаган балдарды көтөрүп кирип азыраак дем басышты.– Ууф-ф, деги эмне кылдым, – Айнек башын мыкчыды.– Үшкүрбөчү, эмне кейийсиң? – ал келиндин жанына ыктай олтуруп, ийнинен өзүнө тартты, – эми баарын бирге тартабыз.– Сени убара кылдым. Азыр сени үй-бүлөң күтүп атат да…– Эч кандай убарасы жок. Анан экинчи мага менин үй-бүлөм тууралуу айтпачы ээ? Ойлонсоң да айтпай эле кой, – анын үнүнөн жактырбаганы ачык билинип турду. Келин үндөбөдү.– Андан көрө өз бүлөңдү ойлонсоң. Балдарыңды, мени, — Тынчтык Айнектин жүзүн балдар жаткан төркү бөлмөдөн келип турган жарыкка буруп, көздөрүнө карап жылмайды, – Айнек, мына эми биз биргебиз.Алар биринчи жолу өбүшүштү. ( Уландысы бар )