Туткун кыз 24 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

24-БОЛУМ

ЧҮМБӨТЧӨН ТУТКУНДАР

 

— Ээй силер кимди издеп жатасыңар?! — колу байлануу турган такыр баш киши бөлмөлөрдү кыдырып кимдир

бирөөлөрдү издеп жүрүшкөндөргө кыйкырды, — бөлмөлөрдө эч ким жок, бекер убара болбой эле койгула. Андан көрө ким керек силерге, айткылачы, балким биз өзүбүз таап бери жүрбөйлү? Кара чүмбөтчөндөр анын  кыйкыргаына маани да беришкен жок, унчукпастан кимдир бирөөлөрдү издей беришти. Бир кезде экичи кабаттан бирөөсү түшүп келип колу мене өйдө жакты көрсөтүп жаңсады эле экөөсү ошол жакка көтөрүлүп кетишти. Чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү Ибрагим болчу.

— Бобул бөлмөдө жаткан кызды карап көрчү, ушул эмеспи? Ибрагим эс-учу жок аябай алсыз абалда сулк жаткан Диананы дароо эле тааныды. Ооруканадан кетке мезгил аралыгында аябай токмок жеп, кордук көрүп атып бир топ эле өзгөрүп кеткен болчу.

— Наконец то…, — Ибрагим Дианага жетип барып дароо башынан көтөрдү, — Диана көзүңдү аччы тирүүсүңбү? — жүрөгү согурңп атабы деп көкүрөгүн тыңшап көрдү.

— Слава Богу, тирүү экен, жүрөгү согуп атат. Кана кеттик! — Ал Диананы тапатак көтөрө бекем кучактады да төмөн карай түшүп жөнөдү. Колу-буттары таңылуу тургандарды бир сыйра карап алышып чүмбөтчөндөрдүн бардыгы жаңы эле сыртты көздөй тап беришкенде күтүлбөгөн жерден электир жарыгы «жалп» дей заматтын ортосунда айлана көзгө сайса көрүнгүз капкараңгы боло түштү. Ага удаалаш эшиктердин баары сыртынан бекилип жабылып калды. Алар сыртка чыгып кетишкенге үлгүрө алышпай бир саамга демдерин ичтерине алыша былк этпей туруп калышты. Бирөөсү барып эшикти түртүп көрдү эле темир аралаш жасалган эшик, кадимки сейфтин эшигиндей болуп былк эткен жок. Чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү кол фонаригин жандырды эле терезе жактан атылган октон колундагы фонарын түшүрүп жиберип жерге кулап түштү. Бир аздан кийин зал  ичинен кишинин оор онтогон үнү чыкты. Рахимдин ийнине ок жаңылган болчу. Мындан бир саат мурун бул үйдө ызы-чуу башталганда эле бул жактагылардын бирөөсү «сотовый» телефон менен болуп жаткан кырдаал тууралуу каяккадыр кабар берген. Ошо замат эле он чактыдай куралчан адамдар короонун ичине жашырынып

киришип үйдү тегеректеп алышкан. Абдувахаб чоң ката кетиргенин түшүндү, короого же короонун сыртына жашыруун далдоо жерге бирөөнү көзөмөлчүлүккө коюп коюш керек болчу. Душмандардын келатышканы тууралуу дароо белги бери коймок. Анда мындай болуп туткунга түшпөйт болчу. Көзгө сайса көрүнгүз караңгыда жерде байланып жаткандардын бирөөсү «күңк» этти.

— Каршылык көрсөткөндөн баары бир эч майнап чыкпайт. Өз эркиңер менен багынып бергиле, эми эч жакка кете албайсыңар, чычкан жөрмөлөп өткүз болуп курчоодо калдыңар. Ар бириңер дуланын мушкасындасыңар,

кыймылдасаңар эле четинен атып өлтүрө беришет. Алардын түнкүсүн күндүзгүдөй кылып көрсөтө турган жүрбүлөрү, снайпер мылтыктары бар. Так что сопротивление безполезно… Анын сөзүн Абдувахаб бөлүп кетти.

— Унчукпай жөн жата берсеңчи, өзүңөр деле барымтада жатканыңарды билесиңерби. Бизден бирөө эле өлсө алдагы жерде жаткан силерден экөө өлүп турат. Зал ичи бир пазга жымжырт боло түштү. Жерде жаткан киши

айткандай чын эле терезенин ар кайсы жерлеринен үн чыкпас мылтыктар менен атылган ичке үндөр чыгып Абдувахабдын айланасындагылардан экөөсү кулап түшүштү. Ок Жафар менен Хабибулага жаңылган болчу.

— Тамдын дубалдарына далдалангыла, октон сактангыла! — Абдувахабдын үнүнө бардыгы дубалдарга далдалана беришти. Бир кезде Абдувахаб сырт жактагыларга үн катты.

— Эгер силер биздин кишилерге ок ата турган болсоңор биз да бул жерде байланып жаткан силердин  кишиңерди четинен өлтүрө баштайбыз! Сырт жак жымжырт  боло түштү.

— Алар биз менен сүйлөшкөнү жатышат го дейм, эгер алар бизди коё беришсе биз да бул жерде  жатышкандарга тийбейбиз. Ушундай сунуш коёлу, -Абдувахабдын сөзүн бери жактагылар да туура кабыл  алышты.

— Ооба, башка бизде эч кандай выход жок, ансыз деле эки- үчөөбүзгө ок жаңылды. Айла жок, канга кан менен жооп беребиз. Айлананы кайрадан жымжырттык басты, кез-кез ок жаңылгандардын онтогон үндөрү чыгып атты. Зал ичиндегилер да кимдир бирөөлөрдү сүйлөшүүгө чыгышканы күтүп атышты. Чүмбөтчөндөрдүн бардыгы жерде байланып жаткандардын куралдарын тартып алышкан болчу. Сырт жактан ок атышса  ичтегилер да аларга жооп беришип бир эки жолу ок атышкан.

— Тигилер эмнеге создуктуруп атышат же дагы бир нерсени ойлоп жатышабы?

— Ким билет, сыягы биз жерде жаткандарды өлтүрө турган болсок, тигилерге булардын ысык-суугу деле жок окшойт, — залдагылар дубалдарга жашыныша өздөрүнчө шыбырашып сүйлөшүп жатышты.

— Эмнеге дымып калышты же башкача план түзүп жатышабы, дегикиси бардыгына даяр болуп сак тургула, ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Бул мезгилде сырттагылар үстүнкө терезе аркылуу жогорку кабатка көтөрүлүп чыгышып күтүлбөгөн кол салууга даярданып жатышкан болчу. Арадан жыйырма мүнөттөй убакыт өтпөй экинчи кабаттын тепкичинен көптөгөн караандар төмөн карай жылмышып түшүштү. Ошол мезгилде сырт жактын да эшиктери ачылып жабалактаган бир топ караандар залга атылып киришти. «Кимди ким көрдү,

Быржыбайды там басты» дегендей караңгы залда тарса-турс караандар бири-бири менен мушташып жатып калышты. Кимди ким чаап, кимди ким уруп жатканы белгисиз. Айтор онтогон, сөгүнгөн эле үндөр чыгууда. Кээ бирлери туш келген караанды туштап ок атып жиберип жатышты. Бир кезде залдын жарыгы жарк эте күйө  жогору тепкичте катарлаш тизилип тургандар өзүлөрүнүн да душмандарын да ылгашпай эле удаасы менен ок атып киришти. Мушташып жаткандардын бардыгы жерге көмкөрөсүнөн кулаша бири- бирине далдаланып жашынып калышты. Тепкичте тургандар жерде жаткандардын былк эткендерине эле ок чыгарып жатты. Ары жактан дагы куралдуу адамдар жардамга келишип жерде жаткандардын бардыгын куралсыздандырып чыгышты. Байланып жаткандардын бардыгынын колдору бошотулду. Жафар менен Хабибула кансырашып жатышкан болчу. Рахим дагы ок жаңылган ийнин басып араң турду. Чүмбөтчөндөрдүн бардыгынын  чүмбөттөрү сыйрылып, колдору артына кайрылып байланды. Эсине келген Диана айланасында эмнелер болуп жатканын түшүнгөн жок. Эки жаат боло мушташып, атышып жатышкандардын бирин да тааныбайт экен. Жада калса Ибрагимдин өзүн да тааныган жок, көзү эч нерсе көрбөй ооруканада жатканда анын чыныгы жүзүн көргөн эмес. Эмнегедир залда куралчан адамдар көбөйүп кетишти. Мынчалык куралча

адамдарды Диана өмүрү көргөн эмес. Ок жаңылган Жафар, Хабибула, Рахимдерди ошол жерден эле атып салышты да калгандарын болсо ары жактагы түрмөгө окшош темир торлуу бөлмөгө алып кетишти. Диана  болсо залда жалгыз калды, өңүбү- түшүбү айланасында эмнелер болуп жатканын деле түшүнбөй турду. Эки-үч куралчан адамдар келип жерде кызыл-ала болуп жатышкан үч адамдын өлүгүн ары көздөй сүйрөп кетишти. Өлүктөрдү кислотага салып жок кылып жиберишерин Диана айтпаса да түшүнүп турду. Бир аздан кийин аны да кайра жетелеп мурунку бөлмөсүнө алып барып камап салышты. Мындай иштерге өмүрү барып көрбөгөндүктөн Абдувахабдар көп жаңылыштык кетиришкенин түшүнүп турушту. Бир жагынан бейажал үч адамдын өлүп кетишкенине ичтеринен жинденип атышты. Булар эч кимди аяшпасына, жырткычтардан  айырмалары жок экенине эми чындап ишеништи. Тамырлары алыска жайылган күчтүү мафия экенин да Абдувахаб мурун эле сезген, бул ишти баштаар алдында эле «жыландын куйругун басып албайбызбы» деп Ибрагимге эскерткен болчу. Ал эми Ибрагимдин бирден бир көздөгөн максаты эле Диананы эптеп туткундан бошотуп алуу болчу. Ортодо мындай кан төгүлүү болуп кетээрин эгерим күткөн эмес. «Эми эмне болот болду экен Диана менен бирге баарыбызды тең өлтүрүп коёр бекенби? Бөөдөдөн бөөдө булардын убалдарына да

калдым окшойт. Баары бир милиция кызматкерлерине эскертүү бери коюу керек болчу. Аларды күтпөй эле өз алдыбызча аракет тенип кетип калбадыкбы. Бирок антсе да болбойт болчу, булар тигинтип биздин үч адамды ит аткандай эле атып ташташкандай Диананы да өлтүрүп коюшмак. Баса, айтмакчы жергиликтүү милициялар буларды көптөн бери эле билишет турбайбы, бирок мафиянын негизги уюгу, ордосу каякта экенин билбей жүрүшүптүр. Жок дегенде ошолорго эскертүү бергенде жакшы болмок экен, мына баары кеч болуп калды. «Шашкан шайтандын иши»» дегендей бир топ туура эмес иштерди жасап алдык окшойт. Эми  биздин дагы өмүрүбүз коркунучта «, — Ибрагим өтө эле шашылып жибергенине өкүнүп жатты. Таңга жуук жеңил машинелер менен түндөгү кыздарды алып келе башташты. Дианадан башкасы түндөгү болгон окуянын эч бирин билишпейт болчу. Түнү бою укташпай «клиенттер» менен иштешкендиктен көнгөн адаттарынча ар ким өз бөлмөлөрүнө кирип жаздыкка баштарын коюп уктоого ашыга башташты. Алиги жигиттердин үчөөсү өлүп, бешөөсү эле калган болчу, бардыгынын колдорун артына кайрып туруп жип менен катуу чырмап байлап салышкан. Бою эки метр, ийни баштары далдыйган дөөдөй, болгон Карим бир нерсеге ачуулана ордунан туруп ары-бери баса баштады.

— Шакалдар десе, буларга жакшылык кылууга да болбойт, булардан жакшылык күтүүгө да болбойт. Тогузоосун түндө жерде байланып жатканда эле атып, жайлап ташташ керек болчу. Ошондо кичине сестенип калышмак, аларды бекер аядык, тургузбай эле жаткан жерлеринен көздөрүн курутуш керек болчу. Алар бизди аяштыбы, Рахим, Жафар, Хабибуланы жөндөн-жөн эле бейкүнөө атып салышпадыбы, кайран гана жигиттер… эми  булардан жакшылык күтпөө керек. Бир кезде эшик шарт ачылып ары жактан колдоруна автомат кармашкан үч-төрт адам кирип келишти дагы тигилерди сыртка чыккыла дегендей белги берди. Жерде отургандар унчугушпай ордуларынан козголушпай отура беришти эле автоматчандардын бирөөсү ачуулана кыйкырып коё

берди

 

— Эмне отурасыңар, сыртка чыккыла деп атам, же кулагыңар дүлөйбү?! Жерде жаткандар бири-бирин карап калышты, бардыгынын колдору арттарына кайрылып катуу байлангандыктан буларга каршы эч нерсе кыла алышпайт болчу. Шашпастан ордуларынан козголушту да өйдө болуп тура башташты. Чинь буттары менен  куралчандарды тээп кол салмакчы болду эле Абдувахаб азырынча эрте дегендей башын чайкап  аны токтотуп койду. Бешөөнү тең кайра залга алып келип тизип коюшту. Бул жакта болгону беш-алтоо эле  калышыптыр, түндөгү залга батпай кеткен автоматчан адамдардын бири да жок. Бардыгы автоматтарын тигилерди карай сунуша бир нерсе болсо эле атууга даяр турушту. Бир аздан кийин аябай катуу алсырап, араң баскан Диананы бери жакка ээрчитип келишти. Алиги толмочунан келген такыр баш киши дале бардыгына бийлик кылып атты.

— Кана, буларды жакшылап кара да чыныңды айт, кимисин тааныйсың булардын ичинен?

Эки колдору арттарына байлануу тизилип турушкан жигиттерди Диана таңгала карап койду.

— Жалдырабай жакшылап кара, булардын кимиси сенин таанышың?

Булар кимдер экенин түшүнбөгөн Диана ар биринин өңдөрүн кунт коюп карай баштады. «Булардын арасында балким мен тааныган бирөөлөр болуп жүрбөсүн, мүмкүн Кыргызстан тараптан келген адамдардыр? «, — ал ар биринин жүзүнө кунт коюп карап, бери карай басып келе берди. Бир кезде Ибрагимдин маңдайына келип

экөөнүн көздөрү бир пазга тиктеше түшүштү. Андан кандайдыр бир башкача көз карашты, жылуулукту сезди. Бир аз турган соң ары карай басып кетти. Бешөөнү тең дагы бир сыйра карап чыккан соң эч кимисин тааныбайм дегендей башын чайкады.

— Дагы жакшылап кара, балким ушулардын арасында сенин жигитиң болуп жүрбөсүн. Бизден качып эркиндикте жүргөндө сен соо жүрдүң дейсиңби? Бул жактагы жигиттердин бирөөлөрдү таптың да.

— Ал менин ишим.

— Акыркы мезгилдерде сенин тилиң чыгып, аябай узарып кетти, туурасынан «чорт» эткизип тилиңди кесип таштабаса болбой калды, — такыр баш киши ары жакта тургандарга башын ийкеп койду эле экөөсү бери басып келип Диананы колдон алыша сабай башташты. Диана да жөн туруп калбай аларга каршылык көрсөтүп  кол кайтарууга аракет кылды. Бардыгын өз көзү менен көрүп турган Ибрагим катуу тиштенип өзүн өзү араң кармап турду. Эки-үч жигит Диананы уруп-сабаган боюнча өкүртүп-бакыртып ары көздөй алып кетишти. Бир аздан кийин жаштары али жыйырмага толо элек мөлтүрөгөн татынакай, сулуу жаш кыздарды залга кой айдагандай түртүп, сабап айдап келе башташты. Уйкулары али ачыла элек, чачы-баштары саксайып аябай жүдөшкөн татынакай кыздар тигилер айтышпаса деле эки катар болуп тизилип киришти. Алар деле эч нерсе түшүнүшкөн жок. Бизди бул жакка эмне алып келди дешип бери жакта колдору артына байланып турушкан

жигиттерди бир карап, алардын маңдайында автомат кармап турушкан эркектерди бир карап таңгала унчугушпай турушту.

— Мен силерди биякка чакырып, айдап келгенимдин себебин билесиңерби? — алиги такыр баш киши тигилерге сүйлөп жатты, -билбесеңер бул жердеги байланып турган адамдар түндө силерди куткарабыз деп келишип өздөрү туткунга түшүп калышкандар. Кана буларды жакшылап карагыла да чыныңарды айткыла, кимиңердин

жигитиңер же тууган-туушканыңар бар булардын арасында. Давай бирден чыгып жакшылап карагыла. Эки катар болуп тизилип турушкан кыздардын ар бирин бирден чыгарып жигиттерди караттырды. Баардыгы тең эле аларды карап чыгып «тааныбайбыз» дешип баштарын чайкап жатышты. Бүт баардыгы жигиттерди карап  чыгышкан соң кайра эки катар болуп туруп калышты. Алиги такыр баш киши кайрадан ачуулана баштады.

— Буларды бириңер да тааныбасаңар, алар эмне кылып жүрүшөт бул жакта. Жөндөн жөн эле келе беришпейт да. Кана чыныңарды айткыла, булар кимиңердин таанышыңар? Бери жакта турган куралчан жигиттер тигилердин көзүнчө жаш кыздарды чыркыратып сабай башташты.

Бешөө тең булардын кыздарга жасашкан айбанча мамилелерине таңгала карап турушту.

 

 

КАЙРАДАН БОШТОНДУК

 

 

 

— Силерге эмнемкызык көрүнүп атабы булар, ыя?! — алиги такыр баш киши колдору артына кайрыла байланып турушкан беш эркекти мылкылдай карап койду, — силер деле булардан эмне айырмаңар бар. Кааласак сабайбыз, кааласак өлтүрүп коёбуз. Же ишенбей турасыңарбы? — ал күтүлбөгөн жерден так эле бет маңдайында турган Каримди колундагы таягы менен керилип туруп бөйрөк тушка чаап калды. Таяк катуу  тийгендиктен Карим өзөрө бөк түшө отуруп жаалданып барып токтоду. Тиги өзүнүн жоругуна өзү ыраазы боло калгандарын мыскылдай карап койду, — эми ишендиңерби же дагы ишендирейинби? Эмне максат менен келгениңерди билбейм, бирок силер баары бир бул жактан соо чыкпайсыңар, же тагыраак айтканда тирүү чыкпайсыңар. Бизге катылбашыңар керек болчу, раз өзүңөр катылып, жыландын куйругун бастыңарбы, эми ошол жыландын өзүнөн жантаслим болосуңар.

Эртеден бери мунун жоругуна араң чыдап турган Чинь секирип келип аны көкүрөккө тээп калды эле,  күтүлбөгөн катуу соккуга такыр баш камгактай учуп барып башы бурчтагы дубалга «тарс» эле дей түштү. Ага кошул-ташыл бери жактагы төртөө дагы курал кармап турушкандарга жабыла кол салышты. Бирок колдору

арттарына катуу байлангандыктан тигилер менен ойдогудай согушканга мүмкүнчүлүк ала алышкан жок. Ары жактагы куралчан беш-алты жигит автоматтын кундуктары менен тигилерди кызыл-ала кылып чапкылап, сабап жиберишти. Өзгөчө каршылык көрсөтүп жаткан Чинди бирөөсү автоматы менен бир канча жолу көкүрөк тушка атып жиберди. Асты цемент полго эт-бети менен сайылган Чинь бир- эки жолу кыймылдап алды да,  ошол бойдон былк этпей жатып калды. Колдору артына чыя байланган төртөөнү бери жактагы  автоматчандар болгон күчтөрү менен үстөккө-босток ургулашып, бардыгы тең цемент полго кыймылсыз жатып калышканда гана токтотушту.

* * *

«Кызык, булар кимдер болду экен, каяктан келишти. Эмне себептен эки жаат болуп алышып бири-бири менен атышышты? Үчөөсүн болсо торойто ит аткандай эле атып ташташты» , — Диананын эч нерсеге башы жетпей жатты, — «балким булар башка криминальный топ болуп жүрбөсүн, өздөрүнчө «разборка» кылып жатышкандыр? Андай дейин десең эмнеге мени ал жакка ээрчитип барып тааныйсыңбы деп бардыгын  караттырып чыкты. Тигилер адегенде түн ичинде чүмбөтчөн жүрүшпөдү беле, баса, бирөөсү эмнеге мени көтөрүп алган түн ичинде, же мени уурдап кеткилери келиштиби. Ооба, ооба… эми түшүндүм, булар алиги жашыруун акча чыгарган цехтин кожоюндары. Акчаларынын дээрлик теңинен көбүн мен баштыкка салып алып кетпедим беле. Мени уурдап кетишмек да, «акчаларды кайда жашырдың, тап» деп мени бул жактан да жаман кылып кыйнашмак. Баса, чын эле өткөн жолку бир баштык жалаң крупный суммадагы акчалар каякта калды болду экен? Эгер аман-эсен бул жактан кутулуп чуксам ал жерди таба аламбы? Ай, таба албайм го,

анын үстүнө шаар ичинде жер алдындагы люктар көп да аябай, кайсы биринен издейсиң. Балким, бактылуу адамдар аны таап алышар, табылбай калса ошол боюнча чирип жоголот да. Кайран гана акчалар, ал акчалар менен бир райондун айылдарын кенен-кесири бакканга жетмек. Анча-мынча акчаларым бар эле, аны дагы

Ибрагимге тарттырып жибердим. Баса, Ибрагим каякта болду экен, балким мени уурдаганы келишкен бобул топтун арасында бардыр? Мен анын иөңүн көргөн эмесмин да. Чын эле булар кимдер болушту экен? Таңгалыштуу. Болду-болбоду ошолор эле…», — Диана полдо чалкасынан жаткан болчу, акырын башын көтөрүп айланасына көз жүгүрттү. Бул жолкусунда эки колу чечилүү, бош болчу. «Булар баары бир меи өлтүрүп салышат, өздөрү деле айтышпады беле «сенин эми керегиң жок, көзүңдү курутуш керек, башкаларды бузасың, сенин өлүмүң башкалар үчүн сабак болушу керек» деп, же жөн эле коркутуп жатышабы. Ансыз деле

көрбөгөн кордукту көрсөтүшүп өлөөрчө сабашты го. Эптеп Замира тигилерге көрсөтпөй уурдап келип нан, суу бербегенде эмдигиче ачкадан турбай калмак экенмин, ушунусуна да Кудая шүгүр… Буларың баары бир мени өлтүрүп тынышат, башкаларды деле мен сыяктуу качкан кыздарды биздин көзүбүзчө эле чоң челектеги  кислотага салып өлтүрүшүп, эч нерсесин калтырышпай ээритип жиберишти эле го. Бир жолу он сегиз жаштагы жапжаш татынакай кызды баарыбыздын көзүбүзчө эле тирүүлөй чыркыратып туруп кислотага салышпады беле. Улуту дунган болчу. Дагы кыйын кыз экен ал, лөкүйгөн үч-төрт жигит менен тамырынын акыркы каны соккончо кармашып, алышып жатып анан өлдү. Анын өлүгүн кислотага салып атканда кандай

гана ужас көрүнүш болду эле. Караганга нерв чыдабайт. Тим эле азыр ошону эстегенде төбө чачым тик тура денем зиркиреп кетет. Анысынан да челектеги кислотага салынган кыздын денеси менен кислотанын реакциясычы. Жашыл түстөгү кислота кыпкызыл болуп эле кадимки казанда бышып аткан эттей болуп боркулдады. Тээ бир топто кийин кыздын эч нерсеси калбай ээрип кеткен. «Эгер качсаңар силер да ушуну

көрөсүңөр» деп айтпады беле. Кандай гана жуткий көрүнүш, эми мени дагы ушинтип өлтүрүшөт да. Андан көрө согумга кетчү малдарча өлүмдү күтүп жата бербей өз алдынча аракеттенбейминби, ушундай кырдаалдан пайдаланып. Диана дароо ордунан турду дагы эшик жакка барды, бактыга жараша эшик сыртынан кулпуланбаптыр. Сыягы тигил төмөн жактагы туткундар менен алектенип жатышып бул жакты бекиткенди  унутуп калышса керек. Үчүнчү кабаттын бир бөлмөсүндө экен, акырын эшикти ачып коридорго көз жүгүрттү. Эч ким жок экен. Бардыгы тең төмөн жакта жүрүшөт. Ал жакта онтогон эркектердин үндөрү чыгып жатты,  сыягы алиги туткундарды сабап жатышса керек. Бир кезде төмөн жак «тарса-турс» , «дүпө-дүп» эле боло түштү. Эркектердин ызырынган, сөгүнгөн, автоматтын бир-эки жолу атылган үндөрү угулду. «Төмөн жакта эмне болуп жатты болду экен?» деп кызыккан Диана акырын тепкичтерге жашына ызы-чуу түшүп жаткан  жакка көз жүгүрттү. Төмөн жактагылар эки жаат болушуп мушташып жатышыптыр, бирөөсү болсо полдо өлүп жатат. «Кой, ушундай кырдаалдан пайдаланбасам болбойт», Диана коридор менен чуркап, бош бөлмөлөрдү текшерип карап атты. Көпчүлүк кыздар жаткан бөлмөлөр сырттарынан кулпулануу экен. Кудайым атайын маңдайына жазгандай ал бөлмөдө башында илмеги бар узун жип да туруптур. «Кызык, бул аркан жип кайдан  пайда болуп калды же алиги чөмбөтчөндөр таштап кеткенби?» . Экинчи кабаттын бөлмөлөрүнүн  терезелеринин баары темир менен тордолуу болчу. Башында кайырмактай болгон темир илмеги бар аркан жипти ала үчүнчү кабатка көтөрүлдү. Төмөн жак жале ызы-чуу болуп жаткан болчу. Үстүңкү кабаттын терезелери тордолуу эместигин Диана жакшы билчү, анын үстүнө бардык бөлмөлөрү да ачык болчу. Эң четки бөлмөгө кирип терезесине барды дагы төмөн жакка көз чаптырды. Короо ичинде кыбыр эткен жан жок экен.

Арыдан бери эки кабат терезенин айнектерин алып жиберип, алиги өзү менен кошо ала келген аркан жиптин учундагы темир илмекти бир жерге катуу бекитип илип, аркан жипти төмөн карай таштап жиберди. Үчүнчү кабаттын терезеси менен жердин ортосундагы аралык бир топ эле бийик болчу. Башы тегерене коркуп  кетти. Ошондо качандыр бир кезде көргөн «Кавказ туткуну» кинофильминдеги Нина деген туткун кыз көзүнө элестей түштү. «Ал деле бийик кабаттуу үйдүн терезесинен аркан жип менен төмөн карай түшүп кетпеди беле, менин андан эмнем кем. Бул жерде корко турган деле эч нерсе жок го. «Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт»» кеттим» — ал арка жипти катуу кармай төмөн карай акырын сыдырылып түшүп жөнөдү. Буту жерге тийгенде

алакандары ысып чыкты, арканды кармай катуу жылмышкандыктан сыйрылып канап кеткен болчу. Анысына да кайыл эптеп эле бул жерден качып чыгып, оолак болуп кетүү анын негизги максаты эле. Бул мезгилде зал ичиндегилер эстери ооп кыймылсыз жатышкан төртөөнү, анан Чиндин өлүгүн ары көздөй чоң бөлмөнү карай сүйрөп баратышкан. Алар көрүп калышпасын деп терезеден жашына ары жакка өтүп кетти да, үйдүн арт жагына өтүп короонун бетинде илинип турган аркан жипти көрдү. «Сыягы түндөгү чүмбөтчөндөр ушул аркан жиптер менен короонун ичине асылып, тартынып өтүшсө керек» деп ичинен ойлоп койду да, өзү да жогору карай тартынып аракет кыла баштады. Бир-эки жолу жогорулап барып кайра төмөн карай шыпырылып түшүп кетип атып акыры дубалдын үстүнө тартынып чыкты. Анан илмек жипти короо ичинен өзүнө тартып алып арт жагына коё берди да төмөн карай шыпырылып түштү. Эч ким жокпу дегендей айланасына көз жүгүртүп алды да, болгон күчү менен бет келди чуркап жөнөдү. Эки жүз кадамдай чуркап өткөн соң бир аз демин баса артына кылчайып карады. Кандайдыр машине менен куралчан солдаттардын түшүп жатканын көрүп алкымы оозуна тыгыла болгон күчү менен бет алдына карай чуркап жөнөдү.

 

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️