Ууру сезим 4-болук

УУРУ СЕЗИМ 4-болук

 

Мелистен алыстап кеткиси келгени менен Айнек Күмүштүн үйүнө баргысы келген жок. Мелистин артынан калбай кайда жашарын, ким менен турарын билип алары белгилүү. Бул маселени көбөйтөрүн туйган ал жай гана бет келди басып жөнөдү. Мелис андан калган жок.– Айнек, караңгы кирип баратат, бас, айылга кетишибиз керек.– А мен сага «кетем» дедимби, – ырасында Айнек бирөөнүн үйүндө кыйналып, корунуп жүргөнчө «айылга кетип калсамбы» деп ойлонуп бараткан. Бирок күйөөсүнүн бир ооз гана «жүрү» дегенине макул болуп кетип калууну намыс көрүп турду.– Кетпегенде эмне кыласың, бирөөнү таап алдыңбы?– Мелис, оозуңа келгенди айтпачы. Урушуп-талашуудан экөөбүздүн тең эле көңүлүбүз калгандай болду го.– Жай эле айтып атам сага. Болду, эми урушпайбыз. Балдарды ая.– Балдарды мен эмес, сен аясаң болот эле. Мен да, алар да, ал турсун, ата-энең да жалгыз сенин арагыңдын азабын тартып келатабыз.– Бирдеме десе аракка асылганың калбай койду го, – Мелис азыр да адатынча аракты коруп чыкты. Ичкени менен аракты жек көргөнүн айткандарды желмогузундай көрөт ал, – арактан башка айтарың жокпу?– “Аракты таштайм” деп убада бер.– Макул, — оозу бош араң күңк этти.– Мындай “макулдун” жүзүн уккам.– Уксаң эмне кылайын, – Мелис жарым кадам алдыда бараткан Айнекти колдон ала өзүн карай жулкту, – эмне эле каадаланасың ия? Жүзүн уксаң, анда бул жүз биринчиси. Бас.– Барбайм, — Айнек колунун ооруганына чыдабай берки колундагы сумкасын Мелисти карай шилтеп ийди. Сумканын темири бетин тилип кан сызыла түштү.– Энеңдурайын десе, — Мелиске шылтоо табылды. Эки жагын карап койбой ошол эле жерден Айнекти тырпыратып сабап жатып калды, — эшек, энеңдурайын. Таза эле көпкөн экенсиң. Жай айтканды укпайсың ээ? Акырын айтып “жүрү” дегенге баспайсаң ээ? Анда минтип кетесиң.Машинелер тынымсыз агылган чоң көчөнүн аллеясында Айнек күйөөсүнүн жетегинде сүйрөлүп баратты. Мурду кыпчылып ачууланып алган Мелистин бул жоругуна өйдө-төмөн шашкан жандардын бири да кызыгып койгон жок. Алар кайдыгер гана аларды айланып өтүп жатышты. Мелиске дал ушул керек эле. Айнекти бир колунан бошотпой туруп бир колу менен телефонунун баскычтарын терди:– Алло, жана биз баскан жакка айда. Кеттик айылга.***Жол бою алышып-тартышып олтуруп акыры Мелис арагын таштап, чыр-чатак кылбай жашоого сөз берген. Ырас, Айнек балдарынын кашына келген бир жума ичи айтканын аткарып жатат. Бир чаласы — арагын такыр таштай алган жок. Күнүгө бир маал оозунан арак буркурап, тамылжып келет. Адаттагыдай асылып, балдарын чыркыратып ыйлатпаганы үчүн гана Айнек анысына көз жуумп коёт. Бирок келиндин санаасын санга бөлүп, унчукпас кылган нерсе бул эмес, жүрөк дарты. Басса-турса оюнан кетпей, унутулуп калат деген сайын жүрөгүн тыбырчылаткан бир ууру сезим. Анысын өзүнөн башка жан билбейт. Бирөө жарымдын билип калышынан Кудай сактасын.Тынчтык алар айылга кеткен түнү эле чалган. Ал күнү күйөөсүнөн коркуп телефонун өчүрүп салган. Эртеси Мелистен жашырынып күйгүздү. Дароо арты-артынан смс билдирүүлөр келди. «Айнек, эмне болдуң? Кайда кеттиң? Кабарыңды билдир, барайын». «Айнек, телефонуңду жандыр. Мен сага сарсанаа болуп атам». «Бул эмне кылганың?..» Тынчтыктын минтип ал үчүн тынчсызданганы Айнекти ойго салып койгон. Кабарын билдирбей кетип кабатыр кылганы үчүн өзүн күнөөлүү сезди. Жүз жазып, жүз өчүрүп олтуруп акыры бир ооз гана «мени күйөөм алып кетти» деп жазып жиберди. Минтип ал өз эрки менен кетпегенин билдирип актанган. Бул сүйлөм менен жаңы гана баш көтөрүп келе жаткан махабатына чекит коюлду деп ойлогон. Жок, ошол замат жооп келди: «эмнеге андай кылдың? Жашай аласыңбы?» Мына суроо. Айнек минтип өзүнө собол салып көргөн эмес эле. Болгону маңдайга жазылган жазуу деппи же башка салганын көрөм деппи, айтор, башкалар турсун, өзүн да канааттандырбаган беймаза жашоосуна макул келген. Өзүн эркиндиктен биротоло үмүтүн үзгөн зоопарк жаныбарындай жашап жүргөндөй сезди. Эч качан “мен сүйүүгө, сүйүлүүгө татыктуумун” деп ойлонуп көргөн эмес экен.***– Жеңе, сиздин телефон менен WhatsАppка кирип алайынбы? – түшкү тамактанууда балдары менен алагды болуп аткан Айнек 11-класста окуган кошуна кыздын кебине анча маани берген жок.– Ии, ме, батарейкасы өчкөнү калыптыр, сайып алчы.Кыз аркы бөлмөгө кирип, жарым саат өтпөй кайра чыкты.– Жеңе? Ой, Мелис байке, жеңем кайда кетти? Ага WhatsАppтан кат келди, – кебин аяктабай телефонду Мелиске карай сунду. Кат Тынчтыктан келген эле. Мелис түшүнүп-түшүнбөй телефонду колуна алды. Аты жазылбаган номердин тушунда күйүп-өчүп аткан катты ачып «кандайсың? Жумуштан бошоп калдың. Буга чейинки иштеген акыңды алып койдум» деген жазууну окуду. Мелистин оюнда Айнектин бир сыры ачылып, аны өзүнө унчукпас кылып алуу эле. Андай болбогон соң «ушул элеби» дегендей абалда телефонду кызга сунуп: «Өзүнө бер», — деди да, туруп кетти.***Айнек уулу менен кызын жылуулап жаап, мээрими менен жүздөрүнөн сүйүп койду да, жаздыгына баш койду. Убакыт түн ортолоп баратса да Мелистен дайын жок. Минтип кечиккен күндөрү ал сөзсүз бутуна тура албай келет. Жарашкандарына ай айланбай жатып убадасын бузган күйөөсүнө таарынып, ал арманын кимге айтарын билбей ой кубалап жатты. Уктаганга аракет кылат, көзү илинбейт. Аңгыча телефонунан чыңкылдаган үн чыкты. Көңүлсүз колуна алып, азыраак баскылап WhatsAppты таап алды. Сүрөттөрү катар тизилген айрым тааныштарынын арасынан аты жазылбаган номерди карап жатты. Ошол сандар аны жанатан бери башын ооруткан санаалардан алыстатып, жаңы ойлорго жетеледи.«Тынчтык, Тынчтык… Кайра эле сени ойлойм, кайра эле сени жүрөгүмө жакын тутам. Шаарда өткөн аз күнүмдө сен мага көп жакшылык кылбадыңбы. Жакшы адамсың. Ошол үчүн ойлорума татыктуусуң. Азыр сен эч нерседен бейкапар аялыңды кучактап уктап жатсаң керек». Ушул оюна удаа улутунуп алды. Тынчтыктын үй-бүлөсү бар экенин эстегенине кейип кетти. Аңгыча жанагы аты жок номердин жанына каттын сүрөтү чыгып, телефону дагы бир кыска чыңк этип койду.– «Салам, эмне уктабай жатасың?» — Айнек бул катка кошуп жана түштө келген катты эми окуду. Эмне деп жооп жазарын билбей жата берди.– «Уктап калдыңбы? А менде уйку жок».– «Менде дагы».– «Эмне болду? Жакшы эле жүрөсүңбү? Балдарың?»– «Жакшы эле. Силерде жакшыбы? Күмүш кандай, эмне кылып атат?»– «Жакшы. Уктап атат.

А эмнеге мени сурабайсың?» Бул сүйлөм менен кошо таарынычтуу тултуйган быйтыкча келди. Айнек ага карап жылмайып алды.– Өзүң кандайсың? Иштериң жакшы болуп атабы?»– «Жакшы. Күйөөң кайда?»– «Жанымда, уктап атат», — Айнек калп айтты.– «А сен эмне мени менен жазышып атасың, күйөөңдү уктатып коюп? Коркпойсуңбу?»– «Жок. А сен эмне мени менен жазышып атасың, аялыңды уктатып коюп? Коркпойсуңбу?»– «Окшош экенбиз. Эмне үчүн коркпойбуз, билесиңби?»– «Билбейм».– «Анткени бизде жакшы сезим бар. Сенден мага, менден сага арналган таза сезим. Ошол үчүн коркпойбуз».– «Ууру сезим».– «Ооба, антип айтсак да болот. Билесиңби, Айнек, бирок ал сезим мага абдан жагат». Кат жанашкан кызыл жүрөктөр менен кооздолуп келди.

Айнек «мага да жагат» дерин же «кой, жактырба» дерин билбей ойлонуп калды. Аралыктан анын оюн окуп аткансып Тынчтык кайра жазды:– «Эмне ойлонуп калдың? Кабатыр болбо. Келип-кеткен сезимдер дегендей, биз мектеп окуучусу эмеспиз да, чын менен калпты ажырата алабыз. Балким, бир күнү бактыбызды тандап кетербиз».– «Балким», — Айнек андай күн болмок кайдан деген ой менен жөн гана жазып койду.– «Макул, тунук жан. Сен абдан тазасың, тунуксуң. Атың да сонун. Айнек. Азыр уктайлы. Жазып турам, жооп кылып тур, сен дайыма оюмдасың».Айнек эч бир жандан өзүнө карата мындай жакшы кеп уккан эмес. Тынчтыктын “тунук” деп эркелете жазганы ага абдан жакты. Жүрөгү жылып, жүзүн жылмаюу уялады. Тынчтыктын илебин сезчүдөй телефонун аяр кармап бооруна бекем кысып жатты.– «Айнек, мен баарын чын дилимден жазып жатам. Сенден да ушуну күтөм. Менин сага болгон бул сезимимди мен жана Кудай гана билет. Сен анын кадырын билесиң деп ойлойм».

***Мындай түнкү кат алышуулар Айнек менен Тынчтыкка адат болду. Экөөнүн кебинин көбү кыялдарынан таап алышкан ашыктардын сезимдери тууралуу болот. Айнек ашык болгон кыз эмнелерди ойлонорун, эмнеден коркорун, эмнени кыялданарын жазат. Тынчтык болсо ашык болгон жигит эмнелерге барарын, эмнелерге даяр экенин, эмне кылгысы келгенин, максаттарын баяндайт. Алар тууралуу кеп башталган түндөрү уйкудан кечип, таңды кат жазуу менен тосушат. Антип Айнек Тынчтыкты жумушка далай узатты. Алгач Күмүштүн алдында бул кылганын туура эмес деп кабатырланып жүрсө, кийин ал тууралуу эч ойлонбой калды. Оюнда аны жанында эч нерседен бейкапар коңурук тартып жаткан күйөөсүнө окшоштуруп коёт. Күн бою түн кирип Тынчтык менен кат жазышууну күтөт. Айнек үчүн ушул — бакыт. ( Уландысы бар )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️