Менин уулум, ушул менин уулум ээ? — Абайдын кубанычы арта жетине албаган үнү бөлмөнү толтуруп турду. Чынында анын үнү эле эмес, өзү бул үйгө, бул дүйнөгө батпай кубанып турган. Аны телмире тиктеген келинчеги гана же бактылуу болорун же тамагына кептелген жашын төгүп иерин билбей тунжурайт. Минтип жаш күнүндө эки баланын энеси болуп, болгондо да кайнагасынан бала күтөм деп ким ойлосун.
Абай келинчегинин абалын байкай койду. Заматта күлкүсү тыйыла калганы менен муңайып да олтургусу келген жок.
– Шоола, карасаң? Кимге окшош?
– Атайга.
– Жок, мага окшош.
– Атай экөөңөр окшош эмес белеңер? – үнү каргылданып кетти.
– Ооба, бир туугандар окшош болушат. Атай экөөбүздөй болуп уулум да агасына окшош, – Абай кепти башкага бурганча шашты, – кел, азыр эле жуунта береличи. Шоола наристесин жуунтканча өткөн жашоосун башынан эстеп чыкты.
***
Ал Атайга кокусунан кезиккен. Жаңы конуштагы таежесине учурашууга барып жатаканасын көздөй кеч кайтып калды. Таежесинин: “Биздин конушта тентектер көп, калып эртең эле эрте туруп кет, жарыкта”, — дегенине көнбөй койгон. Унаалар сээлдеп, ал түшүүчү маршрут абдан кечикти. Жатакананын эшиги бекичү саат да жакындап баратат. Тынчы кетип турган ошол маалда жанына кара машине келип токтоду:
– Шаар ичинеби, чоң кыз? Олтуруңуз.
– Рахмат, – Шоола чындап чочулады.
– Коркпой эле отура бер. Шашып баратам. Артта деги эле маршрутка аттуу көрүнбөйт.
Кыз аргасыз макул болду.
Жаштыктын күчү эмеспи, Атай убадасына туруп кызга ашык кеп айтып чочутпай жеткирип коёюн деген. Бирок күзгүдөн аны карай берип байланыш номерин албай кетүүсү кечиримсиз болчудай туюлду. Шуулдаган жигит бул оюн амалдана ишке ашырды.
– Кайсы жерге барасың?
– Жибек-Жолу менен Манастын кесилишине.
– Жеткирип коёбуз.
– Шаардын четине жетсем, андан ары маршруткалар бар да. Ага чейин менин акчам жетпейт.
– А мен акча сураган жокмун го.
Кыз унчукпай калды.
– Телефон номериңди берип кой, болду. Анан биз жакка келип калганыңда бир эле “алло” деп коюп турсаң жеткирип коюп турабыз.
Кыз мындай соодалашууну жактырбай, бирок каршы да эч нерсе дебей тултуюп калды. Алар бат эле жатакананын оозуна жетишти. Кыз түшүп баратканда жигит шашып калды:
– Чоң кыз, номерчи?
– Чоң кыз эмесмин.
– Номериңди берсең, анан атыңды телефондон билип алам да, кийин “чоң кыз” дебейм. Азыр болсо билбейм да, – жигит аппак тиштерин кашкайта жагымдуу күлүп турду. “Деги ушундан кутулайынчы” дегендей, кыз номерин бат-баттан бир гана жолу айтты да, тыкылдай жөнөп кетти. Телефонун камдап олтурган жигит сандарды илгиртпей жазып алды.
***
Атайдын мүнөзү абдан шок эле. Бирок ээн баштыгы жок. Бир нерсе кылууну кааласа күндү күн, түндү түн деп койбойт. Эгер каалабаса, үстүнө асманыңды таштап ием десең да кебелбейт. Адамдарга да мамилеси ушундай. Ал Шооланын сулуу жүзүн бир көргөндө эле жактырган. Кийин телефондон жагымдуу үнүнө азгырылып жүрүп биротоло ашык болуп калды. Ата-энесинин “үзүмчүлүк маалда коё тур”, Шооланын “азыр турмушка чыгам деген оюм жок. Болгону 1-курсмун. Андан дагы сен мага жага бербейсиң” деген каршылыгына да, кагып-силкүүсүнө да карабай ала качып алды.
Башында кабагы ачылбаганы менен кайнене-кайнатасынын мээримдүү мамилеси, жолдошунун кареги менен айланган камкордугу аны бактылуу болууга аргасыз кылды. Окуусун калтырбаган жакшы студент, үйүн таза туткан жакшы келин болду. Анан бактысы артып бала күтүп калышты.
– Шоола, кеттик көлгө. Кийинки айда төрөсөң, бала менен алышып каласың. Уулум жарыкка келип, бакчага барганга чейин сага көл да, парк да, шишкебек да, кино да жок. Макулбу? – Шооланын көңүлдөнбөгөн оюна койбогон Атай анын баштыгын өзү камдап, эс алууга чыгып кетишкен. Ырас эле келиптир, көлдө укмуш сонун учур экен. Экөө беш күн каалагандарындай эс алышты. Бул алардын эң бактылуу ирмемдеринин акыркысы экенин анда экөө тең билишкен эмес эле.
***
Алар кайтып келгенден бир ай өтпөй Шоола көз жарды. Али кызыл эт болсо дагы уулу тим эле Атайдын көчүрмөсү. Баласын карап жатып Шоола жолдошун эми толук сүйүп калганын билди. Эми ага биротоло көнүп, бүт өмүр бирге болгусу келип калды. Бирок колуктусунун көз жарышын саат санап күтүп жаткан жолдошу эмнегедир келбей атты. Ал төрөгөнү кайын журтунан эч ким жок, өзүнүн гана апасы келип чебеленип кам көрүп, алды-артына кетип жалынып, көз жашы кылып ийип да атты. Шоола анын ыйын бакыттын ыйы деп ойлогон.
***
Кечээ доктур “эртең чыгарам” деген. Кайненесине чалса кайнежеси алып: “Макул, апам азыр бошобой жатат. Барабыз”, — деп кыска жооп берген. Анан жолдошуна чалды. Кечээ гудок кетип, бирок албай жаткан, бүгүн биротоло өчүк. Таарынып калды. Кеч киргенче көгөрүп таарынып олтуруп, акыры эч ким чалбаганда дагы кайненесине чалып күйөөсүн сураган. Алар дагы деле кыска жооп кылып Атайдын телефону бузулуп калганын, өзү жумуштарынан эч бошобой жатканын айтышкан. Келин биринчи жолу күйөөсүн эртелеп көргүсү келип, ага болгон таттуу сагынычы менен уктады. Тилегин таш каап эртеси да келген жок Атай. Анын ордуна Атайдан беш, өзүнөн сегиз жашка улуу кайнагасы Абай келиптир. Ал эмдигиче турмуш кура элек. Кайненеси да жок экен, кайнежеси уулун, кайнагасы уулу экөөнүн документтерин алды да, үйгө жөнөштү. Жанатан алардын кабагынан бир жамандыкты сезип турган келин күйөөсүн сураганда кайнагасы: “Аны үйгө барганда билесиң”, — деп бурк этип койгон. Кайнежеси болсо терезеден көзүн албай тирмиет. Мындай суз абал эмес, жай күндө да алардан айбыгып турчу келин кайтарып суроо салбай үйгө жетүүгө ашыкты.
***
– Айланайын кулунуум аай, айланайын чырагым. Эмне минтип сыздаттың, балаң менен жаркыраган Шоолаңды кимге калтырдың? – үй алдындагы боз үйдү көрүп денеси титиреп келе жаткан Шоола машинеден түшүп эле кайненесинин үнүн жазбай тааныды. Эмне окуя болгонун билип турганы менен ишене албай, баласына да карабай боз үйгө жүгүрүп кирди.
– Ырысыбыз жок тура, кагылайыным. Атайдан айрылып калбадыкпы. Атайың жок калбадыңбы, у-у-ууу-у.
– Атай бузулган патронду оңдойм деп жатып токко урунуптур, — деди бир үн. Өзүнүн бир тууган жалгыз эжеси да ушул жерде экен.
***
Ошентип, Шоола жыйырмага чыга элегинде уулу жарыкка келген күнү жаңы гана көнүшүп, жаңы гана сүйүшүп калган Атайынан ажыраган. Жаш неменин келечек тууралуу ойлонууга чамасы келбеди, акылы жетпеди. Кыркына чейин баласы менен кошо ыйлап, кошо сооронуп атып кантип уулу бир айга толгонун билбей да калды. Атайдын кыркылыгы берилип, келген-кеткендин аягы сууп калганда ата-энеси келди. Шоола алар келгенде бул үйдөн кетет экенмин деп ойлогон. Бирок баары тескери болду.
– Чакыртыпсыз, куда.
– Чакырдык, алдыңда кулдугум бар, айланайын Сыргак. Бул кылганыбызды туура эмес десең, башым алдыңда турат, каалаганыңдай тилде, көтөрөм. Туура десең, куда бойдон калабыз. Уулумдан айрылып, кайра эле уул таптым. Биринчи жолу чоң ата болдум. Бирок эми ошол бактыбызды да жоготуп алабызбы деп кемпир экөөбүз түн уйкуну унуттук. Ырас, Шоолага айтууга эч кимибиз батына албай койдук. Акыры айтыла турган кепти ушул жерде баарыбыз олтурганда айталы деп атам.
Шооланын ата-энеси баш ийкеп гана олтурушту. Каргылданган үн кебин улады:
– Атайымдан айрылсак, Абайым бар. Шооланы калтырып кеткиле. Шоола биротоло биздин кыз болсун, — жанатан үнүн чыгарбай солкулдап ыйлаган кудагыйын соорото колун сылап олтурган Шооланын энеси чок баскандай боло түштү.
– Кайнагасына да кыйчу беле?
– Айланайын, башыбызга бул каран түн түшпөсө элде жок ишти кылат белек. Кагылайын кудагый, Шоола деле менин бир балам болуп калды. Ары колунда уулумдун уулу турат. Абай деле ага ата эмеспи. “Жок” дебегиле, – эненин сыздаган ыйын эч ким сооротподу.
Шоола мындай кеп болот деп эч ойлонгон эмес. Атайдан айрылганы ал келечек, эртең тууралуу ойлонгонду койгон. Бир ооз кеп чыгарбай ыйлап гана олтуруп берди. Бир тууганынан айрылган Абай келининин “балага жалаяк ала келиңиз”, “балага сүт ала келиңиз” деген ар бир кайрылуусунда ага тартылып, бактысыз калган жанды кантип бактылуу кылуунун жолун ойлонуп жүрүп бул ойду өзү ортого салганы ата-энесинен башкага сыр болуп калды. Куда-кудагыйлардын ал күнкү жолугушуусу Абайдын: “Шооланын бактысы менин колумда болсун. Убада берем”, — деген кеби менен аяктады.
***
Бул иш Атайдын жылдыгынан кийин ачыкка чыкты. Ансыз да жаш келиндин ар кадамын аңдый карап жүргөн элдин ичи уу-дуу кеп болду. Бири “туура кылышты. Жаш немени жесир дедиртпей” дешсе, бири “бул эмне деген бузукулук” деп бетин чойгон болушту. Андай айыңдар Шоолага да угулуп турду. Бирок ал кабагым-кашым деген жок. Эки балага эне болгонго чейин ал жашоосунда эч унутулгус бир жаман түш көргөндөй болот. Атайын дайыма жанымда деп кабыл алат. Болгону азыр анын аты Абай.