Туткун кыз 20 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туткун кыз

20-болум

ЖАЗА

 

 

Эки-үч жигит машиненин ичинен эле Диананы ур-токмокко алып сабап, эки колун артына кайрып туруп байлап, оозун таңып салышкан болчу. Аны баягы өзүнө тааныш үйгө алып келишти. Короонун ичине киргенде дарбаза дароо бекилип, эки-үч жигит Диананы жулкулдатып машиеден сүйрөп чыгышты. Диана эки колу байлануу болсо да баспай каршылык көрсөтүп жатты. Далдайган жигиттердин бирөөсүнүн ачуусу келип кетти окшойт барскандай болгон колу менен Диананы бет талаштыра катуу чаап калды эле ал оңкосунан сайыла эсин жоготуп койду. Бирөөсү аны ийнине арта сала үйгө көтөрүп кирип кетти. Анан төркү бөлмөгө алып келип  тактай полго ыргытып таштады. Ал жерге заматта эле беш-алты эркек чогула калышты.

— Кана, ошол бекенби? Точно эле ошол, кызыл көйнөк кийип болбойт го. Алигиче Ташкенден кете албай  жүрүптүрбү?

— Чөнтөгүндө бир тыйын акчасы жок болсо, кеткенде каякка бара алмак эле. Суу алып келип чачып эсине келтирчи…

— Ырас болду, кайра Бишкекке кете электе кармап алганыбызга. Болбосо Марат Исабеков биздин  сазайыбызды бермек, качырып жибергендигибиз үчүн.

— Мейли өзүнөн көрсүн өзүнө өзү кылып алды, эми буга кандай чара колдонобуз шеф өзү чечет… Диана жерде жатып ушуларды угуп атты. Бирөөсү келип бетине бир стакан суу чачты эле башын чайкай ичиркене көзүн ачып жиберди. Беш-алты эркек жеп жиберчүдөй карай тегеректеп турушуптур. Бирөөсү аны тапатак көтөрүп туруп столго отургузуп койду. Бардыгынын өңдөрү тааныш. Кыздардын үстүнөн караган толмочунан келген мурутчан такыр баш киши Диананын так бет маңдайына басып келди дагы акшырая үн катты.

— Ии качкын кыз, элдин баарын дүрбөтүп, ызы-чуу кылып андан пайда таптыңбы. Качып кутулуп кетем деп ойлодуңбу? Эсиңде болсун биздин узун укуруктан эч ким бошоп кеткен эмес. Тээ илгертеден эле эскертип какшап келатабыз го качкын кыздар же качууга аракет жасагандар кандай жазаларга татыктуу болуп  атышканын, өзүңдүн көзүң менен көрүп жүрбөдүң беле. Же алардыкы сага сабак болгон жокбу. Сабак  болбосо, мээңе жетпесе анда бат эле жеткиребиз. Аны өз башыңдан өткөрөсүң. Сенин бул дүйнөдө  жашашың, жашабашың аны кожоюнубуз өзү чечет. Кудай буюрса бүгүн кечинде аны менен байланышабыз, — ал жанындагыларга буйрук бере сүйлөдү, — муну тигил жакка алып барып камап салгыла! Бүгүн кечинде кыздардын бардыгын чогулткула, буга кандай жаза колдонуларын бардыгы өз көздөрү менен көрүшсүн. Ары жакта турган жигиттердин бирөөсү Диананы жулкулдатып сүйрөп барып, эшик-терезелери темир менен тордолгон ичи тар бөлмөгө камап салды. «Мага убал жок, атайын качып чыккандан кийин бул жакта  темселебей дароо эле көздөн кайым болбоймунбу. Көчөдөн такси кармап эле сураган акчаңды берем деп дароо кетип калбайт белем. Сураган акчасын Бишкекке жетип алгандан кийин деле бермекми да, же пост ГАИ, таможенныйлардан өтө албайт белем? Мени эми эмне кылышат болушту экен? Беркил кыздардай  өлтүрүп салышпаса экен. Анча- мынча эркиндикке чыкканым менен кандай гана азап- тозокторду көрдүм. Аз жерден жер алдында калып өлүп кала да жаздадым. Байкуш бул туткун кыздарга кайда барсаң да Мамайдын көрү турбайбы. Милициялардын бардыгы менен байланышта болушса биз кимге арызданып бара алабыз да

кимдерден жардам сурайбыз. Эми меи эмне кылышаар экен? Бүгүн кечинде тигил жак менен байланышабыз дешпедиби, ал чечет да менин тагдырымды эмне кылышса ошол кылышсын. Деги жаманды аман калтырышса экен». Айланага күүгүм киргенде эшиктин кулпулары шыртылдап ачыла баштады. Диананын жүрөгү оозуна тыгыла, бир жамандыкты сезе сырттагыларды күтүп калды. Көп өтпөй эле өзүн бул жакка сүйрөп келген далдайган жигит Диананы колдон кармай кайра сыртка сүйрөп чыгып, кууш коридор менен  жетелеп жөнөдү. Каякка алып баратканын Диана сезип турду. Чоң, ичи жарык залга алып кирди, ал жакта өзү менен келген он алты жаштан жыйырма жашка чейинки ар кайсы улуттардын кыздары бир катар болуп тизилише Диананы жалдырай карап тосуп алышты. Эмне кылышаар экен деп чочулаша бир Диананы бир бери жактагы кишилерди карап турушту. Башы тысырайган толмочунан келген мурутчан киши баарын кыдыракей карап алды.

— Мен башынан эле силерге эскертип айтып жүрөм, качпагыла, качууга аракеттенбегиле. Балээнин баарын өзүңөргө үйүп аласыңар деп. Качкан кыздар эч жакка кете алышпайт, жер тоголок, качсаңар айланып келип эле кайра өзүбүздүн колубузга түшүп бересиңер. Мынакей мындан эле өзүңөр пример алгыла, качып кайда кете алды. Качып кайра эле Кыргызстанга барат да, ал жактан кайра эле биздин сыйыртмагыбызга түшөт. Милиция, сот, прокуратура баары тең өзүбүздүн колубузда. Эч кимге жалоб жасай албайсыңар. Качтыңарбы, анын жазасын өзүңөрдүн моюнуңар менен тартасыңар. Бул силер үчүн чоң сабак болот. Кана баштагыла!  Ары жакта турушкан далдайган эки-үч жигит бери басып келишип, шапа-шупа Диананы колдон кармай калышты да эки колун калың жип менен бекем байлашып өйдө жактагы илгичке катуу тарттырып асып коюшту. Анан эки бутун да байлашып жипти экинчи учтарын жыгач полдогу чыгып турган казыкка ороп салышты. Диананын эки буту эки колу катуу керилип кыймылдай албай калды. Булар эмне иш кылганы жатканын ал беш колундай эле билип турду. Мындай көрүнүштү далай эле жолу өз көзү менен көргөн.

Далдайган жигит ичке тал чыбык алып келди да «зуу-зуу» эттире үнүн чыгара абага ары-бери шилтеп койду. Анан болгон күчү менен Диананын кечээ жакында ордо жатканда кийген кыпкызыл болгон көйнөктөрүн ары-бери тытмалап айрып жиберди. Эч нерсесин калтырбай энеден туума жыпжылаңач кылып чечип салды.  Баарыңар карап тургула дегендей узун ийилчээк тал чыбыкты ары-бери ойноктотуп, анан керилип туруп болгон күчү менен Диананы жамбашка шилтеп калды. Дароо жамбашына кыпкызыл болуп чыбыктын изи түшүп калды. Экинчи жолу чапканда Диана чыдай албай көздөрүн жумуп жиберди, бирок кыйкырган да  онтогон да жок. Анын солк этпегенине жини келген жигит ачуулана болгон күчү менен кылыч шилтеп жаткансып ары шилтеп, бери шилтеп сабай берди. «Өзүм күнөө жасадымбы чыдаш керек, кандай болсо да чыдаш керек. «Ал катуу тиштенгендиктен жаак эттери катуу түйүлүп турду. Адатта ичке тал чыбык менен катуу сабай баштаганда эле кыздар ары-бери туйлап, чучуктай ыйлап, сабап аткан кишисине жалынып-жалбарып «экинчи качпайм, сөз берем» деп чыдай албай кетишчү. Диана кыйкырмак турсун онтогон да жок. Буга ачуусу келген алиги жигит болгон күчү менен керилип туруп чапты эле Диананын арты тилинип, кан сызылып ага  баштады. Өмүрү мындай кыйноону көрбөгөн Диана тим эле тозоктун отуна кайнап жатты. Айылдасы атасы менен апасы карап, боорлору оорут турушкандай аз-аз жерден озондоп ыйлап жибере жаздап тиштенип турду. Сабап жатып тажаган жигит чыбыкты экинчисине берди. Ал дагы сабай баштады, кыздын артында соо жери калган жок. Тилим-тилим болгон издер калып, кызыл жаян кан каптап кетти.

 

Ушундай кордуктан көрө өлгүсү келип кетти, жаны мынчалык кыйналбай жай ала түшмөк. Чыбыктын уусуа денеси жалкоотай тарта чапкан сайын жыйрыла түшүп атты. Анын ар бир кыймыл-аракетин сынай карап турган такыр баш киши эркинин күчтүүлүгүнө баа бере башын чайкап койду. Бир кезде Диананын башы айланып, жер айлан-көчөк боло баштады. Өз боюн өзү кармана албай эки колу асылган боюнча салаңдап калды. Алиги такыр баш киши тигини токтотуп койду.

— Болду жетишет, чыбыктын уусу өтүп кетсе өлүп калышы да мүмкүн. Муну жөдөн жөн эле өлтүрө койбош керек. Өз азабын тартып жатып өлүшү тийиш, кыйноого, азапка чыдай алса жашап кетиши да мүмкүн, чыдай  албаса өлүп тынат, — ал бери жактагы жарданып карап турган кыздарга кайрылды, — көрдүңөрбү кандай болоорун. Качсаңар силер дагы мунун кейпин кийесиңер. Бул алгачкы эле кыйноосу, дагы көрөсүңөр бул досуңардын кандай кыйналганын. Эсиңерге дагы бир жолу түйүп алгыла, качып эч жакка кете албайсыңар. Момундай болуп жазалангандан башка пайда таппайсыңар. Баргыла, тарагыла. Кечкиге даярдангыла,  уставдагылардын ар бирин эсиңерге түйгүлө, окугула, жаттагыла!

Эртеден бери Диананы аянычтуу карап, өздөрүнөн да чочулап турган кыздар акырындап жай жайларына тарай башташты. Алардын бардыгы өз бөлмөлөрүнө кетишкен соң бери жакта турган кишилер өз ара сүйлөшүп киришти.

— Эң башкысы бул өзү кармалды, түрмө жөнүндө бирөөлөргө айтып койбосо эле болду.

— Муну эмне кылалы шеф?

— Эмне кылмак элек кыздардын көзүнчө аябай кыйнап туруп көзүн тазалап таштайбыз. Өлүгүн кислотага салып туруп ээритип, жок кылып салабыз. Бул биринчи эле жолкусу эмес да. Биздин сөздү уккусу, моюн сунгусу келбейби, өзү ушуга татыктуу болду. Эч нерсебиз кемибейт, мындай кыздар көчөдө толуп эле жатпайбы, чекесинен чертип тандап алабыз.

— Муну эмне кылалы, ушинтип асылып тура берсинби же колу- бутун бошотуп бөлмөгө алып барып сыртынан кулпулап камап таштайлыбы?

— Тим жайына кой, бүгүнчө ушул жерде асылып турсун, эртең аркасына ысык темир бастырабыз… анан кыйкырбаганын, чаңырбаганын, жалынып-жалбарбаганын, эркинин күчтүүлүгүн көрөбүз…

Бардыгы Диананы бир сыйра карап коюшту дагы сыртка чыгып кетишти. Залдын эшигиндеги темир торчолор жабылып, сыртынан кулпуланды. Ызы-чуу болуп жаткан зал заматта тынчып, жымжырт боло түштү. Бир  аздан кийин эсине келген Диана башын көтөрүп акырын көзүн ачты. Эки колу калың жипке асылган бойдон калыптыр, турайын деп дарманы келбей кайра асылып калды. Жарым сааттай асылып туруп эптеп  чымырканып ордунан турду. Полго отурганга мүмкүн эмес экен. Ылдый болсо эле эки колу жипке асылып калат. Чыбыктын уусу от менен жалын болуп аркасын куйкалап, өрттөп жаткан болчу. «Биринчи сыноосуна  эптеп чыдадым, экинчисине чыдай аламбы же өлүп каламбы. Ушундан көрөкчө өлүп калганым деле дурус.  Эгерде анча-мынча эле колумду бошотушса муунуп өлгөнгө аракет жасайм. Мындай жашоонун мага кереги жок, тойдум баарына». «Диана… Диана…» кандайдыр бир үнгө башын көтөрүп каалганын темир торунун сыртында турган эски таанышы Замираны көрдү.

— Кандайсың Диана, эмне качып кете албай калдыңбы. Эх-х, биз сага ишенип аябай үмүттөнбөдүк беле. Сени бизди куткарат деп ойлогонбуз, көрсө Ташкентте эле жүргөн турбайсыңбы кетпей. Кандай гана өкүнүчтүү. Диана, угуп атасыңбы мени, чыда эптеп. Чыдай албасаң сени өлтүрүп коюшат. Мейли эми, болор иш болуп боёсу канды, кайра арабызга келип кошулганга аракеттен. Диана башын көтөрө сүйлөөгө аракет кылды эле сүйлөй албай койду. Замираны бир аз карап турду анан кайрадан башы шылк дей түштү. Башы тегерене эсин  жоготуп койгон болчу

 

КЫЙНООНУН ЧЕГИ

 

— Болду азырынча жетишет, колун чечип таштагыла, болбосо эрте эле өлтүрүп алышыбыз ыктымал, —  Диананын ахыбалын билгени келишкен үч жигиттин бирөөсү жанындагыларга буйрук бере сүйлөдү. Анткени эсин жоготуп койгон Диана эки колу менен асылып калган, колдоруна кан жүрбөй көпкөк болуп көөп кеткен  болчу. Бирөөсү барып, катуу чырмалып, чиеленип байланган жипти чече албай көпкө кыйналып жатып араң дегенде чечти. Диана али эсине келе элек болчу, таманы тактай полдо жыпжылаңач боюнча узунунан сулк жатты. Берки үчөө аны бир аз карап турушту да баштарын чайкай акырын сыртка чыгып кетишип, темир торлуу эшикти сыртынан кулпулап салышты.

— Тээ бир топтон кийин гана барып Дианага жан кире баштады. Чалкасынан оодарыла акырын көзүн ачты. Аркасынын ооруганына чыдай албай кайра кырынан жатты. Ичке тал чыбыктын уусу денесине өтүп кеткенби кыймылдаса эле чыдатпай оорутуп, жанын көзүнө көрсөтүп жатты. «Бу дүйнөгө мен эмнеге жаралдым экен, ушинтип азап тартып кыйналыш үчүнбү. Чын эле менин кимге керегим бар. Байыркы Улуу  Рим империясындагы гладиаторлорго кызмат кылган күң аялдардан эч айырмам жок. Ушул убакта да эзүүчү тап али да бар экенин дегеле билбептирмин да. Буларды тарыхтан китептен гана окугам. Мына эми бардыгын өз башымдан өткөрүп жатам». Жаны ушунчалык кыйналгандыктан акырын эч кимге угузбоого аракет кылып онтоп жатты. Жыпжылаңач болуп жатса да денеси от менен жалын боло кадимки тозоктун отунда тирүүлөй  куйкалана көзүн жумуп турду. «Чындыгында мен эч кимге керегим жок, мени бошоткону, куткарып алганы эч ким келбейт. Эртеби, кечпи баары бир өлтүрүп, өлүгүмдү кислотага салып ташташат. Андан көрө мынчалык  азап чекпей, кыйналбай эртерээк эле өзүмдү өзүм өлтүрүп, жанымды жай алдырганым артык. Эми кантип өзүмдү өлтүрүп, жанымды кыя алам?» — ал акырын башын көтөрө айланасына көз жүгүрттү. Өйдө жактан эки колун байлаган жиптердин салаңдап турганын көрүп кубанып кетти. Жип менен катуу байланган эки  колдоруна кан уюп, сыйрылып, араң эле кыймылдап калыптыр.Эптеп чымырканып ордунан турду да эки жагына бир сыйра көз жүгүртүп алды. Зал ичи тунжурап өлүү жымжырт, сыягы кыздардын бардыгын түнкү  соодага алып кетишсе керек чет элдик кардарларга. Ордунан туруп, бир-эки кадам шилтеп, салаңдап турган жипке жетпей башы тегеренип, аз жерден кулап кала жаздады. Жипти кармай калып көзүн жумуп жиберди. Аракты көп ичкендей башы тегерене ошол боюнча катып көпкө турду. Анан акырын көзүн ачып бир чечимге  келди. «Кыскасы менин бул дүйнөгө жашоого акым жок, тек гана өлүшүм керек. Ошондо гана бардык азап-тозоктордон кутулам». Ал акырын жиптин бир учун түйүп, кадимки дарга сыяктуу кылып моюнга илмек жасай

баштады. «Мени кечир эне, ата, кош болгула бир боорлорум» — ал илмекти акырын моюнуна илди да  асылып калды. Аркан жипке муунуп, айланасы тунара эсин жогото баштады.

— Бир топтон кийин эсине келе көзүн ачты. Бет маңдайында колдоруна бычак кармап, мындан бир аз мурдараак келишкен үч жигит турушуптур. «Булар каяктан келип, кандайча пайда боло калышты?» — деп Диана экөөнө таңгала карап калды. Алар эртеден бери темир торлуу каалаганын сырт жагында Диананын ар бир кыймыл-аракетин байкап турушкан болчу. Аркан жиптин бир башын түйүп жатканын да көрүшкөн, эмне  кылаар экен деп тим жайына коюп, күтүп турушкан. Качан гана арканды жипти моюнуна илип асылып калганда гана шашыла темир торду ачып кирип барышып, аркан жипти бычак менен кыйып жиберишкен болчу.

— Эмне тигил дүйнөгө кеткенге шашылып жатасыңбы. Шашылба, али эрте. Көргөндөн көрө электериң али көп. Аны эртең өз көзүң менен көрөсүң. Экөө зал ичине эч нерсе калтырышпай, өздөрү менен ала кетишти дагы кайрадан сыртынан бекитип ташташты. Диана ары басып, бери басып, зал ичин кыдырып эч нерсе таппаган соң бурчка барып отуруп калды Таңга жуук темир эшиктин шалдыраганынан ойгонуп кетти, көзүн ачты. Кечөө кечинде кыздардын көзүнчө өзүн кыйнашкан жигиттер кайра келишти. Алардын арасында толмочунан келген такыр баш киши да жүрөт. Ал Диананы мыскылдай карап койду.

— Эмне муунуп өлгүң келдиби, качкан, сөздү укпаган кандай экенин эми түшүнө баштадыңбы? Эсиңе келдиңби, эми качасыңбы же качпайсыңбы?

Ал Диананын көк беттенип мелтиреп, унчукпай турганына ачуусу келди.

— Муунуп өлгөн сага жагып калган окшойт, аны азыр эле текшерип көрөбүз. Чакыргыла кыздардын бардыгын. Уктап жаткандары да ойготкула!

Бир аздан кийин чачы-баштары уйпаланып, уйкусураган кыздардын бардыгы акырындап залга кирип, чогула башташты. Чет элдиктерге кардар болуп түнү бою уктабай чыгышкандыктан бардыгы тең кыйналып, уйпаланып, жүдөшкөн кыздар жаңы эле келишип жаздыкка баштарын коюшканда, бардыгын кайра ойготуп, бул жакка алып келишкен.

— Эмне үлдүрөйсүңөр ыя, тургула бир катар болуп тизилип, азыр силерге бекер спектакль көрсөтөбүз, бирок албетте кайгылуу спектакль. Кана жигиттер анда эмесе спектаклди баштагыла! Эки жигит Диананы колдон  кармаша бери ортого алып келди,үчүнчүсү болсо анын моюнуна кечээги арка жипти салышып, акырын муунта башташты. Тыбырчылап каршылык көрсөтөйүн деди эле эки жигит аны былк эттирбей кармап турду. Бетие кан тээп чыгып, көздөрү чекчейе кыйкылдап-чыйкылдап, эсин жогото баштаганда акырын коё бери коёт да эсине келгенде кайра башынан муунта баштайт. Ушундай көрүнүш бир саатка чейин кайталанды. Диананын катуу кыйналып жатканын көрүшкөн кыздар кээ бирлери чыдай албай тетири карап кетишүүдө. Бери жакта турган жигиттер аларды «биякка карагыла! » — деп колундагылары менен бетке чаап жиберишүүдө. Нерви чыдабай кеткен кыздардын кээ бирөөлөрү ыйлап, көздөрүн жумган боюнча ачпай туруп алышты.

— Спектаклдин биринчи көрүнүшү аяктады, эми экинчи көрүнүшү башталат, — алиги такыр баш киши өзүнө өзү ыраазы боло кыздар тарапка мыскылдуу карап койду. Эми эмне кылышар экен деп али жыйырмага чыгыша элек жаш кыздардын бардыгы жардана сары санаа болуша тигилерди карап турушту. Каа баштай бергиле

дегендей ал алаканын акырын чаап койду. Алиги үч жигит кайрадан Диананы колдон былк эттирбей кармаша, бирөөсү мой нуна желим баштык ктйгтзе койду да ичине аба жибербей төмөн жагын бекем кармап турду. Деми катуу кыстыккан Диана чыдай албай азоо аттай башын ары-бери чулгай туйлап жиберди, бирок тигил

экөөсү аны былк эттирбей кармап турушту. Качан гана эсин жогото баштаганда кайра ичине аба жиберип коет. Эсине келип бир аз тургандан кийин кайрадан аба бербей кыйнай башташат. Тигилер жедеп кыйноонун чегине жетип, моокумдары кангандан кийин Диананы жайына коюшуп кыздарды жай-жайларына таратышты. Диана ак шишик тартып көөп, тактай полдо көмкөрөсүнөн араң дем алып жатты. Аны кайра-кайра  тумчуктуруп, катуу кыйнап коюшкан эле. Баардыгы чыгып кетишкенден кийин бери жакта турган жигиттердин бирөөсү Диананы аянычтуу карап койду.

— Давай, муну кыйнабай эле азыр өлтүрүп таштабайлыбы. Эки-үч күндөн беркиси жетиштүү эле болду го дейм…?

— Келесоолонбочу, биз эмнени билебиз. Шефтер эмнени айтса ошону жасайбыз да, муну өлтүргөнгө али эрте. Тигил кыздарга сабак болсун деп атайын ушуну иштетип жатпайбы. Мунуңду эч ким укпасын, буйрукту  кың  дебей аткара бер. Болбосо өзүбүзгө жаман болот, — артта калышкан экөө өздөрүнчө сүйлөшүшө сыртка чыгып кетишти да темир торлуу каалганы сыртынан беките башташты.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️