Туткун кыз 27 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

27-БОЛУМ

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН КЫЗ

 

Эртеден бери короо ичиндеги кыздарды барымтага алган он чактыдай куралчан адамдарды аңдып жатышкан солдаттар менен опертоптун кызматкерлери үйдүн ичиндегилер өздөрүнчө «тарса- турс» болуп атышып, кыздардын чуру-чуу түшүп үндөрү чыгып анан дымып калышканы таңгалдырып жатты. Тээ бир аздан кийин

колдоруна ак желек көтөрүшкөн эки адам чыгышты. Короо сыртындагылар эмне болуп кеткенин дале түшүнүшбөй жатышты. Бир кезде Ибрагимди тааный койгон полковник дароо иштин жайында экенин түшүндү

да, солдаттар менен милиция кызматкерлерине коркпой эле кире бергиле дегендей белги берди. Короонун дубалынын сыртында эртеден бери аңдып турушкандар жабалакташа үч кабаттуу үйдүн ичине жүгүрүп кире башташты. Дароо эле үйдүн кабатындагы ар бир бөлмөлөрүн тентип киришти.

— Мен сага эскертип айттым эле го азыр эртелик кылат деп, эгер сен шашпаганда мынчалык кан төгүү болмок эмес. Баарын тихо мирно бүтүрүп, буларды өзүбүздүн алдын ала түзгөн пландын негизинде амалкөйлүк менен куралсыздандырмак болгонбуз, -полковник Ибрагимдин жанына келип учурашты. — Карачы заматтын ортосунда канча кыз каза болуп кетти. Силердин адамдарыңардан да каза болгондур?.. Ошондо гана Ибрагим бирөөнү эстегендей артына шарт бурулду да, кайра үйдү көздөй чуркап жөнөдү. Солдаттар ар кайсы жерде өлүп, кансырап жаткан кыздарды чыгарып, колдору байланып бир бурчта үймөлөктөшүп турушкан

кылмышкерлер тобун бир-бирден кылып жан жерлерин текшеришип, сыртка алып чыгып кетишүүдө. Заматта өрт өчүргүчтөр тобу «тез жардам» машинеси, телевидение менен пресса кызматкерлери короонун сыртына толуп кетишиптир. Үй ичине алардын бирин да кийирбей жатты.

— Диана!… Диана кайдасың?! — болгон күчү менен кыйкырган Ибрагим Диананы издеп ар бир бөлмөлөрдү кыдырып жүрдү. Өзүнүн сүйгөн кызы эч жерде жок экен. Анын күтүүсүз жерден жок болуп кеткенине ишенбей тепкич менен эң үстүңкү чатырга да көтөрүлүп чыкты. Ал жакта да эч ким жок болчу. Кайра төмөн карай  чуркап түшкөн Ибрагим куралчан топту жетектеп жүргөн алиги такыр баш мурутчан кишиге жетип барды.

— Диананы каякка жашырдыңар,  айткыла чыныңарды?! Такыр баш киши анын сөзүн укмаксан болуп унчукпай тура бергендиктен ачуусу келе анын жакасынан муунта кармап, өзүн кармана албай бетке эки-үч жолу чаап-чаап жиберди. Эки милиционер келип аны ары көздөй алып кетип, темир торлуу машинеге отургузуп коюшту.

Колдору байлануу бирини артынан бири ээрчишип бараткан адамдардын алдын тороду.

— Айткылачы, Диананы эмне кылдыңар, аны каякка жашырдыңар?

Бардыгы тең эч нерсе айтпай, жооп беришпей унчукпай өтүп кетип жатышты.

— Аны экинчи кабаттагы үчүнчү бөлмөгө алып барып таштаганбыз, ал ошол жакта болуш керек, барып кара, — өтүп бара жатышкан туткундардын бирөөсү «күңк» этип өттү. Кайра экинчи кабатка көтөрүлүп чыккан Ибрагим жанталаша ар бир бөлмөнү дагы бир сыйра текшерип чыкты. Эме тигил жөн эле жалган айтып

койдубу же Диана атышып жаткан учурдан пайдаланып качып кеттиби терезеден түшүп? Бирок качып кете албайт болчу, короонун сыртын милиция менен солдаттар чычкан өткүз кылып курчап алышкан да, бул жактан качып чыкканы менен тигилерге кармалып калмак. Аны өлтүрүп салышканда деле өлүгү табылат эле го… Кой өлтүргөндү Кудай анын бетин ары кылсын…»

— Эмне болду Диананы таптыңбы?- күтүлбөгөн үнгө «селт» эте артына бурулду. Тепкичтин төмөнкү жагында, аны суроолуу карап Абдувахаб туруптур.

— Жок, эч жерден издеп таппай койдум. Тим эле жер жутуп кеткендей дайынсыз жок…

— Анда эмне болду, ал каякка кетиши мүмкүн?

— Түшүнсөм буюрбасын, аны бобул өз колум менен көтөрүп түшпөдүм беле төмөн карай, же түшүмбү? Аны сен деле көрбөдүң беле туурабы, же мен жалган айтып жатамбы?

— Ооба, мен да аны көргөм, жөндөн-жөн эле жок болуп кетиши мүмкүн эмес. Баса, балким тигил кыздар билип жүрүшпөсүн, ошолордон сурайлычы?

— Чын эле бир билсе ошолор билишет, жүрү сурап көрөлүчү, — экөө төмөн түшүп барышып короодо үймөктөшүп турушкан он жети менен жыйырманын ортосундагы жаш кыздарга барышты.

— Кудай үчүн айтып койгулачы байболгулар, Диананын каякта экенин ким билет, ким көрдү? Бардыгы алда немеден чочулаша, тике карагандан коркушуп жалтайлай көздөрүн ала качышып унчукпай турушту.

— Силер аны каякта экенин жакшы билесиңер да, тигилер Диананы каякка алып кетишти эле, акыркы жолу ким көрдү эле?

— Акыркы жолу өлө сабап туруп өйдө жакка сүйрөп кетишкенин көргөнбүз, — топ кыздардын арасынан улуту корей кыз унчукту.

— Анан… анан эмне болду эле, аны каяк жакка сүйрөп кетишти эле?

— Силер эмнеси болосуңар анын?

— Эң жакын адамымын.

— Бир тууганы болосуңарбы?

— Жок.

— Андай болсо аны өлтүрүп туруп өлүгүн тигил бурчта турган кислотага салып жиберишти. Бизде качкан кыздарды ушинтип жазалашат.

— Аны өлтүргөнүн ким көрдү араңардан?

— Бизде жазага кабылгандарды эч кимге көрсөтүшпөйт. Билгизбей өлтүрүп туруп өлүгүн кислотага ээритип жиберишет. Эгер качсаң силерди да ушинтип өлтүрөбүз деп коркутушчу.

— Алиги кислота куюлган темир челегиңер каякта?

— Үйгө кирип төркү залына өтсөңөр бурчта бир нерсе менен жабылуу турат.

Ибрагим менен Абдувахаб үйгө жүгүрүп киришти дагы кыз айткан төркү зал жагына өтүп, бурчта турган темир кара жащикчеге барды. Ичин ачып карашса, чын эле ичинде жашыл-көк сымал суюктук бар экен. Сөөмөйүн салып бараткан Ибрагим бир нерсени эстегендей чочуп кетти дагы колун дароо тартып алды. Бурчта турган  акыр-чикир салгыч желим чаканы алып келе коюп, суюктуктун ичине салып жиберди эле чака заматтын  ортосунда ээрип кетти. «Жок-жок мындай болушу мүмкүн эмес, оо Кудайым бул эмне кылганың, Мэхрадан айрылганым аз келгенсип эми мындан да айрылдымбы? Эмне үчүн тескери көзүң мене карап атасың мага,

менде эмне күнөө. Мэхрадан аз келгесип Диананы жайына эле койбойсуңарбы. Бул эмне деген шылдыңың, эмне деген кордугуң, оо Кудайым!» Ибрагимдин көзүнөн жашы тегеренип кетти. Башын ылдый кыла көзүн жумуп жерге бөктүшүп отуруп калды. Анын ички сырын түшүнгөндөй Абдувахаб жанына жай басып келди дагы ийнине колун койду.

— Көп кейий бербе дос, балким ал тирүүдүр, анын өлгөнүн көргөн эч ким жок турбайбы…

— Мен даана эле сезип, билип турам, аны жөн гана өлтүрүп коюшту. Мэхрадан ажыраганымда кандай катуу сокку жесем азыр андан эки эсе сокку жеп турам. Тигил адам кейпинен кетишкен эки аяктуу жырткычтарды аяп болбойт, бардыгына тең атуу жазасын бериш керек, карачы канчалаган гана Диаадай болгон жаш

кыздардын убалына калышып, шорлотуп жатышат. Канчаларынын жаш өмүрүн кыйып жиберишти. Бул  айбандарга убал да, сооп да жок. Ибрагим алиги колдору байланып темир торлуу машинеге отуруп  жатышкандарды жек көрүү менен карап, өзүнчө ызырынып жатты. Бул мезгилде өлгөн адамдардын  бардыгынын өлүктөрүн машинеге жүктөп моргду көздөй алып кетип жатышкан. Көп өтпөй эле короо ичи кайрадан жымжырт боло түштү. Алиги милициянын полковниги Ибрагимге басып келди.

— Болгону бул операциянын башталышы гана, бул криминалдуу топтордун бардыгын кармап, бирин да калтырбай жазалайбыз. Мунун негизги бөлүгү Кыргызстанда экени такталган, андан сырткары Алмата, Ташкент, Душанбе дагы Россиянын көптөгөн жерлеринде бар экен. Эч нерсесин калтырбай тазалаш керек, дагы бирин койбой жазалаш керек. Тез аранын ичинде башка өлкөлөр менен байланышып бул бандалар тобун өз убагында кылтактабасак качып кетүүлөрү мүмкүн. Баса айтмакчы издеген кызың бар бекенби булардын арасында?

Ибрагим эч нерсе жооп бербестен ары көздөй басып кетти.

— Аны өлтүрүп, өлүгүн бобул кислотага салып жиберишиптир, — Ибрагимдин ордуна Абдувахаб жооп берди.

 

 

 

АЯГЫ ТҮГӨНБӨГӨН КОРКУНУЧ

 

 

 

Ал үйдүн ээси Сабитахун деген жашы элүүдөн өтүп калган киши, энеси болсо Манзура деген аял, андан сырткары беш бир тууган экен. Мэхра алардын үчүнчү кызы болчу. Бардыгы тең Дианага өз кызындай, өз бир туугандарындай мамиле жасап жатышты. Тигил жактан катуу сабап салышкандыктан дене-баштары көгөрүп, ыйлаактап жарага айланып кеткен эле. Ал үчүн атайын күчтүү-күчтүү дарыларды денесине майлоочу майларды жабышты.

-Мынчалык сени ким токмоктоп, кордогон кызым, айтчы, алар кимдер тим эле алдына өлүп берейин, — Сабитахун кимгедир ачууланып жинденип жатты. — Кыз кишиге да ушундай кордук көрсөтөбү, мындайларды сотко бериш керек, бул деген таш боордук, айбанчылык. Алардын деле сендей болгон кыздары,  карындаштары бар чыгар, катип ушунчалыкка чейин барышты, акмактар десе. Карачы сөөгүң эле  калыптыр. Улам убакыт өткөн сайын Диана оңолуп калыбына келе баштады. Бир күнү оозгу бөлмөдө отурушса Гүлбахрам деген мектепте окуган кызы Диананы залдагы бөлмөсүнө чакырып калды.

— Диана эже, биякка келсеңиз, телевизордо кыргыз кыздарды көргөзүп жатат. Бул жакка туткун болуп эриксиз келишиптир, карасаңыз, балким араларында сиз тааныгандар болуп жүрбөсүн?

— Залга кеткен Диана телевизордо сүйлөп жаткан кызды дароо эле тааныды. Өзү менен Бишкектен чогуу келген, саунадан Диананы качырганга жардам берген Замира деген кыз болчу. Ал Кыргызстандан бул жакка эрксиз кандай болуп сатылып келгенин баштан аяк саймедиреп айтып бери отурду.  Милициялардын  курчоосунда калганда жети-сегиздей кызды өлтүрүп жиберишкенин, дагы эки-үчөөсүн кислотага салып ээритип жок кылышканын кыздарга кулдардан да жаман айбанча мамиле жасашканын бардыгын жашырбай  айтып берди. Аны көрүп отурган Диана бир кезде чыдай албай кетип өзүн кармана албай ыйлап жиберди. Эмне себептен ыйлаганын бери жактагылар түшүнүшкөн жок. Жердештерине боор тартып ыйлап жатат деп

ойлошту.

— Жүрү кызым, муну көрбөй эле койчу. Жүрөгой, — энеси Гүлбахрага ачуулана кетти, — эмне чакырдың эле, көрө бербейсиңби өзүң эле, араң жүргөн кыздын зээнин кейитпей…

— Жөн эле чакырып койгом, жердештерин телевизордон көргөзүп атканынан, — өзүн күнөөлүү сезип Дианага кайрылды.

— Мени кечирип кой эжеке сизди капалантайын деп ойлогон эмесмин…

— Жок эч нерсе эмес, жөн эле эли- жеримди сагынып ыйлагым келип кетти, — Диана көзүнүн жашын аарчып кайрадан телевизорго үңүлдү.

— Телевизорду аягына чейин көрөйүнчү…

— Мейли кызым дегинкиси капа болуп ыйлабасаң эле болду, -Гүлбахранын апасы акырын сыртка чыгып кетти. Телевизордо алиги милициянын полковниги сүйлөп жаткан болчу. Ал Орто Азия өлкөлөрүнө акырындап тарап

бараткан аялдардын жашыруун менчик түрмөсү тууралуу, алардын негизги уюгу Кыргызстанда экенин, Ташкендеги менчик түрмөдө кызмат кылгандардын бардыгы бири да калбай кармалышып, сот жообуна

тартылып жатышкандыктары жөнүндө, бул кылмыштуу топту жетектеген Марат Исабеков деген Бишкектик киши экенин, ал мурун өзү «КГБда» иштеп кийин отставкага чыкканда ушундай менчик түрмө ачканы тууралуу,

азыр Кыргызстандагы криминалдуу топтордун бардыгы кармалып, Марат Исабековдун чет өлкөгө качып кетип карматпай качып жүргөнүн эч нерсесин калтырбай бардыгын баамдап айтып берди.

— «Демек Кыргызстандагы да менчик түрмөнүн ойрону чыккан экен го. Сооп, ырас гана болот, ушуну көрүшмөк. Исабековдун өзүнүн карматпай кеткени карачы. Ошол колума тийип алдымда эки колу байланып менден чөгөлөп кечирим сурап турса кандай гана өч алат элем азыр. Мени кыз белгиден ажыратып, келечегиме балта чапкан да ошол да, акмак десе, мен сыяктуу канчалаган жаш кыздардын убалына калды. Канчаларын жазыксыз эле «оо дүйнөгө»» жөнөтүштү. Алардын убалдары деле уктатпайт го аны, жер жуткурду. Ылайым эле  бейажал өлгөн жазыксыз кыздардын убалы уктатпасын, тиги дүйнөгө барганда тозоктун отуна кайнасын» , — Диана колдон келишинче Марат Исабековду каргап-шилеп жатты. «Өх, кичине жеңилдей түшкөнсүдүм окшойт. Эми өз жериме Кыргызстанга коркпой-үркпөй эле кете алат экенмин да. Ушул жапжакы эле турган Кыргызстаныма жете албай канчалаган гана азаптарды чекпедим, сыягы баары артта калды окшойт». Диана Сабитахундун үйүндө бир айдай жаткан соң кадимкидей айыгып, мурунку калыбына келип оңолуп калды.

 

Бир күнү үйүнө кетүү тууралуу тигилерге өз сунушун айтты. Алар Дианадан мындайды күтүшпөсө керек, биринчи кезекте эле энеси Манзура ыйлап жиберди.

— Мэхрамдан айрылып кан кусуп төшөктөн турбай калдым эле, сени көргөндө кадимкидей өз кызымды көргөндөй болуп, оорумдан айыгып, жеңилдей түшкөм. Эгер сен бизди таштап кетсең анан кайрадан жоготобузбу Мэхрабызды.

— Мен ушул боюнча эле таптакыр кетип калбайм апа, — Диана Манзура апаны жоошута аракет кылды, — силерге байма-бай каттап, катышып турам. Өзүңөрдүн эле кызыңар болуп калбадымбы, силерди өзүмдүн эне-атам менен да тааныштырам. Дүйнөдө бири-бирине окшош үй-бүлөлөр деле болот окшойт, мына мен Мэхрага куюп койгондой окшош болуп атсам, тигил Гүлбахрам менин сиңдиме куюп койгондой окшош экен. Кудай буюрса аманчылык болсо аны да алып келип силер менен тааныштырам го… Гүлбахрамдын энеси менен атасы ары карап ыйлашып, бери карап күлүшүп акыры Диананы өз жергесине кетүүгө уруксат беришти. Бардыгы кайрадан оор жоготууга учурап, ыйлап жатып араң узатышты. Аларга өзүнүн Кыргызстандагы дарегин толугу менен жазып бери, калтырып койду. «Убактыларыңар болсо өзүңөр да келгиле конокко», -деп Кыргызстандагы үйүнө мейманга чакырды. Аны Ташкентке чейин Мэхранын Албина деген эжеси узатып барып келмей болду. «Ат баспайм деген жерин он басат» болуп баары бир желкемдин чуңкуру көрбөсүн деп аткан Ташкентке Диана кайрадан бармай болду. Анткени Кыргызстанга поезд, автобустар Ташкент аркылуу гана кетмек. Телевизордон кримтоптун кармалганын көрүп, Диана мурункудай коркпой баары артта калды дегендей өзүн эркин сезип кетип баратты. Ташкенге жетишкенде ашканага кирип тамактанышып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. Экөө автовокзалга келип Бишкекке автобуска билет алып жатканда Диана өзүнөн көзүн албай теше тиктеп турган кишини көрүп жүрөгү «болк» дей түштү. Бул баягы зынданда жатканда алдап бошонуп чыккан топтомолок эргежээлдей болгон киши болчу. Аны көрмөксөн боло тетири карады, Мэхранын эжеси болсо эч нерсе менен иши жок өзүнчө сүйлөнө жыргап каткырып күлүп жатыптыр. Диананын жүрөгү дүкүлдөп согуп чыкты. «Оюн али бүтө элек экен да, «аңгектен качсаң дөңгөккө» деген ушул. Эми ушулардан эптеп эле кутулуп кетсем бул жакка экинчи келбейт элем». Акырын көзүнүн кыйыгы менен караса алиги киши башын ийкеп өзүн жакты көрсөтө дагы эки киши менен сүйлөшүп туруптур. «Бүттү ишим, кете албай калдым» -Диананын заманасы куурула түштү. Ошол жерден өмүрүндө болуп көрбөгөндөй күтүлбөгөн окуя болуп кетти.

— Диана!… Диана!

Бул үнгө Диана да, Албина да «селт» эте түшүштү. Кандайдыр бейтааныш жигит келип эле Диананы кучактап, басып калды. Эртеден бери коркуп, чочулап тургандыктан мындай күтүүсүздүккө ого бетер чочулап секирип кетти. Дене бою жыйрыла «дирт» эткен Диана аны болгон күчү менен түртүп оолак кача берди. Ойдо жок жерден олдоксон иш жасап жибергеине Ибрагим да кеч түшүнүп калды.

— Диана бул мен Ибрагиммин. Ооруканада жаткандагы эсиңдеби, гүл көтөрүп… Эртеден бери коркуп айланасына сактык менен карап жаткан Диананын ого бетер жүрөгү түшүп, болгон күчү менен качып бараткан болчу.

— Саламатсызбы Ибрагим, мени таанып жатасызбы, мен Мэхранын эжеси болот эмесминби. Диананын артынан чуркамакчы болуп бараткан Ибрагим бир саамга аярлай түштү да, шашыла учурашып кирди.

— Ооба таанып жатам, сиз Албина эжесизби. Кандайсыз ден соолугуңуз кандай. Баса, айтмакчы тигил ким, Дианабы?

— Сиз аны кайдан тааныйсыз? Ошо маалда «жардамга! » деп кыйкырган Диананын үнү экөөнүн сүйлөшүүлөрүн дароо үздү. Ал болгон күчү менен чуркап экөөнөн, бир топ эле алыстап кеткен болчу. Ары жактан эртеден бери аңдып турушкан эки-үч жигит күтүлбөгөн жерден атып чыга калышып, Диананын колун толгоп машинеге салып жатышкан эле. Экөө эстерине келишсе, аларга жетип баргыча ак мерседес машинеси дароо ордунан аткан октой козголо, чоң асфальт жолго түшүп алып заматта көздөн кайым болуп кетти. Өчөшкөндөй Ибрагимдин машинеси да жок болчу жакын арада. Өзүнөн жүз кадамдай тээ алыска токтотуп жөө бери карай басып келаткан болчу. Мэхранын эжеси Албина экөө өзүнүн машинесине чейин чуркап барышып, дароо отуруша алиги көздөй кайым болуп кеткен ак мерседестин соңунан жөнөштү. Эбакта изин суутуп, караандарын таптырбай кеткен мерседес машинасын баары бир таба алышпайт эле. Анын үстүнө андай ак мерседестер калаа ичинде аябай көп болчу.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️