УУРДАЛГАН СУЙУУ 2 бөлүм (Аягы)

https://kyrgyzcha.site/?p=50467&preview=true Кызыктуу окуялар.

***УУРДАЛГАН СУЙУУ***

2-БОЛУМ.

 

Ажардын эскеруулору андан ары уланды.Улан бул убакта уй-булосу менен бейкапар жашоосун улантып жаткан. Толкун акылдуулукка салып уй-булосун сактап келет. Ажар Улан кеткенде артынан акмалап отуруп уйун да билип алган. Улан Ажардын боюнда бар деп уккандан баштап эки жакка тен бирдей мамиле кылып баштаган эн негизгиси уй-булосуно да убакыт болуп,кыздары менен кобуроок убактысын откорот. Онолуп келатканына Толкун бактылуу.Ажарга болсо бул да болсо аздык кылып озумдук кылып менчиктеп алгысы келет.Улан майрамдарда уй-булосу менен андайда Ажар нервтенип,кызганычы ичин жарып кетчудой чебелектей берет. Кайра кайра звонтетип же смс жазып айласы кетет. Ажарга материалдык колдоо корсотуп турганым эле жетиштуу болот го, алыстаганым эле он,бала торолсо бардык шартын тузуп берем деп жургон. Бугун кунго ишемби эле. Улан кыздарын паркка апарып келем деп соз берип койгон. Эртен менен турганда эле чурулдашып -Бугун барабызбы, вы же нам обещали, ураа деп секирген бойдон устунку кабатка чуркап чыгып кетишти.Толкун уйдо калган бугун ландшафт боюнча дизайнер келип эшиктин алдындагы газонду озгортуу маселесин талкуулашмак. Толкун гул остургонду бала кезинен жакшы корот. Уйун да,сыртта короону да гулдотуп таштаган бир гана ушул жер калган. Планын чийип койгон ,кыргыздын оймосу тушурулгон жерге турлоп гулдорду тикмек.Ангыча эшик чырылдап калды эртерек келип алган го деп барып эшикти ачса ото ашыкча бойонгон,бою кичине сулуучумак келген боюнда бар бир кыз туруптур.-Саламатсызбы, сиз Толкун эжесизби? -Ооба мен. Эмнегедир бул ун тааныш угулду кайдан укканын эстей албады. -Сиз менен суйлошойун дедим эле. Мен менин Уландан боюмда бар.Биз бирбирибизди суйобуз. Суранарым Уланды кое бериниз.Сиз башка торой албайсыз а мен тороп бере алам. Улан мага эркек тороп берчи деп козумдун агы менен тен айланат деп калп айтты. Чынында Улан учун эки кызынын бар экенине да шугур кылчу. Толкун озун жоготуп койгон жок,сылык гана- Уйго кир,уйдон суйлошолу.-деп уй жакты колу менен корсотуп койду. Денесин майда калтырак басып турса да озун колго алып уйго киргизди. Бул аялдын кайратуулугуна, сабырдылуугуна тан калды. ажылдап урушуп беттен алат го, мейли мен да олбогон жерден калышпайм же козунун жашын колдотуп ыйлайт го жалдырайт го. Мен мындай акылдуу, бай куйоону таппайм. келечегим учун курошушум керек Мен аялынан бир топ жашка кичуумун, жаштыгым, сулуулугум эле жетиштуу Улан баары бир меники болот.Барып барын айтсам эле аялы куйоосун кууп чыгат а мен жароокерленип тосуп алам. Калпты чынды аралаштырып айтып келейин деген максатта келген Ажар Толкунду коруп эрекектер мындай аялдан кетпесин сезип билип турду. Мизилдеп кирип келгенде эле короосу таптаза, жыпар жыт анкып гулдор ирээти менен остурулгон, уй ичи да мелтирейт. Улан бекеринен Толкун минтип коймок, антип коймок дей бергенин эми тушунду. Андай салыштырууларда да канча урушуп- элдешкен кундор болгон. Диванга келип аяр отура кетти. Мандайындагы кенен креслого шашпай басып келип Толкун отурду да -Кана эми суйлочу. Кызыгы кургур, азыр заман ушундай болуп калганбы.Илгери эже-женелерден уккан боюнча аялы барып кечирип кой катуу тийсе ойношунун абийирин тогуп, бетин тытып. чан тополон салып келишчу экен. Азыр байкашымча тескери болуп баратканбы деп жылмайып койду. Жылмайганда ого бетер татына боло тушот экен. Ажар дабдырап эле козун карай албай ала качып уну жанакыдай ишенимдуу чыкпай акырын гана :- Кечиресиз мен да оз бактым учун курошушум керек.деди. -Оз бактым учун!- эми Токун шынгыр уну менен кулуп койду.Сен эмне деп атканынды тушунуп атасынбы? Сен орустардын таамай айтылган СЧАСТЬЕ-надо заслужить- деген созун уктун беле.Бироонун даяр бактысына коз артып оз бактым деп алганына жол болсун. Биз он уч жыл бирге жашап ач да,ток да,ысык-суук кундорубузду бирге откоруп канча деген ашууларды басып отуп анан анан ушундай даражага келип отурабыз. Ортодо суйуудон жаралган кыздарыбыз бар.Озу бардыгы эркекке коз каранды экообуз канча акыйлашпайлы Улан чечип Улан бутурчу иш. Мен башында дагы бир конул ачуулардын бири деп ойлодум эле.Ооба Уланды суйбой койууга болбойт. суйо турган адам. Толкун бир жерди тиктеп ойлонуп турду да: Сен озу Уланды бактылуу кыла аларына козун жетеби? Мен эркектин аркасынан чуркап коргон эмесмин бирок озумдун нике буйруп,суйуп тийген,балдарымдын атасы,жан жолдошум учун мен да курошууго даярмын. Тараза ташы мен жакты коздой оойт деп коркпойсунбу? Улан келгиче кетпей тур мен да ушундай уч бурчтук мамиледен тажадым бугун баары чечилет. Акыркы созду Улан айтсын. деп чай койгону ашканага кирип кетти. Ажар томсоруп отуруп калды ушундай акылдуу аял экенине баа берди акырын эле маданиятуу турдо мени бурчка такап койду го. Эмне кылсам? Улан келгенде Толкундун тарабында болору бештен белгилуу.Откондо эле- Толкундай болгон аялга туш келгениме бактылуумун, мен акмакмын,мен ырысымды которо албай кооп атам деген. Азыр келчу болсо, биякка кайсы бетин менен келдин- деп аялынын козунчо кепке сындырчудай ансыз да ушул аялдын алдында боз ала бойдон калганы жетиштуу деп эшикти коздой бет алды. Толкун терезеден шылкыйып чыгып бараткан кызды коруп жылмайып алды,бирок ички туйумунда бул байкуш кызга боор ооруп турду. Эми кантет экен боюндагысын тороп бизге бер десе макул болор бекен.Озу жаш эле экен турмуш жолун ондоп кетер беле Улан келсе суйлошойун деп оор ушкурунуп алды. Тагдыр- тагдыр алдында биз жип менен байлап алып бала кезде коргон куурчак сымал ары калчаса ары,бери калчаса бери тоголоно берет экенбиз да.Бул кыз да жашоосунда жанылып алган го болбосо жаш кызга башы бош жаш жигит жок бекен… Даа эмнеси болсо да ушуну менен бутсо экен ичинен эзиле берип чарчап да кетти чынында. Сыртынан кайратуу корунуп тели-тентуштарына сыр алдырбаганы менен ичинде улбурогон назик жан го.Канча жолу коз жаш акты .Намыской да эле. Акыры намыс женди окшойт. Башым менен жерди казып калсам да кыздарымды атасынан ажыраттырбайм деп келчу.Бизди бир гана ажал ажыратат деп келчу.

«СЕЗИМ СЕРЕСИ» ГРУППАСЫ.

Кудайым кыздарыма бакытты да таалайын да толук кылып берсе экен. Ылайым ыйлабаган жерге барышса экен деп кубуронуп койду. Ыймандуу болушса экен жараткан, азыр жашоо кирдеп турганда адамзатты ыйман гана суйроп кете алат . Ажар азыр ошол кезде шылкыйып кетип баратканын коз алдына келтирди. Ошондо олбогон гана торт шыйрагы калды го чиркин, минтип, эч кимдин алдында басынып коргон эмес. Олуп алгысы келди.Эмнеге келдим, эмнени кааладым эле? Эми Уланды чындап жоготтум… Ажар ойлуу жаткан — Осмонова Ажар деген ким? Сага берип жиберишти деп эки пакет которуп кирди жашы алтымыштарга барып калган аял.

Таэжем го деп столго койуп койосузбу деп ары карап жатып алды. Ойлорунун баары чаташып калды бир чети эскеруулордон сууруп алган ушул кемпирге ыраазы да болуп турду. Кызынын алдын кургактап жатып эмчеги ийип жатканын сезди. Кандай айла кылам эмне мынча тагдыр таш боорсун деп коз жашын суртуп терезеге тигилди. Тигил бурчта жаткан айым -Атын ким деп сурап калды. -Ажар. -Жакшы атын бар экен озун да чырайлуу ажарлуу кыздардан экенсин. -Ой эже ошол чырай менен акыл берип койсо го… деп ушкурунуп алганын сезбей да калды. Менин атым Калбубу деп калды эле бери жакта жаткан кыз -А менин атым Майрам деп кошулуп калды. Палата ичи жандана тушту. Ажар туруп барып пакеттерди ачып атып ичинен бир буктом кат таап алды. Катта- Кагылайын кызым Ажар, мендей шордуу эненди кечир.Зоокур атандын созуно кирип мен акмак болупмун. Чыркыраган чындыкты кечээ жакында ошол акмактын оз оозунан уктум. Мас болуп алып оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып атты го,кулагым чуулдап бирин уксам,бирин уккан жокмун. Менин алы жок балапанымды басып жыгылып бырпыратып, чырпыгымды сындырган экен го акмак. Мен куруйун атандан кийин суйлошкон эркегим эле. Баардык эркектер оз атандай болот го дечу экем. Канча жылдан берки жалгыздыктан чарчаган жаным козумду май басып карайлаган экем.Кечир садагам сени тороду деп угуп суйунгонумдон жетип келдим.Баланы таштаба бул да Кудайдын берген ырыскысы экоолоп багып алабыз.Тигил акмак кеткен- айылга абийиринди тогуп камата элегимде кетип кал, дегем. Келгис болуп кетти, каралдым, небереме баардык суйуумду берип багайын, сенин алдында аз да болсо куноомду жууйун,таштай корбо.Акылы кыска апан. деп бутуруптур. Ажардын денесин тер басып кызыктай боло тушту. Ал кунду такыр эстегиси келчу эмес… Башы тегеренип барып столду кучактап жыгылганын билет. Кроватта жууркан жамынып жаткан экен. — Козун ачтынбы? Журокту тушурдун го ээ .Медайым келип нашатыр спирт менен эсине келтирди. Канын азайып кеткен го… Бугун Ажар чыгат, кызы менен анда санда суйлошуп коет. Журогу оропкуп суйунуп алган. Кызы менен чогуу чыгып атканына куштар эле. — Жашоо учун курош. Айдын он беши карангы болсо, он беши жарык.Атасы жок тороп аткан жалгыз гана сен эле эмессин.Бугун биз уулум экообуз да жалгыз чыгабыз. Башына келмейин сабак болбойт экен го.Эжекелерим канча урушуп канча какшап журушту- уй-булолуу эркек эч качан уй-булосун таштабайт.Таштаган эркек- ЭРКЕК эмес деп…ошол кенештердин бирин угуп калганымда гана. Мейли эми башка тушкон тагдырыбызды коробуз да ээ уулум деп шор этип жыттап койду Майрам. Ажар далысынан таптап койду бул эки аялдын журогундо озлоруно гана тиешелуу армандары бар эле…Ажар кызын бекем кучактап апасын коздой келатты… АЯГЫ.

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️