Автобекетте жашоо түйшүгү күн чыга элек үрүл-бүрүлдө эле башталат. Айнек бул жерге түн ортосунда эле келген. Болгондо да жөө. Таңкы сууктан коргой албаган жука кийимине ачууланган келин кабак түйө маршруткалардын бирине кадам койду. Көтөрүнгөн деле ашык оокаты жок. Түнү менен уйку көрбөгөн неме жылуу орундукка отурары менен көзү илинип кетти.– Байке, канча убакта жыласыз, эртелебейсизби? – кычырап кийинген жаш улан өктөм унчукту.– Азыр, толо калсын, – айдоочу унаадан түшпөй эле заңкылдап коё берди, – Бишкек, Бишкек, Бишкекке бир орун, бир орун эле калды.Айнектин куш уйкусун ушул үн бузду. Көзүн ачса күн нуру жерге тегиз тийип калыптыр. 20 кишилик унаанын ичинен анын жанындагы орундук гана бош экен. Жүдөө тарткан жагымсыз келбетинен улам жанына эч ким олтурбаганын дароо баамдады. Ошол замат айланадагылардан өзүн коргогондой жоолугун дагы баса салынып бурчка тыгыла олтурду.– Ай, балакетиңди алайын, тарт мени, – толугунан келген таякчан кемпир ичте олтурган кишиге колун сунуп унаага кирди. Азыраак токтой калды да, Айнектин жанындагы бош орундукка карай жылды:– Жакшысыңарбы, айланайындар? Аз жерден калып калмак экенмин ээ? Ырас болбодубу, дароо жылат экенбиз.***– Кудайга шүгүр, заман жакшы. Кадам сайын кафе. Кафе толгон эл. Барчылык, – кемпир бактылуу үн катты. Бул Айнекке жага берген жок.– Үч сааттык жолдо токтобой эле кете беришпейби, ачкадан ким өлүптүр азыркы заманда. Балыкчыдан жылганыбызга эки саат боло элек, Бишкек бул эле жерде го. Жетип деле жешмек да.– Мейли, ичсе ичип алышсын. Кудай жол берсе, бат эле кирип барабыз.Жана унаа жылгандан бери терезеден көзүн албай, үстөккө-босток үшкүрүнгөн келин кемпирге кызык болуп келе жаткан. Жүргүнчүлөрдүн баары тамактанууга түшүп кеткенден пайдаланып тамырын тартмакка кебин андан ары улады:– Мен сапар узакпы, кыскабы, деги эле жолдон тамактанбайм. Андайга көнгөн эмесмин. А сен эмнеге түшпөйсүң?– Акчам жок.– Ммм, Бишкекке жай эле баратасыңбы?– Билбейм, – ансыз да сиркеси суу көтөрбөй турган келин бейтааныш кемпирдин суроолоруна кыжыры келе түштү. Оор үшкүрдү.– Билбейм, апа, бил-бе-ейм. Эмнеге баратам? Эмне кылам? Билбейм…– Кой, алдыңа кетейин, антип үшкүрбө. Жаш экенсиң… – көптү көргөн кемпир келинге аста көз жиберип калган кепти келин өзү улап кетерин байкады. Айнек канчадан бери арманын ичине катып, жан адамга үн чыгарбай ичтен сызып жүргөн болчу. Бугун чыгарып алгысы келди.– Күйөөмдөн качып баратам. Балдарымды да таштадым. Мен жок эптеп чыдап турушар. Үхх… Минтип эрим менен бир күнү жашынмак, бир күнү куушмак ойноп калам деп ойлогон эмесмин. Ичип кетти. Кайдан жүрүп бул балээге жабышып калды, билбейм. Уулу мектепте окуйт. Кыз кичине, бакчага барат. Аларды да ойлобой калды. Жакшы эле чыдадым. Эми чыдай албайм.– “Эриңе ишенгиче эки босогоңо ишен” дейт. Эркекке да теңелесиңби? Балдарың менен жашай бер да.– Ой, “элдин аялдарындай эмессиң” деп эле сабайт. Элдин аялдары эмне болуп кеткенин эле билбей койдум. Таңда кетет, түштө балдарын жиберип атып үйгө араң чакыртып чай берем. Ач болбосун дейм. Ой, ошону да билбейт. Анан тамагын жөн ичпей мага асылат, урушабыз. Кайра көчөгө жөнөйт. Кечте же түн оокумда келип сөзсүз чыр чыгарып үйдү үч көтөрөт. Чыдай албай калдым. Ал турсун, минтип сабай берсе жинди же майып болуп калбаймбы деп коркчу болдум. Эми эр болсо эки баланы карап менсиз жашап көрсүн.– А сен эмне кылайын дейсиң? Балдарың кантет?– Балдарым деп баарына түтүп келдим да, апа. Балдар тиги алкаш атасы мени өлтүрүп койсо деле чоңоёт. Андан көрө аман-соомдо иштеп жанымды карап, анан аларды өзүмө алып кетем.– Аа, шаарда ишенгениң бар го?– Жок, – келин ансыз да бул чоочун шаарда кимге ишенерин билбей чочулап, кооптонуп бараткан, – эми, бир курбум бар. Айлам кеткенде ошондон жардам сурадым. “Иш караштырып бер”, – дегем. “Табылбай атат», — эле дейт. Тиги кечээ мени өлтүрүп коё жаздады, – Айнек водолазкасынын мойнун ачып кемпирге бурулду, – Муунтту. Аргасыз жолго чыга бердим.Экөө тунжурап үнсүз калышты. Кемпир сапарлаш келиндин тагдырын мынчалык деп күтпөгөн эле. Санаачыл жандын “балдарым жакшы кабыл алса экен” деген санааркоосуна эми бул бейтааныш келиндин тагдыры кошулду.– Ээ балам, азыр шаарда бирөөнүн үйүнө бирөө батпай калган. Кантер экенсиң?..
***Кең жолдо шуулдаган унаа бак-дарактарды көзгө илештирбей артта калтырып жатты. Айнек автобекетке чейин терезеден көзүн албай келди. Башы туман. Машинадан түшөрү менен бет келген шаардын ызы-чуу жашоосу аны ого бетер апкаарытып, шаша телефондун номерлерин терди.– Алло, Каныш, кандайсың?– Алло, ким бул? – уйкусураган үн кыжырдуу унчукту.– Мен Айнекмин, Каныш. Мен шаарга келдим эле, – келин кебин кандай уларын билбей мукактанды.– Ии, жакшы, анан? – Канышай кайдыгердей. Айнек аны билип турса дагы билмексенге салып жасалма жайдарыланып кебин улады.– Шаарда ишенгеним эле сен эмессиңби, билесиң да, биздин тууган-урук бүт айылда эмеспи. Сеникине барайын дегем.– Ии, кел, – Канышай үй дарегин, келүүчү маршрутту түшүндүрүп айтып берди.Айнек оюнда Канышай келип алып кетсе керек деген. Бирок курбусунун суз кабыл алуусу ачык билинип тургандыктан антип өтүнбөдү. Таарынгысы келип, бирок таарына да албай арыда турган отургучка көчүк басты. Айланасында эмне болуп, кимдер жүрөт, деле кызыккан жок. Үйдөн качып кетип жатканда артына карабай жүгүргөнүнө азыр ачуусу келип олтурду. Азыраак акыл токтотуп сары май, курутунан алып алса болмок экен. Куру кол кантип кирип барат. Акчасы эң эле саналуу. Ушуларды ойлоно жакшылап аңтарса эле бир нерсе чыга калчудай сумкасын туш келди оодара берди. Ар нерселер жазылган айрык-тытык барактар, жүз аарчы, тарагынан башка ырыстуу эч нерсе жок. Эси оой отуруп калды. Аңгыча колуна бош кармаган соткасын бирөө жулуп кетсе болобу.– Аай, алып кел, акмак, – Айнек ордунан атып турду да, элге аралашып кеткен караанды заматта таппай калды. Ансыз да турмуш сыйрыган оозу ачык жарасына бирөө туз куюп ийгенсип тим эле турган ордунда айланып кетти. Жаман соткасы анын жалгыз байлыгы эле.
Жанагы орунга келип олтуруп жаш балача солкулдап ыйлап кирди. Ызалуу муңайган келинге көңүл бурган бир жан болгон жок.Эзели шаар жерин ээн-эркин кыдырып көрбөгөн, ары жалтак мүнөздүү Айнек үчүн бирөө жарымга абалын түшүндүрүп жардам суроо кыйынга турду. Бир далайга отурду да, курсагынын курулдаганына чыдабай калганда арыда бирдик салып олтурган аялга барууга аргасыз болду. Болгон жөн-жайын түшүндүрүп Канышайдын телефонун ар түркүн кылып терип атып акыры аны менен кабарлашып алып аялдамага бет алды. Болгону он сом менен каалаган жерине жетип калары Айнек үчүн бүгүнкү күндөгү эң кубанычтуу кабар болду.***– Биздин жашоо ушул, Тынчтык күн бою жумушта. Мен иштейин деген менен балдардан убактым артпайт. Бир адамдын тапканы баары бир жетишсиз. Эки бөлмө үйгө тыгылбай эл катары үй салсак жакшы болот эле.– Бул үй деле сонун экен, – короосу тосулбаган тар үйдөн келген Айнек үчүн бул кабат тамда жайгашкан үй укмуш эле туюлду. Каныш ансайын тескери сүйлөп чебеленди.– Ой, кайдан, бир киши келсе ары жат, бери жат болуп түртүшүп калабыз. Биздикине келгендер тим эле кеткенче шашышат. Батпай атканын көрүп өзүң уяласың.Айнек Канышайдын кеп төркүнүн эми түшүндү. Курбусунун кууланган кебинен бул жерде көпкө боло албасы айдан ачык болду. Бирок баарын туюп турганы менен азырынча байкамаксанга салып ушул эле жерде тура турганынан өтөрү жок.***Канышай кичинекей баласын алып кечки тамактын камын көрмөккө жакын жердеги базарга кеткен. Айнек сууга түшүп, тер жыттанган кийимдеринин ордуна Канышайдын эски кийимдерин кийди. Үстү-башын бир карап алган соң ачык турган терезеден кечки шаарга көз салды. Аңгыча эшикке ачкыч салынып шыкылдаган үн чыкты. Айнек “Канышай сыртымдан бекитип кеткен экен” деген ойдо ордунан козголгон жок. Бир күн боло элек жатып сагынган балдарына кабатырлана ойго тунган келин ага жакындаган дабышты да байкабады. Аңгыча карылуу кол белине оролуп, ысык дем кулагына жакындай шуу дем тартты. Айнек чочуганынан терезеден ашып кете жаздады.– Аай, кимсиз?– Канышай, ой, а сен кимсиң? – эркек да аң-таң боло туруп калды.– Кимсиз? Кетиңиз, үйдө эч ким жок, — Айнек баш аламан сүйлөдү.– Хм, кетиңиз? Мен үйүмө келдим, – Тынчтык оройлонуп баратып кайра ойлоно өзүн кармады, – кечириңиз, мен аялымды кучактадым дегем.Айнек келбети сындуу бул адам Канышайдын күйөөсү экенин билди. Анын аялынын кийимин кийип алып адаштырганы үчүн өзүн күнөөлүү сезип, уялганынан жер карады. Тынчтык болсо периштедей болуп үйүндө пайда боло калган бул аял ким экенин билбесе да аны сугун арта карап, жакшылап таанып алгысы келди. Азыр эле кучагына алып, кайра көз ирмемге жетпеген убакытта бошонуп кеткен арык, назик денени дагы бир жолу бек кыскысы келип турду.
( Уландысы бар )