Туткун кыз 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

11-БОЛУМ

КАЙРАДАН КАПАСТА

 

Айлана өлүү жымжырт, тымтырс болуп турду. Эмнегедир тигилер гараждын жарыгын өчүрбөй кетишти. Таманы цемент, сыз жерде он, он беш мүнөттөй жаткан соң Диана машиненин алдынан сойлоп сыртка чыкты. Тепкич менен көтөрүлө кайра экинчи кабаттагы мурунку ордуна барды. Алиги капкакты ачып төмөн жакка

көз жүгүрттү, электр жарыгы өчүп алиги үчөө эбакта эле кетип калышыптыр. Сыягы жанагы машинеге түшүп кетишкен ошолор окшойт. Капкакты чоң кылып ачып жиберди да темир шаты менен төмөн карай түшүп келди. Сактана айланасына бир сыйра көз жүгүртүп койду, эч кандай шектүү эч нерсе билинбейт. Алиги станоктун жанында жыйылып турган кагаздарга барды. Көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы, кичине бөлмөнүн ичине үстүңкү бөлүнүп келген капкактан түшкөн жарык анча-мынча болсо сөлөкөттөрдү көрсөтүп турду. Караңгылыкка көзү көрбөй жатып бара-бара көнүп кетти. Айланасына көз жүгүртө ары жакта дагы бир эшик

бар экенин көрдү. Жер алдындагы үңкүрлөрдөй болуп терезелери жок, туюк дубалдар экен. Булар эмне болгон кагаздар деп стол үстүндөгү таңгакталып турган нерселерди текшерип көрдү. Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт, акчабы, кагазбы айырмалап болбойт, бирок кагаздар станоктон жаңы гана өткөндүкүбү али жылуулугу тарай элек экен. Стол үстүнөн ширенке же кол фонарик сыйпалап издеп көрдү, колуна ар нерселер урунуп жатты, аркы бөлмөдө кокусунан бирөөлөр болуп калбасын деп бөлмөгө жылып барды. Ал бөлмө кичине дагы эшик-терезеси жок туюк экен. «Кызык тигил үчөө каяктан чыгып кетишти? Сыртка чыга турган эч кандай эшиги да тешиги да жок экен, же тигил алиги мен кирген үстүнкү капкактан чыгыштыбы? Менин оюмча алар гаражка тепкич менен төмөн карай түшкөндөй болушкан жок. Төмөн жактагы эле эшиктен чыгышты. Кайра берки бөлмөгө келип, столдогу сурмаларды ачып аңтарып жатып тамеки күйгүзгүч «зажигалка» таап алды. Аны күйгүздү да жарыгы менен стол үстүндөгү жыйылып турган кагаздарга барды. Акчанын беш-алты түрүн көрүп таңгакталганынан көздөрү бакырайа түштү. Казактын теңгелери, кыргыздын сомдору, орустардын рублдары, өздөрүнүн өзбектердин сумдары, атүгүл Америка долларлары турат өз-өзүнчө таңгакталып, жыйылып. «Тобоо, ушунча акчаларды кантип жасап чыгарып жатышат? Бир эле акча болсо бир жөн» ар бирин өз- өзүнчө жарыкка коюп кылдат текшерип жатты. Сыягы алар ар бир чыныгы акчаны компьютерден өткөрүп алышып, анан акча чыгаргычын станоктон жасап алышат окшойт. Ал эми бул кагаз менен боёктору каяктан таап алып атышат, же тааныштары барбы?… Сыягы булар өздөрүнчө чоң контрабанда же мафия окшойт. Болбосо булардын кагазы менен боёкторун табуу кандай гана кыйын… Аңгыча күтүлбөгөн жерден желкесинен катуу кармаган кимдир бирөөнүн колунан чочуп кетип бакырып жибере жаздады. Кандайдыр бир күчтүү кол моюнунан мыжый кармап туруп төмөн карай катуу силкти эле Диана жерге оңкосунан барып сайылды. Далдайган сөлөкөт алдындагы караанды тапатак көтөрүп туруп столго отургузуп койду. Диана каршылык көрсөтөйүн деди эле катуу соккуга шалдырай эси ооп калды. Көп өтпөй эле бөлмөнүн жарыгы күйдү. Алдындагы караан аялзат экен, болгондо да алсыз жаш кыз экенин көргөндө тиги таңкала карап туруп калды.

— Сен каяктан келип калдың сулуу кыз, асмандан түштүңбү? Диана да бул каяктан келип калды деп тигиге таңгалып жаткан болчу. Ордунан козголоюн деди эле далдайган киши чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып кыйкырып коё берди.

— Ордуңан былк этпе, кымындай эле кыймыл жасасаң атып салам! Тапанчанын сүрүнөн корккон Диана бир ордунда былк этпей катып калды. Алиги далдайган киши ары жактан жип алып келди да Диананын эки колун артына кайрып туруп байлап салды. Бир нерсеси болуп жүрбөсүн дегендей башынан баштап бутуна чейин жан жерлерин бүт сыйпалап аңтарып чыкты. Анан «сотовый» телефон аркылуу кимдир бирөөлөр менен сүйлөшө баштады.

— Билбейм каяктан киргенин, үстүңкү капкактан тепкич аркылуу түшүптүр. Ооба, ким билет милициянын адамдарынан да болуп калышы мүмкүн… Көп өтпөй эле Диананын оң жагындагы дубал эки жакка ажырап ачылып, эки-үч адам кирип келишти. Эки колу артына байланып турган жаш, сулуу кыздын жанына бардыгы жабыла басып келишти.

— Бул кайдан кирип кетти бул жакка. Биздин жашыруун бөлмөнү кантип билип алды?

Алиги далдайган жигит билбейм дегендей эки ийинин күйшөй жогорудагы капкакты көрсөттү.

— Үстүңкү капкагы ачык экен, зачит ошол капкагы аркылуу үстүнөн кирди.

— Болуптур үстүнөн кирди деп коёлу. Анда үстүнө каяктан келди? Алар үстүн дагы, гаражды дагы, короо ичин дагы бардыгын текшерип чыгышты. Шектүү эч кандай эч нерсе жок болучу. Толмочунан келген башын таптакыр жалтыратып алып салган такырбаш, ак жумалынан, сулуучумак келген такырбаш киши столдо байлануу отурган кызга кайрылды.

— Чыныңды айт сен жалгызсыңбы же кишилериң барбы? Эгерде биз курчоодо болгон күндө да баары бир сени «заложница» кылып кармайбыз. Биз туткунга түшөөрдөн мурун сени да өзүбүз менен кошо ала жатабыз.

— Чынымды айтам, мен милициядан эмесмин, силер жакка кокусунан кабылып калдым…

— Сүйлөгөнүңө караганда кыргыз окшойсуң. Та-ак, айта бер кандайча кабылып калдың? — Бардыгы сактанып, шек алыша анын сөзүн угуп, карап турушту.

— Бул жакка мен соода кылып келгем. Кече кечке жуук боз улан балдарга жолугуп калып, акчамдын баарын алдырып жиберип, болгон күчүм менен алардан качып жөнөгөм. Кокусунан көчөнүн бурчуна аппак машине келип токтоду. Ичинен бир адам чыгып арткы багажынан бир нерсе алып ары көздөй басып кетти. Багажынын бекитпегенин көрүп калдым да артыман кууп келатышкан балдардан жашынганы багаждын ичине кирип бекинип жашынып калдым. Ошол боюнча ал жакта жатып көзүм илинип кетиптир, бир кезде чочуп ойгонуп кетип көзүмдү ачсам машине эбакта токтоптур. Эптеп сыртка чыгып карасам көп машинелер

токтогон гаражда экенмин, эшиктериин баары бек экен. Түн ортосунан ооп калыптыр, эч ким жок. Сыртка чыкканга эшик издеп мунун ичинде адашып жүрүп, ушул жерге кандайча келип калганымды өзүм да билбей калдым. Бери жактагылар дале ишенишпей карап турушту.

— Демек багаж менен уурданып кирдим дечи, болуптур кайсыл машине, жүр көрсөтчү?

Алар Диананы ээрчитип алиги гаражка алып барышты. Ал дароо эле өзү жаткан аппак жумурткадай болгон машинени көрсөттү. Анын ичинде кантип жатканын, кантип ачканын атүгүл машиненин ичине кирип колбаса, нан жегендеринен бери көрсөтүп айтып берди. Бирөөсү дале ишенбегендей өзүнчө сүйлөнүп жатты.

— Мындай болушу мүмкүн эмес, бул деген шефтин өзүнүн машинеси да. Чыныңды айт, бул машиненин багажына кайсыл көчөдөн түштүң?

— Ме бул жакка биринчи жолу келишим, Ташкендин көчөлөрүн жакшы тааныбайм.

— Соода кылып өзүң жалгыз келдиң беле?

— Жок, кыздар бар болчу. Соодабыз бүткөн, алып келген нерсебизди жаңы эле сатып бүтүп кайра кетебиз деп жатканбыз. Анан дүкөн жакка үйгө бир нерсе алам деп бара калып, алиги топ балдарга кабылып калып жатпаймынбы… Диана баары бир канчалык жанталашса да тигилер ишенишкен жок.

— Болуптур, дагы шашпай сүйлөшөбүз. Эртең шефибиз келет, өзү шашпай сени менен «разборка»  кылат. Кыскасы бул жактан экинчи чыкпас болуп каласың же өлүгүң чыгат. Биякка чоочун адамдардан бир да бирөө кирген эмес, а эгер кирсе кайра эч убакта сыртка чыкпайт, биздин шерт ушундай. Шеф эртең келет, ага чейин муну ушул жерде кармап тур…, — келгендер кайра кетүүгө камынышты.

— Жарайт, — алиги далдайган киши кызды кайтаруу милдетин өз мойнуна алып, тигилерди узатып барып келди. Станоктун алдындагы тегерек айлампаны айлантканда дубал кайрадан экиге бөлүнүп ачылып, тигилер Диананы бир карап алышып ар жакка өтүп кетишти. Далдайган киши тегерек айлампаны кайрадан айлантып койду эле дубал акырын жылып келип биригип калды. «Вот в чём дело, булар кантип чыгып кетишкен деп баш оорутуп жатса, көрсө дубал ачылат турбайбы…»  Диана кеткендерди унчукпай узата

карап турду. Далдайган киши ырсалактай бери басып келди.

— Капканга алыстан учуп келип кабылган куш экенсиң го. Баса айтмакчы, кокусунан сен биздин шефтин ойношу эмессиңби ыя. Эртең анан ызы-чуу салып жүрбө бизге, ха-ха-ха! Кана айтчы бутуңду да таңып коёюнбу, же… тынч отурасыңбы? Болуптур тынч отурсаң ушул боюнча отура бересиң тигилер келгенче. Шефтер эртең менен саат тогуздарда келет. Али төрт саат бар. Ал азыр сен жөнүндө эч нерсе биле элек.

Анын тынчын алгыбыз келген жок.Сенин маселең чатак болуп турат, өлтүрүп коюшу да мүмкүн. Сендей

сулуу кыздар өлүп калса албетте жалка. Диана эмне кылар айласын билбей жатты. Биринен эптеп кутулса дагы бир экинчисине туткунга түшүп калганына жинденип отурду. «Мени эмне эле кырсык тороп калган, тигилерде качсам милициялар, милициялардан качсам булар. Эми булардан кантип кутулуп кете алам. Тигилерден да булар жаман да, жашыруун сырларын билип алдым. Чын эле алиги киши айткандай

менин жөн гана көзүмдү тазалап коюшу мүмкүн. Эми булардан кантип кутулам, же тигилердей кылып мени да пайдаланышабы?  Же өткөндөгүдөй болуп качуунун бир жолун таап көрсөмбү?»

— Мен туалетке баргым келип атат.

— Я де… Бизде туалет жок, чыда шефтер келгиче…

— Жок, чыдай албайм.

— Болуптур жүрү, — ал Диананы колдон ала кайдадыр жетелеп жөнөдү. Кууш кичине эшикке келди да токтоду.

— Ушунун ичи туалет, бол кирип чык.

— Колумду чечпейсиңби?

— Болбойт эптеп жолун тап, же штаныңды мен шыпырып берейинби, ха-ха-ха, болуптур бери кел, — ал Диананын артына байланган колун чечип өзү сыртта калды.

— Бат чык, эшикти ичинен илбе!

— Ажаткананын ичине кирген Диана дароо эле качканга тешик бар бекенби дегендей терезелерди издеди. Эч кандай терезе жок, бек экен. Үмүтү үзүлө шалдая туруп калды. «Эмне кылсам?» Кокусунан бурчта тикесинен жөлөнүп турган темир түтүктү көрө коюп кайрадан үмүт оту «жылт» этти. Аны акырын артына ката сыртка жөнөдү. Далдайган киши бери жакка далысын сала ары карап туруптур, дабышка бери бурула бергенде Диана болгон күчү менен керилип туруп тигини баштан ары удаа- удаа эки-үч жолу басып-басып алды. Тигил сөз сүйлөгөнгө дарманы келбей жерге оңкосунан сайыла, кулап түштү. Дагы ордунан туруп келатканда керилип туруп темир түтүк менен дал төбөгө чапты, ошондо гана далдайган киши жерге кулаган боюнча былк этпей калды. Бир аздан кийин жарылган башынан сызылып кан ага баштады. Канды көргөндө Диана колундагы темир түтүгүн таштап жиберип, өзүнүн канкордугуна таңгала, көзүн алайта, артка кетенчиктеди. Бир аз дендароо боло туруп калды, анан бирөөгө ийне сайгандай «селт» эте түштү. Эсине келе дароо чочулай эки жакты карады. Саат беш жарым болуптур, эмнегедир куугунчулар келаткандай шашкалактай баштады. Эмне

иштээрин билбей ары жүгүрүп, бери жүгүрүп токтоп, өзүн-өзү кармоого аракет кылып көрдү. «Мен эмне эле шашкалактап жатам, али үч жарым саат бар го. Шашпай ойлонуп иш кылайынчы…» , ал бир аз турган соң биричи кезекте эле жерде башынан кан сызылып агып сулк жаткан кишини байлап салууну эп көрдү. Антпесе ал эсине келчү болсо иш чатакка айланмак. Ары жакта жаткан өзүн байлаган жипти алып, тигинин колун артына кайрыды да чече алгыз кылып катуу байлап таштады. Анан дагы жип таап келип буттарын да бириктирип байлап салды, эсине келсе кыйкырбасын дегендей оозун да чүпүрөк менен таңып таштады. Бул жактын кожоюндары келгиче көздөн кайым болуп кетиш керек болчу. Бери жакта турган тегерек айлампаны айлантып көрдү эле дубал экиге бөлүнө эки жакка ажырап ачыла баштады. Аркы бөлмөнүн эшиги бар экен, ошол эшик аркылуу чыкты. Анын эшиги болсо мурункудай эле бек, ал эми короонун ичиде болсо бош жүргөн дөбөт иттер. «Эх, эми эмне кылам?» — Ал кабагынан каар жаадыра башын мыкчып отуруп калды. «Кой урушта туруш жок, минтип шалдайып отура берсем, точно тигилердин туткуну болом, андан көрө аракетке берекет» дегендей аракет керек. Диана сыртка чыкканга эшик издей баштады. Терезелердин баары темир тор экен. Үстүнкү кабатка көтөрүлүп терезелерин тартып ачып көрдү, темир терезелерден өткөнгө мүмкүн эмес болчу. Капкакты ачып кайра мурунку ордуна төмөн түшүп келди, тигил дале былк этпей жатат, башынан сызылып аккан кан полго жайылып кетиптир. Диана ага көңүл да бөлгөн жок, эс- дартынын баары эле сыртка

чыкканга эшик же тешик табуу болчу. Бөлмөлөрдү, коридорлорду бүт кыдырып чыкты, темир каалгаларынын баары кулпулануу.  Кулпуларын темир менен ургуласа тарсылдаган үн чыгып, иттер арсылдап үрүп, сырт жактан жетип келип кармап алышы мүмкүн болчу. «Чын эле балким бул короонун сыртында көзөмөлчү- кароолчулары бардыр, «сактыкта кордук жок», кой сак болоюн». Кууш коридорлорду, бөлмөлөрдү

кыдырып чыккан соң кайра үстүңкү кабатка шаты менен көтөрүлүп чыкты. Бул жерлерди бир сыйра текшерип чыккан болчу. Жогору жагындагы шыпкада чатырга чыкчу капкагы бар экен, кеминде эле беш метр бийиктикте.  Төмөн жактагы темир шатыны тартып алды да жогору жакка коюп көтөрүлүп чыкты, акырын

астынан түртүп көрдү эле капкак көтөрүлүп, ачылып кетти. Жыгач жащикке бир нерселер салынып тизилип коюлуптур, ага көңүл бөлгөн жок. Караганга убактысы да жок болчу. Алардан ары өткөндө узун төмөн карай тепкичтер бар экен. Ошол тепкич менен кайра төмөн карай түшүп кетти. Бир топ төмөн түштү, анан кайра кууш коридор менен жүрүп отуруп кандайдыр бир ичи кенен залга кирди. Сыягы бул жер мурун цех окшойт, эски станоктор турат тизилип. Ал жактан да чыкканга мүмкүнчүлүк ала албай койду. Бул цех көптөн бери иштебегендики билинип турат. Анткени цехтин ичин, станокторду ч басып кетиптир. Эшиги болсо ичинен беш-алты кулпу менен бекилиптир.  Кулпуларды сындырууга аракет кылып көрдү эле күчү жетпей койду. Тырмалаңдап ары жулкуп, бери жулкуп отуруп өзүнүн алсыздыгына ызалана колунун ооруганына карабай кулпуну эки-үч жолу чаап жиберди. «Сыягы даана капаска түшкөн окшойм. Тиги гараждагы машинелердин бирөөсүн от алдырып, дарбазасын талкалай сүзүп, айдай качсамбы?.. Биринчиден машинени от алдырганды, айдаганды билбейм, экинчиден анда бат эле кармалып калам, кууп жетип алышат. Эң башкысы тигилерге билгизбей, көрүнбөй качып кетиш керек болуп жатат». Кайра чатырга көтөрүлүп

чыгып, машинелер турган гаражка келди. Чет элдик жети машина тизилип турган. Бардыгын бир сыйра карап текшерип чыкты «буларды баары бир айдап чыга албайм» кокусунан ал чоң ак машинанын алдында турган

тегерек темир капкакты көрдү. Дароо жетип барып ичин кулагы менен тыңшады эле суунун шылдыраган үнү угулуп жатты. «Демек суунун түтүгү бар экен да бул жерде». Машинеден башы жумуру келген темир ачкыч алып келди да бир топко убараланып жатып эптеп ачып ары көздөй жылдырды. Суунун тамчылаган үнү

угулат, төмөн жагы көрүнбөйт караңгы. Тигил киши жаткан бөлмөгө чуркап барып, столдордун сурмаларын аңтарып жатып колфонарик таап алды. «Кудай буюрса ишим оңолот окшойт» ал өзүнчө сүйүнүп койду. Саатты

караса алты жарым болуптур, дээрлик бир сааттай сыртка чыкканга эшик издеп убараланыптыр. «Эми тигил жакта өткөөл болсо экен» кол фонариги менен төмөн жакка жарык берди эле жер алды менен эки кулачтай

келген чоң темир түтүк өтүптүр. Ичине түшүп эки жагына көз жүгүртүп көрдү. Темир түтүктүн үстү менен сойлоп жүрүп отурса болчудай экен. Түтүктүн үстү менен он кадамдай сойлоп барды, анан бир нерсе эсине түшкөндөй тык токтоду да кайра арты менен сойлоп ордуна келди. Үстүнө чыгып акча жасап жатышкан

бөлмөгө баш бакты. Тигил киши өлүп калган жокпу деп кол тамырын кармап, жүрөгүн тыңшап көрдү. Акырын дем алып жатканы билинип турду. «Демек тирүү экен да, кайра жакшы болду, киши өмүрүнө бөөдөдөн-бөөдө забым болуп кала жаздадым» . Эсине келсе айланасындагыларды көрбөсүн деп ары жактан башына кара баштыкты кийгизип таштады. Дагы бир кара баштыкты алып стол үстүндөгү ирети менен жыйылып турган акчалардын бардыгын батышынча кара баштыкка салып артына асынып байлап алды. Стол үстүндөгү

акчалардын төрттөн бир бөлүгү азая түштү. Алардын ичинде казактардын теңгеси, өзбектердин суму, кыргыздардын сому, рубль, доллар баардыгы аралаш болчу. Алиги тегерек айлампаны акырын бурап туруп, дубалдар бири-бирине жакындап жылып келатканда жабыла электе ары жагына жүгүрүп өтүп кетти. Дубалдар бири-бирине биригип жабылып калды. Диана артын бир карап койду да машинанын артындагы капкакка жүгүрүп келди. Анан шашыла төмөн түшүп үстүндөгү капкакты мурункусундай кылып жаап салды.

Заматта жер алды капкараңгы эле боло түштү. Кол фонаригин күйгүзүп алып өтө эле кууш кичинекей өткөөл аркылуу чоң темир түтүктүн үстү менен сойлоп жөнөдү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️