***УУРДАЛГАН СУЙУУ***
1-БОЛУМ.
Тун. Ажардын толгоосу катуулап тайэжеси Рая экоо такси чыкырышып торот уйуно шашылыш жоноп калышты. Толгоонун ушунча ачуу экенин, жанында жакын адамы болгондо кандай куч кубат берерин,апасы да ушундай кыйноодон отуп торогонун деги койчу жолдо катар ар-кайсы ойго батып,бирде кыйкырып,бирде басылып келе жатышты.Эмнегедир коркуу сезими деген болгон жок.Ал кызга баары бир эле. Ажар жыйырма бирге эми чыгып биринчи тороту.Келдик деген таэжесинин созунон эсине келип машинадан тушушту…
«СЕЗИМ СЕРЕСИ» ГРУППАСЫ.
Мына ынаалаган наристенин уну.Ажардын жаны жай алып эс ала тушту.Тердеп, алы кеткен Ажарга баланы апкелип ысык боюнча денесине тийгизгенде бир башкача ааламга келип озун бактылуу сезерин же таалайы тайкы тагдырына таарынарын билбей ман болуп наристесин жыттап турду.Эми эле жарык дуйного келип козун ачып ачпастан эле наристе эмчек издеп энесинин кокурогундо тырмаландайт. Тайэжеси кайра кайра эмчегин эмизбе,балага боор тартпа,озуно эле кыйын болот деп какшай берип кулагына куйуп койгонбу же жедеп жапжаш болуп туруп жашоонун далай соккуларын жегенге мерез боло тушконбу эмнегедир балага ийип,мээримин того албай турду. Ушул кызыл эт кызынын алдында озун куноолумун деп женил ойлуулукка алдырганынбы, же эч нерсени андабаган жаштыгынанбы, же козу сокур суйуусунонбу айтор ойлору чаташып, деми кысылып,журогу ооруп чыкты.
Палатага апкелип жаткызышып, баланы жанына таштап кетишти. Эч нерседен бейкапар наристе уктап жатат. Эртен аны кандай тагдыр кутуп турат белгисиз… Узун тундо уктай албай Ажар ойго чомулуп жатты.Ал эки жыл мурда ушул ымыркай наристенин атасы менен таанышкан кунун эстеди. Оо анда жаштык жалындап от болуп турган кез. Ажар озу жетишпеген уй-булолор мектеп- интернатында окуп чонойгон кыз.Тырышып окуусун жакшы окуду.Энеси кез-кез келип турар эле.Экоо деле коп суйлошо алышчу эмес. Апкелген тамак-ашын берип ал жайды сурашып гана бат эле кетип калышчу.Курбусу Гуланда тан калып кайра-кайра эле сурай берер эле.Деги экоон эне-баласынарбы деп.Же огой эне болобу? Менин апам тируу болгондо кетирбей кечке суйлошмокпуз, моокумум тараганча кечке жыттап жыттап тура бермекмин.Жок апам тируу болгондо мени бул жерге апкелишмек эмес апам тишин кирин сорсо да мени бул жерге таштамак эмес деп чоочуп кетти. Бул создор Ажарга катуу тийсе да унчуккан жок. Сен жакшы коргон алманды апкелиптир деп устолдун устуно шагыратып алманы тогуп таштап шалак этип керебетке жата кетти. Ушул учурда Гуланданын создоруно ызаланып ыйлагысы келсе да эмнегедир козунон жаш чыккан жок.Мелтейип потолокту тиктеп жата берди. Гуланда муну байкап калып кечирим сурап конулун ачайын деп аракет кылса да болбоду. Озу Гуланда орус чалыш болгонун болгондой айтып алып окунуп калган учурлары коп болчу. Болгон табиятынан ушундай кыз эле муну Ажар деле жакшы билет. Бирок бугун эмнегедир Ажар бук болгонгобу журогу ооруп чыкты. Тунжураган тынчтыктан коп отпой Гуланда дагы кечирим сурады: Кечирчи Ажар катуу тийсе мен ойлонбой эле суйлоп алыпмын. Мени билесин го мен… дегенче болбой Ажар: Мен таарынган жокмун деп озун кыйнап кулгонго аракет кылды. Кел анда апакен апкелген алмадан ал абдан таттуу экен деди эле Ажар чыдай албай эч кимге айтпай, журогундо жараланып, жашап келе жаткан сырын ушул курбусуна тогулуп айткысы келди. Ордунан козголуп туруп чачын ондоп бир байлам кылып байлап келип керебеттин кырына отура кетти. Анан оор ушкурунуп алып созун баштады ; Байкаган болсон мен бул алмаларды такыр жебейм. Апам болсо билбей эле апкеле берет. Мага чынында баары бир эмне апкелип эмне деп суйлоп жатканы. Ушул алмалар гулдоп жыпар жыты анкып турган кезде мен да гулдоп бурдоп жашоого кызыгым артып эн бир бактылуу кундорумдун учуру эле.Ошол кундор жашоодогу бактылуулуктун акыркы узумдору экенин элес албапмын. Атам мен эки жашымда оору менен алышып жатып апам экообузду таштап оорудан коз жумуптур. Апам жалгыз мени кучактап кала берет. Экообуз бир бирибизге жолок-таяк болуп жашообуз уланып келе жатты. Мен анда сегизинчи классты аяктап жайкы каникул убагы деп тайэжемдикине апам кымыз сут ичсин деп жайлоого жиберип ийген. Мен уч ай бою ошол жакта журуп апамды аябай сагынып журуп тайэжем экообуз уйго келдик.Сагынып калган жаным апамды кучактап опкулоп атсам негедир апам козун ала качып кызыктай эле болуп аткан анан эле торку уйдон чоочун бир киши майкачан чыга калса болобу. Уйубуздо чоочун адамдын болушу тан калыштуу болуп мен анырайып эле аны карап калыпмын. Бойлуу кен далылуу чон киши экен. Апам калдастап эле колундагы баштыкты кармалап эле калды тайэжем чакырып аркы болмого кирип кетишти. Тиги киши кулуп учурашып кандай келдинер деп жооп укпастан эле эшикти коздой чыгып кетти. Мен апамдар кирген болмого кирип барсам апам ыйлап атыптыр. Мени коруп ынгайсыз болуп кетти. Тайэжем Ажара деп соз баштайын деп баратканда апам Жок озум тушундуром деп созун баштап калды. Кыскасы ошол куну мен аталуу болдум. Корсо апам байкуш менден кандай болуп кетет деп ынгайы келбей жургон экен. Экоо жолугуп суйлошуп жургондоруно жарым жылдан ашып калыптыр. Мен кеткенде тиги киши келип жашап алыптыр. Ажырашып уй-жайын,оокатын эркекче уй-булосуно таштап чыгып кеткен имиш. Эмнегедир ички туюмум жактырган жок, бирок…Мен атамды эстей албай калгандыктанбы курбу курдаштар атам деп эркелеп атам апкелиптир, атам менен бардым,атам кылып берди дегенде мен да ошентип аталуу болгум келип кетчу,аталуу болуп коргум келди… Эн негизгиси апамды аядым апам бактылуу болсо болду эле.Ошентип «атабыз» менен жашоо башталды.Аты Сагын.Эч жерде иштечу эмес. Уйдо керели кечке жата берчу мен билгени. Апам байкуш суйуунун курмандыгы болгонбу же жалгыздыктан чарчаганбы баарына коз жуумп коер эле. Эртелеп жумушуна жонойт апам айлыбыздагы уй фермада саанчы болуп иштейт.Мен болсо жумасына эки кунго келип кетем. Биздин мектеп интернатта жатып окумай мектеп.Келип кетип жургон кундордун биринде апам катуу ооруп ооруканага жатууга туура келди. Жумушунан суук тийип бойрогунон ооруп шишип кетиптир.Ошондо бизди карангы тун каптап жашообуз туп тамырынан озгорулуп журогубуз бырчаланып тилинерин билгенибизде кана? Апама деп тооктун шорпосун кайнатып алып ооруканага жонодум.Ошондо негедир ата соройубуздун кабатырланып апам учун сар санаа болбогонуна деле маани бербепмин.Апам кок шишик болуп жаткан экен.Капельницада экен атанды жакшы багып тур сабагынан суран деди. Мен чон эле киши оз жанын бага алат да ансыз да жаш баладай кылып багасыз десем апам таарынгансып калган. Уйго келип чогулуп кеткен кирлерди жууйун деп казанга от жакмай болуп жатсам «атам» келип жардам берейин деп калды. Ошентип кир жуулуп,тамак жасап кеч кирип тамагыбыз ичип жатып алдым. Чарчаган жаным бат эле уктап кетипмин. Тун бир оокумда тошогумо оозунан буркурап арак жыттанган атам кирип келип басып жыгылды.Биринчи тушунбой тушумбу онумбу андай албай Кудайлап тушум болуп калышын тилеп аттым. Бирок денем ооруп кушулдоп кулагыма атамдын жалынып жалбарып атканы алым жетпей чыркырап донгочтой кишинин алдында тырпырап жан далбастап атканымды билем. Бетин тытып кыйкырып кыйкырып жиберипмин жаактан ары эки жолу катуу чаап чаап жиберди эле козум карангылап андан аркысын билбейм..Гуланданын козу жашылданып угуп отурду. Жатаканама келип эле жыгылдым уч кун бою эшикке чыккан жокмун. Учунчу куну апамды ойлоп тамак апарып ал абалын сурап келейин деп озумду колго алып жонодум.Апамдын журогун оорутуп эч нерсе айтпай эле койойун деп чечтим. Барсам апам козу шишиген мени коруп эле учурашсам ары карап жатып алды. Мен тушунбой дабдырап турсам -Экинчи келбе,бул жерге да,уйго да менин сендей кызым жок.Ооруп атканымда ушундай кылсан… Менден эр талашып олгону калдын беле…Атан менен кошо эле олуп калбай не болдум… Кайсы бетин менен келдин бети жок деп менин олорумду кутуп атсан керек деп дагы коп нерселерди айтып уч кундон бери чогулткан бугун буркан шаркан тушуп тогуп алды.Мен болсо далдырап буткул денем калчылдап турдум.
Корсо ата сорой мен кеткен куну эле апама келип : Мен кетишим керек Ажар апама айтпайбыз деди эле мен алдап жашай албайм ушундай болуп кетти.Ажар мен сизди келгенде эле суйуп калдым сиз менин алгачкы эркегим болсонуз арманым жок деп жалынып жалбарып атып кандайча мындай ишке барганымды билбейм.Эне баласынар кечир Ажарды мен кеттим дегенде апам : Токто мен ооруп атсам менден жашырып чыккынчылык кылган кызымды эмес алдабай оор болсо да чынын айткан сени кечирдим дептир.Ошентип апам экообуздун ортоб\узда жаранка кетти. .Ак да кок да дебедим унчукпастан чыгып кеттим. Журогум жараланып турганда апамдын создору, эмне мынча тагдырым ачуу десен. . . Эшик шарт ачылып палатага медайым келип градусник берип кетти температуранарды олчогуло деп. Палатада учоо , Ажар менен сол жагында жаткан аял экоо жаны торогондор бурчта жаткан келин эки кун мурда тороптур. Ажардын ойлору чачырап градусникти алып караса 36,5 экен жакшы ,кичине ичи ооруп толготкон сымал бурап атканы болбосо эртерек мен бул жерден кетишим керек деп шашып жатты. Кызы ыйлаганынан сут чыкпай атат дегенинде ботолкого сут апкелип беришкен, эмдирип корду эле кичине ээмп уктап калды. Куйуп койгондой атасына окшоштугун айт. Эзилип кызын карап туруп таэжесин создорун эстеп кетти. Чын ниети менен жараткандан кызын бактылуу болушун тиленип жатты. Менин тагдырымды кайталабаса экен жашоо жолунда жалан гана жакшы адамдар жолукса экен деп, кечир кызым эси жок эненди кечир тагдыр жолуна сени жалгыз таштап кетип жатам мен ушул жолду тандап алдым башка аргам жок жалгызым деп алып озун кызыктай сезип энелик мээрими менен балкып эмизгиси келди. Баарына коз жуумп кызын алып коз коргус жака качып кетип калсачы. Улан эмне кылып жатты болду экен. Эх Улан, Улан . Кайдан журуп сага жолуктум да кандайча сенден ажырадым. Улан менен бир отурушта курбу кызы менен барып ошол жактан таанышып калган. Атасынан кийин Ажар эркек аттууну жек корчу болду. Табиятынан чырайлуу татына болгонунанбы эркектер коп тийишип таанышабыз деп калышат. Ажар эмнегедир женил ойлуулука алдырып болору болду эми мени эч ким албайт мен да жашай албайм деп сезими жок эле эркектер менен таанышып конул ачып материалдык жардам алып кала берчу. Мындай мамиле Ажарга жагат озун суйууго татыктуу эместей сезет. Улан менен танышуу да ошондой мамилелердин бири болчу. Ооба жон гана конул ачуу терендеп суйууго айланып кетерин билбеди. Улан уй- булолуу экенин жашырбады. Буга Ажар кош конул мамиле кылып койду. Анткени Ажар уй- булолуу жигиттер менен да конул ачып коргон. Ажарга баары бир эле капчыгы калын болуп бай болсо болду дечу. Уландын ону да бою да кыздар энсеп каалагандай келбетуу бойлуу анан да капчыгы калын жигиттерден. Эки кызы бар. Аялын суйуп сыйлайт. Анда санда достор менен конул ачып коер эле. Бугун да ошондой конул ачуулардын бири болчу. Ажар атына заты жарашкан ажарлуу кыз экен деген анан экоо жакындашып суйлошуп баштаганда акылдуу да экен деп койду ичинен. Ошентип Улан менен Ажар жолугушуп журушту. Кандайча кантип бир бирине байланып калышканын байкабай да калышты. Ажар мурдакыдай шаан шокотторду токтотуп Уланды кутуп калчу болду. Улан болсо бат баттан жолугушууга келип турат. Келинчегинин боюнда бар. Ажар Уланды эми аялынан кызганып баштады. Кетиш керек уй- булом кутуп калды дегенде эле Ажар туталанып жаман болуп таарынып баштайт. Кээде эркелеп атып туну менен алып калат. Улан тунобой калган кундору Толкун уктай албай туйшолуп чыкчу. Кийинки кундору башкача болуп баратасын деген создоруно — Койчу алтыным азыр жумуш чачтан коп ушундай учурду колдон чыгарбай иштеп калыш керек, заказ жакшы тушуп атат, сезондо иштеп алалы. Балдар чоноет сен жакында торойсун мен ушул кичинекейлирдин келечеги деп журом. Сен акылдуусун да мен жакында эки жумага Кытайга барып келишим керек болуп атат жаны проект менен. Иш чачтан коп деп койгон. Толкун жаман абалда калган мен уйдон чыкпай жата берип капкайдагы ойлордун баарын ойлоп, кой андан коро жолдошума жолок- таяк болойун. Балдарды ойлоп байкушум кундоп — тундоп иштеп журсо мен, ай ай бугун кандай жакшы тамак жасап койсом. Ошентип кундор отуп жатты Улан кээде келсе кээде келбейт. Муздак болуп эркелеткенин да, конул бурганы да азайып башка эле бир чоочун адамдай болуп баратканын байкаса да жаман ойлорду кубалап чарчагандыкы го деп койчу. Ошондой кундордун биринде телефон шынгыраганынан алса бир бейтааныш аялдын уну: — Саламатсызбы, Толкун эжени мумкунбу? — Мен Толкун, угуп жатам,ким бул?- Мени сизге боор оруган Адам деп билиниз сиз билбегенди билдирип, корбогонду коргозуп, укпай калганынызды угузайын жардам берейин деген максатта эле чалып атам.дегенде- Сен озу эмне деп атасын? Тушунбодум? — Кеп сиздин куйоонуз жонундо. Куйоонуздун жапжаш ойношу бар экенин билесизби? Аны менен Кытайга, Турцияга да барып келди. Бир болмолуу квартира алып берди. Бугун мына машина алдырып жууганы кетишти туулган куну болчу. Кааласаныз кафенин дарегин берем барып корунуз дегенде Толкун — Жок, кереги жок рахмат деп телефонду койуп салды. Трубканы коер менен буткул мууну калчылдап отуруп калды. Демек чын экен да сезимдери алдабаптыр эми эмне кылыш керек. Уланга жан дили менен ишенип журбоду беле. Ушундай да болобу? Эми эмне кылам? Ажырашып кетиш керекпи? Жок, бул акылсыздык, мен курошом балдарымды атасыз калтырууга акым жок. Мен менин балдарым атасы менен чогуу болобуз. Мен женишим керек. Ушунча жыл чогуу жашап журуп анан каяктагы эле бир кызга алдырып жибергеним болбос. Улан мени суйуп куйуп аркаман чуркап журуп алды эле го, кийин деле ого бетер суйуп барам деп айтып калчу анан эмне болду.? Толкун озун колго алып ичиндеги баламды аяшым керек. Ал меники болот ортобузда балдар турат ,ал убактылуу нерсе деп озун алдап жатты. Ал куну Улан келген жок. Толкун бирде ыйлап бирде сооронуп жатып тан атырды. Ичи ооруксунуп калыптыр жети ай болуп калган. Уламдан улам ооруганы катуулап толгоо сымал башталды Толкун журогу тушуп баштады. Кандай кылсам? Улуу кызын мектепке жонотуп койуп кичуусун балабакчага алып жоноду. Жолдон ичи бурап катуулап баштады айласы кетип Уланга чалса телефону очук ого бетер ызаланды. Кудай жалгап кошуна келин да баласын жетелеп алып баратыптыр ага кошуп кызын берип жиберип жарым жолдон кайтты. Уйго келип эле врачына телефон чалды ал угуп отуруп тез жардам чакуурусун сунуштады. Тез жардам бат эле келип калды текшерип корушуп эле алып жоношту. Уланга кечке чалып ала албады. Смс жазып жиберди: Бугун уйго келишин, балдар жалгыз каларын, озунун абалын жазып жонотуп жиберди. Кечээки телефон чалуу жонундо айтпоону чечти. Кундор отуп Толкун больницадан жалгыз чыгып келди. Баласын сактай алышпады. Эркек экен Толкундун журогу тилинип сыздап атты. Улан да куйполоктоп Толкунду айланып конулун карап жатты. Ошол куну уйго келгенинде мындай болуп кетпейт беле?балким Толкун баарын билип калгандыр? Врач дагы катуу нервтенгендиктен деп айтпады беле?Башын мыкчып эзилип жатты эмне учун менин куноолорумо менин наристем жооп берип калды? Мени жазалабайт белен оо жараткан! Бирок мындан откон жаза барбы эркек баласынан ажырап калды, Толкунду экинчи торогонго болбойт деген тыянак менен чыгарышты. Мен эмне болуп бараткам жакшынакай жаркылдаган жарымды чанып женил аяк Ажарды балдарымдан да артык коруп. Акмак элемин мен ,кыздарым томсоруп — Папа сагындык сизди, деп жалооруп турушса да убактымды болгум келбей , Ажарды коздой жонор элем. Мага чала, мага сооп. Толкун мени кечире алар бекен. Ушундайымда токтотойун. Сегизинчи мартта Ажарга эн кымбат сойко шакеги менен бриллиант таштары жаркыраган комплект алып, Толкунга бермет ташы менен сойко алган. Толкун уй жыйнап жатып Уландын полкасынан бриллиант комплектти коруп суйунуп койгон а тугул кармалап тагынып да коргон укмуш го деп тамшанып да алган. Байкушум майрамга мага апкелип койгон го деп жадырап бактылуу эле. Эки кундон кийин сегизи болду. Толкун жадырап конулдуу турду. Улан жуунуп атса чонтогунон телефон дырылдап калды, дайыма виброзвонокто эле, анан дайым жанына алып журот. Караса эле Ажардан смс экен. Бир саат убактын бар келип калбасан олуп алам, сагындым деген. Андайда шашып жоночу бугун да кетууго туура келет кантип чыгып кетсем Толкундун журогун оорутпай деп ойго батты.Тош чонтокко баякы бриллиантты шашып салды да шашкалактап Чай ичип отуруп Мен офиске барып келишим керек коллега аялдарды куттуктап банкет уюштурмакпыз. деп жоноп калды. Чыгып атып — Майрамын менен шашканымдан унутуп бараткан турбаймынбы деп бетинен ооп бермет сойкону берди эле Толкун жаман болуп кетти. Демек жанылышыпмын деди. Ичи ачышып турду ушу азыр бетин тытып айкырык салып бакырып окургусу келди бирок Толкун акылдуу аял эле… Башын мыкчыган Улан ал сегизинчи мартты да эстеди. Эртен менен жуунуп жатса телефону дырылдап калды дайым чонтогундо дайым виброзвонокто болчу. Караса Ажардан смс келиптир — " Жаным бир саатык убактын бар келип калбасан олуп алам сагындым& quot; деген. Шашып жоноп калды. Аялын бетинен ооп:- мен жумуштагы кыздарымды куттуктап келишим керек бугун банкет кылмакпыз а бул болсо сага деп кичине кутучаны, бул кыздарыма турганда берип койчу деп жоноп кетти. Кутучаны ачып Толкундун ону купкуу болуп калчылдап чыкканын да байкабады. Улан азыр эч нерсени корбой байкабай да калган. Ал Ажардын сулуулугуна арбалыпбы? жаштыгына азгырылдыбы? байлык коптурдубу? окшошкон кундордон тажаганданбы? билбейт жооп издегиси да келбейт азыр ага ушундай жашоо образы жагат эч озгорткусу келбейт эле. Эртеси танга маал келип жатып атса келинчеги "- Банкет кандай отту?"- деп сурап калды. Жакшы , коллегаларды таштап кете албай эми тарадык дегенче,- Коллегаларга эмне белек кылдынар деп сурап калды — Анын эмнесин сурайсын баарына окшош бердик, дегенде,- Айиий баарына бриллианттан берсенер чач кирпигинер жетеби, силерге барып иштеш керек го- деп мыскылдуу кулуп койду эле Эмне эле деп атасын деп кыйкырып койгон создун маанисин эми тушунуп отурат демек Толкун Ажарга деп алынган белекти коруп калган. Эх эркектер эмне болуп кетер экенбиз биз учун жанын бергенге даяр, оокатыбызды кылып курсагыбызды тойгузуп бапестеп баккан, балдарды тороп берген келинчектерибзди ойлобостон шайтандай болуп азгырып кылыгы укмуш кумар коз ойноштор дегенде эт бетибизден кетип олуп кете жаздайбыз го чиркин. Ал ордунан чечкундуу турду да Ажарды коздой жоноду. Ажар демейдегиден да эркелеп тосуп алды. Улан ортого бардык созун айтып Коштошуу учун келгени менен аяктады. Ажар тунжурап угуп отуруп коз жаштары куйулуп атты. -Ажар мени да туура тушун ансыз да кыйналып буттум эки оттун ортосунда калдым. Кыздарым да чонойуп баратышат. Мен сага уй- буломду таштабайм деп келгем. Сени да калп Эле умуткор кылып жургум келбейт Сен жашсын али келечегин алдыда деп аркасынан келип аяр кучактады эле Ажар -Келечек, келечек мына келечек деп колун ичине койуп, менин боюмда бар алты жума болуп калыптыр. Бугун сага айтайын деп жаткам. Мен бул баланы торойм деп чечтим. Сени кармабайм жолун бош деп ыйлап жиберди Улан кучактап башынан сылап оор ушкурунуп алды. Эми кандай кылат? Ажар жалооруган коздору менен — ;мени таштабачы мен сага тороп берем аялым торобой калды дебедин беле мен сага эркек бала тороп берем; деп жалдырап жатты. Ажар чарчагангабы эч нерсе сезбей уктаптыр. Эшик шарт ачылып -Уколго деп кыйкырып кеткен медайымдын уну ойготуп жиберди. Башы тегеренип алы жок аран басып барды ысык чай ичкиси келип курсагы ач экенин сезди. Шалдырап келип кроватка кыйшыйып жата кетти. Кызы уктап жатат. Эми кийинки тагдыры эмне болот, тобокелге салып тайэжеси менен Кореяга кете берсеби Тайэжесинин кызы коптон бери ошол жерде а тугул турмушка да корейге чыккан. Эми ошол кызы чакырып атыптыр апасын. Ажардын тагдырын айтып берсе, келсин жардам берем, жумуш табылат дептир. Тайэжеси тороло элек баласынын да тагдырын чечип койгон, алысыраак бир кайынсиндисинин бала торой албай жургонун, жакшы турмушта жашаарын, кызын бапестеп багып алышарын да кулагына куйуп койгон Ажардын башка аргасы да жок болчу. Женил ойлуулуктун аягы ушинтип бутоорун билгенде. Эми кеч эле. Ким куноолу? Тагдыр жолун талкалаган атакесиби? Козу сокур суйуубу? А балким Уланбы? Кок беттикке салып меники баары бир мендик болот деген озумчулдугубу ? Атасынын созуно ишенип тескери караган апасыбы? Деги ким куноолу? суроо артынан суроолор …
Уландысы бар…