– Кайдан келдиң? – эркек суроо салганча Айнекке карай бир кадам кылганын өзү байкаган жок.– Көлдөн.– Көлдүн ак куусу.Бул кеп менен аны сугула караган көз караш Айнекти чочулатты. Бирок анысын билдирбеске тырышып кепти жөнсүз эле улап ийди:– Андай деле эмес.– Эмнеге антип ойлойсуз? Ак куу болгон жаманбы? Же бааңыз андан да жогорубу? – демейде айта турчу кепти айтуудан эринчү Тынчтык бейтааныш аял менен минтип сүйлөшүп атканына өзү таң калып, ичинен уялып да кетти. Көз ирмемде экөөнү бирдей буюктуруп ийген бул кыжалат мүнөттөрдү сырттан кирген Канышай менен уулу бузду:– Ии келдиңби? Тааныштыңарбы? Бул Айнек. Бая айтып жүрбөдүм беле, “күйөөсү менен оту күйүшпөй жүрөт” деп. Ошол классташым, – Канышайдын мындай бетке чапкан кебине күйөөсү ыңгайсыздана түштү. Бул таза чындык болсо дагы Айнекке катуу тийди. Кызыктай абал боло түшкөнүн билген жокпу же билгиси келбедиби, Канышай андан ары үй иштерине жайма-жай киришип кетти.Ырасында Канышай күйөөсүнө Айнек тууралуу бир канча жолу кеп козгогон. “Ал иштеген банкка пол жуугуч же ашканага кызматчы керек болсо айт”, — деп далай эскерткен. Бирок Тынчтык аялы тараптан ким болсо да айланасынан алыс кармоону жактыргандыктан Канышайдын айткандарын кулак сыртынан кетирип келген. Кечки тамакта ал тема дагы бир жолу козголду. Тынчтык бир оокумга чейин уктай албай Айнекке жумуш таап берүүнүн жолдорун ойлонуштуруп түйшөлдү. Күтпөгөн күндө минтип тынч дүйнөсү дүрбөлөң түшүп жатканы ага таң калычтуу да, коркунучтуу да болуп жатты.***Тынчтык бүгүн башкача. Демейде иш столуна отурары менен берилип иштеп кетчү. Азыр болсо ою бир жерде болбой, тынч ала албай жатты. Аңгыча шефинин келгенин байкап бир барак кагазын көтөрүп дароо артынан кирип кетти. Көпкө кармалбай кабинеттен чыккан Тынчтык кудуңдап алган:– Алло, Каныш, Айнекке айт, ал жумушка кирмей болду.– Аа, ырас болгон тура. Эртелеп ошентип өз жашоосун кылсын.– Айтчы, азыр эле келиши керек экен.– Ии, мен аны “баланы карай тур” деп көчөгө чыгып кетпедим беле. Анын телефону да жок экен. Мен салондомун, азыр барбайм.– Мейли анда, – Канышайдын үйдө жок экени эмнегедир Тынчтыкка жага түштү. Саатын караса кызы мектептен чыга турган маал болуп калыптыр. Кармалбастан сыртка чыга жөнөдү.***– Жумуш оор деле болбойт. Полдун тагын сүртүп туруу кыла жүргөн иш эмеспи, – Тынчтык машиненин күзгүсүнө карап сүйлөп, аны машиненин артында олтурган Айнек көрүнүп тургандай кылып оңдоп койду. Ансыз да кысынып араң бараткан келин үндөгөн жок.– Ишке өзүм ала келип, ала кетип турам.– Иш таап бергениңизге рахмат. Эми өзүмчө батирге чыгам. Сизди убара деле кылбайм…– Ооба, ошол батир табылганча дегеним. Ага чейин ишке да көнүп каласыз, – чын дилинен сүйлөп жатты. Айнек мындай жакшы кептери үчүн рахмат айткысы келип, бирок тартынганынан үнү буулуп калгандай унчукпай келе берди. Ичинде “кандай гана жакшы адам. Иши туруктуу, кеби орундуу, адамгерчилиги да жакшы экен. Ушундай эркек менен жашаган Канышай бактылуу” деп ойлонуп баратты. Ошол эле маалда жигиттин башында “кандай гана сулуу жүз. Көздөрүчү. Андан турмуштун кайгысын гана алып салуу керек. Ак куу. Ушундай аял менен бир жаздыкта жатканына ыраазы болбогон кандай эркек болду экен?..” деген ойлор сапырылып баратканын билген жок.***Көз ачырбаган жамгыр өчөшкөндөй нөшөрлөп жатты. Күздүн алай-дүлөй аба ырайы элдин баарын жүдөткөндөй. Кызматкерлер сууктун куугунтугунан кутулгандай чуркап кирип келишип, босогодогу килемчеге буттарынын баткактарын болушунча шыбап тазалап, суу болгон кол чатырларын силкип өтүп жатышты. Жаан минтип токтобосо, босогонун баткагы жакында арылбайт. Айнек болсо бул жерди кандай болгон күндө да таптаза тутушу керек. Бул — анын жумушу. Шаарга келип ишке киргенден берки он беш күндө жашоодо эмне маселе болсо, ошонун баары анын маңдайына жазылгандай арманы арбый берди. Батир табылбаганы аз келгенсип телефону жок балдары менен да кабарлаша албай куурады. Канышайдын телефонун экинчи ирет сураганда эле ал бирдиги короп жатканын катуу эскерткен. Ошондон кийин андан сураганды да койду.– Айнек, бүгүн кечинде эртерээк бошой аласыңбы?Ары карап алып болгон ачуусун колундагы чүпүрөктөн чыгара жулкулдап иштеп аткан айнек Тынчтыктын жанында экенине абдан ыңгайсызданып кетти. Уялганынан беттери кызара түштү.– Жок, күндөгү эле маалда чыгам го. Кете бергиле, шашсаңар. Мен кийин деле барам.– Жок, үйгө шашканым жок. Эрте бошосоң, бир-эки жерден батир көрө кетели дегем.– Жакшы болмок, – Айнек сүйүнүп кетти. Бирок ал Тынчтыктын бул аракетинин артында эмне бар экенин ойлогон да жок.Бир эсе бирөөнүн үйү болгон үчүн кысынса, жыртык-тешиктүү, эскилиги жеткен кийим-буюмдарынан эки эсе корунган Айнек Тынчтык экөө барып көрчү батирге эми эле кирип кетчүдөй кубанып алды. Бүркөө аба-ырайы менен баткак бут кийимдер үчүн жанагындай ачууланбай көңүлдүү иштеп кирди. Жумуш менен алышып атып кечтин кандай киргенин да байкабай калыптыр. Жарым сааттай мурун Тынчтык сыртта күтүп турарын айтып кеткен. Күттүрүп койбоюн деп жанталашкан Айнек анын ар бир кыймылын бир көз караш тооруп, артынан ээрчип жүргөнүн элес алган да эмес.***Улан ушул жердин күзөтчүсү. Ырасында узун бойлуу, карылуу, күлтүйгөн денесинде күчү бар неме. Бирок анын диплом тургай 9-классты аяктады деген күбөлүгү да жок. Анын мындай сырын ушул жердеги чоңдордун бири болгон бир тууган эжеси гана билет. Улан эркелиги менен боюнда ашып-ташкан күчүнө чиренип, айылдын шалманы аталып, аты чыгып бүткөн. Качан катуу уруштун себепчиси болуп, милициянын айдагына түшүп калганда жанагы эжеси куткарып алган да, айыптуу инисин айылга аман-эсен жөнөтүп ийгенден уялып чуркап жүрүп ушул жерге, өзүнүн жанына ишке киргизип койгон. Жашы отузга таяп калса да аял ала элек Уландын аты аягы суюк келиндер менен көңүл ачуу жагынан да чыккан. Бул жерге келгенине бир айдай болуп калганда келишимдүү бир келин келип, пол жууп калганын өзү үчүн жакшылыкка жоруп алган. Айнек бул ишкананын босогосун аттап кирген күндөн эле аны көзү ката тиктеп, уурдана карай берчү.– Эй, сулуу, эмне анча шашып атасың?– Батир карайын дегем, ошого. – Айнек эч кандай арам ою жок жооп кылды.– Батир издеп эмне кыласың, бүгүн мен түнкү күзөттөмүн. Жанымда эле калып кал. – Уландын ыржаңдап сүйлөгөн кеби Айнектин ызасын келтирсе да ага кеп короткусу келбеди.– Ии, кыздын унчукпаганы макул болгону да ээ? Бүгүнкү түн экөөбүздүкү болсун.Келиндин денесин калтырак басып кетти. Жууп жаткан жерин чала бүтүрө салды да чака, кол кап сыяктуу керектүүлөрүн койчу орунга жөнөп кетти. Уландын кебин көпкөн бирөөнүн орунсуз тамашасы деп койгусу келип турса да, денеси чымырап, калтыраган колдору топ ачкычтын эбин таап башкара албай алактап атты. Буюмдарын эми гана жайгаштырып бүтүп, кийимдерин алмаштырайын деп жатканда эшик күч менен тартылып, ачылып кетти. Босогого төбөсү тийген Улан аны жырткычча тиктеп турган.– Жогол, эмнең бар бул жерде? Сага киргенге болбойт.– Эми болот. Болгон үчүн мына мен жаныңдамын. Бул жерде экөөбүз эле калдык. – Тим эле койнундагы аялын чакырып жаткансып Улан жагымсыз шадылуу колдорун арбаңдата Айнекке сунду.– Эмне болуп атасың, чыгып кет. – Айнек сумкасы менен таза кийимдерин ала коюп жумушчу кийими менен эле качууга аракет кылды. Бирок эшик менен эшик болуп далдайган Улан аны куткарчудай түрү жок.– Болду эми, өзүңчө эле ызы-чуу боло бербей. Мен аялдын жытын сагынсам, сен эркектин кучагын сагынып калгандырсың. Кел, эриш-аркак бололу.– Былжыраба, менин эрим бар. Жаныма жолобо! – Айнек кайраттана сес көрсөттү, бирок, дээлигип алган Уланга бул кеп чымын чакканчалык болгон жок.– Эриң жок экенин билем, сулуу, кылыктана бербечи. – Улан тар бөлмөнүн ичине бир аттап кирди да Айнекти кучактай дубалга кептеди. Көз ирмемде башына алда кандай ойлор келе калган келин жалынып ийди:– Суранам, тийбе мага. Мени уят кылба. Коё бер, суранам.– Эч кимге уят болбойсуң, экөөбүздүн эле ортобузда калат. – Ал Айнектин макулдугун алгандан бетер эч тартынбастан үстүндөгү «охрана» деген жазуусу бар курткасын чечип ыргытты. Анын жалынган кепти укпасына көзү жеткен Айнек мекеменин ичинде эч ким жок экенине кайгырып турса да, алда кимден үмүт кылып болгон күчү менен кыйкырды:– Жардам… Жардамга-а-а!***Тынчтык машинеге отургандан бери өзүнчө эле күйпүлала болуп жатты. Батыра албай жатканы — колундагы кичинекей кутуча. Алгач өзү сунам деген ниетте катарындагы орундукка коюп койду. Бирткеден кийин кайра Айнек кирип отурчу жерге жылдырды. Жок, болбойт деди окшойт, кайра колуна алып кутуну сылап ойлоно кетти. Бул анын Айнекке деп алган кол телефону. Чындыгында ага аянбай жакшысын алып бергиси келген. Бирок акчасы жетпеди. Анын үстүнө азыркы кездин модасы болгон сенсордуу телефонду колдоно албайт го деди. Себеби, кызынын сенсордуу телефону менен өзүнүн уулуна чалып, улам сайын өчүрүп алып, кайра иштетип кете албай абдан ыңгайсызданганын байкаган. Ушул маалда телефонуна коңгуроо келип калды. «Алло, жок-жок, кете элекмин. Макул алып коём. Кайрылбай кете бер, менде болот». Кыска сүйлөшүп болгон соң кутуну аздектей коюп койду да, машинеден түшүп мекемеге карай басты.Кирип эле астыртан Айнекти издеди. Көрүнбөгөнүнөн чыгууга даярданып жатса керек деп ойлоп койду. Ошол маалда жер төлө жактан жаңырган аялдын үнүн эшитти. Үзүл-кесил чыккан үндү Айнектин үнүнө окшотуп, бирок так тааный албай туруп калды. ( Уландысы бар )