Ууру сезим 3-болук

https://kyrgyzcha.site/?p=66975&preview=true Кызыктуу окуялар.

УУРУ СЕЗИМ 3-болук

 

Ким болгон күндө дагы Тынчтык кайдыгер карап кете алган жок. Жүгүрүп жер төлөгө түшүп үн чыккан жакка кадамын тездетти. Чырылдап жардам сураган жан Айнек экени Тынчтыкты күчтүү кылып ийгендей болду.– Токтот! Токтот! – бою Уландын каруусуна араң теңелген Тынчтык аны кандай булкуп алганын байкабай да калды. Улан ага сыртынан тааныш. Ал тууралуу анча-мынча угуп калгандары да бар эле. Ошого ого бетер ачуусу келди. Улан кайдан-жайдан пайда болгон бул адамды таанып үлгүргөнчө болбой көзүнө от чагылып, жаагы зырылдай түштү. Күтүүсүз соккудан коргоно албай калган неме бурчка тыгылып барып оңолду. Жаагын кабыштыра чапкан адам ушул жердин кызматкери экенин таанып сестене түштү. Андай болсо дагы адат болгон зөөкүрлүгү моюн сунуудан намыс кылып:– Кийлигишпей эле койсоңор болмок, бул өзүбүздүн иш, — деди Тынчтыктын Айнекке бейтааныш эмес экенин билбей.– Чыгып кет! – Тынчтыктын заарданган үнү Уланды чыгып кетүүгө аргасыз кылды.

Жоолугу желкесине түшүп, чачтары уйпаланып калган Айнек бүчүсү үзүлгөн көйнөгүнүн төшүн жаба кымырынды. Тынчтыктын алдында мындай абалда турганына намыстанып, ошол эле маалда ага чексиз ыраазы болуп турду.– Эч нерсе болгон жоксуңбу?– Жок.– Капа болбо, — Тынчтык аны бооруна тартты. Мындай күтүлбөстүк Айнек үчүн ыңгайсыз эле. Бирок ыза тартып турган бул абалында Тынчтыктын камкордугу жүрөгүн жылытты. Эркинен тыш ага боюн ыктап, солкулдап ыйлап жиберди. Тынчтык үчүн бул кадыресе сыяктуу эле. Ага эреркеп ыйлап турган келиндин бүлкүлдөгөн ийнин аста сылап, бооруна бекем кысып, саамайынан билинер-билинбес жыттап алды. Айнектин көз жашы жүрөгүн оорутканы менен аны кучагынан бошоткусу келбегени үчүн сооротпостон тура берди. Ал турсун, экөөнү ушул абалда кармап турган көз жашы үчүн ыраазы да эле.– Кечирип кой, — бугу чыгып, ызасы тарай түшкөн Айнек Тынчтыктын боорунан боюн тартты. Бирок ал бекем кучактан дароо бошонуп кете албады. Арык колдору менен Тынчтыктын билегин түртө:– Бактысыздын ушинтип ыйы түгөнбөйт экен, — деди улутуна.– Бир бактысыз окуянын артында бир бактылуу ирмем болот, кейибе, – жан дилинен келинди кубандыргысы келди, — жаман окуяларды жаман түш сыяктуу тез унутуп салган жакшы. Жаман түштү деле эч кимге айтпайт эмеспи.Айнек өзүнүн жакшы кепке мынча суусап жүргөнүн эми байкады. Бирок Тынчтык ага ар дайым колдоо кылып, жакшы кеби менен жарасын айыктыра турган адам эмес, курбусунун күйөөсү экенине ичи күйө кучагынан суурулуп кетти.***– Телефонуң кут болсун.– Рахмат.– Ишиң жакшы жүрүшүп аткан го? – Күмүшай курбусуна какшыктуу кеп ыргытып, куулана карады.– Ии, жумуштан беришти, – Айнек шашып кетип Тынчтык үйрөткөндөн такыр эле башка жоопту айтып салды.

Анысын Күмүшай билип койгондой ого бетер көздөрү ойноктоп, отурган ордунда тыбырчылап кетти.– Белек кылыштыбы ээ?– Ооба, ой, жок, айлыгымдан берем, – Күмүшайдын «белек кылыштыбы?» деген сөзү Айнектин тынчын ого бетер алды. Бая күнкү жер төлөдөгү жагымсыз окуяны, андан чыгып бирге батир издешкенин, анан үйгө карай келе жатып бул кол телефонду белек кылганынын баарын аңдып көрүп алып эми өзүн соттогону жаткандай калтырап чыкты. Чынында Күмүшайдын анын биринен кабары жок эле. Ал эми бул агылган суроолору курбусунун жөнөкөй болсо дагы жаңы телефонго жеткенине чындап ичи күйгөнүнөн берилип жаткан. Чай үстүндө кептери жалгашпай бир топко олтурушту. Бир маалда Күмүшай саатын карады да, оор улутунуп алды:– Тиги дагы жоголду го, кайда кетип калды. Акыркы кезде кайсалап эле бирдеме болуп калды ушул.– Эмнеге андай дейсиң? – Айнек стол үстүндөгү идиш-аяктарды Күмүшайдан биринчи жыйнаштырып кирди.– Ой, ким билсин, мурдагы Тынчтык болбой баратат. Ойлонот эле, ойлонот. Же кыйратып кылып ийген иши жок.Айнек унчукпады. Курбусунун ар бир кеби аны какшыктап, “баары сенин айыңдан” дегендей туюлуп жатты.– Айнек, аны күндүз мага караганда сен көбүрөөк көрүп атпайсыңбы, ишинде шынаарлашкан бирөө жарымы жок бекен, ия?– Койчу ай, кантип эле андай болсун. Бир жерде болгон менен экөөбүздүн ишибиз эки башка эмеспи. Кыязы, бош деле болбойт окшойт. Кабатыр боло бербе.Ал түнү Тынчтык келбей калды. Күмүшай күйөөсүн белгисиз бирөөдөн кандай кызганса, Айнек да дал ошондой кызганып, дал Күмүшайдай аман болсо экен деп тынчсызданып, дал Күмүштөй санааркап күтүп жатып уйкуга кетти.Айнек Тынчтыктан санаасы тынбай таң азанда эле жумушуна чыгып кеткен. Жол бою терезеден көзүн албай, кайсы бир жерден Тынчтыктын машинесин кезиктирип калчудай кареги катып келди. Жол бою үмүтү акталбаган соң “жумушка өтүп кетсе керек” деп ниет кылган. Кудай жалгап бул ою орундуу чыгып Тынчтыкка жумушунан жолукту. Имараттан обочороок машине токтоп турат. Чуркап жетти. Тынчтык рулга башын катып өбөктөп алыптыр. Анда бир жосунсуз жорук болгонун баамдай койгон Айнек терезени каккылап жиберди. Тынчтык минтип Айнектин жанына келип каларын күтпөсө керек, эшикти дароо ача койбой буйдалып, учурашкысы да келбегендей туруп калды.– Тынчтык, жакшысыңбы? Амансыңбы? – Айнек биринчи жолу эч тартынбай, кысынбай Тынчтыкка камкор унчукту.– Кандайсың, эрте келгенсиң го? – көзүн ала качып, үнү басыңкы.– Ооба, сага сарсанаа болуп… Эмне болдуң?– Эч нерсе, Күмүш эмне деп атат?– Уктабай чыкты. Күтүп атат. Кабарыңды билдир ага.– ?Көздөрү кызарып, түнү менен уйку көрбөгөн түрү бар. Демейде чыкыйып турчу кийимдеринин да сыны кеткен. Түндө бейтааныш эки жигиттин орунсуз какшыктарын угуп олтурганда Айнек тууралуу “кайдагы балээни ээрчитип алдым эле. Кайдан да келе калды эле” деген жаман ойлор келип ачууланган. Эми болсо анын кашында үйрүлө түшүп, карагаттай көздөрүн жылтыратып камкор караганына жүрөгү жылып баарын унутту. Анын назик, аялуу дүйнөсүнө дагы оор болбосун деп өткөндөгү окуя үчүн Улан кекенип алып, ал түндө өзүндөй зөөкүр достору менен ортого алып ар кайсыны айтып коркутуп, шакаба чеккенин айтпай жашырып койду.– Мен жеке маселелерим менен кармалып калдым. Күмүшкө түшүндүрүп коём, сен кабатыр болбо.– Макул, мен эмне жардам кыла алмак элем, ансыз да, – назик колдорун Тынчтыктын колуна коюп муңайды. Кебин улай аны бир күн көрбөй калуу жүрөгүнүн тынчын аларын, ушул күнгө чейин эч кимди, ал турсун, күйөөсүн да минтип санааркап күтүп көрбөгөнүн айткысы келди. Бирок бул сезимдери тууралуу бир ооз оозунан чыккан кепке кошулуп анын баары жок болуп кетчүдөй унчукпады.***Күн бою Тынчтыктын ага белгисиз болгон маселесине санааркап жүрдү. Кайталап суроо орунсуз эле. Ыгы келгенде Күмүшайдан сурап алармын деп койду. Жумуштарын аяктап үйгө бет алды. Аялдамага карай бурула берип тык токтоду.– Мелис!..– Оув, кандайсың?! – какшыктуу унчуккан үн ансыз да бүткөн бою муздай түшкөн Айнектин денесин калтыратып калчылдап чыкты. Мелис — Айнектин күйөөсү. Өмүрү айылынан алыс чыгып көрбөгөн аны минтип артынан издеп келет деп күтпөгөн эле.– Эмне, эмне келдиң?– Күткөн эмес белең?Айнек эми өзүн кармап, ичинен кайраттанып алды. Кантсе да бул чоочун шаар, чоочун жерде айылдагы кылыгын кылып чуу сала койбостур деди.– Жок, эмне, керек болуп калдымбы?– Керексиңби, керек эмессиңби, сени деген “эри бар аял” дейт. Элден уялбай желип-жортуп түнү менен качып кеттиң. Азыр айылда эмне кеп болуп атканыңды билесиңби?– Элдин кеби мени кызыктырбайт, – Айнек узун кепке түшүп талашып-тартышып тургусу келбеди. Көңүлү ушунчалык калган экен, балдарын сурагысы келип турса да оңчулуктуу жооп укпасын билип кетүүгө умтулду.– Токто, мен сени менен сүйлөшкөнү келдим. Тим эле кишини тоготпой көпкөнсүң го. Номериңди өчүрүп салсаң эле мени таппай калат дедиңби?– Мелис, жолумду тоспо. Мен акыркы чечимимди кабыл алгам. Мындан ары сенин кордугуңа чыдай албайм.– Кетсең, эми келесиң. Качантан бери эле өзүңдү-өзүң билип калдың эле? Сага жакшылыкча айтып атам, бас, кетебиз.– Кайда?– Айылга, үйгө, – Мелис кепке келгендей жай унчукту, – Айнек, суранып келдим. Атамдар сени алмайын “келбе” дешти. Балдар да сени сагынып кыйналып атышат.Балдары менен карыган кайнене, кайнатасынын дарегин укканда Айнектин заманасы куурула түштү. Өзү жок алардын күнү жакшы болбосун ар мүнөттө сезип турат. Ансыз да балдарын сагынып жүргөн неме аларга учуп жеткиси келди. Бүт сезимин ээлеген энелик сүйүүсү балдары үчүн күйөөсүнүн бардык кылыгын “кечир” деп жатты. ( Уландысы бар )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️