3-болум
Удаалаштар аябай өч болушат дешет. Туратбек экөөбүз удаалаш деле эмеспиз. Ал алты жаш кичүү. Бир жаман жери экөөбүз ит менен мышыктай аймаакыбыз. Дайыма чыр-чатакты Туратбек ээленип баштайт да, аягында балээсине мен калам… Анын мени көзүнө илбей чакчаңдап жүрүшүндө да себеп бар.
Биз бир уядан үчөөбүз: эң уулусу мен, анан Шарапаткан, эң кенжебиз Туратбек.
Апамдын удаасынан эки кыз көз жарганына атам аябай осолдоп жүргөн имиш. Ал кызымтал болгондо:» Карамат качан уул баланын үнүн угам?»- деп апама айып коюп жүрүптүр.
Бооруңду тырмап күлө турган нерсе, акыл-эстүү, чопо-чоң кишилер да ушинтип таарынышат экен.
Биринчиден, таарынгыдай кыз бала эмес бекен? Ошол чиренген атамды тогуз ай бели майышып көтөрүп, азаптуу толгоосун тарткан, бармактайынан алпештеп өстүрүп, эр жеткирген ким болду экен? Айта турган киши жок да.
Экинчиден, апамды айыптап нараазы болууга атамдын кандай акысы бар? Аялдар төрөй турган баласынын зубаласын камырдай жууруп алышса анда кеп башка.
Акыры атамдын эңсеген тилеги орундалып, маңдайы жарылып сүйүнгөн күнү да келди.
Апам уул төрөдү!
Ошондо мен жетиде элем. Апамдын толгоосу башталганда, атам мени тонуна бекем катып, мулуңдап сүйүнүп, коргондун ичинде ары-бер басып жүрдү.
-Кызым,- деди атам жадырап-жайнап кубанып. -Апаң уул төрөсө, айылдын аягына чейин сүйүнчүлө.
-Сүйүнчүлөйм ата,-дедим да капыстан:
-Ата апам кыз төрөсөчү?- Атамдын кашы үйрүлүп, кабагы бүркөлө түштү.
-Жаап оозуңду, апаң уул төрөйт.
Менин шагым сынып, мостоюп унчукпай калдым. Атамдын мынчалык жаны ачышып, мени какканына таң калдым. Мен да апамдын уул көз жарышын каалап турбаймбы?
-Гүкүш,-деди атам акыл айткандай. -Апаң кыз төрөсө, бүт айылды сүйүнчүлөбө.
-Эмне үчүн?
-Уят болот.
-Эмне үчүн уят?- деп, мен да кычагандай сураймын. Атам эмне дээрин билбей, унчукпай кутулду.
Жаңы бөбөк оңой-олтоң төрөлбөй, апам бечара ач кыйкырык салып «Өлдүм, өлдүм. О, Калмурза, ыраазычылыгыңды бер!»- деп чакырат. Атам эшиктен аттап:»Ыраазымын байбиче!» — деп ыйламсырай жалооруса апам ансайын үйдү башына кийип:»Көзүмө көрүнбөй жогол ары!»- деп, айбаттанып чаңырат. Атам башына бирөө союл менен чапкандай артка чегинет. Апам көп өтпөй дагы ыраазычылык сурап чакырат, атам адатынча эшиктен мойнун созуп:»Ыраазымын» — дейт да, кетенчиктейт.
Айласы түгөнгөндө атам айбаныбыздагы сериге отуруп,маңдайынан самсаалап аккан терди аарчып:»Катындын тилин алган мен акмак»- деп башын мыкчып өкүнөт.
Атам бекер өкүнгөн жери жок.
Ай-күнүнө жеткенде, доктурдан төрө деп, атам биринече жолу кайталап сураса да, апам көгөрүп болбой койгон. Анткени, апам бизди эч кимдин жардамысыз, кыйналбай-кысталбай өзү төрөп, өзү буту-колун жыйнап, чулгап алган экен… Ал турмак, Шарапаткандын төрөлгөнүн үйдө уктап жаткан атам туйбай калган имиш…
Түш оогон кезде үйдөн жаңы бөбөктүн бакырып ыйлаганы угулганда, атам мени таштап:
-О, үнүңдөн айланайын! — деп, ичкери карай жүткүндү.
-Уул экен, уул экен! Сүйүнчү! Сүйүнчү!- деген аялдардын үйдү көтөргөн чурулдаган үндөрү угулду. Мен дагы энтигип, жетип барсам, бардыгы жаңы бөбөктүн үстүнө жабыла түшүп, үймөлөктөп калышыптыр.
-Ыраазымын, байбиче, ыраахымын. Эми эч арманым жок. Тилегеним ушул болчу- деп, атам дубалга сүйөнүп, өктөм отурган апамдан жалооруп көзүн албайт.
-Канаке, көрманаң?- деп аялдардын бирөө атамдан көрүндүк доолаганда, ал тырышып турбай, ич чөнтөгүнөн бир тутам акча сууруп чыгып, чачып жиберди. Аялдар биринин үстүнө бири түшүп, опурап-топурап терип жүрүшөт. Кээ бирлери талаша кетишип, айрып да алышты.
-Ой, туугандар, араң тапкан уулумдан алыс болгула,-деп, атам жаңы төрөлгөн бөбөктүн үстүндө күйпөлөктөйт.
Эшиктин каалгасын сүйөнүп, тигилерге таңдана карап турган мени атам көрө коюп:
-Гүкүш эмне карап турасың? Сүйүнчүлөп айылдын аягына жетип калды го десе, сен алиге астанада сагалап турасыңбы? Жүгүр кызым!- атам буйрук бергенде, мен да тызылдап чуркап жөнөдүм.
-Бир үй калтырбай баарын тегиз сүйүнчүлө! Апам уул төрөдү де! Эч ким укпай калбасын.- Ушинтип атам артымдан заңкылдап кыйкырып калды.
Бутум жерге тиет же тийбейт. Ар бир үйгө кирем да, күйүгүп дем ала албай:»Сүйүнчү, апам уул төрөдү!» — дейм. Кимиси болбосун жаркылдап сүйүнүп:» Оозуңа май, айланайын. Атаң бечара уулум жок деп, зарланып жүрдү эле, жакшы болгон турбайбы! «- деп, көңүлүнөн чыкканын берет.
Өзүң тырмактайсың, анан тигиндей суук сөздөр. Баары макулдашып алгансып «Атаң бечара» деп сөз башташат. Мен анысына да көңүл бурбайм. Айылдын аягына жетем, эми эмне кылам деп арсар турсам, бир аксакал чал эшек минип жогортон келатыптыр. Кебетеси бейтааныш… Жанымдан өтө бергенде:
-Чоң ата- дедим
-А кызым- деп карап калды
-Сүйүнчү бериң. Апам уул төрөдү,- дедим кылчактап тартынбай…
-Куп жакшы болгон экен… Берейин, берейин,- деп чөнтөгүн аңтарып, беш сомду сунду да:- Кимдин кызысың деди
-Калмурзанын
-Тааныбайт экенмин. Ата-энеңе айтып кой, уул болгону жакшы болуптур, айтаарым эле акыл-эси менен болсун- деп, эшегин кыдыңдатып өз жолу менен кете берди.
Бала болбосом чоочун кишиден эмне үчүн сүйүнчү сурадым экен. Ушуну ойлогон сайын бетим кызарат.
Ошондо апам төрөгөндө тырмактай бөбөк чоңойгондо мага сөөк какшаткан сөздөрдү айтаарын билсем, антип жан-алым калбай өрөпкүп сүйүнчүлөбөй калайын… Анын азыркыдай бейжай болоорун ким билиптир. Ой, Туратбектин обу жок эркелигин ойлосом, жаным кашаят.
Ырас, ал үчүн да Туратбек өзү айыптуу эмес…
Уландысы бар :