Учунчу болум.
Уйлонгонубузго эки жума болуптур. Ушул эки жума ичинде жашоо мени кайсы нукка салып, турмуштун агымы мени кайда агызып баратканына тушунбой башым катып турдум. Же мандайыма жазылган тагдырымбы? Же бул жон эле- ойдо жок жерден болгон кокустукпу? Кокустук- дегидей адамдын тагдыры ошончо копчулук адамдарга оюн болбосо керек? Классташтарыбыз деле жашы отуп бараткан бизди жакшы ой, жакшы ниет менен табыштыргандыр. Анын устуно алар Осмондун ата-энеси менен кенешип кептешип , анан ошолордун макулдугу менен болуп жаткан иш болуп жатпайбы? Ата-эне качан эле балага жаман болсун дечу эле? Бул жонундо Осмондун такыр эле тушунгусу келбегендей. Ал кобунзчо куноону мага коюп журду.
Биз аэропортон такси менен туура Осмон жашаган жатаканага келдик. Ал бир орус бала менен чогуу бир болмодо жашачу экен. Тун жарым болгон учун ал куну ошол болмодо тунодук. Эртеси куну Осмон озуно башка бир жаны болмо алып мени ошол жерге кочуруп барды. Кунго бет чон гана жарык болмо экен.
— Сен болмону бир катар тазалап жууп чыгып, иреттей бер. Менин бир аз жумуштарым бар. Кайтарда уйго керектелчу буюмдарды алып келейин деп, Осмон болмодон чыгып кетти.
Ал кетээри менен мен ишке кириштим. Болмону жууп тазалап, айылдан келген сумкалардын оозун ачып Осмон экообузго деп берилген оокаттарыбызды, кийимдерибизди ордуларына жайгаштырып илгичке илип чыктым. Жаны уйлонгондо баары жаны болот эмеспи. Экообузго деп берилген жуп чачык, шейшептер… , аларды колума алып озумчо ойлоно сылап койдум. Кантсе да Осмон менин этегимди ачкан никелуу куйоом эмеспи. Анын устуно ал экообуз бир тошокко жатып калган учун да, Осмон конулу менде жоктугуна карабай тошокто оз милдетин аткарып журбодубу.
Кечинде болмого эки колуна жык, баштыктарды которунуп Осмон кирип келди. Ал куну экообуз унчукпай эле чогуу отуруп чай ичтик. Жатаарда душка тушуп келип, курганып озумо керектуу буюмдарымды чукуланып отурсам ал мага
-Эртен эрте менен мен жумушума кетемин. Сага бир аз акча таштап кетейин. Сен эртен озун кочого чыгып жакын жердеги магазиндерди айланып келсен болот. Дагы кандай буюмдар керек болсо,, тамак ашка керектуулорун да озун билип ала бер, деди
Мен унчукпай эле ага башымды ийкедим.
Ошентип биздин жашоо уланып жатты. Ал эрте менен кетип кеч келет. Анын келишине тамагын жасап, эртеси кунго кийимдерин утуктоп даярдап жада калса бут кийиминен ойдо тазалап майлап койчумун. Бирок Осмондун мага болгон суз мамилеси мурдагыдан такыр озгоргон жок. Жумушунан ал ото кеч келчу. Же атайын кеч келеби ким билсин? Кээде келип эле чарчадым деп тамак да жебей жатып алчу. Дем алыш куну жасана кийинип алып кочого чыгып кетип танга жуук мас болуп келип журду.
Мен кийинки кундору Осмонду мага дагы качан эмнени айтаар экен деп озумчо кутуп журдум. Бирок ал азырынча эч нерсе дей элек. Же атасынын созунон улам ушинтип жатабы деп да ойлоп журдум. Ал мени жаны келгенибизде жумушка орноштурам дегендей кылган болчу. Бирок ал жонундо Осмон такыр эле унутуп койгондой. Бир куну мен озум ага
— Осмон. Уйдо кечке жалгыз отуруп зеригип буттум го.. Мен да бир жерге жумушка орношуп иштесем жакшы болот эле, дедим.
Ал мени бир азга унчукпай тиктеп турду да
башын чайкай мыскылдуу кулуп алды.
— Сага эмне,.. ушундай жашоо жагып турабы? Эмне учун сен менден кетип калбайсын Эркингул? Сенде такыр эле андай ой жок окшойт э?
— Кетип кайда бармак элем….? Айылга азыр эле кете албайм….
Менин козумон жашым агым кетти. Ал мени ошол эле тиктеп турган калыбында
— Намысым жол бербейт де…! Элден уяласын да э? Эптеп эле эрге тийе албай жургон экенсин да байкуш…., деп ал дагы бир жолу мени мыскылдап кулуп алды
— Макул. Иштегин келсе иште. Бирок эсинде болсун Эркингул. Мага аракет кылып жашап кетем деп ойлобо. Себеби менин сенде конулум жок! Тушунуп жатасынбы конулум жок.!
Ал акыркы создорун мага жини келе бакырып суйлоду.
Мен ага башка эч нерсе дей албастан ыйлап отуруп калдым.
Ошону менен менин азаптуу кундорум башталды окшойт. Кийинки кундору Осмон мени коп кемсинте турган болуп алды. Кээде жок эле жерден кыйкым таап уруш чыгарчу да болду. Айла жок анын ал адаттарына да чыдап журдум. Ал аралыкта мен жашаган жерибизге жакын жердеги кондитердик чаканыраак цехке ишке орноштум. Жайдын куну кун узун болот эмеспи. Жумуштан чыгып кээде жатакананын короосундагы скамейкада эс алып отуруп анан болмого кирчумун. Бир куну ошентип отурсам бизге кошуна болмодо жашаган Рая деген татар келин жолугуп калды. Ал менен жолуккан жерден саламдашып кээде аны муну суйлошуп калчубуз. Бул жолу ал экообуз копко суйлошуп отурдук.
Рая менден туура он жашка уулу экен. Бирок ал жаш корунчу. Озу да татынакай гана сулуучан келген ачык айрым келин эле. Анын куйоосу да Осмон иштеген заводдо иштейт. Озу болсо ошол заводдун поликлиникасында медик экен. Ошентип Рая менен жакындашып экообуз тез эле тил табышып кеттик. Ал менен табышып бир азда болсо сырдашып суйлошуп калганыма ичимден аябай ыраазы болуп журдум. Себеби россияда жакыныраак суйлошоор эч кимин жок, озун менен озун журо беришин да кыйын экен. Бир жагы жумушума алаксып, бир жагы Рая менен анча мынча сырдашып мурдагыга караганда бир топ эле озумду жакшы сезип калдым. Кийинки кундору баарынан да Раянын мага коп пайдасы тийип журду. Ал менин конулумду алып, жакшы создору менен коп кенештерин берип калчу. Ал болбогондо эмне кылат элем билбейм. Бир адамга болсо да ичимдеги бугумду чыгарып женилдеп айтып журдум.
Ал мага коп айтып калаар эле. Ар ким оз бактысы учун курошо билуу керек! деп.
Бирок мен бактым учун эмес, намысым учун элден уялганым учун гана Осмонго чыдап андан кетпей журдум окшойт. Жаш болсом кантмек элем билбейм.
Билинбей журуп, убакыттын отушу менен мен Осмонго конуп бараткандаймын. Башкача айтканда суйуп калган сыяктуумун. Ал мага канчалык азап корсотуп, канчылык мени кемсинтпесин, канчалык мен ага капа болуп ыйлабайын, журогумдо ага деген жылуу сезим ойгонуп калган экен. Ошондуктан да мен анын жумуштан келишин жылуу жумшак маанай менен тосуп алсам керек. Же чындап эле турмушка кеч чыкканым учун да куйоонун кадыры мага чон болуп жаттыбы, ким билсин? Бирок мен аны канчалык козун карап сыйлабайын, кийинки убактарда Осмон жумуштан келип эле, шашыла жасана кийинип алып кочого чыгып кетчу болду. Бир жолу мен андан
-Каякка барасын? деп сураганымда
Ал мага кыска гана
— Кыздарга.., деп коюп чыгып кеткен.
Адам болуп жаралып, озун сыяктуу адамдан кемсинуу создорун угуу ото эле оор экенин баары эле биле бербесе керек. Эгер анын озуно тенелип, созуно жараша соз суйлосон
«Эркингул сени ким кармап турат? Жолун ачык кете бер,» дейт.
Ансыз да бир жолу анын алдындагы оз укугумду, кадырымды коргойм деп айтыша кетип, аны озумо кол котортуп алгам. Ооба Осмондун мага колу да тийди. Ошондо ойлоп калгам. Болду башка аны кол котортпошум керек! деп. Эгер аны башынан ушуга кондуруп алсам, ага адат болуп калаары бышык болчу. Мен мурда куйоолору менен ашыкча эле ажылдашып бир создон калбай айтышкан аялдарды аябай жаман корчумун. Тилин тыйбай оздоруно оздору таяк тилеп алат деп ойлочумун. Корсо аларды да башына тушкондо тушунот турбайсынбы? Бирок Апам айтып калаар эле «Эркекке тенелип- аны эч качан аял киши жене албайт! деп.
Мына Октябрь айы да келип калды. Россиянын Томск шаары. Осмон экообуз переговорный пункутта Кыргызстан менен суйлошобуз деп отурабыз. Кыргызстандан келгенибизден бери Осмондун ата-энеси менен бугун учунчу жолу суйлошкону келип жатабыз. Алар да бизди кандай жашап жатышат экен деп, оздорунчо кыжаалат болуп журушкондору айтпаса да тушунуктуу эмеспи. Осмон экообуз жаны уйлонгонубуздо аларга кандай артист болсок, телефондон да ошондой артист болуп сыр бербей жакшы эле суйлошуп кетип журдук. Бугун да ошентебиз. Мен отурган жеримден озумчо катуу ойго чомулуп кеткен экенмин.
Ангыча биздин абонентти оператор аял кайсы кабинага киришибизди айтып калды. Осмон экообуз ордубуздан шашыла туруп барып айткан кабинага кирдик. Трубканы Осмон алып ата-энеси менен амандашып суйлошуп жатты. Андан сон мен. Бул жолу кайненем мени менен суйлошуп жатып, менден жанылык уккусу келгенин айтты. Айтпай кайда да бармак элем. Алар да ушуну эле кутуп журушпойбу. Мен аларды суйунтуп торт айлык боюмда бар экенин айттым. Менин бул созумду угуп Осмондун оозу ачылып эле коздорун чон ачкан бойдон мени тиктеп турду. Кайненем аябай кубанды. Ал мага озумду этияттап журушумду кайра-кайра дайындады. Трубканы менден Осмон алаары менен алар Осмонго
— Келинге жакшылап карагын. Эмнени жегиси келсе ошону алып бер. Аны этиятта! Ага катуу суйлоп капа кылба! деген сыяктуу бир короо создорду айтышып мени ага катуу дайындап жатышты.
Ал жерден чыгып жолдо экообуз жай гана жоо басып келаттык. Бул биздин биринчи жолу ушинтип басышыбыз эле. Бир аз унчукпай баскан сон Осмон менден
— Эркингул, мага эмне учун эч нерсе айтпагансын? деп сурады
Мен ойлоно оор дем алып алдым да
— Билбейм…., дедим.
— Ал эмне дегенин?
Мен басып бараткан жеримден ага бурулуп анын коздоруно тигилдим. Экообуз тиктешип туруп калдык. Эмнегедир бул ирет Осмон менин тиктешимден тайсалдай менден коздорун тартып алды.
Уландысы бар….