Пример HTML-страницы

Тоңдо «Нива» унаасын токтоткон кызматкерлер мыйзамсыз ишке күбө болушту

Акыркы жанылыктар

Turmush2022-жылдын 12-ноябрында «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясы Тоң районунун Ак-Өлөң айылында зыяндуу жырткыч жаныбарлардын (чөөлөрдүн) санын жөнгө салуу боюнча иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага «Ысык-Көл» БАДнын кызматкерлери, мергенчилер коому жана Ысык-Көл ОИИБдин экологиялык милициясынын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шектүү «Нива» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүүнүн натыйжасында, алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзамсыз кармалган төрт жырткыч канаттуулар эч кандай уруксаты жок табылган. «Ысык-Көл» БАДнын кызматкерлери жеринде акт түзүшүп, Балыкчы РИИБдин укук коргоо органдарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE