Туткун кыз 22 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туткун кыз

22-болум

КАЯША

 

Диананы эки күн бою оозуна наар алдырышкан жок. Бир нече сааттап аркан жипке колдору катуу байланып тургандыктан кан жүрбөй шишип кеткен болчу. Кыймылдаганга алы келбей ошо күнү түш оогончо полдо сулап

жатты. Денеси дырдай жылаңач болгондуктан кыздардын бирөөсү кыз жаткан залга акырын уурданып кирип көйнөгүн чечип бери кетти. Диана акырын туруп көйнөктү эптеп кийгенге араң жарады. Көп өтпөй эле алиги

толмочунан келген такыр баш киши, кыздардын бардыгын ойготуп Диана жаткан залга айдап кирди. Анан ачуулана бардыгына кыйкыра баштады.

— Кана чыныңарды айткыла, буга көйнөктү ким берди?! Бардыгы жымжырт болуша үн катпай турушту. Алиги киши четте турган кыздын жанына басып келди да жүзүнө үңүлдү.

— Калп айтпасам тигил көйнөктү сен кийип жүрдүң беле?

— Жок, меники эмес, өзүмдүкү мына бул көйнөк.

— Эмне калп айтып жатасың же бизди макоо, кеңкелес деп ойлойсуңбу. Мына, тынч жүрбөгөн адам өзүнөн өзү эле балээнин бардыгын өздөрүнө үйүп алат. Биринчиден буга көмөк көрсөткөндүгүң үчүн, экинчиден калп айткандыгың үчүн жазага татыктуу болдуң. Кана муну биякка алып чыккыла да биздин мыйзамды бузган кандай экенин көзүнө көрсөтүп, окутуп койгулачы, экинчи мындай ишке баргыс болсун.

Ары жактан эки жигит келип жаш кызды ортого сүйрөп чыгышты да экөө эки жактан ийилчээк тал чыбык менен алмактан-салмак сабай башташты. Чыбыктын уусуна чучуктай чаңырган кыз ботодой боздоп экинчи минтпесин айтып тигилерге жалына баштады. Бир кезде тизелеп отура калып алиги такыр баш кишиден кечирим сурап кирди.

— Мени кечирип койгула, экинчи мындай ишке барбайм, калп да айтпайм. Ооба бул менин көйнөгүм болчу, силерден уруксат сурабай көйнөгүмдү буга бери койгондугум үчүн кечирим сурайм. Экинчи мындай ишке барбайм! Анын чыдамкайлыгынын жоктугуна бери жактагы кыздар жек көрө карап турушту. Диана чымыркана  ордунан турду да алиги кызды сабап жатышкан эки жигитке тике маңдайына басып келди.

— Жаш кызды мындай сабагандай кандай акыңар өтүп кетти. Мунун пайдасынан башка силерге эмне зыяны тийди. Силердин ушундай карындашыңар барбы же асмандан түштүңөрбү. Карындашыңарды ушинтип башка бирөөлөр сабаса эмне болот эле. Же силер эмне адамдан бөлөк жаралып, ушунчалык фашист болуп  кеттиңерби? Силерде адамдык жүрөк, боор деген барбы же баарыңар тең эле эки аяктуу айбансыңарбы?  Анын мындай кайраттуу сөзүнө бардыгы таңгала жалдырай карап калышты. Ушунча болуп дегеле бир да кыз ушундай каяша айтып көргөн эмес. Ал эми Дианага болсо баары бир болчу «Мени баары бир өлтүрүп салышат, «корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт», андан көрөкчө тайманбай эле айтчу сөздөрдү айтып алайын, өлө тургандан кийин менин эч нерсем коробойт» деген чечимге келген.

— Ыя де?!, — жымжырттыкты алиги толмочунан келген такыр баш киши бузду, — эркиндикте жүрүп, уставды унутуп тилиң чыгып, безилдеп сайрап калган экенсиң го, — ал чөнтөгүнөн кнопкасы бар маки алып чыкты. — Азыр алдагы тилиңди туурасынан шылып кесип таштайынбы, фашист, айбан деп айтканың үчүн, бул жоругуң үчүн эки көзүңдү чукуп, таптакыр жарык дүйнөнү көргөзбөй таштайынбы. Демек кечээгилер сага сабак

болгон эмес экен да, сага мындан катуу жаза керек экен, ошондо гана эсиңе келесиң. Айтчы кайсы көзүңдү чукуюн, же экөөнүн тең сага кереги жокбу? Аы жасаш бат эле, — алиги такыр баш киши бычагын жалаңдата Диананын көзүнүн түбүнө алып келди. Диана жалтанган да атүгүл кирпик каккан да жок, бычактын мизине тике карап туруп берди. Буга ого бетер ачуусу келген такыр баш киши колундагы бычагын шилтеп жиберди эле Диананын бетин анча- мынча чарпып кетти. Ошентсе да Диана эч «солк» этип койгон жок. Бир аздан кийин сызылып аккан кан анын бети жая берди. Алиги киши ого бетер буркан-шаркан түшүп ачуулана баштады.

— Бул бузукунун көзүн курутуш керек, немедленно сени жоготтурам. Өзүңөн көр, «Өзүңө өзүң өлүп тилеп алдың, эми бул кыздарың менен коштосо берсең болот. Акыркы жолу көрүп жатасың буларды, — ал жанындагы эки кишиге башын ийкей акырын көз кысып койду эле алар Диананы кармап алышып, кайрадан ийилчээк тал чыбык менен сабаганга өтүштү. Бул жолкусунда ага эч нерсе таасир бербегендей кебелбей тура берди. Өлүмгө жалтанбай тике баргысы келди. Экөөсү болсо эки жактан сабагандарын уланта беришти. Бир

кезде Диананын башы айлана, эсин жоготуп койду да полго оңкосунан кулап түштү.

 

— Эгер уставды бузсаңар силер да ушунун кейпин кийесиңер, эми баргыла, тарагыла!

Диананын кайраттуулугу тигилерге да таасир берген болчу, эч нерсе укпаган кишидей болуп бардыгы такыр баш кишини жек көрүү менен карап турушту.

— Мен силерге эмне дедим ыя, бар жай-жайыңарга кеткиле! — анын сөзү кыздарга эч таасир бербегенин көргөн такыр баш киши ачуулана бакырды, — бул эмне бунтбу? Силерди тарагыла деп жатам!

Кыздар дале бир орунда былк этпей, козголбой тура беришти эле тигил жанындагыларга башын ийкеп, буларды алып кеткиле дегендей белги берди. Алар колундагы чыбыктар менен сабай баштаганда гана кыздар чуру-чуу түшүшө жай-жайларына тарап кетишти. Экөөсү кыймылсыз жатка Диананы колдон алыша бөлмөгө сүйрөп барышып, полго ыргытып салышты да каалганы жаап, сыртынан кулпулап ташташты.

 

 

 

 

УЮШКАН ТАНДАЛМА ТОП

 

Ибрагимдин өтүнүчү менен Абдувахаб өзүнүн ишенимдүү адамдарынан жети-сегиздейди топтоду.

— Бизге мындан артыктын деле кереги жок, булар спорт чеберлери профессионал жигиттер. Мен эң ишенимдүү дегендерди гана топтодум, мындан көп болуп кетсе бири-бирине тоскоолдук кылгандан башка пайдасы жок.

Абдувахабдын Ташкенде менчик кафеси бар болчу. Бардыгы ары жактагы өзүнчө бөлмөдө сүйлөшүп  отурушту. Диванда отурушкан жигиттерди Ибрагим менен бирден тааныштырып чыкты.

— Бул четтеги Карим деген жигит, дзюда боюнча жана эркин күрөш боюнча мастер спорт. Спорт школду, физкультура институтун бүткөн машыккан, азыр машыктыруучу болуп иштейт. Чоңдугун эле карабайсыңбы,

тумбочкадай болуп турбайбы. Эч бир муштумдарды тоготпойт. Көмөчказан менен башка чапсаң чоюн сынып кетиши мүмкүн, а бул эч нерсе болбойт, — анын тамашасына бардыгы күлүп калышты. — Бул болсо Виктор Пак

улуту корейс, ушу, таеквандонун мастери. Анын жанындагы жиигит

— Хабибула. Виктордун оң колу таеквандо боюнча дүйнөлүк чемпиондуктарга катышып жүрөт. Чынында кайсы улуттан экенин билбейм. Тигил жигит жөнөкөй бокстан баштаган, кийинчерээк Америкага барып  профессионалдардын боксуна катышып утушка ээ болуп келген. Балким телевизордон көргөндүрсүң мушташуу техникасы Майкл Тайсондон кем калышпайт. Өзү дагы капкара болуп далдайып Тайсонго окшошуп турбайбы. Тигил кичинекей, бою жапыз китаец жигит биздин топко жакындан бери кошулуп жүрөт. Ушунчалык  чагылгандай тез кыймылы менен кимди болсо да таңгалтырбай койбойт. Жеңилдиги, ылдам кыймылдаганы мышыктан айырмасы жок, каратэ менен машыгат. Аты Чинь. Бул болсо көп жыл бою циркте иштеген,

бычактарды көзүн таңып койсоң да көздөгөн жерине сая алат. Узун шапалак камчыларды жакшы иштете билет. Бир шилтем менен кимисинин болбосун эсин оодара чабат же колундагы нерселерин көз ачып-жумганча кагып түшүрөт. Шапалак камчысы менен беш кадамга чейин кандай адам болбосун моюнуна ороп алып муунтуп коё алат, аты Рахим. Тигил көзгө атаар мерген жигит Жафар, десантта кызмат өтөгөн, Афган согушунда да катышкан. Кыскасы булардын бардыгы жөн адамдардан эмес. Ар бирин өзүн таап, өзүм тандап, өзүм топтогом. Бири-бирине ишенимдүү адамдар. Кана таанышып алдык, эми негизги ишке өтөлү. Бардыгы жымжырт болуп турушту. — Тигил бийик короо ичинде эмне бар экенин билбейбиз, балким  дубалдарында түрмө сыяктуу сигналдары бардыр, а балким дөбөт иттери бардыр? Короонун  ичиндегилердин бардыгын көрсөтүп турган видео- аппараттары да бар болуп калышы мүмкүн… Бул мафия күчтүү да турушат, бай да турушат. Ташкенттеги авторитеттүү адамдардын бардыгын колго алып коюшка. Бирок кандай болсо да туткун кызды бошотуп чыгуубуз керек тигилер өлтүрүп сала электе. Кана, кимде кандай ой, сунуштар бар, короонун ичине кантип киребиз.

— Короонун бийиктиги канча экен?

— Где-то алты метрдей болот…

— Анда кирүү жеңил эле турбайбы. Ар бирибиз башында илмеги бар аркан жиптерди алабыз дагы тартынып чыгып ары жагына өтүп кетебиз.

— Өтөөрүн го өтөбүз, анын ичинде эмнелер былгып жатат биз кайдан билебиз, балким куралдуу адамдар  түрмө кайтарышкандай күзөттө турушкандыр…

— Күзөттө турушкандай анын ичинде зектер же кылмышкерлер жок да. Болгону жыйырмага али жаштары чыга элек алсыз кыздар. Мага жолуккан кыздын айтуусу боюнча ичинде куралдуу деле адамдар жок. Биздин  келээрибизди күтүшпөйт деле болуш керек. Биз күтүүсүздөн ойдо жок жерден кол салабыз. Өтө тездик менен иштешибиз абзел. Жарым саатка жетпей ал жерден кайра чыгып кетишибиз зарыл.

— Эме менен куралданабыз?

— Бизде албетте атылуучу куралдар жок, за то өзүбүздө уверенность, күч, тажрыйба бар. Куралсыз эле  бобул колубуз менен бүтүрөбүз. Баса, айтмакчы ар кимиси өзүнүн көнгөн куралдарын алышат. Мисалы Рахимге атуучу куралдын кереги не, бычак, шапалак камчысы болсо болду да, кимиси болсун жайлай алганга  мүмкүнчүлүгү бар. Бул эле эмес силердин ар бириңерде деле ушу сыяктуу мүмкүнчүлүгүңөр бар эмеспи, курал алуунун зарылдыгы деле жок. Тигил жактагы кишилер жөнөкөй эле кишилер, биз сыяктуу спортсмендер эмес. Бул деген согуш мезгили эмес да атуучу курал колдонгондой, бардыгын жөнөкөй колубуз менен гана

бүтүрөбүз. Эң башкы нерсе караңгыда кара кийсең көзгө көрүнбөй калат эмеспи, ар бирибиз кара спорт кийимдерин, башыбызга болсо кара чүмбөт кийебиз, биз ким экенибизди билинбегендей, өңүбүздү  тааныбагандай болсун.

— Кара чүмбөттөрдү, кийимдерди кайдан табабыз?

— Анын милдетин мен алам, — Ибрагим жооп берди, — Алар кечке даяр болот, кыскасы кадимки нинзалардан айырмасы жок кылып даярдайм.

— Болуптур, анан кайсыл мезгилде киребиз короого?

— Түнкү саат бирден өткөндөн соң элдин баары кызуу уйкуда болушат, ошондо киребиз. Короо ичиндегилер да кызуу уйкуда болот болуш керек. Кандай дабыш чыгарбай кирсек, ошондой кайра көздөн кайым болуп кетебиз. Эң башкысы Диананы тапсак эле болду. Кана, анда эмесе ишке киришели.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️