18-БОЛУМ
КАЙРАДАН КАПАСТА
— Алып келгилечи ал кызды, кандай экенин көрөйүн, — төрдөгү диван креслодо чалкалай отурган чачын тасырайта алдырып салган, муруттары узун, өңү кадимки Тарас Бульванын кейпин элестеткен толмочунан келген, жашы элүүдөн өтүп калган киши жанындагыларга буйра сүйлөдү. Экөөсү чуркап барып, эки колу артына катуу таңылган, оозу скотч менен чапталган Диананы алып келишти. Ал аны башынан баштап бутуна чейин сынай карап мыйыгынан жылмайып койду, жанындагыларга оозундагы скочтту чеч дегендей белги берди эле Диананын оозундагысын сыйрып салышты.
— Сулуу кыз экен го, бул жакка кайдан адашып келип калдың? Диана эмне деп жооп берээрин, булар кимдер экенин биле албай жатты. Баарынын эле өңдөрү бейтааныш, бирин дагы тааныбайт экен. «Булар кимдер болду экен, Бишкектик аялдар түрмөсүнүн кишилериби же акча чыгаргандарбы, же болбосо таптакыр эле башкаларбы? …»
— Эмне унчукпай калдың, Кыргызстандан кандайча адашып келип калдың бул жакка деп сурап жатам. Деги сен өзүң кимсиң? «Кайдан адашып келдиң?» — деп сурап жаткандарына караганда булар… кишилери эмес экен. Слава богу, алар болсо мени жөн гана өлтүрүп туруп, өлүгүмдү кислотага салып ээритип жиберишмек.
— Кана ошол кыз бекенби, көрөйүнчү… — сырттан дагы бир далдайган киши кирип келди эле Диана аны дароо эле тааныды. Акча чыгарган жашыруун цехтен кокусунан кармалып калганда Диананы дал ушул киши кайтарып калган болчу. Ажааткананын жанынан дал эле ушуну темир түтүк менен башка чаап эсин оодарып, анан качып кеткен. Булардын кимдер экенин дароо эле боолгоду. «Демек акча чыгарып жүрүшкөн бандалардын группасы турбайбы…» Тиги киши Диананын так эле маңдайына келип, атып жиберчүдөй теше тиктеди.
— Кана сулуу кыз, качып баары бир эч жакка кете албаптырсың го. Боор ооруса боорго тептиң эле, эми боор ооруган кандай экенин көрсөтөйүн, — ал ызырына Диананы оң колу менен моюнунан аткый кармап туруп тапатак өйдө көтөрдү. Диана дем ала албай мууна көзүнөн жаш атып, асылып турган буттарын тыбыратып жиберди. Көзүнөн аккан жашка айланасы көрүнбөй жер заматта айлан-көчөк болуп кетти.
— Болду жетишет, түшүр, бөөдө аны өлтүрүп аласың. Алчу өчүң болсо шашпай аласың, андан көрө бир нерсени тактап алалы, коё бер аны!
Ачуусу башына чыга, кызга аябай жинденип калган неме аны дагы бир топко кармап туруп анан коё берди. Диана өзүн кармана албай жерге кулап түшүп бир топтон кийи араң оңолуп, эсине келди. Анын колун чечип коюшуптур. Ары жактан дагы эки-үчөөсү келип буларга кошулуптур. Диананы төрдөгү диванга жетелеп барып отургузушту. Алиги киши кайрадан суракка ала баштады.
— Мейли, каяктан келгениңди, кандайча биздин жашыруун цехке түшүп калганыңды сурабай эле коёлу. Ал неважно, андан көрө айтчы жанагынча акчаларды кайда алып кеттиң да каяк жактан чыгып кеттиң. Жер алды менен темир түтүк аркылуу чыгып кетти дейин десең ал жак менен атүгүл сойлоп өткөнгө да мүмкүн эмес экен, келемиштер араң өтүшөт. Каяктан келдиң да каяктан кеттиң бизди ошол кызыктырат. Экинчи суроо алып кетке акчалар азыр каякта? Диана буларга эмне деп жооп кайтарарын билбей турду. Чынын айтканда булар акчаларды издеп жүрүп баары бир таап алышмак жер алдындагы люктардан. Калп айтса ишенишпеши да мүмкүн.
— Бизден сен коркпой, чочуркабай эле кой. Эгер чыныңды айтсаң, акчаларды кайра кайрып берсең биз сени өзүбүзгө кошуп алабыз. Арабызда биз менен кошо сайрандап жүрө бересиң. Келечегиң жакшы, сонун жашоо болот. Душмандардан биз өзүбүз сени кайтарып жүрөбүз. Өзүң дагы татынакай сулуу кыз экенсиң бизге керексиң.Баары бир бизден бошоп кете албайсың. Өзүң выбирайт эт, келечегиңди. Чыныңды айтсаң бизге кошуласың, калп айтып жашырам десең…, анда өлтүрүп сөөгүңдү кислотага салып жиберебиз. Ойлон жакшылап, же өлүм, же жакшы жашоо, выбирай.
— Чынымды айтсам… өткөн жолу да айткам, дагы айтам, шефиңердин машинесине жармашып келгем, кайра ошол эшик аркылуу эле чыгып кеткем…
— Андай болушу мүмкүн эмес, биринчиден сырт жак катуу кайтарууга алынган. Экинчиден короодогу чоочун кишилерди жутчудай болгон иттер сени сыртка чыкканга мүмкүнчүлүк беришпейт болчу. Калп айтып жатасың, бизди акча кызыктырат. Аларды каякка алып барып жашырдың?
— Мен ал жактан эч кандай акча алган эмесмин, өзүңөрдүн эле кишиңер алып коюп мага бардык күнөөнү оодарып жатышат… Алиги муунткан киши ачуулана Диананы көздөй обдулуп баратканда суракка алып жатканы токтотуп койду. Анан Диананын жанына келип тизесине акырын колун коюп, жүзүнө тике карады.
— Мен сага эскертип айттым, дагы бир жолу эскертем. Же жакшы турмушта жашайсың, же тиги дүйнөгө кетесиң. Өзүң деле жакшылап ойлонуп көрсөң, эгер бул жактан өлүп калсаң алиги жашырып койгон акчаларыңдын кимге кереги бар ыя, ошол жашырылган боюнча калат. Анан кандайдыр бир мезгил өткөндөн кийин сенин сөөгүң жер алдында эбакта чирип жоголгондо кимдир бирөө таап алат. Алардын убайын анан ошолор көрүшөт.
— Чынымды айтып жатам мен акчаларга тийген эмесмин, аларды өзүңөрдүн эле кишиңер алып койду. Өз ара жакшылап «разборка» кылсаңар өзүнөн-өзү чыга келет…
— Калп!, — алиги кызды муунта кармап көтөргөн киши кыйкырып чыга келди, бул деген калп айтып жатат эгер мен алган болсом… мен алган болсом, аны каякка жашырмак элем. Силер бат эле таап алмаксыңар…
— Чынымды айтсам бул өзү сыртка чыгарып жиберген мени, — Диана анын сөзүн бөлө сүйлөдү, — демек ошол акчаларды алыш үчүн мени коё берген турбайбы эми түшүндүм…, бардыгын мага шылтап жатканын карачы. Эгерде менде акча болсо момундай айрык көйнөк кийип жүрбөйт элем да, карагылачы, эптеп өлбө жаным өлбө деп өз жергеме кеткенге жол кире таба албай көрүнгөндөн Кудай сурап жүрөм. Эгер ошончо акчаны алганда көчөдөн эки эсе төлөп такси жалдасам да эбакта көздөн кайым болбойт белем бул жактан. Акчанын жоктугунан ушитип темселеп жүрөм да кеталбай.
— Бас жаагыңды айбан!, — алиги киши одураңдай Дианага жулунду эле беркилер аны кармап калышты. Төрдөгү суракка алып жаткан киши ачуулана сүйлөдү.
— Болуптур, еще разберемся, экөөнү тең камап салгыла! Эки адам Диананы ары көздөй жетелеп кетти да үстүндө кичине тор капкагы бар жер төлөгө кийирип, үстүнөн капкакты кулпулап салышты. Төмөн жакка темир шаты менен түшөт экен. Бийиктиги төрт метрдей келген төрт бурчтуу бетондолгон бөлмөчөгө Диана төмөн карай түшүп келди. Бул байыркы кылмышкерлерди кармоочу ордон эч айырмасы жок болчу. «Мына сага тамаша, тигилерден жаңы эле кутулуп мындай боло электе экинчилерине тутулдум. Оо Кудайым, мени эмне мынча азапка салып атасың, же пешенеме ушундай жазып койдуңбу менин. Ушинтип өмүр бою эле азап- тозоктор менен жүрө беремби? Бул жакка башка дүйнөдөн келгендей баарына чоочунмун, баарына жатмын. Мага жардам берген кимдир бирөөлөр чыгабы, же эч кимге дайыным чыкпай эле ушинтип билинбей атып тиги дүйнөгө кетип каламбы? Азыр меи ойлогон, эстеген эч ким жок болуш керек, жападан жалгыз ушинтип азап тартып отурам. Бирок кантип эле эстебесин, башкалар эстешпесе да атам менен апам эстешет болуш керек. Мен өзүм келесоолук кылдым. Көчөдө эркин жүргөндө эмне себептен кат жазып почто аркылуу жөнөтүп жибербедим экен үйгө. Бишкектеги жашыруун аялдардын түрмөсү жөнүндө толугу менен бүтүндөй баяндап жазып, эмне үчүн жөнөтпөдүм. Катымды алар алышса, окушса, милицияга алып барып көрсөтүшүп тиги кутуруп жүргөндөрдү, Исабеков Маратты баш кылып быт-чытын чыгарышат эле го. Дайынымды айтып өзүм жөнүндө да кабар бергенде болмок. Ушуга неге башым жетпеди. Эмне эки барак кагаз, ручка, жок дегенде карандаш таба албадымбы? Адрести толук жазып конверт аркылуу жөнөтүп жиберсем катым акыры үйгө жетмек да. Жок дегенде тиги түрмөнүн айланасында жашагандардын баардыгын кармашат эле го. Байкуш жаш кыздардын эсебинен алар кандай гана байып жатышат. Аны жергиликтүү бийлик тургай түрмөгө жакын жашаган адамдар да билишпейт. «Кыңыр иш кырк жылда» дегендей эртели кеч билинээр алардын кылыктары. Мен сыяктуу бирөөсү качып чыкса эле дароо маалым болот болчу. Бирок тигилер улам байыган сайын «байлык пайгамбарды да жолдон чыгарыптыр» дегендей акча менен бийлик өкүлдөрүн сатып алып, алардын мафиясы кулач жайып кетиши да мүмкүн. Баса, аларды эмне ойлоп жатам бул жерде, андан көрө булар жөнүндө ойлонбоймбу. Чын эле булар акча чыгарган аппараттарды, кагаздарды, боёкторду кайдан алышат болду экен. Булардыкы жалган акча экенин экспертизадан текшерип көрүшпөйбү? Же чын эле булар акчаларды чыныгы дал өзүндөй кылып чыгарышабы? .. Бир кезде Диана ичин басып башы тегерене бөк түшө отуруп калды, ооруканадан чыкканы оозуна наар ала элек экен. Өзүнөн үч-төрт метр өйдө жактагы темир менен тордолгон капкакты карады. Эч бир кыбыр эткен жан көрүнбөйт өйдө жакта. «Эх чиркин шам-шум эткенге бир нерсе болсо кандай жакшы болот эле. Ашказаным оорутуп, ичим курулдап, от менен жалын боло кайрып баратат. Өйдө чыгып нан сурасамбы? Кайра нан бербей табалап, ого бетер мазакташсачы. Балким алардын чырагына май тамызып алып жүрбөйүн. Эртеңкиге чейин чыдай турайынчы анан башка салганды көрөрмүн» . Бул жер төлөнүн таманы да сыз, бир сутка жылаңайлак бул жерде турса Диана сөзсүз ооруп калмак, анткени буттары какшатып оорута баштаган болчу. Чыдай албай кетип темир шаты менен өйдө көтөрүлүп барды да кыйкыра баштады.
— Э-ээй ким бар ары жакта!
Тээ бир топтон кийи уйкусураган топтомолок, бою кичине, кадимки мультфильмдеги Карлсонго окшош киши келди.
— Эмне кыйкырасың, эмне керек сага?
— Таманыма сыз өтүп кетти, таң аткача чыдай албайм бул жерде, бут кийимимди бергиле дагы, алдыма төшөгөнгө бир нерсе бергиле. Болбосо өлүп калышым мүмкүн. Бул таманы бетон, сыз жерге бир мүнөт дагы чыдай албайм, мени деген кыз деп коёт. Мусулманбыз го кичине мени да аяп койсоңор. Силер гестапо же фащист эмессиңер да, силердин деле мендей карындашыңар бардыр?
— Аны мен чече албайм, шеф уруксат бербесечи?
— Менин сунушумду айт, астыма төшөгөндөй бир нерсе алып келип берсин, курсак ачты тамак да керек, бол шефиңе айтып бар ушуларды…
— Жок болбойт.
— Анда көйнөктөрүмдү айрып туруп сен уктап жатканда алдагы темир торчого асынып өлөм, мен мындайга чыдай албайм.
— Болуптур, мен азыр келем, — алиги бою жапыз томолок киши бир жакка чыгып кетти да көп өтпөй эле өзүн суракка алган кишини ээрчитип кайра келди.
— Сенин сунушуңду уктум. Болуптур айтканыңды орундаталы, бирок жакшылап ойлон эртеөкиге чейин, качып деги эч жакка бара албайсың. Сенде эки гана выбор бар же бейиштин же тозоктун жашоосу, баары өзүңдүн колуңда, — ал арт жагысына төмөн жакты көрсөтө башын ийкеп койду эле тиги дароо ары жактан колбаса, жумуртка, нан, суусундук алып келип бери, Диананын колуна карматты. Анан капкакты ачып калың олпоктуу матрац таштады. Диананын ар бир кыймылына кунт коё сынай кара турушту да кайра тор капкакты жаап сыртынан кулпулап салышты. Өз ара сүйлөшүшүп бир аз турушкан соң ары көздөй басып кетип калышты. Диана шашпай матрацтын үстүнө отура алдындагы тамакты сагылактык менен апылдатып жеп кирди. Эмнегедир үстү жагы тыптынч болуп турду. Тамагын жеп бүтүп, калгандарын курсак ачканда жээрмин дегендей ары жактагы бурчка жыйнап коюп койду. Матрацты узунунан сала чалкасынан жата кетти. Эки колун желкесине ала тээ бала кезде көргөн «Кавказская пленница» деген орустардын киносун эстеп, өзүн ошондогу Нина деген кызга салыштырып койду. «Ал мендей эмес кыйын кыз, бирок анын Шурик деген колдоочу жигити бар болчу да, менин колдогон кимим бар, мени өлтүрүп салышса да эч кимдин иши жок. Баса, булар мени эмне кылышат болду экен, акчанын кайсыл жерде экенин айтып койсом аны тапкандан кийин мени жөндөн жөн эле коё беришпейт да. Өздөрү айткандай көзүмдү тазалашып, өлтүрүп туруп, өлүгүмдү кислотага салып, ээритип жиберишет. Чындыгында мен алар үчүн лишний адаммын. Башка бирөөлөргө айтып коюшу мүмкүн деп ишенишпейт. Айтсам да өлтүрүшөт, айтпасам да өлтүрүшөт, андан көрө убакытты созуп дагы кармайын, балким Кудайым колдоп качып чыкканга мүмкүнчүлүк болуп калаар… Диана матрацтын үстүндө ойлонуп жаткан боюнча көзү илинип кетти.
АЛГАЧКЫ СЫНОО
Кандайдыр муздак нерседен чочуп ойгонду. Тээ жогору жакта аны карап ырсайып кечөөкү Карлсонго окшош киши өзүн карап туруптур. Ал бөтөлкөдөгү муздак сууну Диананын үстүнө чачып жиберди. Өзүнүн кылган ишине өзү ыраазы боло каткырып күлүп койду.
— Турбайсыңбы, уктап эле жата бересиңби. Эбакта эле таң атып, тирлик башталган. Чын эле айланасы кадимкиде жапжарык болуп калыптыр. Өткөн жолку жер алдында адашып жүргөндөгүгө караганда бул жак жер төлө болгону менен күндүн, түндүн айырмасын билип турса болот экен. Эртеси түшкө жакын эки-үч адам болуп кечөөкү кишилер келишти. Капкакты ачып шаты менен бардыгы тең төмөн карай түшүп келишти. Араларында чоочундар да жүрөт.
— Кандай, биздин мейманканабызда жакшы эс алдыңбы. Түнү бою тырп этпей уктап жакшы эс алганың көзүңдөн эле билинип турат. Кечөө кыйналып жаттың эле бүгүн аябай бодрый болуп калыптырсың… Чынында эле кечөө аябай чарчап көздөрү үлдүрөп араң турган болчу, түнү бою тырп этпей уктап жатканда булар акырын келип байкап кетишсе керек. Диана алардын тамаша, какшык аралаш сөздөрүнө жооп берген жок.
— Курсагың ачкандыр, тамак бериштиби булар? Диана ага да жооп бербей унчукпай тура берди.
— Сыягы тамак ичпесе керек, ысык тамак алып келип бергиле, курсагыңды биринчи тойгуз анан сүйлөшөбүз. Көп өтпөй эле бирөөсү ары жактан калай мискейге ысык тамак алып келип берди.
— Шашпай тамагыңды ичип ал, биз жарым сааттан кийин келебиз.Алдагы айрык көйнөгүңдү чечип сал, сага башка көйнөк алып келебиз.
Алар бардыгы кайра жабылыша сыртка чыгып кетишти. Диана өзүнчө тамак ичип отуруп ойлонуп койду. «Булар эмне мынча сылык болуп калышты мага, же мендеги акчалар ушунчалык көппү буларды бөжөңдөткөндөй. Ооба, андай болушу да мүмкүн болчу. Түн ичинде жыйылып турган акчаларды баштыкка салып атканда жалаң миң сомдук бир таңгак акчаны көзү чалып калган. «Эгер чын эле таңгак акчалардын бардыгы миң сомдуктар болсо, анда ошол баштыкчада эбегейсиз көп акча болушу мүмкүн. Анткени ал жакта долларлар да бар, «алдаса болот жаш башты» дегендей мени алдап, жатышкандарын карасаң. Ме буларга жөндөн жөн эле алдата койбосмун. Же чын эле мени өлтүрүп коюшса эмне кылам, жок өлтүрө коюшпас. Биринчи кезекте аларга акча керек. Акчанын дайынын билишмейинче мени өлтүрүшпөйт. Азырынча өткөн сөзүмдү айтып эле кайталап тура берейи, балким мага ишенип алышаар. Анда эле тигил кишисинин ишинин бүткөнү, ошондон көрүп калышат». Көп өтпөй эле тигилер кайрадан пайда болушту, өздөрү менен кошо кыпкызыл болгон аялдын көйнөгүн алып алышыптыр.
— Анан биз кеткенден кийин муну которунуп кийинип ал. Сыртка эркиндикке чыкканда кереги тиет. Кана кандай чечимге келип токтодуң, жакшылап ойлондуңбу кечөөгүнкүнү…
— Ойлонгондо эмне, мен болгон чындыкты кечөө күнү эле айттым го, эч кандай акчаларды мен алган эмесмин. Болгону кечөөкү кишиңер мен дарбазадан сыртка чыгарып жиберген. Бир таңгак түгүл, бир сом акча да берген эмес, болгон күнөөнүн баарын менин мойнума илип, өзү сүттөн ак, суудан таза болуп чыга келди. Эгерде менде акча болгондо ушинтип жүрмөк белем. Мен чынымды айтып жатам, алган жокмун силердин акчаңарды.Диананын бет маңдайында тургандарынын жүздөрүнө өзгөрүү кирип, мостоюп калышты. Бир аздан кийин такырбаш, мурутчан кишиси акырын кабагын чытый үн катты.
— Болуптур, сени менен жакшылыкча сүйлөшө албайт окшойбуз. Акчаларды кайда катканыңды кийинчерээк өзүң сайрап айтып бересиң, — ал артына шарт бурулду да шаты менен өйдө карай чыгып кетти эле калгандары анын артынан ээрчишти. Өзүн кайтарып турган томолок киши башын чайкай кейип койду.
— Бекер кыласың сулуу кыз, баары бир айттырып алышат. Аябай көрбөгөн азап-тозокторду көрүп, анан айтканча азыр эле айтып койсоң болмок, өзүңө жакшы кылмаксың. Менин дагы бир жолу эскертээрим сага, пока кеч боло электе айтып кой, болбосо өзүңө эле жаман болот, — ал чыгып баратып өзүнчө сүйлөнө тор капкакты кулпу менен бекитип жатты. Ошондон кийин алардын мамилелери өзгөрдү. «Ойлондуңбу? » дешип кез-кез бир келет, анан жоопту укпаган соң кайра кетип калышат. Диана да көк беттенип камалып жата берди. Тигилер да ачууланыша тамак бергенди уламдан-улам азайтып баратышты. Мурун бир күндө үч маал берсе, бара-бара эки маал бергенге анан бир күндө бир эле жолу бергенге өтүштү. Анан суу менен нандан башка эч нерсе бербей калышты. Алар акырындап коркутуп-үркүтүп сынаганга өтүштү. Бир күнү түн ичинде уктап атса тигилер он чакты килейген келемиштерди үстүнөн таштап жиберишиптир. Эмне кылар экен дешип акырын үстүлөрүнөн акмалап турушту. Алар Диананы азыр бакырып, бизди жардамга чакырат деп ойлогон, бирок андай болгон жок. Диана келемиштерге көнүп, алардан коркпой калган. Ордунан атып туруп, жакын келгендерин эле буту менен жалпайта, былчырата тээп атты. Эки саатка жетпей баардыгын өлтүрүп салды да эч нерсе болбогондой кайра жатып алды. Эртеси келемиштердин бардыгын чогултуп, бурчка үйүп койду. Өзүн ар кандай нерсе менен коркутуп-үркүтүп сынаарын сезген Диана бардыгына даяр болуп турду. Эки-үч күндөн кийин жыландарды ыргытты эле матрацты алардын үстүнө таштап үстүнөн жалпайта тебелеп таштады. Нервин текшергени чыйылдак нерселерди бир күн кечке чыйылдатып коюп коюшту эле кулагын басып, көзүн жумуп жатып алды. Булардан майнап чыкпасын сезген тигилер эми айдан ачык эле коркутуп-үркүтүп, сабап, башына желим баштык кийгизишип, тумчуктурушуп адам көрбөгөн кордуктарды көргөзө башташты. Бир күнү үч адам келип аз жерден зордуктап да коё ташташты. Алиги такыр баш кишиси келбегенде зордуктап коюшу да мүмкүн болчу. Ал келе калып тыйып койду. Же атайын жасаштыбы ким билет. Коркутуп-үркүтүп атып акыры тажашкан соң аны жайына коюшту. Ага келип эч кимиси көңүл да бөлбөй калышты. Алиги томолок киши кез-кез келип итке ыргыткансып үстүнөн тамак ыргытып коёт. Ошол боюнча эртеки же эки күндөн кийин келет. Ошентип Диана ордун ичинде эки жарым айдан ашык жатты. Төрт
тарабы бирдей болгон бетондордон башка эч нерсени көрбөйт. Ар кайсыларды ойлоп атып тажап да, жүдөп да, кыйналып да кетти. «Чын эле мен эмнеге өзүмдү өзүм азапка салып кыйналып атам, андан көрө алдап, булардын өздөрүнүн баштарын айлантып көрбөймүнбү, балким ошонумдан бир натыйжа чыгаар». Диана акырын ордунан тура, алиги топтоголок болгон кишини кыйкырып өзүнө чакыра баштады. Эки жарым айдан бери жер алдында жатып ушунчалык тажап, жүдөп, арыктап, аябай кыйналып кеткен эле. Бир маал тамак алып келгени болбосо ага эч ким келчү эмес, өзү менен өзү сүйлөшүп эле ар кайсыларды ойлоп отура берчү. Тажаганда өзүн алаксытмакка уктачу, бирок күндүзү уктап алса түнкүсүн уйку жок болчу. Төрт тарабы кыбыла бетон жер төлөдө отуруп айласыз ары-бери басчу. Баскандан тажаганда отурчу, анан тигилер таштап кеткен матрацтын үстүнө жата ар кайсыларды ойлончу. Акыры баарынан тажаганда ушундай чечимге келген. Жер үстүндө эмне жаңылык болуп атат эч нерсесин билчү эмес. Жарык дүйнөдөн таптакыр алыстап башка дүйнөдө жүргөндөй болчу.
— Ээй, ким бар ары жакта!
Анын кыйкырыгына эч ким жооп берген да келген да жок,баары тымтырс, сыягы бул жер төлө кандайдыр бир чоң үйдүн ичинде ал эми үй болсо сыртынан кулпуланып бекитилген окшойт. Диананы бул жер зынданга алып келатышканда көздөрүн да колдорун да таңып ташташкан. Кандай киргенин билбейт. Кыйкырып атып тажаганда кайра шалдайып отуруп калды. «Чын эле акчалар каякка жашырылды болду экен? Мен өзүм билбейм да аны. Ташкендин кайсы бир люгунан издейм аларды, булар менин арамзаланып айтканымды билип калышчу болсо эмне кылам. Анда ого бетер өчөшүп, ого бетер көрбөгөн кордуктарды көрсөтүшү мүмкүн. Дегинкиси аябай аяр, сак болоюнчу өзүмө-өзүм балээни үйбөй».
Уландысы бар.