«Тумчуккан сүйүү» 2-бөлум

https://kyrgyzcha.site/?p=37887&preview=true Кызыктуу окуялар.

«Тумчуккан сүйүү» 2-бөлум

 

 

 

Сиз Чыңгыз Айтматовдун»Жамийла»деген повестин окуган белеңиз? Окуган болсоңуз андагы Жамийланын Даниярды ээрчип кеткенде, кайын иниси Сейиттин эми гана махабат уялаган балалык жүрөгүнөн чыгарып»Жамийла…»деп аянычтуу кыйкырган үнүн элестете аласызбы?

 

Оттой алоолонгон махабатым, жакшы тилек ойлорум менен сизге ысык салам !

 

Урматтуу Сыймык агай, мен жерден капысынан чыга калгансып салам- саатка келбей эле сизден суроо сураганыман кандай немедир дегендирсиз балким. Мен ошол Жамийланын кайын иниси сыяктанып, азыркы коё берген аялыңыз менен алгач той жасаган кезиңизде жылгаларды жаңыртып атыңызды атап кыйкырып, жаш кырчын кыз өмүрүм менен кош айтышкым келип, бардык дартымды, жан сырымды ошол ээн талаага айтып каңырыгым түтөгөн, тунгуч махабаттын тушоосунан чыга албай он беш жыл арман ой менен жашап келген жөнөкөй гана бир инсанмын.

 

Ким экенимди сизге түбөлүк билдиргим келбейт. Бул тараптан сизди үмүтсүз калтырып, ойлонууга аргасыз кылганымды кечирсеңиз экен?! «Бала кездегы махабат өткүн жаан» деп калышат экен башкалар. Эгер чынында эле ошондой болсо, мен бул он беш жылдык сагыныч- кусалык дартын тартпаган болоор элем. Бирок, он алты жаштарымда көңүл тереземди чеккен тунгуч сүйүү сезиминин мага ушунча узун жыл жолдош болоорун оюма да келтирбеген экенмин. Он беш жаз, он беш жай, он беш күз, он беш кыш؛ 180 ай, 5475 күндү бир ооз жан эриткен жылуу сөзүңүздү, же көзгө сүйкүм элесиңизди көрбөй тумчугуу менен өткөздүм…

 

Эми гана тагдырыма тен берип, күдөрүм да үзүлөйүн деп калганда, тагдыр мага тамаша кылгансып, сизди алыскы чоң шаардан мен жашап жаткан чөйрөгө учуруп келди. Канчалык таңыркаганымды, идыйамда канчалык кыйчалыш болгонун бар болсо бир кудай, андан калса бир өзүм гана билем. Акыры адамдык абийирим, аялдык ар-намысым, ыйык энелик бурчум, кыскасы бүгүнкү коом жактай турган адеп- аклагым менин бир ирет тумчуккан сүйүүмдү ансайын тумчуктуруп, эбегейсиз зор курмандык берүүмдү талап кылды.

 

Чогуу жашаган чөйрөдө капысынан сизди көрүп калсам, эңсеп, эмнегедир элөөрүп турсам да качууга аргасыз болдум. Антпегенде кантем? Сиздин бактылуу үй-бүлөңүз, кудай сүйүп берген татынакай эки перзентиңиз бар экен. Аларды көрүп терең ой деңизине чумкуп, ансайын ашкереленбестикке бекидим. Бирок, былтыр жаздагы таркалган үй- бүлөңүздүн бузулуу шум кабары сизди кайрадан күзөтүүмө себеп болду. Ѳкүнөрлүүсү сиз ажырашып бир жылга жетпей туруп, тек- жайын түшөнбөй эле эч кандай тартымы жок демейдегы бир жубан менен той жасамак болуп жаттыңыз. Ошондон улам жүрөктүн тереңинде жаткан жандай сырымды(өзүмдүн ким экенимен бөлөк) сизге тунгуч жолу ушундай жол менен ашкерелөөгө аргасыз болдум.

 

Агажан, сиз менин көңүл төрүмдө эмнегедир бүдөмүктөшүп кеткенсидиңиз. Андай десем, «мен тааныбаган, мен сүйбөгөн бирөөнүн көңүлүндөгү ордумдун кандай болушу менен эмне ишим бар?» деп, менин акмактыгыман күлүшүңүз мүмкүн. Бирок, мен ушундай акмактык жолу менен ичимдеги сырымды, сизге болгон мурдагы жана азыркы көз карашымды төгүп салып, биротоло ичимди бошоткум келди. Убактыңызды алганыма күнөөлүүмүн…

 

Үй- бүлөңүздүн бузулуш себебин, ажырашкан болсоңуз да аялыңыздын бир ооз жаман кебин кылбай, мал- дүнүйө талашпай үн-түнсүз үйдөн чыгып кеткениңизди элден угуп, «Мен дегеле оңой- олтоң кишини сүйүп, кусалык тартып жүрбөпмүн, чыныгы келбетине жараша акылы менен жаралган чыгаан бир жигитти сүйүпмүн. Он беш жыл эмес түбөлүк сүйүп жүрүүмө арзыгыдай жигитти сүйүпмүн» деп тамшанып, сыймыктанып жүргөнмүн ичимде. Сизди кандайдыр бузулган уясын кайра курууга дайындалып жаткан «кыраан бүркүт»кө окшотуп, ансайын көңүлүм жибиген

 

«Ошончо жыл сүйүү, кусалык дартын тартып жүрүп, анан эмнеге аялымды коё бергенде бирер шыбыт берип өзүңдү ашкерелебейсиң? »деген суроо сизде туулбай калбайт. Азыр мен ыйык энелик жүктү аркалаган бир бактылуу апамын. Коомдогу бардык ата- энелердин мага окшош баласынын бакты үчүн эбегейсиз бедел төлөп курмандык берсе да, ынтымактуу үй- бүлө куруп сыймыктуу эмгегинен үзүр алышын кимдер гана жактабайт, кимдер гана каалабайт дейсиз?

 

Ѳз кезинде азыркы күйөөм мены сүйүп, той жасайлы деп артыман түшүп аябай тажаткан кезде, аны бир ээн жерге баштап барып, сизди бала кезимен сүйүп жүргөнүмдү, сиздин алыскы чоң шаарда эчак эле той жасап бактылуу жашап жатканыңызды айтып, жүрөгүмдүн башта эле бирөөнө арналып болгонун ашкерелеп, анын менден сүйүү күтпөй башка кыздар менен бактылуу болушун талап кылдым. Үнү ичине түшүп үн-түнсүз жоголуп кеткен бул жигиттин ошондон бир ай кийин мага кат жазып айткан мына бул сөздөрү али да эсымде: «Мен сени чын сүйөм, эгер мени менен той жасасаң, сени сөзсүз бактылуу кылам. Кийин мени менен той жасаганыңа өкүнбөй, турмуш жолун түбөлүк мени менен бирге басышыңа ишенем» деп жазыптыр, ал катында. Сиз биздин бул жерге жөткөлүп келгенде, күйөөм бир жолу сиз менен соорунда бирге олтурду. Ошондо мен сиз менен болгон сырымды күйөѳмө төкпөй- чачпай айтып бергенимен катуу өкүнүп, үйгө кайтып келсе бетиме салаар бекен деп уятымдан жерге батпай сыгылдым. Бирок, менин ал кабатырланганым артыкча болуп чыкты. Ал бүгүнгө чейин менин алдымда сиздин атыңызды атаганы жок.

 

Урматыңыз улуу Сыймык агай! Сиз балдарыңызды түбөлүк ушундай кип-кичи бойдон чоңойбой тура берет дейсизби? Ѳзүңүздү да бир өмүр ушундай жаш, мартабалуу бойдон тура берем деп ойлойсузбу? Азыркы той жасамакчы болуп жаткан жубанды чын эле сүйөсүзбү?…Он беш жылдан берки кызгануу айынан мурдагы аялыңызды ошончолук жек көрсөм да, бирок, татынакай балдарыңыздын болочок бакты үчүн сизди дагы еле ошол балдардын өз энесине кыям, башка бирөөнө эгерим кыйгым келбейт…

 

Тирүү жетимдик, ѳгөй эне, таңыркоо…буларды түшүнөсүзбү? деги эчтекени билбеген жашына али жетелек балдарыңыздын муң- зарын укпасаңыз экен, күнөөсүз байкуштардын кор болуп бүрүшкөн кебетесин көрбөсөңүз экен деп тилейм сизди. Алмакчы болгон аялыңыздын тек жайын абдан билип турсам да, аны жамандагым келбейт, жамандоого акым да жок. Коомдогу бардык киши өз бакты- таалайын издегенге укуктуу. Бирок, биздин жашыбыз отуздан ашып бала-чакалуу болуп, ата- энелык жоопкерчилигибиз мойнубузда турганда бирдемдик селдеген сезимди басып алып, балдар үчүн курман берүүнүн кымбатын эң жогору орунга койсок эгерим жаңылышкан болбойбуз. «Адашкандын айыбы жок, кайра үйрүн тапкансоң» дегендей, кайрадан туура жолуңузду таап, сүйкүмдүү чүрпөлөрүңүздү өз энеси менен бир уядан учурса экен деп тилейм. «Тойгондо токтунун эти топо татыйт» деп эртедир-кечтир акыры бир күнү өкүнүп, дили сынып, өзөгү өрттөнбөсө экен дейм сизди.

 

Сиздин турмушуңуз менен мүлдө катышым болбосо да ,өзүм туура деп ойлогон жол менен, сизге ички сырларымды төгүп алганыман өзүмдү жеңил, ары кубанычтуу сезем. Мены жек көрсөңүз да мейли. Сиздин бул жолку жоругуңуз мени ансайын сабырлуу, ансайын акылдуу кылды. Ал үчүн сизге ыракмат айтуу жолум бар арийне…

 

Сыймык ага, мен мындай эки иштин болооруна мүлдө ишенем. Бири, жакындан бери(мен той жасаган бир жылдан бери) менде баш көтөргөн күйөөмө болгон урматымдын сүйүүгө айланып, аны менен түбөлүк бактылуу өтүшүмө ишенем,дагы бири, мейли кайсыл чак болсун күндөрдүн бирынде тандаган ушул жолуңуздан тажап, өкүнүч менен бир эмес бир канча кишинин жүрөгүн канталатып, «кайран келиндин айтканы келбедиби» деп, баш чайкап каларыңызга мүлдө ишенем…

 

Калган иштер өзүңүзгө байланыштуу, сизге бакыт каалагым бар эле, бирок, мен канчалык далалаттансам да оозуман чыгара албадым. Сиз менен бетме-бет олтуруп муңдашып, ички сырларыңызды угуп, ойлоруңузга ортоктош, санаңызга санаалаш болгумда бар эле, бирок, бул мүмкүнбү?…

 

Кайыр-кош агажан! Сизге бекем ден соолук, арчадай жап-жашыл өмүр, ачык асман, жаркыган көңүл тилеп, сөзүм соңуна чыкты.

 

Катты миң балаада жазып бүтүп , почтодон сизге салып жибердим. Бул белгисиз катымдын сизди кандай ойдо түйшөлтөөрүн билбейм, ошондо да бир укмуш болуп сизди ниетиңизден айнытып, жаңылыш баскан кадамыңызды токтотуп мурдагы жолуңузга кайткан болсоңуз, мен үчүн эбегейсиз зор жеңиш болоор эле.

 

Ойлогон ойлорум, жасаган аракеттерим баарысы жокко чыкты. Сиз эч нерсеге карабай акыры ошол жубан менен той жасадыңыз. Бытке өчөшүп көйнөктү отко салгандай эле иш болду, сиздин эмнени ойлогонуңузду билбейм, мен эмес бүтүн оодандагылар сиздин бул кылганыңызга таң калып, сизди дайындуу эле киши экен деп калышты. Алтургай аялдардын оозунда сизди кайын журтуңуздун алдына барып тизелеп олтуруп, «кызыңарды мага бергиле, аны сөзсүз бактылуу кылам» деп, жалбарыптыр деген сөздөр да айтылып жүрдү. Бул иштер сизге ылайык келбейт болучу. кандай кылайын, сиздин таламыңызды талашып эл менен жакалашып урушкалы болбоду, же сизге барып бет- маңдай олтуруп бардык нерсени ачык- айкын айтып, сизди түбү жок аңдын кырынан тартып алуу колуман келбей койду ал кезде.

 

Бул иштер мурдагы аялыңыздын кыялына кирип чыкпай кадыржам жүрөт имиш, «Мен жаман болсом жакшыларды көрүп баксын, кайда кетмек эле окууга кетти, окуусу бүтсө кайтып келет…» деп, келеке сөз таратып жүрөт дейт. Сиз той жасап апта өтпөй эле экы балаңызды жаңы кармаган үйүңүзгө киргизип коюптур, «Атаңардыкына баргыла, атаңар менден жакшы катын алды, ал катын силерди өз энесинен артык карайм дептир…» деп, жаңы алган аялыңыздын адамдыгын бир көрмөк болуптур. Ѳгөй эне төбөсү менен жер казган күндө да өгөй балага жакшы көрүнө алмак беле? Азыр эне баланы эмес бала энени өгөйлөй турган заман турса?…анын үстүнө сиздин жакшы деп алган ал колуктуңуздун «жакшы»лыгы бизге бештен белгилүү эмеспи…

 

Болору балдарга болду, нары барып өгөй энеге, бери келип өзүнүн энесине батпады. Мурдагы аялыңыз балдары жедел кылса жаны кейип,»Атаңардан көргүлө, силерди жетим кылган атаңар. Силер деген тирүү жетимсиңер, жетим туруп эмнеңерге чырлашасыңар? » деп, күнөөсүз байкуштарды жүрөгүн жаралап, ансайын шагын сындырганын кошуналары угуптур.

 

Сиздин кийинки турмушуңуз деле көпкө барбады көрүнөт, жай той кылып кышка жетпей жамандашыптыр деп уктук. жамандаган катын жөн чыкмак беле? Сизди бир далай чыгымга жыгып, жала жаап, мал- дүнүйө өндүрүп алганы аз келгенсип, күнөөнү сизге артып, өзү куландан соо болуп басып кетти…

 

Ушундай бир күндүн келишин мен мурда эле билгенмин. Сиз эмнени ойлодуңуз экен? Эмнеге мындай жасадыңыз экен? Нике менен ойношкондой эле болдуңуз. Болгону өзүңүз жаман аттуу болуп, эки катын коё берди деген атка конуп, абройуңуз төгүлүп, эл ичиндеги кадыр- баркыңыз бүдөмүктөштү да, калды.

 

Бирок, бизди кичине болсо да сүйүнткөн бир нерсе, сиздин көп узартпай мурдагы аялыңыз менен эптешип, балдарыңыздын жанына кайтып келгениңиз болду. Менин канчалык кубанганымды билбейсиз, мурда эле ошондой болуш керек эле. Мына бул сиздин чыныгы эрдигиңиз, ак көңүл, кең көкүрөктүгүңүз, чыныгы эржүрөктүлүгүңүз эле. Болбосо оопасыз аялыңызга өчөшүп, курулай эркектик намысты деп «чекесинен чертип» кыз алышыңыз бүтүндөй мүмкүн эле. эмне эле болбосун кудай- тааланын сизге берген ынсабына, күнөѳсүз балдарыңыздын бешенесыне буйруган ырыскысына миң- мертебе ыраазы болдум…

 

Силердин кайра жарашып, үзүлгөн турмушуңарды улап калганыңар аябагандай сонун эле иш болду, колуктуңуз менен бала- бакыраңызды ээрчитип жүргөнүңүздү көрүп, элдин баары кубанды. «Адашкандын айыбы жок, кайра үйрүн тапкан соң» деген ушул, эмнеден кичирет элеңиз? Никесиндеги аялын кордоп талаага карап, балдарына ээ болбой чыркыратып таштап койуп басып кеткен, ичкиликке берилип өлүү болуп көрдө, тирүү болуп төрдө жок жүргөн эркектер деле канча арабызда…

 

Турмушуңуз калыбына келип, кызматыңызда жакшыланып, өтүп кеткен көңүлсүз иштер унутулуп, баары- жок кадимкидей эле болуп калган. Көчөдөн, той- торопо же чогулуштардан сизди жолуктуруп калсам, кең бешенеңызди жаркылдатып, коюу кара каштарыңыздын алдындагы бир жуп оттуу көздөрүңүздү балбылдатып, жакаңызга кир кондурбай өзүңүздү таза, тыкан кармап жүргөнүңүзгө, беттериңизден нур төгүлүп турганына карап, сиздин бактыңызга ортоктош болгонсуп, ичимен сүйүнүп, мен дагы бакытка балкып жүргөнмүн.

 

ечээ жакында кызматташ курбу- курдаштарымдын оозунан белгилүү бир кыргыз тор сайытынан укмуштай бир кызык аңгемени окушканин, кымдир бырөөнүн «Белгисиз катка жооп» деген узун сабак сүйүү баянын жазып, өзүн сүйүп калган белгисиз бир кызга тор аркылуу кайрылганын айтып кеп салышып жатканын угуп калдым. Демейде торго деле көп чыкчу эмесмин, кызматтан сырт бош убактарымда анда- санда тордогу жаңылыктарды да көрүп коёт элем. Кызматташтарым айткан «Белгисиз кат» жөнүндөгү кабарды угуп жан- дүйнөм жанчылып, кулактарым чуркурап, мээмен түтүн чыгып, жүрөгүм саамга какпай катып калгансыды. Ал катты сиздин жазганыңызды дароо сездим, жүрөгүм сизди жазды деп айтып турду. Анан эмнеге ачыктан- ачык тордо жарыялаганыңызга акылым жетпей кабатырланып, миң түркүн ойлор менен ал катты таап окуганга шаштым. Досторуман сураштырып жүрүп компьютеримен ал тор бекетин таап, сиз жазган «Белгисиз катка жооп» деген жолдомону эң бир толкундануу менен кызыгып окуй баштадым.

 

«Белгисиз бирөөнүн мага жазган бир парча белгисиз каты бир топ жылдардан бери жанымда купуя сакталып жүргөн. Бул катты мага кимдин жазганын билбейм, ошонусуна карабай бул белгисиз катты таштап салууга же менин көөнүм кыйбады, кеп оролу мына ушунда…»деп баштапсыз, ал катыңызды.

 

«Узун жылдар бою менден жооп күтүп жаткан бул белгисиз катка эми ушундайынча «тор» аркылуу жооп жазып коюунун кезметы келип калды окшойт. Ал жаңылыкка кызыккан инсан болуп, анча- мынча тор бетине чыгып жүргөн болсо бул жазган жообумду көрүп да калаар. Ал ошол белгисиз каты аркылуу жүрөгүндөгү сактап жүргөн сырын мага билдирип кеткен болсо , мен дагы анын ким экенин билбеген соң ушундай жол аркылуу ичимдегини билдирип кетейин дедим,» деп түшүндүрмө берип, анан менин бир канча жыл илгери сизге жазган алиги белгисиз катымды толук нускасы менен бир да сөзүн өзгөртпөй бере салыпсыз. Соңунда катка жооп түрүндө, өзүңүздүн мага айтмакчы болгон ойлоруңузду мына бул саптар менен баштаптырсыз:

 

«Сенин мага жазган белгисиз катыңды тапшырып алганымда, менин алдын белгилеп койгон той болчу күнүмө араң эле бир жума калган болучу. Той жасоого бекип болгон кезимде, белгисиз бир каттын айынан кайта айнып кетмек белем? Ортолукта ишиме иритки салып, мени акмак кылган бирөө болуп жүрбөсун? деп ойлодум ал кезде.

 

Сүйүү деген эмне? Бакыт деген эмне? Бул маселеге ар ким өзүнүн башынан өткөн тажрыйбасына негизденип жооп берсе керек. Ѳзүмдү алып айтсам мурдагы аялымды эч ким мага зорлоп таңган эмес, өзүм таап, өзүм каалап сүйүшүп жүрүп эле той жасаганмын. Көрсө, сүйүү деген жүрөктөгү «от чачышуу» эмес экен , сүйүү деген- жүрөгү табышкан эки жаштын максатына жетип (никеленип болуп) үй курагандан кийин да, өз ара урматташып, турмуштун ачуу- таттуусун тең татып, кайчылыктардан улам өчүгүшпөй өз ара жол коюшуп, жүрѳктүн тереңинен күйүнүшүп өмүр өткүнчө бирге жашай алса анан ал чын сүйүү болот экен. Бакыт дегениң− чын сүйүшүп баш кошкон экы жаштын бекем ден соолук негизинде тырышып эмгектенип, турмуш менен кызматты(жашоону) өз ара айкалыштырып, перзент сүйүп, аларды чогуу тарбиялап, үй- бүлө жана коом алдында жогору жоопкерчилик менен жашап, бай- байкер, тынгылыктуу турмуш өткөрүү экен.

 

Эркек менен ургаачынын бири- бирине талпынып, тил табышып махабатташуусу, алтургай той жасап эрды- катын болушу ошончолук оңой болгону менен, чыныгы турмуш кармап, бирин- бири колдоп, өмүр бою ак сүйүүнү аздектеп өтүп кетүү бардык эле адамдарга насып боло бере турган андай оңой- олтоң иш эмес тура.

 

Сен «кызганган» алкачкы аялым экөөбүз элди суктандырып, «махабатташып»жүрүп той жасаганыбыз менен, бирок, көпкө барбай эле «өтө кызыл бат оңот»болуп турмушка, жашоого болгон көз карашыбыз түптөн окшобой, жасаган кылык- жоругубуз, иштеген иш- аракетибиз бири- бирибизге жакпай ичибызден тындык да калдык… турмуштун кызыгы менен кээде оомал, кээде төкмөл болуп жүрүп, көздү ачып- жумгунча аралыктан он жыл өтүп, ортолукта алтындай экы балалуу болуп, ыйман соту алдында жоопкерчилигибизди аркалап ошол күнгө чейин жашап келгенбиз.

 

Мен деле чийки сүт ичкен пенде экенмин, чыдамдуулуктун да эң жогорку чегы болот экен.

 

Узун жылдар бою ичтен буулугуп ынтымак- ыраасы болбогон, эр- аялдык мээр- махабат калбаган турмуштан тажап, акыры он жылдык турмушума кол шилтедим да басып кеттим.

 

Аялымды коё берип бир жылга чейин айланбаш торпок өңдөнүп, талаада каңгып жүрдүм. Кайра турмуштанып төшөк жаңыртканды ойломок түгүл курбу- курдаш, теле- теңтуш алдында эркек башым менен турмуштан жеңилгенимен намыстанып, «бир катынды башкара албай» балдарды «тирүү жетим» кылганыман өзүмдү өзүм кечире албай жүрдүм…

 

Менин экинчи иретки турмуштанышым деле ойдо жок жерден болду. Сүйүүдөн көөнүм суу ичпей жабыгып, көңүлүм түпөйүл тартып жүргөн күндөрүмдүн биринде, сен жактырбаган алиги «жубан» өздүгүнөн кол учун сунуп, «чын сүйүп» калганын айтып «өмүр бою кызматыңызды кылып, балдарыңызды өз энесынен артык карайм» деп өтүнсө, аркы- беркисин көп ойлоп олтурбай эле, жеңилдик менен той жасоого бекиптирмин.

 

Башынан эле катындан таалайым жок болсо керек. Той жасап жарым жылга барбай эле анын да турмуштан шаабайы сууду. Ѳгөй эне менен өгөй баланын өзөктү күйдүргөн оту жанга баткан кезде, ортолуктагы «жылт» эткен шайтан сезим өчкөн кезде, анан анын чыныгы «адамдыгы» билинди…

 

Уландысы бар….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️