Туткун кыз 19 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

19-БОЛУМ

АЗГЫРУУ

 

Жер төлөдө эки-үч сааттай жаткан соң жогору жактан кандайдыр бир дабыштарды угуп, ордунан атып тура калып, катуу кыйкыра баштады.

— Ээ-эй, ким бар ары жакта?! Тээ бир топтон кийин гана алиги эргежээлдей болгон топтомолок болгон кишинин башы көрүндү.

— Эмне кыйкырасың, ажааткана керек болуп калдыбы, турбайбы горшогуң ары жакта.

— Мага силердин шефиңер керек…

— Ага эмне айтмакчысың мага деле айта бер, мен шефке айтып барам. Шеф азыр жок, эки күндөн кийин келет, мага деле айта берсең болот…

Диана өзүнчө ойлонуп калды «балким мунун тамырын тартып, алдап көрсөм кандай болот. Ушунун өзүнүн башын айландырып анан бир жолун таап качып кетпейминби. Эгер бул көнбөсө айла жок тигилердин башын

айландырам» . Диана бир аз турган соң жогорудагыга акырын үн катты.

— Сенин жаныңда ким бар, же жалгыз элесиңби?

— Менин жалгызмынбы же дагы кишилерим барбы сенин кандай жумушуң бар ыя? Эмнеге чакырдың айтпайсыңбы? Бол ылдам, айтчуңду айтып кал, менин зарыл иштерим бар кетем азыр…

— Жалгызсыңбы, адегенде ошону айтчы, анан айтам?! Жогорудагы башын көтөрө айланасына бир сыйра көз  чаптырып алды да кайра төмөн жакка үңүлдү.

— Болуптур жалгызмы деп эле коёюн, эме айтайын дедиң эле?

— Бул өтө важно, жалгызсыңбы чыныңды айтчы?

— Өтө важно дейсиңби, жалгызмын, айта бер важно нерсеңди?

— Эгер жалгыз болсоң анда мындай… Азыр шефиң да жок экен, эки күнгө бир жакка кетти деп атпайсыңбы. Акчаларды кайсыл жерге катканымды мен гана билем, аны караңгыда эч ким жокто, элдин баары уктап  жатканда ишенимдүү жерге жашыргам…

— Жашыргам дейсиңби, каякка жашырдың эле, бардыгы канча сом эле?

— Шашылба, ал экөөбүзгө өмүр бою жетет. Андан көрө шефиң келе электе мени бул жактан бошотуп, үстүнө алып чык. Эч кимге көрүнбөй экөөбүз акча катылган жерди табабыз да тээ алыска, булар бара албаган жакка качып кетебиз…

— Анын сөзүнө тиги боору эзиле каткырып күлө баштады. Бир топко күлүп алды да дароо тып басыла кабагын бүркөй кайра төмөн карай үңүлдү.

— Балким мени алдап жаткан болсоңчу, сенин эмнелерди ойлоп, пландаштырып койгонуңду мен кайдан билем?

— Анда өзүң бил, бир жакшы шанс берип атам, ошону колуңдан чыгарып жибергени жатасың. Мындай шанс өмүрүңдө бир гана жолу келет, келбесе таптакыр эле келбейт. Макул болбосоң мага баары бир, эки күндөн кийин шефиң келет анан ага акчалардын каякта экенин көрсөтүп берем. Өзүмө тигилер беришкен долямды  алам да өз жолума түшүп кете берем, а сен баарынан куру жалак каласың…

— Сен менин көп башымды айлантпа сулуу кыз, баса атың ким болот, ушунчадан бери сурабаптырмын да?

— Айсулуу…

— Айсулуу-уу? Демек мындай Айсулуу, менде үй-бүлө, бала- бакыра деген бар ошолор эмне болот. Алар мага ишенишип сени кайтартып коюшту, бул үчүн жакшы акча төлөшөт. Мендей айлык алган Ташкент түгүл Орто

Азия боюнча да жок болуш керек. Кудая шүгүр оокатым жаман эмес, керек болсо ме деген ушулардын аркасы менен жашап жатам. Эгер чын эле акчалар каякта катылганын айткың келсе шеф эки күндөн кийин келет, ошонун өзүнө айт. Балким алар сени бошотуп жиберишээр туткундан, кыскасы көп менин башымды айлантпа.  Болуптур, башка айта турган сөзүң жокпу, кеттим анда, — ал ары көздөй басып кетип калды. «Биринчи аракетимден эч майнап чыккан жок, экинчи тигилерге жасаган аракетим кандай болоор экен. Балким алардан да майнап чыкпай калса эмне кылам? Анда эле менин шорум шорподой кайнады дей бер, акыры менин  түбүмө жетип тынышат. Эмне кылсам, кандай амал ойлоп тапсам. Акчалардын кайсыл жерге катылганын эстей албай жатам, анткени Ташкентти жакшы билбейм деп тигилерди үмүттөндүрүп, издеттирип убакытты чоё берейин. Анын ортосунда дагы бир амал ойлоп таап, качып кетээрмин» . Эртеси таң атпай алиги киши баш

бакты. Көздөрүн жалжылдата жылмайып күлүп да алыптыр. Калай мискейге бир нерселерди салып, жипке байлап төмөн карай жөнөттү. Ичин ача салса колбаса, куурулган тооктун эти, жумуртка, быштак, нан, суусундук ичимдиктер бар экен. Эки жарым айдан бери ал мындай тамак жеп көргөн эмес болчу. Анын үстүнө таң атпай эле мындай даамдуу тамактарды алып келгенине таңгалып калды. Тамакты түшкө жакын шылдыраган суу шорпо менен эки-үч кесим нан гана алып келчү.

— Көптөн бери мындай тамак жебей, аябай арыктап, сөөктөрүң эле калды. Жакшылап тоюп, жеп ал, эч кимге билгизбей, көргөзбөй алып келдим.

Диана эч сөз айткан жок, алдындагы даамдуу тамактарды сугалактык менен жеп кирди, тигил болсо үстү жакта өзүнчө сүйлөнүп жатты.

— Абайлап же, өзөгүңө түшүп кетет, кичинеден же. Баса, айтмакчы, акчалардын каякта катылганын чын эле билесиңби? Диананын сүйлөгөнгө оозу бош эмес болчу, тек гана ооба дегендей башын ийкегилеп тамактарды жеп жатты,

— А эгер мени алдап качып кетсеңчи, буга кантип гарантия бере алам?

— Өзүң деле көрүп турасың качып кеткенге дарманым да жок алсызмын, кантип эле мени качырып жибере аласың. Сен деген эркексиң а мен болсом али эне сүтү оозумдан кете элек жапжаш кызмын…

— Канчадасың?

— Он сегизде…

— Он сегизде-ее-е? Койчу, мен сени жыйырма, жыйырма бештерде экен деп атпаймынбы.

— Кордук көрүп, өзүмө карабай жүдөп, арыктап жүрсөм албетте ошондой көрүнөм да.

— Болуптур, кана айтчы кызым, акчаларды каякка жашырдың эле? Диана унчукпастан алдындагы тамагын шашпай жей берди. Үстүндөгү кишинин чыдамы чыгып кетти. Эмне унчукпайсың айтпайсыңбы, акчаларды каякка каттың эле? Диана шашпастан тамагын жеп бүтүп, оозу-башын тазалап анан өйдө жакты карады.

— Биричиден ме анын каякта экенин айтпайм, экинчиден өзүм барып көргөзүп берейин. Мындай айта албайм кайсыл жерде катылганын, Ташкентти жакшы билбейм. Мен көрөгөзүп бермейинче таба албайсыңар.

— Таба алам айта бер…

Анын куулугуна, ачкөздүгүнө, аңкоолугуна Диананын бир жагынан жини келсе, экинчи жагынан күлкүсү келип атты.

— Адегенде мени бул жактан чыгар, анан акча катылган жерге экөөбүз чогуу барабыз. Эскертип коёюн, артык баш адам болбосун, алардын экөөбүзгө тоскоолдук кылгандан башка пайдалары тийбейт. Керек болсо экөөбүздү тең өлтүрүп салышып акчаларыбызды алып кетиши мүмкүн. Кана, алдагы капкакты ачасыңбы?  Тиги да дегеле шашып койгон жок, Диананын ар бир кыймылын сынай карап турду.

— Жок ачпайм, сен мени алдап качып кеткени турат окшойсуң. Бул жакка чыкканда өзүңдүн кишилериңе кабар бери мени өлтүрүп кетсеңчи?

— Биринчиден мен деген бул жерлик эмесмин, экинчиден бул жактагылардын бирөөсүн да тааныбайм. Эгер бирөөсүн эле тааныган болсом, эбакта бул жактан көздөн кайым болмокбуз, үчүнчүдөн…

— Болуптур үчүнчү, төртүнчү деп мага түшүндүрүүнүн кажети жок, качып кетүүгө аракет кылсаң өзүңө өзүң кыласың. Менде тапанча бар, желкеге атып салам да кете берем.

— Ал чөнтөгүнөн ачкычын алып чыгып тор темирдин кулпусун ача баштады. Капкакты ары оодарып салып бери көтөрүлүп чык дегендей белги берди. Диана темир шаты менен жогору карай көтөрүлүп чыкты. Эки айдан ашык жер төлөдө камалып жаткандыктан кадимкидей өзүн эркин сезип, абаны кере-кере дем алып жатты.

— Кыскасы мындай, сыртта менин машинем турат. Акырын чыгып эки жакты абайлап карап, эч ким жок болсо акырын белги берем, сен үйдөн атып чыгып чуркаган боюнча машиненин ичине кирип кетесиң. Мен болсо шашпай бул үйдү бекитип анан артыңан барам. Ага чейин машиненин ичине былк этпей отур. Айланадан бирөөлөр көрүп калбасын, түшүндүңбү? Диана түшүндүм дегендей башын ийкегиледи. Ал акырын сыртка  чыгып кетти дагы эки жагына көз жүгүртө эч кимдин жок экенине чындап ишенген соң кайра үйгө кирип тигиге белги берди. Диана сыртка атып чыгып өзүнөн беш- алты кадамдай жерде турган жигулинин ичие кирип кетти.

Айтканындай эле ал шашпай чоң ак үйдүн эшиктерин кулпулап бекитти. Анан машинесин айдай чоң темир  дарбазадан өтүп, короодон сыртка чыкты да дарбазаны сыртынан кулпулап бекитти. Чын эле бул жакка эч ким баш бага алчудай эмес, короо аябай бийик экен.

— Кана, Айсулуу машинени каякка айдайын айта бер?

— Өзүм да билбейм, каякка айда дээримди. Жаңы салынып аткан үйлөр бар болчу.

— Ой андай үйлөр толуп атпайбы калаада. Жакшылап эстечи, кандай үйлөр эле?

— Канча кабаттуу экенин билбейм, сыягы сегиз-тогуз кабаттуу болуш керек. Караңгы болчу, жакшы эстей  албай калыптырмын, бирок көрсөм дароо эле эстейм.

— Шаарда жаңы салынып жаткан, бүтпөй калган үйлөр көп, кайсы бирине барабыз эми?…Болуптуранда бир жак четинен баштайбыз, мен кайсыл жерде кандай үйлөр салынып атат жакшы билем, кеттик анда…

Тигил жигулисин от алдыра жеңил машине ордунан козголду.

 

КҮТҮЛБӨГӨН БЕЙТААНЫШТАР

 

 

 

Айдоочу машинеде Дианага бир нерселерди айтып келатты.

— Кыскасы, түнү-бою үй-бүлөбүз менен акылдашып-кеңешип уктабай чыктык. Бойго жетип калышкан эки уулум бар. Мен макул болбой жаттым эле аялым баш болуп үчөө үч жактан кулагымдын кужурун алып атышып  акыры мени көндүрүштү. Сага эрте келгенимдин себеби да ошол болду. Бир нерсе болуп кетип бул  жактагылар мени издеп калышса үй-бүлөмө залакасы тийбесин деп аялымды эки уулум менен төркүнүнө жөнөтүп жибердим. Ким билет, ар кандай болуп кетиши мүмкүн да туурабы. Кудай буюруп акчаларды тапсак, дароо эле арттарынан жетип барам. Анан үй- бүлөбүз менен алыс жакка качып кетип жашай беребиз. Алыскы тоо тарапка качып кетем да күтүрөгөн мал алып, сарай сатып алып, үй- бүлөөм менен тынч ошол жакта  жашай берем. Чынын айтканда шаардын ызы-чуусунан аябай тажап кеттим. Эне-атам малчы болчу, мен дагы тоо-ташка, таза абага көнүп калгам. Акча колго тиери менен эле дароо көздөн кайым болом.

«Сарт санаасы менен байыт» болуп тигил бооланган акчалуу болооруна жүз пайызга ишенип, өзүнчө эле  кыялданып жатканына Диананын аябай күлкүсү келди. Бирок унчуккан жок. Экөө кандайдыр толук курулуп бүтпөгөн көп кабаттуу үйлөрдүн жанына келип токтошту. Ал Дианага кайрылды.

— Жакшылап эстечи ушул жербеле?

— Билбейм, караңгы болчу, жакшы эстей албай калыптырмын…

— Эсте жакшылап, убакыт тар, шеф эртең келет, ошого чейинакчаларды таап көздөн кайымболуп кетишибиз керек. Кана жүрү тияк жакка, жакын барып, жакшылап эсте… Экөө сырткачыгышып жаңы курулуп жаткан

үйлөрдүн жанына келишти. Диана катуу эстеп жаткан кишидей үйлөрдү бир карап, короо ичин бир карап, көздөрүн жума ойлонуп, анан үйдүн ичине баш бакты. Эптеп ыңгайы келсе качуу керек эле. Артындагы алиги киши эки жагына көз жүгүртө чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып, тигиге көрсөтүп койду.

— Качып кутулуп кетем деп ойлобо, мунун глушители бар тапанча, торойто атып салам. Диана үйлөрдү бир сыйра кыдырып, жарым сааттай убараланып анан бул эмес дегендей башын чайкай тигиге карады.

— Анда кеттик башкасына. Экөө дагы ушуга окшогон жаңы салынып жаткан үйлөргө барышты. Ал жерде курулушчулар иштеп жатышыптыр.

— Жок, бул эмес, ал жерде стройка токтоп строителдер түгүл кароолчусу да жок болчу.

— Бая эле ошентпейсиңби анан, — тигил кубанып кетти, — ал деген шаардын чет жакасында да, түш машинеге, кеттик ошол жакка. Машине зуулдап заматта эле кандайдыр толук салынып бүтпөй калган көп кабаттуу үйлөргө жетип барды. Диана аны көрүп жүрөгү бир «болк» деп алды. Тааныш үйлөр экен, ал так эле ушул жерде бир топ күн жашаган. Куугунчулар келишкенде люкка кирип жашынбады беле. Экөө бул үйдү айланта кыдырып текшере башташты. Ошол маалда күтүлбөгөн жерден короого эки чет элдик машине катуу атырылып кирип келишти да ичинен беш-алты адам атып чыгышып Диананы качканга үлгүртпөй кармап калышты. Анын жанындагы кичинекей томолок киши ортого түшүп кийлигишейин деди эле кандайдыр бир темир зат менен башка катуу жеп оңкосунан сайылды. Сыягы булар эртеден бери буларды дүрбү менен аңдып, «сотовый» телефон менен бири- бирине кабарлап коюшса керек. Алар дароо Диананы машинелерине отургузуша кайдадыр зуулдап айдап жөнөштү. Булардын ким экенин Диананын өзү да түшүнбөй калды. Ордунан жулкунуп каршылык көрсөтөйүн деди эле тигилердин бирөөсү анын кыз экенине карабай бир-эки жолу чаап, муштап да жиберди. Катуу соккуга Диананын башы эңгирей, шалдая отуруп калды. «Мага мынчалык орой мамиле жасагандай булар ким болду экен, мен буларга эмне жазык кылдым?»

— Диаа эч нерсеге түшүнбөй кетип баратты эле алдыңкы орундукта отуруп машине айдап бараткан өңү  тааныш адамды көрө коюп жүрөгү «болк» эте түштү. Ал Бишкектеги жашыруун аялдар түрмөсүнүн  кожоюну Марат Исабековдун кишиси болчу. «Бүттү ишим, өлдүм. Ташкенттен эбакта качып кетиш керек болчу. Эми мени өлтүрүп туруп, мурунку өлгөн кыздардай өлүгүмдү кислотага салып ээритип жиберишет. Мени эч ким билбей калат ушул боюнча» Диананын адегенде эле көзүнө өлүм элестеди. «Булар мени баары бир өлтүрүп, көзүмдү тазалашып, жайлап тынышат. Качпаш керек болчу, качкандан кийин кармалбаш керек болчу. Качкандар кандай жазага туш болушарын эскертип, айтып эле келишпедиби. Аларды кандай жазалашканын бардыгын өз көзүм менен көрбөдүм беле. А мен аларды уккан жокмун, мына өзүмө өзүм өлүм тилеп алдым. Ээ Кудайым, ушинтип Ташкенден узабай эле кайра кармалып калдымбы. Эми эмне кылам, кимден жардам сурайм? Мына ичээр суум бүтүп, жашоомдун акыркы чегине жеттим окшойт. Кой кандай болсо да качыш керек, кандай айла кылсам, жөндөн жөн эле өлүмгө моюн сунуп беремби? Жок, болбойт, көчөдө  бараткандардан жардам сураш керек…

Катуу бараткан чет элдик машине светофордун кызыл жарыгы күйгөндө токтоп калды. Күтүлбөгөн жерден Диана ордунан атырыла оң капталында отурганын болгон күчү менен түртүп эшикти ачып жиберди да сыртка атып чыкты. Машинеден асфальт жолго кулап түшкөн киши эсине келе Диананы бутунан кармап калганга үлгүрдү. Ага удаалаш Диана да асфальтка эт-бетинен кулады, бирок ага да болбой тигини экичи буту менен  тээп бутун ажыратып алды да ордунан атып тура бет алды чуркап жөнөдү.Анын артынан куушкан үч-төрт эркек бат эле кууп жете келишип, туш-туш жактан жабыла кармап калышты. Диана колдон келишинче каршылык көрсөтүп айланасындагыларга кыйкыра баштады.

— Эмне карап турасыңар жардамга, булар мени өлүмгө алып баратышат!

Ары-бери өткөндөр эч нерсе түшүнүшпөй ооздорун ача мындай күтүлбөгөн окуяга таңгала карап калышты. Лөкүйгөн төрт жигит кызды балыктай туйлата машинеге көтөрүп барып салышты да кайдадын жөнөп кетишти. Арадан болгону эки-үч мүнөттүк да убакыт болгон жок, көз ачып-жумганчалык мезгилде кандай ызы-чуу болсо

ошондой эле тып басылды. Элдердин баардыгы бири-бирин караша, ийиндерин күйшөшүп, эч нерсе кыла алышпай дендароо боло туруп калышты. Ары жакта машинесинин алдын ачып алып бир нерсесин чукулап жаткан бир гана жигит кызга жардам бергени бери жүгүрүп келип үлгүрө албай калды. Тигил машине өтө эле тездик менен ордунан аткан октой жүрүп кетип, заматта көздөн кайым болду. Бул жигит Ибрагим болчу,  машинеси бузулуп калып жолдун четине токтото, бир нерсесин карап чукулап жаткан. Күтүлбөгөн жерден эле Дианага окшош кыз өзүнөн жыйырма беш кадамдай алыс жерден машинадан атып чыгып,  айланасындагылардан жардам сурап кыйкырганда, эмне болуп кеткенин түшүнбөй таңгала карап калган. Эсине келип чуркап баргыча машие заматта көздөн кайым болуп кетти. Кууп жетип үлгүрө да албай калды, шашатысы кетип жатып «Диана! » деп кыйкырганга да жетишкен жок.Өчөшкөндөй машинесинин да от албай калганын карабайсыңбы. Эмне кылаарын билбей жер тепкилеп, туйлап жиберди. «Диана экен, ооба Диаа… дал эле Диананы көрдүм, жаңылган жокмун. Кара басып, бул жакка алаксып калганымды карачы, бир- эки мүнөт эле мурунураак аларга көңүл бөлгөндө үлгүрүп калмакмын» . Ал машиненин номурун чала-чарпы  эстеп, кызыл өзүнүкүнө окшош Мазда машинеси экенин эсине туюп калды. Машиненин сол жагында сүзүшкөндөн калган анча-мынча так бар экен. Ибрагим ошол өзгөчө белгини эстеп калган болчу. Кызыл Мазда машинесинин заматта көздөн кайым болуп кеткен жагын көпкө тиктеп турду, өзүнүн машинесинин от албай  жатканына жиндене колунун ооруганына карабай эки-үч жолу чаап-чаап жиберди. «Ташкенттенэле чыгып кетпесе бул машинени жерден чукусам да табам», — Ибрагим ооздон жемин алдырган бүркүттөй болуп ызырына, кимгедир ачуусу келе, өзүнүн жанын коёрго жер таппай турду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️