Биринчи болум.
Мени жактырганды- мен жактырбай,
Менин жактырганым- мени жактырбай журуп…., айтор убакыттын отушу менен кантип кара далы кызга айланып отуруп калганымды озум да билбей калдым окшойт. Чынын айтсам мектепти жакшы окуп бутургонум менен окуучулук кезимде мага кат жазып ашык болгон деле эч ким болгон эмес. Мектепти бутургон жылы жогорку окуу жайга тапшырып отпой калдым. Ал убак союз убагы болгон учун жогорку окуу жайына отуу ото кыйын болчу. Бир жыл шаарда иштеп, кийинки жылы тааныштын кучу менен гана арандан зорго эптеп окууга да оттум. Бул жерде мага, шаарда кызматта иштеген бир тууган эн улуу агамдын жардамы аябай чон болду десем да болот. Ошентип тилеген тилегиме жетип студент болуп калдым. Омурдун гулу жаш курак! демекчи менин жаштыгым, бактылуу студентик курагым ОГПИ де окуу менен беш жылдык омурум отту. Жаштыкта баары болот эмеспи. Группалаштарым менен окуудан тышкары талаа жумуштарында, чогуу журуп кечкисин оюн зооктор уюштурулуп жалан жаштар ырдап бийлеп кундун кандай отконун да билбей калат эмессинби?! . Жанымдагы дос курбу кыздарым оздоруно жигит табышып эки-экиден колтукташып кыз-жигит болуп ээрчишип басып калышчу. Арабыздан студентик кездерде эле оз тенин таап уйлонушуп оздорунчо тутун булатып калышкан жаштар да болушту. Бирок мен эмнегедир озум энсеген, журогумо жакын адамды жолуктура албай койдум. Ошол убактарда озумчо ойлонуп калчумун. Кыз баланын ондуу тустуу болгону деле жакшы экен деп. Себеби жигиттер кобунчо кыздардын мунозуно эмес, сулуулугуна карап кетишээр эле. Сулуу болсон каалаган жигиттинди озуно каратмаксын! Озум орто бойлуу, толук эмес кыз болгонум менен ондуу эмес элем. Мунозум да оор басырыктуу, ашыкча жасанып боёнуп жигиттерге деле озумду корсото алчу эмесмин. Бирок баары эле менин мунозумдун жакшы экенин айтып калышчу. Кээде балдар кыздар чогулуп тамашалашып суйлошуп отурган жерлерде мен деле элден калышпай баарын кулдуруп кызыктуу создордон суйлоп калчумун. Бий болгон жерлерде мени бийге чакырган жигиттер деле болуп калчу. Алар менен таанышып, кызуу суйлошконум менен мага эч кимиси деле ашык болуп кызыкпады. Кээ бир жигиттерди сыртынан озумчо жактырганым менен, алар мени карап да коюшпады. Акыркы курстарда копчулук кыздарыбыз турмушка чыгып кетишти. Алардын артынан тойлоруна барып журдук.
Майрамдарда отуруштарга барчубуз. Андай жерлерде аяштарыбыздын достору менен таанышып, курбу кыздарым деле мага аракет кылышып бир эки жигиттерди таап журушту. Бирок эмнегедир алар менен да жылдызым келишпеди окшойт. Менин артымдан бир эки жигит ээрчимиш болгону менен, мен аларды такыр эле жактырбай койдум.
Ошентип журуп окууну да аяктадым. Дипломду алып айылга келдим. Озубуздун эле кошуна айылдагы мектепке физика-математика мугалими болуп жумушка орношуп иштеп калдым. Башында коллективдеги бир эки эжейлер озубузчо отуруп калган жерлерде мага тийишип
-Эркингул бизге качан той жедиресин? деп тамашалашып калышчу.
Арасынан мага жигит табышкандары деле болду. Бирок менин такыр эле багым ачылбай койду. Уй-булобуздо менден чон ага эжелеримдин баары турмуш курушуп оздору менен оздору болуп калышкан. Мен, анан менден кичуу иним экообуз гана калганбыз. Ошондой кундордун биринде бир куну иним да уйго суйлошуп жургон кызын ала качып келип алыптыр. Ата-энем суйунгонунон каада салттын жасашып, иниме чон той откоруп беришти. Келинибиз да озубуздун эле айылдын кызы экен. Жакшы чыкты. Анын мектепти бутургонуно болгону аран эле бир жыл болуптур.
Башында анча билинбегени менен уйго келин келгенден баштап мен озумду уйдо аябай эле ынгайсыз, башкача айтканда ашыкча сезе баштадым. Озумчо кээде куйоого тийбей жургонум учун, ичимден туугандардын козунчо уялып да журдум. Колумдан эмне келмек эле? Кыз бала каалаган кунун озун каалаган жигитке эрге тийип кете албайт экенсин? Же озун каалаган жактырып жургон жигитине соз айттыра албайт экенсин?!
Айла жок, кундо эрте менен туруп жумушка кетип, туштон кийин судуролуп кайра уйго келмей. Уйго келип кийимдеримди которуп болмомдон чыгаарым менен келин алдыма дасторкон жайып чайын коюп калат. Чынын айтсам мага уйдо жумуш деле калбагандай. Уй жумуштары баары апам менен келинден артпайт. Эч кандай жумуш жасабай койгондон да уялат экенсин. Кээде туруп эшиктин алдына суу чачып шыпырып калам. Анда да келинибиз мени короору менен мага жетип келип
— Эже мага бериниз шыпыргыны. Сиз жон эле коюнуз, мен озум, деп колумдан алып турат.
Ары темселеп бери темселеп дем алыш кундору апам менен келинге кошулуп анча мынча жумуштарды жасамыш болгонум менен чындыгында бул уйдо мага ылайыктуу жумуш деле калбагандай. Кээде озумчо кысылып эч жерге батпай да журдум. Анан эле эртенки кунго мектепке даярданып жазуу иштериме алаксып кетип баарын унутуп калам.
Арадан жыл айланып келинибиз уул тороду. Мен да мурдагыга караганда бул жашоомо айласыз конуп калгандаймын. Уй-булобуздун турмушу оз нугунда отуп жатты. Кийинки кундору менин мынтип турмушка чыкпай жургонум, билдирбегени менен апамды да катуу ойго салып журду. Озум оло албай журсом, кээде жакын туугандарыбыз, эже женелерим да мени
— Эркинай мынтип атандын торундо кара далы кыз болуп отура бербей эрге тийбейсинби? дешип тамаша чыны аралаш ачык эле бетиме айтышчу болушту. Андайда мен да кулуп эле
— Эмне » Эрге тийем» деп озумду реклама кылып кочого жазып илип коёюнбу?! деп калам.
Ошону менен баары унчугушпай калышат . Мектепте чогуу иштеген жакын санаалаш эжелерим кээде
— Эч нерсе эмес Эркингул. Бир кун келип сенин да багын ачылат. Отурган кыз ордун табат! деген макал бекеринен айтылбаган чыгаар. Сен да кудай буйруса оз ордунду табасын, деп айтып журушту.
Билинбей убакыт отуп отуруп менин жашым жыйырма жетиге келип калыптыр. Мектепти бутургонубузго быйыл туура он жыл болот. Быйыл менин классташтарым он жылдык жолугушууга чогулмакпыз. Ага чейин бир эки классташ балдарым келип мага жолугушуп, озубузчо жолугушуунун даярдыктары жонундо соз кылдык. Алыс жакында жургон балдар кыздардын баарына кабар берилип, чакыруу кагаздары жазылып таркатылды.
Ошентип биз куткон кун да келди. Жыйырма бешинчи майда мектепте акыркы конгуроо куну классташтар чогулдук. Он жыл бою окуган мектепте, мугалимдерибиз менен жолугуп, онунчу класста окуган классыбызга кирип окуучулук кундорубузду эскерип кызуу суйлошуп отурдук. Андан сон айылдын четиндеги Адыл деген классташ балабыздын уйуно чогуубуз менен бардык. Адылдын уйунун короосу аябай эле кенен экен. Алма багынын тубуно тегерете стол даярдалып клаасташтар ошол жерде отурдук. Албетте кыздарыбыздын алды канча балалуу болду? Ким кайсыл жакка турмушка чыккан? Балдардын кимиси кай жактан, кимге уйлонгон? Ким кайсыл жерде эмне жумуш кылыт? Ушулар жонундо кызуу создор журуп жатты. Бул жерде да мен озумчо сыртымдан билдирбегеним менен ичимден жаман болуп жаттым. Куйоолору менен ээрчишип келген кыздарыбызды коруп аларга суктанып да алдым.
Балдарга соз жок! Шаракташып жон эле болушпайт… ! Кыздар балдарыбыз баарысы уй-було кутушуп, алардын балдары мектепте окуп калышыптыр. Арабыздан, кыздардан бир мен турмушка чыкпаптырмын. Ал эми балдардан болсо бир эле Россиядан келген Осмон деген балабыз уйлонбоптур. Ошону менен классташтарга табылбай эле калды. Алар бизге тамашалашып
— Осмон, Эркингул экоонор эле калыпсынар. Экоонор эми уйлонуп эле албайсынарбы! ? Биро толо эртен силердин да тоюнарды откоруп анан кетели! дешип кулуп жатышты.
Мен кулуп эле соз кошо албай унчукпай отура бердим. Ал эми Осмон болсо
— Койсонорчу ушундай тамашанарды. Бизди антип тамашалагыдай биз эмне азыр мектеп окуучулары белек? деди кулуп.
— Тамашалабай эле! Классташтар бири бирине уйлонуп эле жатышпайбы?
-Ой чын экоон уйлонсонор сонун эле болмок. Классташтардан жок дегенде экоон уйлонуп биз суйунмокпуз!
Ошентип ар кимиси ар нерсени айтып жатып алар Осмон экообузду бир топ эле тамашага салышып каткырып кулуп жатышты. Анын арасында балдардан бироосу, Осмонду ата-энеси созсуз уйлонтуп анан Россияга жонотобуз деп жатышканын да айтып отту.
Акыры чыдабай кетип мен аларга
— Ой болду эми токтоткула. Жон койсо бизден башка суйлошчу созунор жоктой болуп кеттинер го? Келгиле андан коро бийлейли; дедим.
Чынын айтсам ошол учурда баары бизди тегеректей кызыгыша карашып суйлошуп отуруп калышкан экен. Менин созумдон кийин музыка ойнолуп баары ордуларынан козголо бийге тура башташты. Ошондо да жон туруп кетишпей
-Эми экоонду озубуз эле уйлоп коёт окшойбуз! Жон койсо экоон тен журо бергидейсинер? деп бироосу озунчо суйлонуп ага баарысы кулуп калышты.
Осмон мектепте окуп жургондо эле башкаларга караганда озун бийик сезип, бир аз бой которгон бала болчу. Окууну жакшы эле окуучу. Озун дайыма таза тыкан алып журоор эле. Бойлуу келген бала болгондуктан, азыркы учурда бир аз толуп, аябай келбеттенип калыптыр. Дене мучосу да спорт менен машыккан сыяктуу. Ал армияга барып келген сон, ошол эле шаарга кайра окууга тапшырып жогорку окуу жайын ошол жактан окуптур. Окуу жайын буткон сон заводдо жумушка орношуп, жакынкы кундордо эле инженер-электрик болуп дайындалганын жана суйлошуп отурганыбызда озу айтып откон болчу.
Анын мектепте окуп жургондо бизден бир класс кийин окуган суйлошуп жургон кызы да бар болчу. Анысы Осмон армияда жургондо эле эрге тийип кеткен экен.
Классташтар кечеси аябай конулдуу отуп жатты. Бийлеп ырдап дегендей. Билинбей отуруп балдарыбыздын арасында кээ бирлери кызып да калышыптыр. Баарыбыз бийлеп жатканбыз. Бир убакта женил бий башталып Осмон келип мени бийге тартты. Экообуз бийлеп жатып мен анын бир топ эле кызып калганын байкадым. Ал эмнени суйлоп жатканын озу деле жакшы билбей жатты окшойт.
-Эркингул, мени атамдар уйлонуп анан россияга кетесин деп жатышат. Бирок мен кимге уйлонмок элем. Туш келген кызга эле мен уйлоно албайм да туурабы? Атамдар мени ал жактан балээ басып орус кызга уйлонуп албасын деп коркуп жатышат окшойт. Орус болсо эмне болуптур, туурабы? Бирок атам мени башынан эле, эч качан орус кызга уйлоном деп ойлобогун! Мен сени анда кечирбейм! деп катуу айтып кулагыма куя берчу. Билбейм Эркинай эми кандай болот? деп Осмон мага бир кызыктай создорду суйлоп жатты.
Тун бир убак болуп, биз уйлорубузго кетчу убакта да болуп калды. Бирок кайдан!? Классташтар шаракташып бугун алардын такыр эле кетейин деген турлору жоктой. Ошентип отуруп копчулугу кызып мас болуп да калышты. Чынын айтсам балдар кыздардан деле эч нерсени шек алган эмес элем. Бир убакта кетчу убакыт болуп, балдар мени уйго жеткирип коёбуз дешип машинага отургузушту да, мени туура Осмондун уйуно алып барып коюшту. Анын уйундогулор да камданып даяр турушкан экен. Айтор балдар мени уйго алып кирээри менен эле аялдар башыма жоолукту салып отургузуп коюшту. Чон эле кыз эмне кылаарымды да билбей бир кызыктай абалда калдым. Же менин созумду угаар эч кимиси жок. Классташтарым ызылдашып баарысы эле мас. Алар Осмонго да атайын эле аябай коп ичирип салышкан окшойт. Ал эмне болуп жатканы менен иши жок мас болуп озун билбей сулк жатты.
Уландысы бар.