Туткун кыз 33 бөлүм (АЯГЫ).

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

АЯГЫ

ЭСТӨӨ

Жай мезгили болчу. Диана менен

Ибрагим Ысыккөлдөгү

пансионаттардын ичинде эс алып

жүрүшкөн. Кечке жуук көлдү

жээктей ак чардактардын ары-

бери учуп жүрүшкөнүн кызыга

караша, пирстин үстүнө чыгып

келишти.

— Эх ушундайда эң чоң суммадагы

акчаң болсо ээ, үйлөнүү тоюбузду

чет өлкөлүктөрдөй болуп

«свадебный путешествие» жасап

кыдырып кетет элек…

— Айтпа…

Экөө кыялданыша кызарып тоо

бооруна батып келаткан күндүн

нурун карап, бир топко отурушту.

Диананын эсине бир нерсе

түшкөндөй Ибрагимди жалт

карады.

— Ибрагим… сенин эсиңдеби, мени

кайсыл люктан алып чыкканың?

— Кайсыл, баягыл эң алгачкы сага

жолуккандагыбы? Албетте эсимде…

Диана анын сөзүн аягына

чыгарбай сыга кучактап өпкүлөп

жиберди.

— Кудай буюрса экөөбүз миллионер

болобуз, чет өлкөлүктөрчө

«свадебный путешествие»

жасайбыз, ура-аа-а!

Ибрагим аны жоругуна түшүнбөй

таңгала карап калды.

— Сага эмне болду Диана,

ушунчалык кубангандай?

— Эч нерсе, — ал эки колун өйдө

көтөрө асманды карай жыргап

каткырып күлүп атты. Ибрагим

унчукпастан аны карап тура берди.

Бир кезде Диана күлкүсүн дароо

токтото асманды карай өзүнчө

сүйлөнүп кирди.

— Оо жараткан күчтүү Кудайым,

ушунча кыйынчылыктарды,

кордуктарды баштан өткөрүп,

бирок өлтүрбөй, аман-эсен сактап

келдиң ушунуңа рахмат. Эми дагы

бир жолу жардамыңды аябай, көз

кырыңды сала көр мага. Мына

канчалаган сыноолордон,

кыйноолордон өткөрдүң, эл

көрбөгөн азап-тозокторду

тарттырдың. Тиги дүйнөгө канча

жолу барып кайра келдим. Жер

алдында, ордо кандай гана

азаптарды тартпадым. Эмнелерди

гана көрбөдүм. Канча жолу ажал

так эле маңдайыма келип, мени

аяп кайра кетпеди. Эми акыркы

жардамыңды бере көр Кудайым.

Ошончо азап-тозоктордун, көз

жаштарымдын, камчынын уусун,

чыбыктан акка кандардын эми

убайын, үзүрүн көрсөтө көр. Оо

Кудайым…

Ал өзүнчө сүйлөнүп жатты, анын

бул жоругуна түшүнбөй Ибрагим да

андан көзүн албай талып карап

тура берди. Анын бет маңдайында

Диана эмес эле Мэхра сүйлөп

жаткандай туюлду. Анткени Мэхра

өзүнчө сүйлөнүп, кубанып,

кыялдана, өз кыялына өзү

маашырлана, жыргай бермей

адаты бар болчу. Анда да Ибрагим

эч сөз сүйлөбөстөн анын ушундай

кыял-жоругуна кызыгып, карап

тура берчү. Бир кезде Диана эсине

келе анын жанына басып келди.

— Менин жоругума таңгалып жатсаң

керек ие? Таңгалбай эле гой, бул

таңгала турган жорук эмес. Андан

көрө айтчы Ибрагим, аябай бай

болуп жашагың келеби, тим эле

акчаларды ойдогудай каалаган

жагыңа чачып?

— Дика (аны ал ушинтип эркелетип

сүйлөчү) ойго келбеген нерселерди

сурабачы?…

— Чыныңды айтчы болгуң келеби?

— Эмне түш көрдүңбү?

— Айтчы болгуң келеби?

— Эми кандай десем… «Генерал

болууну каалабаган солдат солдат

эмес» дегендей, ким эле оокаттуу

бай болуп жашаганды каалабасын.

— Анда бай болуп, оокаттуу болуп

жашайсың…

— Кантип?

— Ошентип эле, андан көрө мени

кайсыл люктан алып, сууруп

чыкканыңды тапатак айтып бере

аласыңбы?

— Албетте…

— Жаңылбайсыңбы?

— Мен ал складда канча иштедим.

Ал люктун үстүнөн далай жолу

өтпөдүмбү, көзүмдү жумуп

көрсөтүп бере алам.

— Эң жакшы, мен сага бир нерсе

айтайынбы, кубанычтуу нерсе…?

— Айта бер…

— Айта турган болсом, ошол люктун

ичиндеги жер алдындагы темир

түтүктөр өтчү жерде эң көп

суммадагы акча бар…

— Койчу тамашалабай, кайдагы

акчалар?

— Өтө эле узак, долгая история,

айтып отурса. Ал акчалар бизге

өмүр бою, атүгүл небере-

чөбөрөлөрүбүзгө чейин жетет.

— Түшүнсөм буюрбасын, анча

акчаларды кайдан алып жүрөсүң

же…

 

— Мени алар бекерден бекер

куугунтукташка жок да…

— Кимдер?

— Кимдер болушмак эле, алиги орго

салып, камап таштагандар.

— Түшүнүктүү…

— Жок сен али эч нерсени түшүнө

элексиң. Мен четин чыгарып гана

айтып жатпаймынбы. Алар эмне

себептен менин артымдан куушуп,

аңдып калышкан айтып берейинби

баштан аяк…, анда эмесе угуп тур…

Ал кандай Ташкенге келгенин,

тигилердин туткунунан качып

чыкканын, ак чет элдик машиненин

артына жашынып калып,

бейтааныш короого, андан соң

гаражга кирип кеткенин, ал жакта

камалып калганын. Түн ортосунда

сыртка кантип чыгам деп адашып

жүрүп отуруп, жашыруун акча

чыгарып жаткандарга туш

болгонун. Тутам акчаларды

баштыкка толтура салып, артына

асынып алып, жер алдындагы

темир түтүктүн үстү менен

чыкканча жөргөлөп качып жүрүп

отурганын, акыры адашып кетип

жер үстүнө, сыртка чыга албай

калып акчаларды бир жерге

катканын, анан аябай

чарчагандыктан, ачкалыктан

дарманы калбай эси ооп калганын,

кыскасы эч нерсени коротпой

бардыгын төкпөй-чачпай айтып

берди.

— Эми ишендиңби?

— Бирок баары бир ишене албай

турам…

— Кантип ишенбей турасың

Ибрагим, жашыруун акча чыгарган

цехти иштетишкен Альберт, Роберт

дегендердин бандасы бүт

кармалышты беле, эми ишендиңби.

Ал бандаларды дагы мени издеп

жүрүп кокусунан кармап

албадыңарбы. Мен болбосом

балким алар алегиче карматпай

сайрандап жүрө беришмек да.

— Жок, баары бир…

— Болуптур, ага ишенбей эле кой, ал

эми мени люктан сууруп

чыкканыңарда эки пачка акчаны

кайдан алдың, менин

коюнумданбы?

— Албетте, бирок…

— Бул жерде бирок, сироктун кереги

жок, Ибрагим. Ошол эки пачка дал

эле ошол сумкадан алган акчалар

болчу. Сумканы тоесть баштыкты

кумга көмүп жатканда, кокусунан

тирүү калып калсам, кереги тийип

калбасын деп атайын бөлүп алып

койгом. Эми буга эмне дейсиң?

Ибрагим ага эч жооп таба албай

унчукпай туруп калды.

— Андан көрө ал жердеги люкту

тапатак эстеп айтып берсең, Кудай

буюрса көп акчалуу болобуз.

Ибрагимде акырындап ага ишенүү

сезими пайда боло баштады.

— Ушуну тамашалабай чын айтып

жатасыңбы ыя?

— Бул тамашалай турган нерсе

эмес, мен сага өз киши катары

болгон сырымды айтып жатам.

Муну мен керек болсо өз эне-

атама да айткан эмесмин.

Кыйынчылык, азап-тозоктор, эстөө

сезимиди да начарлатып жиберсе

керек, ал акчалар таптакыр эле

эсимден чыгып кетиптир. Сен акча

тууралуу кеп кылганда гана эсиме

келип атпайбы.

— Демек чын экен да…

— Албетте чын…

Күтүлбөгөн жерден Ибрагим

Диананы катуу кучактап калды.

Көл жээгиндеги пирстин үстүндө

эки адам бир ордуларында былк

этишпей көпкө кучакташып

турушту. Күн эбакта уясына батып,

айлана акырындап караңгылап

келаткан болчу.

ЭСКИ ИЗ МЕНЕН

Бишкектен чыккан кызыл чет

элдик «Хонда» машинеси чоң

шоссе жолго түшүп алып, чыгышты

карай катуу ылдамдыкта шуулдап

кетип баратты. Ошол ылдамдыгы

менен жолдон эч жерге токтогон

жок. Адаттан тышкары катуу айдап

бараткандыктан эки жерден МАИ

кызматкерлери токтотуп, эскертүү

беришип, айып төлөттүрдү. Анын

ичинде Диана мене Ибрагим бар

болчу. Алар эч жерге токтобостон,

эч жерге кайрылбастан кечке жуук

гана Ташкент шаарына кирип

барышты. Калаага кирээри менен

эле эмнегедир мурунку

кыйынчылыктары, көргөн азап-

тозоктору эсине түшүп кеткенби

Диананын жүрөгү бир мыжылып

алды. Бул жакка ал киргиси да

келбей турду, эгер акчалар

болбогондо бул жакка келейин

деген ниети да жок болчу. Экөө

түз эле Ибрагим жашаган батирге

барышты. Ташкенде айына эки

миң өзбек сумун төлөп ушул

батирде үч жылдан бери жашап

турчу. Ал күнү душка түшүшүп, эс

алып жатышканы менен таң

атканча кирпик көзүн кагышкан

жок, аркы-беркилерди сүйлөшүп

жатышып, таңга жуук гана уктап

кетишиптир. Бир кезде Ибрагим

чоочуп ойгоно саатты караса

ондон өтүп калыптыр, күн эбакта

эле төбөгө көтөрүлүптүр. Диана

болсо жанындагы диванга эч

нерсени сезбей катуу уктап жаткан

болчу. Аны ойготкусу келген жок,

көпкө тиктеп турду да Мэхра эстей

катуу, оор үшкүрүнүп алды. Мейли

уктай берсин деп балконго чыгып,

бир аз тамеки тартып кайра келсе

Диана эбакта эле ойгонуп, газга

чай коюп жүрүптүр.

— Кудай буюруп жолубуз болсо

экен…

— Айтпа…

— Демейде андай-мындайга анча

маани бербеген Ибрагим атасы

менен апасына багыштап шашпай

кырааты менен куран окуду. Эртең

мененки тамакты ичип бүтүшкөн

соң бата берише Диана жаткан

люкту көздөй машинеге түшүп

алып жөнөп кетишти.

— Тээтигил чоң ак складды

көрдүңбү, люк ошонун ичинде, —

Ибрагим Дианага алыстан эле

складды көрсөтүп келатты. Чорт

возми, анын эшигинин алдында

жаш балдардын ойноп

жатышкандарын карачы, — Ибрагим

өзүнчө кейип койду, — сени ал

жактан алып чыгып баратканда да

ушул балдар так эле ушул жерде

ойноп жатышкан болчу. Бардыгы

тең жарданып карап турушкан.

Экөөбүздүн тең өңдөрүбүз буларга

таанымал болуш керек. Аларга

жакын барганда болбойт. Ушул

жерден күтө туралы.

Машине алиги складка элүү кадам

жетпей токтоп, балдардын

кыймылын карап турушту.

Алардын кетишин күтүп отурушуп

бир сыйрадан уктап да алышты.

Оюнга чарчашкан балдар тарап

кетишкени менен анын алдынан

элдер өтүп жатышты.

— Бул жерге баары бир күндүз

киргенге болбойт экен, кулпуну

сындырып жатсак көргөндөр

дароо эле милицияга кабарлап

коюшу мүмкүн, андан көрө бул

жакка элдин баары кызуу уйкуда

жатканда түн ортосунда келели. Эч

кимден коркпой эркин иштейбиз.

Анын үстүнө кол фонарик да керек

экен экөөбүзгө. Люктун алды

капкараңгы да, туурабы?

Машине ордунан козголо кайрадан

көчөгө чыгып кетти. Экөө үйгө

кайтып барышып түн ортосун

күтүшө дагы бир сыйрадан уктап,

эс алып алышты. Экинчи жолу ал

жакка барышканда камдуу

барышты. Атайын жеңил кийинише

лом, мык сууругуч, темир араа,

экиден кол фонарь айтор өздөрүнө

керектүү нерселердин бардыгын

унутушкан жок. Ташкент шаарынын

көчөлөрүндөгү электр жарыгы эле

күйүп турганы болбосо кыймыл

дээрлик жокко эсе. Кез-кез гана

чочугансып ары-бери өткөн

машинелердин үндөрү угулуп

турду. Машине күндүзү келген

эски ордуна келип токтоду. Экөө

бир азга отурушту.

— Кана баштадыкбы?

— Баштадык, биссимилда, Кудайым

колдосун!

Эки жактарын аяр акмалашкан

экөө складды жанына акырын

жылып барышты. Эшиги чоң темир

кулпу менен кулпулануу болчу.

Ибрагим ломду салды дагы

акырын күч менен добшасын

омкоруп таштады. «Тарс» деген

үндү бирөөлөр угуп калган жокбу

дегендей айланасына бир сыйра

көз жүгүртүп койду. Складдын

ичине киришип эшигин акырын

жаап алышты да, кол

фонариктерин күйгүзүштү. Люкту

кыйналбай эле табышты.

— Мына ушул люктан сени алып

чыккам. Азыр оозун ачам, —

Ибрагим ломду салып люктун

капкагын жеңил гана ачып койду.

Капкакты ары жакка коюп, ичине

биринчи өзү түштү, артынан Диана

кошо түшүп келди. Келемиштер

«чыйк-чуйк» этише ары-бери

чуркап өтүп кетип жатышты.

— Бобул түтүктү үстүндө жаткан

болчусуң сен.

— Помню. Эгер силер болбогондо

бобул келемиштерге эбакта

таланып жем болуп, сөөгүм сөпөт

болмок экен да…

— Кана эми Дика, жакшылап эсте,

кайсыл жерге каттың эле?

— Азыр, азыр… ориентир алайынчы

жерге кулап жатканда алдым кум

болчу. Ошол кумдарды колум

менен шилеп көмүп үстүн таптап

таштагам. Азыр эстейин…

Анын божомолдоп келаткан жери

туура эмес болуп чыкты, ал жер

кум эмес эле топурак экен. Диана

таңгала туруп калды.

— Ушул жер эле болуш керек эле да,

кандайча?

Дагы жакшылап эстөөгө аракет

кыла көзүн жума ойлонуп көрдү.

Көзү ача, кол фонаригин жандыра

төмөн жакты карады. «Мындай

болушу мүмкүн эмес, эмне мен

жаңылып жатамбы?» Туш-туш

жакка чачыраган чоң темир

түтүктөрү бар жер алды бири-

бирине аябай окшош болчу. Диана

дегеле кумдуу жер таппай койду,

экөө эки жакка бөлүнүшө кумдуу

жерди издеп жүрүп отурушуп,

арадан бир саат өткөндөн кийин

кайрадан кезигишти.

— Эмне болду?

— Жок эч жерден таппай койдум…

— Жакшылап эстечи?

— Эстейин деп эле атам, бирок

өлүм менен өмүрдүн ортосунда

жашоо менен күрөшүп жатып,

эстеп калганга да мүмкүнчүлүк

болбой калды.

— Минтип отурсак таң аткача

издейбиз. Көчө кыймылы

башталып кетсе элдин баары

ойгонушса биздин бул жакта

экенибизди билип калышы мүмкүн.

Кана «урушта туруш жок», «аракет

кылса берекет» баштайлы

кайрадан. Экөө эки саатка жакын

убара болуп издешти. Акырында эч

нерсе таппаган Ибрагим жерге

отура кетти.

— Точно каттың беле же…?

— Мени калп айтып атат деп

атасыңбы ушунча убара болуп тээ

алыс жактан келбейт элем да…

Кызык, кандайча эстей албай

жатам»

, — ал дагы кичине эс алганы

Ибрагимдин жанына отура кетти.

Анан жер таяна калып, колун ары-

бери сыйпалап жиберди.

— Ушул жер болуп жүрбөсүн ыя,

алды кум экен? Айлаасына көз

жүгүртө бир нерсени эстегендей

болду. — Эми эстедим… точно ушул

жер, бобул жерге жөлөнүп

отурбадым беле, тээтигил жерден

таш алдыма өтүп кеткенинен

тигиндейрээк алып жылдырып

койгом. Ташты эми эстедим. Бобул

жерде болуш керек, — Диана

жердеги кумдарды шилеп жатып

көп өтпөй эле кум алдынан

баштыкты сууруп чыкты.

— Мына, айтпадым беле.

Анан жанталаша ичин ачып

жиберип, толтура таңгакталган

акчаны Ибрагимге көрсөттү.

ЭПИЛОГ ОРДУНА

Кыргызстан менен Өзбекстанда

«Ибрагдиан» деген эң чоң фирма

иштейт. Бишкекте эле ушул наамда

бир нече кафе, дүкөн, казинолор

бар. Ысыккөлдө да «Ибрагдиан»

деген чоң пансионат ачылган.

Ташкендин борборунда да дал эле

ушундай жазуулар менен кафелер,

дүкөндөр, ресторандар бар, атүгүл

так эле ушул наам менен жазылган

чоң мейманкана курулган. Жакында

эле Самарканд жакта эң чоң соода

бирикмеси курулуп бүттү. Бул эмне

болгон фирма, көпчүлүгү анча деле

маани беришпейт. «Ибрагдиан»

деген жазуу Ибрагим жана Диана

деген маанини билдирет. Экөө

азыр Кыргызстан менен

Өзбекстандагы эң бай адамдардын

бири. Өздөрү кыялданышкандай

үйлөнүү тоюнда «үйлөнүү

саякатын» жасашып, чет өлкөлөрдү

кыдырып келишти.

Күтүлбөгөн туткунга кабылып,

өмүрү көрбөгөн кордуктарды,

азап-тозокторду башынан

өткөргөн кыз акыры анын эки эсе

үзүрүн көрдү. Ылайым эле

бактылуу болсун, мен дагы бакыт-

таалай, келечегине даңгыраган

кенен жол каалайм.

(Соңу)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️