Турмуш барактары 4 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=39134&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУРМУШ БАРАКТАРЫ.

Тортунчу болум.

 

Осмондун бир аз болсо да мага болгон мамилеси озгорулуп калгандай. Ал мага жылуу соз айтпаганы менен мурдагыдай эле ашыкча создору менен мени капа кылып ыйлатпай калды. Боюмда болгон учун да ошентип жатса керек. Анын устуно ага ата-энеси да мени катуу дайындашпадыбы? Кээде ал атайын мага деп кычкыл даамдарды алып келип журду. Андайда менин ага ичим жылып кубанып калчумун. Бирок ал мурдагыдай эле уйго кобунчо кеч келип журду. Кеткенде кетип, келгенде келип дем алыш майрам кундору тун бир убакта мас болуп келип, кээде уйго келбей тунобой да койчу болду. Ошентип кундор ото берди. Алдыда жаны жыл кундору жакындап келаткан. Бир куну мен жумуштан келатып болмобузго ылайык балаты сатып алып аны уйдун бурчуна коюп жасалгаладым. Оюмда жакшы ниет менен быйыл жаны жылды жакшы тоссок экен деп жаттым.

Ошол куну элдин баарынын маанайлары которунку, кайда барба адамдар бирин-бири куттукташып колдоруна белек бекчектерин которунушуп, кээлери тугойлору менен балдарын кошо ээрчитип журушту. Мен да элден калышпай кундуз куну магазинден бир аз алчуларымды алып, кайтарымда Осмонго белек алууну ойлодум. Эмне алаарымды билбей жатып, акыры ага бир жакшы одеколон тандадым. Ошентип уйго келип озум жалгыз болмодо столдун устун колумдан келишинче даамдарга толтуруп, Осмонду кутуп отурдум. Кечки саат он болду ал дагы деле жок. Он бир болду, дагы убакыт бар келип калаар деген умутто телевизорду сайып алып аны куто бердим. Жок ал келбеди.

Саат он эки болуп телевизордон Кремль саатынын конгуроосу дангырап кагылып жатты. Анын уну менен кошо менин журогум тилинип коздорумдон шорголоп жашым куюлуп агып кетти. Ошондогу менин абалымды силерге соз менен жеткирип бере албасам керек.? Мен ойлогом. Осмон азда болсо ойлоноор. Кантсе да экообуздун ортобузда бала жаралганы жатпайбы! Ал жок дегенде жаны жылды мени менен чогуу тосоор дегем. Жок андай болбоду. Арыма келдим. Чындап эле анын мага конулу жок экенине эми чындап ынандым. Ал ата-энеси учун гана мойнунан байланган иттей болуп мени менен жашап жургонун бул жолу чын журогумдон сездим. Аны менин боюмдагы бала да имербеди… Озумчо капа болуп кайгырып катуу ойго чомулуп отурсам эшикти кагып кошунабыз Рая куйоосу экоо кирип келишти. Менин жалгыз отурганымды, онумду коргон алар мен айтпасам да баарын тушунушту. Столдун устундогу шампанды ачышып, Рая куйоосу экоо менин конулумду жубатышып жакшы тост айтышты. Мени сооротушту.

Журоктон чыккан каалоо тилектерин билдиришип бир аз суйлошуп отурган сон алар да болмодон чыгып кетишти. Ошентип ал туну озум жалгыз калдым. Телевизор коруп канча алаксыганым менен ичимден озумчо тагдырыма таарынып капа болуп отурдум. Мындан ары жашоомду кандай кылаарымды билбей башым катып жатты. Ошол учурда чындап эле баарын жыйнаштырып айылга кетип калгым келди. Качанга чейин ушинтип Осмонго жалдырагансып жашамак элем! Чындап эле аны да туура тушунуу зарылдыр. Каалабаган адамы менен жашоо ага да кыйын болуп жаткандыр. Бирок ата-энемдин алдына ичимди чардайтып кантип кирип барам? Эмне деп барам? Осмон мени тоотпой, озуно тенебей койду деп барамбы? Барып алып эмне ата-энемдин уйундо тороймбу? Эл анда эмне дейт? ……….

 

Ошол бойдон Осмон экинчи январь куну кечке жуук уйго кирип келди. Ал келээри менен душка тушуп чыкты да эч нерсеге конул болбостон жатып алды. Жатаары менен анын коздору сузулуп уйкуга кетти. Мен да ага эч нерсе дебедим, эч нерсе сурабадым. Эмне да демек элем. Унчукпай эле анын чечкен киймдерин жууп келип, эртенки кийчу кийимдерин даярдап илгичке илип койдум. Бирок эрте менен ордумдан козголбодум. Эрте менен туруп ага чайын алдына коюп, тамагын бербедим. Ал да унчукпай эле озу кыбырап эптеп бирдеме кылып эртен мененки чайын ичти окшойт.

Ал бир убакта кийинип жаткандай болду. Мен жаткан жеримден акырын козумду ачсам ал кузгунун астындагы текчедеги кечээки мен ага деп алган Одеколонду колуна алып тиктеп турган экен. Мен кайра эле козумду жумуп алдым. Ал кийинип алып уйдон чыгып кетти.

 

Кийинки кундору менин конулум аябай чогуп журдум. Жашоо мен учун ушунчалык кызыксыз болуп, бул дуйного эмне учун жаралдым экен?! деп, озумо озум нааразы болуп жаттым. Осмондун тамак ашын даярдап, кийимдерин жууп тазалап койгонум эле болбосо, мен да ага анча конул болбой калдым. Озумон озум эле, мен да ага суз мамиле жасай баштадым. Экообуз тен уйдо чогуу болуп калган кезде кобунчо унсуз журо берчу адат таап алдык.

Ошол кундору мага Раянын аябай чон жардамы жана таасири тийип журду. Ал мени боюнда бар кезде конул чоктуруп, капа болбоо керектигин коп айтып, озунду жакшы нерселер менен алаксытканга аракет жаса дей берчу. Кээде ал мени атайын ээрчитип алып жакшы театрларга, кинолорго алып барып калчу. Бир жолу мен аны тушунбойм! дегениме карабай, Рая мени болбой жатып опера жана балет театрына алып барды. Омурумдо андай жерде биринчи жолу болушум! Бирок чындап эле ошол учурда жан дуйном кыйналып жургонгобу, ал жердин музыкалырына берилип, жакшы эс алып кайттым. Анын устуно Рая ага чейин эле озунун Операга кызыгаарын айтып, ал жонундо мага коп тушундурмо берип жургон эле. Кээде телевизордон жакшы беруулорду коруп, Рая айтмакчы коп эле жеке жашоомдогу кыжаалатчылык ойлорду оюума албаганга аракет жасап журдум. Барган сайын менин бул мунозумду Осмон да байкап бараткандай. Ал кээде жумуштан келгенде тамак ашын алдына коюп берип, озум берилип телевизор коруп отуруп алчумун.

Же Раяныкына кирип кетчумун. Кээде ал келгенде мен уйдо жок боломун. Мен анда Рая менен киного, же театрга кочого кеткен боломун. Кээде бизди Раянын куйоосу да ээрчип алчу. Ошентип учообуз шаракташып конулдуу эс алып кайтчубуз. Анын устуно мен ал убактарда иштебей эле уйдо отуруп калган болчумун. Ошондуктан да мен кобунчо атайын Раялардын жумуштан келээрине жакшы даамдуу тамактарды жасап, духовкага самса пирогдору бышырып даярдап турчумун. Анан да мен кондитердик цехте иштеп журуп, ал жерден да коп нерселерди бышырганды уйронуп албадымбы. Рая куйоосу экоо жумуштан келишээри менен, менин жасаган тамактарымды тамшана жеп учообуз кызык кептерге кирип суйлошуп отуруп калчубуз.

Кийинки кундору Осмон да мурдагыдай коп кочого тентибей калды. Же менин айы кунум жакындап жатканга ошентип жатабы ким билсин? Сыртымдан билдирбегеним менен мен деле анын баскан турганын озумчо ичимден байкаштырып коюп журдум. Бир куну Рая, куйоосу, болуп учообуз кочодон кеч келсек ал уйдо отуруптур. Мен унчукпай эле сырт кийимдерди чечтим да кайра эле Раяныкына жоноп калдым. Ал мени тиктеп отурган окшойт эле. Мен эми эле эшикти кармап ачаарда

— Каякка?! деди Осмон

Мен ошол турган жеримден эле башымды ага буруп, аны унчукпастан тиктеп туруп калдым.

Осмон бир аз ачуусу келгендей менден сурады,

— Каяк-ка жонодун? Ушуга чейин каяк-та журуп келдин?!

Мен ага тан калгандай тур корсотуп

— Анын сага эмне кызыгы бар? дедим

Ал ордунан туруп келип эшикти жаап салды да .

— Эркингул.., жон койсо акыркы кундору эмне эле болуп жатасын? Унчукпай койсо такыр эле мени козго илбей калдын да? деди

— Сага эмне болду Осмон? Жакшы элесинби? Ден-соолугун жайындабы? дедим мен, анын коздоруно тан калыштуу тигилип.

Экообуздун коздорубуз тиктешип туруп калдык. Осмон бул ирет дагы, менден коздорун алып качып тартып кетти. Ал унчукпай барып стулга отуруп жатып

— Чай кой, менин курсагым ачты! деди кабагыны чытып.

Мен аны бир азга унчукпай тиктеп турдумда ага чай даярдай баштадым. Ага жооп кайтарбадым. Себеби мен бирдеме десем эле уруш чыгып кетээрин сезип турдум.

Эртеси куну бул тууралуу Раяга айтып берсем ал кулуп эле,

— Эркина мына коросун го! Мени айтты дейсин, баары жакшы болот. Сен озунон озун эле чогуп ыйлай бербей, жашоон учун акылынды туура иштете билуун керек! деп мага бир козун кысып койду.

Ошол кундон кийин Осмон да кобунчо жумушунан уйго оз убагында келип журду. Кээде кечки тамакты Раялар менен чогуу тамактанып да журдук. Ошондой кундордун биринде Осмон мени Раянын куйоосунон кызганып да отту. Ал киши барпандаган ичинде кири жок жакшы адам эле. Менин духовкага бышырган самса, пирогдорумду ал тамшанып жатып аябай мактап жечу. Анан да ал мени Осмондун козунчо » Аял деп ушуну айт!» Чыныгы сулуу аял озун ашканада гана корсото алат! деп жатпайбы.

Ошондо Осмон аны унчукпай эле бир тиктеп койгонун байкап калган элем.

Кечинде жатаарда Осмон мага

— Тиги Раянын куйоосу сага эмне эле жагыналбай журот, десе болобу..?

Бул созду угуп аябай кызыктай болдум. Бир жагы Осмонго кулкум келсе, бир жагы анын мени кызганып жатканына ичим ыссый тушту.

— Койчу Осмон жаш баланын созун суйлобочу дедим, мен ага кулкум келе.

Осмон да суйлоорун суйлоп алып, кайра озу бир аз ынгайсыздана тушту окшойт. Бирок ал Раяларга коп жакындай берчу эмес. Эмнеге экенин билбейм. Же жаны-жыл кундору мени жалгыз таштап кеткени учун алардан тартынып журобу, тушунуксуз?

 

Ошентип март айынын этегинде мен уул тородум. Суйунгонумду айтпагыла. Жыйырма сегиз жашымда Эне болуу бактысына ээ болдум. Кубанычымда чек жок! Уйлонгонубуздон бери биринчи жолу Осмондун колунан гул алдым. Ал кундору мен аябай бактылуу журдум. Осмон бизди род.домдон чыгарып келгенден кийин, бир куну бизге ошол шаардагы кыргыз досторубуз келип отуруп кетишти. Алардын бир экоосун буга чейин коргон болчумун, Осмон менен уйго келип кетишкен эле. Ошол куну алардын аялдары менен тааныштым.

Чынында Осмон да уулдуу болгонуна кубанып жатты. Уулум экообуздун кыркыбыз чыкканча ал бизге жакшы эле карап жатты. Ал жумуштан келээри менен манежде жаткан уулун бир жыттап алып, анан тамактанганы отурчу. Байкашымча Осмон да баласаак болот окшойт. Же ал да эми балалуу болгонго ушинтип жатабы ким билсин? Ошентип биздин жашоо уланып жатты. Осмон экообуздун ортобуздагы мамиле жон гана болчу.

Мен аны ичимден канчалык суйуп, ага эркелегим келгени менен ага батына алчу эмесмин. Же башынан ага конбогондукубу билбейм. Осмон болсо мага такыр эле эч нерседен сыр бербейт. Ал мен торогон кундору деле ашыкча суйунгонун билдирбеди. Уулдуу болдум эле деп ичип алып, мас болуп достору менен жууп майрамдаганын деле байкабадым. Бирок кундор отуп отуруп Осмон дагы эски адатына тушо баштады. Ал жумуштан кеч келгени аз келгенсип, кээде уйго тунобой да калды. Акыркы кундору ал жонундо эмнени ойлонушту да билбей калдым. Акыры чыдабай бир куну ал менен жакшылап суйлошууну чечтим. Кычагандай ал да ошол кундору туура бир жума уйго келбей койсо? Оюм ар нерсеге кетти. Же чындап эле анын башка уй-булосу барбы? деп да ойлоп кеттим. Антейин десен ага да окшобойт. Осмон мага коп айтып калчу эле: Орустар айтмакчы, тебе павезло Эркингул! деп. Себеби ата-энем мени оруска уйлонуп албасын деп коркуп, алардын максаты эптеп эле мени уйлош болуп жатканда классташтар сени мага качырып салышпадыбы!

Ошондуктан да ата-энем сенин козунду карашат. Апам башка келиндерине окшотуп сага бир да кайненелик кылбады, деп калчу.

Анан аргасыздан ойлоп кетет экенсин. Бул жерде мен билбеген бир сыр болсо керек деп. Аны кайненемдер да жашырышып мага айтышпайт ко? Анын устуно менин баамымда Осмон да мени менен жашаганга жакшы эле аракет жасагандай туюлчу. Бирок кайра эле баягы адаты кармап калат. Же аны кыз жандуу дейин десен, Осмон андай деле тушунугу томон женил балдардай эмес. Чындап эле башым эч нерсеге жетпей, баары тушунуксуз болуп жатты.

Ошентип бугун жетинчи кун дегенде Осмон уйго кирип келди. Ага алдына тамагын берип жатып кайда жургонун сурадым. Ал унчукпай эле

— Командировкада журдум деп, кунк этип койду.

— Эмнеге мага эч нерсе айтпадын?

— Сага айткан, айтпаганда эмне!

— Ал эмне дегенин Осмон. Макул бир жума командировкада болупсун. А калган убактардачы? Буга чейин бир кун, эки кундоп кайда журдун? Ага эмне дейсин?

— Сен эмне эле мени анчалык сурак кыла баштадын? Же эмне уулду тороп берсем эле болду, Осмон менин эрим деп жатасынбы?

— Эрим болбогондо анан кимсин мага Осмон? Айтчы, мен сага киммин? Акыры бардык нерсенин чеги болуш керек да! Болду, жетишет! Мен башка мындай жашоого чыдай албаймын….. !

Мен буркурап ыйлап жибердим. Осмон мени унчукпай тиктеп тура берди да

— Эркингул, сага айтып коёюун. Экинчи мага мынтип унунду которчу болбо. Анан да эсинде болсун, мындай жашоого сен чыдайсынбы, же жокпу ал оз эркин. Болду мага башка суйлоп башымды оорутпа!

Ал унчукпай тамагын жей баштады. Мен да башка суйлободум. Оо бир топто барып

— Осмон, суранам сенден. Бул нерселер башка кайталанбасынчы! Болгону сенден ушуну гана суранам…, дедим.

Ал ойлонуп эле унчукпады.

Арадан бир жума отпой Осмон уйго дагы келбеди. Бул жолу менин аргам калбады. Чыдабай калдым. Осмонду кечинде келишин куттум. Жок ал дагы келбеди. Туну менен ар турдуу ойлорду ойлоп чыктым. Качанга чейин ушинтип, Осмондун алдында басмырланып жашамак элем. Акыры мени да ЭНЕ торогон адам баласымын го! Корсо чыдоонун да чеги болот турбайбы! Мен ал менен качанга чейин ушинтип жашамак элем. Эмнеси болсо да уулумду аман-эсен тороп алдым. Эми мен жалгыз эмесмин. Аны эптеп багып чонойтуп алаармын!

Менин коз алдыма Ата-энемдин элеси тартылып, козумдун жашы кургабай агып жатты.

— Кечиргиле мени… Ата, Апа! деп алдым озумчо ичимден. Эртен мен силердин алдынарга барбасам болбой калдым!

Эрте менен уктап калыптырмын. Кун кыйла которулуп калган экен. Ордумдан туруп ойлонбостон жолго камына баштадым. Ал убакта Раяларда жумушта болчу. Айылга эсен аман жетип алсам, ага баарын тушундуруп кат жазамын дедим да, бир барак кагаёы алып Осмонго кыргызстанга кеткенимди жазып таштап койдум.

 

Эки айлык уулумду колума алып такси менен аэропортко карай жонодум. Май айынын этектери болгону менен ошол куну кун айланып жамгыр жаачудай болуп туруптур. Кассага келип кечки саат алтыларга жакын Фрунзеге билет алдым. Ал жерден жакшылап тамактанып алып, баламды эмизип отурсам бир убакта жаныма бироо келип отургандай болду. Ага деле анча маани бербей озумчо ойлонуп отургам. Анан эле жанымдагы кол сумкамды ал озуно тартып алды. Башымды буруп карасам Осмон мени тиктеп отуруптур. Аны коруп же ыйлаарымды, же суйуноорумду билбей жалдырап эле карап туруп калдым.

— Билет алдынбы?

— Ооба.

— Кана ал?

Осмон колуна кармап турган менин сумкамдын оозун ачып, ичинен самалёттун билеттин сууруп чыкты.

Мен ага тушунбой

— Аны эмне кыласын? деп сурадым.

Ал колундагы билетти мага силкилдете корсотуп

— Эч жакка кетпейсин! деди

Мен аны унчукпай тиктеп тура бердим. Козумдон жашым бетимен ылдый агылып жатты.

— Эркингул, мен сага анан баарын тушундуруп айтып беремин. Азыр жур уйго кайталы.

— Тушунбодум, эмне-ге…..?

— Себеби сен…, сен мага керексин Эркингул! Билинбегени менен сен менин журогумдон орун алып калыпсын. Ошондуктан мен сени эч жакка коё бербеймин.

— Ишенбеймин сага….

— Соз беремин сага Эркингул. Ал нерселер экинчи кайталанбайт. Баары бутту.

Осмон менин колумду кармап бекем кысып койду. Мен ага дагы деле жакшы тушунбой анын коздоруно тигилдим. Экообуз тиктешип калдык. Бул ирет Осмон менден коздорун алып качпай ишенимдуу тиктеп турду. Мен анын коздорунон жылуулукту ишеничти коруп турдум. Бир убакта Осмон ордунан тура калып алдымдагы уктап жаткан баланы колуна алды да

— Жур кеттик Эркингул. Кеч боло электе барып билетти артына тапшыралы, деди.

 

Биз кайра такси менен жатакананы коздой жонодук. Мен озумду таксиде эмес, ак булуттардын устундо бараткандай сезип турдум. Осмондун: Сен мага керексин Эркингул! Сен менин журогумдон орун алып калыпсын! Мен сени эч жакка коё бербейм! деген создорун кайра-кайра эстеп алып жаным жыргап жатты. Жакшы соз кандай жакшы! Жакшы создун жанга жагымдуу экенин айрыкча бугун башкача сезип турдум.

 

 

Ал куну Осмон экообуздун тунубуз да башкача болду. Журогундун таза сезимдерин арнашып тугойун менен козун аркылуу суйлошуп, тиктешип туруу кандай керемет! Мен бугунку бактыма мас болуп, Осмонду тиктей бирде жылмайып, бирде ыйлап жаттым. Ал да мени узун чачтарыман сылай жузумду жыттагылап, коздорумо кайра-кайра кадалып тиктеп турду.

Эртеси уйкудан козумду ачсам Осмон жумушуна кеткен экен. Мен ордуман турбай тошогумдо бактылуу жылмайып, озумду ушунчалык женил сезип турдум. Уулумду карасам ал эч нерседен бээ капар мэмиреп уктап жатыптыр. Мен кечээ куну эрте менен уйкудан кандай абалда ойгонгонумду эстедим. А бугун такыр башкача жашоого келгендеймин. Кечээ эрте менен ата-энемди эстеп жатпадым беле? Азыр да аларды эстедим. Алар мени аябай сагынышкандыр. Кудай буйруса бир айдын ичинде Осмон отпускага чыкса айылга да барып калабыз. Ошондо кайнатамдар мени уйумо торкулотушуп барышат.

Мен озумчо Осмон экообуздун ээрчишип ата-энемдикине барганыбызды элестетип алып бактылуу болуп алдым.

 

Ал куну кечке конулдуу журдум. Кечинде Осмондун жумуштан келишине салаттарды жасап, даамду тамак менен аны кутуп отурдум. Бирок Осмон кечигип жатты. Менин тынчым кете баштады. Тун бир убак болуп кетти. Акыры мен чыдабай ыйлап жибердим. Эч нерсеге конулум жок, баламды койнума алып тошогумдо сулк жатып калдым. Осмон ал туну да келбеди. Эртеси уйкудан чочуп ойгондум. Туну менен ойлонуп жатканга башым оорлошуп калыптыр. Ангыча балам тыбырчылап аны алдыма алып эмизе баштадым. Саатты карасам эртен мененки тогуз болуп калыптыр.

Эмне кылаарымды билбей озумчо ушкуруно ойлонуп отурсам, бироо келип эшикти такылдатып калды. Ким болду экен? деп, ордуман туруп устумо халытымды кийдим да барып эшикти ачсам ооздо Осмондун эки дос инилери туруптур. Алардын бироосу анын тууганы да болуп кетет. Мен аларды коруп тан кала, журогум бир жамандыкты сезгендей аларды тиктеп калдым.

Алар мага кечээ куну кечинде Осмондун оорууканага тушконун айтышып

— Жене эч коркпонуз. Баары жайында. Осмон акем азыр озун жакшы сезип калды. Сизди кыжаалат болбосун деп кечээ атайын сизге кабар бербедик эле дешти.

Мен дагы деле аларга жакшы тушунбой

— Эмнеге? Эмнеге ал ооруканага тушту? Ага эмне болду деп сурап жаттым.

Алар менин турумду коруп

— Баары жакшы жене! Сиз эч коркпонуз. Кечээ кечинде Осмон акем жумуштан чыгып келатса, алдынан жаман балдар чыгып аны сабап салышыптыр. Азыр биз сизди ооруканага алып баралы деп келдик эле, дешти.

Мен шашылып кийине баштадым. Баламды да кийинтип аны балдарга карматып эшикти кулпуладым. Журогум дукулдоп катуу согуп жатты. Жолдо баратып мен алардан кайра-кайра эмне болгонун сурап жатып, акыры Осмонго балдар бычак сайып коюшканын билдим.

 

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️