ҮЙЛӨНҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ БИР КЫЗЫКТУУ ОКУЯ.

https://kyrgyzcha.site/?p=48319&preview=true Кызыктуу окуялар.

ҮЙЛӨНҮҮГӨ БАЙЛАНЫШТУУ БИР КЫЗЫКТУУ ОКУЯ.

 

…Ша’бий ысымдуу табаин үйлөнүү маселесине тиешелүү Шурайх казы айтып берген бир хадисти мындайча баяндайт:

«Шурайх казы бир жолу мени менен баарлашып олтуруп мындай деди:

 

— Оо, Ша’ бий! Эгер үйлөнүүнү кааласаң, Бану Тамим уруусунан үйлөнгүн» .

 

Ошенткен ал, анан өзү кантип үйлөнгөнү тууралуу минтип айтып берди:

 

— Мен жаш кезимде Бану Тамим уруусунда болгон бир жаназага барган элем. Кайтып келе жатып, бир үйдүн алдында улгайган бир аял менен бир жаш кыздын олтурганын көрдүм. Кыз абдан сулуу болчу. Мен алардын алдына бардым да, карыя аялдан (ичээрге) суу сурадым. Бул шылтоодогу чыныгы ниетим — тилил кызды жакындан, жакшылап көрүү эле. Улгайган аял кызга суу алып келүүнү буюрду. Суу ичип болуп улгайган аялдан:

— Бул сулуу кыз кимдин кызы жана ысмы ким?- деп сурадым.

 

— Худайрдын кызы, ысымы- Зайнаб- деди ал.

 

— Турмушка чыкканбы?- деп сурадым.

 

— Жок- деп жооп берди ал.

 

— Мен өзүмө өмүрлүк жар кылып алууну кааласам, мага берээр белеңиздер? — деген суроо узаттым.

 

— Эгер сен мунун (өмүрлүк) теңи болсоң, беребиз,- деди ал.

 

— Улгайган аялдын бул жообун уккан соң, үйгө кайтып келдим. Ошол кызга үйлөнүүгө ичимден кабыл алган болчумун. Ошентип, туугандарым менен чогуу жанагы кыздын үйүнө барып, аларга келген максатыбызды айттык. Худайр: «Абдан жакшы болот» — деп сунушубузду кабыл алды.

 

Арадан көп өтпөй, үйлөнүү тою башталды. Бирок бул кезде мен бул чечимиме ичимден өкүнө баштаган элем. Анткени бул уруунун аялдары абдан катуу мүнөз болушаары тууралуу угуп калган болчумун. Бирок, эмне болсо да көрө жатарбыз деп, иштин аягын күтүүгү кол байладым. Анан түн бир оокум болуп, мен кыздын жанына кирген кезимде, ал мага:

 

— Азиретим, күйөө баланын Аллахтын ыраазылыгы үчүн эки рекет намаз окуп, Аллахка дубалар менен кайрылып, үйлөнүп жаткан кызынын кайырдуу өмүрлүк жолдош болуусун тилеп жана анын жамандыгынан сактоосун суранып дуба кылуу сүннөт!» — деп айтты.

 

Мен:

— Ооба, ошондой,- дедим да намаз окуугв (кыямга) турдум. Намазды аяктаганымда анын да намаз окуп жатканын көрдүм. Анан ал мага мындай деп айтты:

 

— Азиретим, мен сиздин табиятыңыздын, кулк- мүнөзүңүздөн кабарсыз кызмын. Анткени мен сырттан келдим. Сиздин мүнөзүңүздү жана табитиңизди билбеймин. Ошондуктан өзүңүзгөнү эмне жагаарын мага (ачык) айтыңыз, мен сиздин ыраазычылыгыңызга жетүү үчүн сизге жаккан ошол нерселерлди, кызматыңызды ак кылайын. Жана да сизге жакпаган нерселерди айтыңыз, мен алардан оолак болуп, сиздин тынчыңызды кетире турган нерселердин алдын алайын.

…Сиз башка аял менен, а мен башка эркек менен турмуш куруп калышыбыз да мүмкүн болчу, бирок тагдырдын өкүмү ушундай экен, эми экөөбуз очор- бачар үй бүлөө күтүү алдында турабыз. Аллахтын бул илахий буйругун (толук моюн сунуу менен) кабылдаңыз жана Аллахтын өкүмдөрүн толук орундатыңыз. Мен Аллахтан сиз экөөбүзгө тең ырайым кылуусун тилеймин» .

 

Мен ага минтип айттым:

 

-Жаным, бул сөздөрүң, ушунчалык терең маанилүү. Бул айткандарыңы орундата алсан, анда бактылуу кылганың ошол. Эми айтчы кана, мен менден эмне каалайсың?

 

Ал айтты:

 

-Менин туугандарымдын мага келип- кетип туруусуна кандай карайсыз?

 

Мен айттым:

 

— Улам эле келе бергенин каалабаймын. Тез- тез келе бербегени дурус.

 

Ал айтты:

 

-Кайсыл кошуна менен кандай мамиле карманайын? Билип алсам ошого жараша иш тутайын.

 

-Баланча кошуналар жакшы кишилер: жылуу сөздүү, абийирдүү, жакшы инсандар, карым катнаш түзүүгө болот. Ал эми бастанча адамдар менен болсо сүйлөшпөгөнүң жакшы. Анткени алардын кулк- мүнөздөрү жана адеп- ахлактары начар кишилер. Алардын биздин үйгө келүүсүн мен каалабаймын» — дедим мен.

 

-Оо, Ша’бий! , Ошондон соң ал кыз менин маанайыма дал келе тургандай аракеттене баштады. Ал эми менин ага болгон махабатым күн сайын улам артып, ага болгон сүйүүм улам тереңдеп бара берди. Ошентип бир жыл өттү. Анан бир күнү үйгө келсем үйдө бир улгайган кемпир: «Андай кылба, мындай кыл» -деп келгенимче бир нерселерди үйрөтүп, акыл- насыят айтып жаткан экен.

 

Менин аялым тосуп ыккан кезде:

 

-Бул (кемпир) ким? — деп сурадым.

 

-Ал:

 

-Ал- сиздин кайненеңиз, — деп жооп берди жумшак. Мен кайненемдин ал- жайын сурап, ага колумдан келишинче урмат көрсөттүм.

 

Анан кайненем менден:

 

— Балам, аялыңдан ыраазысыңбы? — деп сурады.

 

Мен ага аялымдан абдан ыраазы экендигимди, келинчегимдим абдан тарбиялаганын айттым.

 

Ошондо кайненем мындай деди:

 

— Уулум, аялдар (төмөнкүдөй) эки учурда адамгерчиликке жатпаган терс жактарын көрсөтүшөт:

Биринчиси: — Уул бала төрөгөн кезде.

Экинчиси болсо- (дөөлөткө жеткенден улам көөп, көзүн май басып) күйөөлөрүнөн жүз буруп ( эрин тоотпой, текеберленип) калган кезде. Эгерде аялыңдан ошондой нерсени сезсең, анда аны дароо тарбиялагын» . Анан ал өз сөзүн улап, мындай деп кошумчалады:

 

— Ант болсун: эркектердин үйүндөгү эң жаман нерсе- бул аялдын эрин тоотпой, менменсинип, кербезденип, назданып, көйрөңдөнүп, сылаңкороздонуп жүргөн сулуулардын жагдайы». Анан ал менден минтип сурады:

 

— Уулум, колуктуңдун туугандарынын сиздин үйгө качан келишин каалайсың?

 

Мен айттым:

— Каалаган убакта келишсин.

 

Кыскасы, кайненем ар жылдын башында бир жолудан келип, кызына терең нускалуу насыяттарын айтып, кетип тура турган.

 

О, Ша’бий Жыйырма жыл ошол аялым менен чогуу жашап, андан бир жолу да кемчилик көргөнүп жок. Менин бир кошунам бар эле. Анын аялы адеп- ахлаксыз, тарбиясыз неме болчу. Үйлөрүнөн эч качан уруш- жаңжал арылчу эмес. Ар качан ошолорду көргөн кезде, мен өзүмдүн берекелүү аялымды ойлоп, момундай бир ырды кайталаймын:

 

Көрдүм го эчендеген адамдарды,

Аялын койдой урган наадандарды.

Зайнабым- бак- таалайым, чын ырысым,

Көрбөдүм анын эч бир тескери ишин.

 

Көтөрсөм колум курусун,

Таалимдүү жанды ким сабаар?!

Зулумдукка жол ачсам,

Адилдик калбас, муң чыгаар.

 

Тарбиялуу, ар- намыстуу, адеп- ахлактуу аялдар өздөрү жөнүндө ушундай ырлардын жазылуусуна себеп болгон. Ал эми мүнөзү орой, тарбиясыз аялдар болсо бейпилчиликте бактылуу өмүр сүрүү деген эмне экенин да билишпейт, ал аз келгенсип, өздөрү тууралуу жаман пикирлерди да жаратышат.

 

Жогорудагы пикирлер көрсөтүп тургандай, исламдан кабарсыз айрым наадан эркектер өз аялдарын койдой сабап, эзүүгө учуратып, азап тарттырат.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️