Тилеген байке.

Күз айы, күүгүм кирип калган кез.
Тал теректин учунда бирин серин суукка үшүп, дирилдеп жалбырактар саргайып турган кеч куз болчу…. Айыл апа эчак эле жыйынып, уйлоруно кирип ,жарыктарыны тамызып очор бачар, өздөру менен өздөру ,көчөдө кыбыр эткен жан жок. Ке кеде корсулдап үргөн иттердин ундөру угулат жакынкы уйлөрдөн.
Тилеген озү туулуп ,өскөн айылды аралап бара жатты, өзу баскан ,чууркап ойногон таштак көчөлөр , арадан он жыл өтсө да эч өзгөргөн эмес . Дале да болсо баары ошол бойдон турат…. Колундагы кара баштыгыны желкесине асынып, оор үшкүрүнүп алдып, жолун улап бара жатты . Көп жылдан бери көксөп ,кумсап сагынган үйүнө жетип келди….. Бир кездерде айылдын алды болуп , заңгырап, ырыскы ,шаттыкка толуп турган үйү, дал ушул учурда кароосуз, көзгө абдан суук учурап, үйдун куту да өчө түшкөн .. Адамды өзүнө тартып турган жылуулугу да калган эмес. Шыйпыры учуп, дубалы урап , жаан тийген жерлери көчуп кеткен… Терезе, эшиктерин да балталап салган сыяктуу . Жерде ишенин сыныктары чачылып жатат. Он жыл жок болуп журуп, келсе да алдынан эч ким тосуп чыкпады . Үруп чыгаар ити да жок болчу. Кара жанын карч уруп, кабатыр алып , куйгөн ата энеси жалгыз уулу Тилегендин азабынан эрте көз жумушту.Бир уулдун күйүтту жеп бүттү экөөнүтең. Тиштенип, муштумун түйүп , үйүнө бет алды . Көөдөнүн өйгөн өткөн күндөрү көз алдына тартыла түштү. Баарына өзүн күнөөлөйт. Ичкери батынып кире албай , кадамы артка кетти.артын көздөй кетип бара жатканда ;

— Тилеген байке ! Тилген байке !– деген тааныш үн угулду . Артын карай салды. Артында эки аял турган… Тааныбай жатып , арааң дегенде тааныды ,. Эжеси Тамара, карындашы Самара болчу. Самара колундагы уулуну жерге койо коюп байкесине жугурду. Жете келип бооруна кирип кучактап ,өксүп ыйлап кирди .
— Тилеген байкем , менин бир тууганым , жөлөгүм , айланып кетейиним , биздин суранып ,жалбарганыбыз жаратканга жеткен окшойт ,эсен аман кайтып келипсиз…. Сагынып ,саргайып күткөнүмдү билесизби ?! Бизди кайра таштап кайда кетип жатасыз ? Байке кетпеңиз . Кетпеңизчи?

Муздап калган жүрөгүнө жылуулук кирип, мээрим ойгонуп ,көзүнөн жаш тамчылап акты.. Бир далайга чейин койюп жибербей бекем кучактап , карындашы эр эркеп ыйлады. Артында карап турган эжесине бурулуп , өзү кадам таштап барды . Батынып , сөз ача албай уурулук кылып тутулган туткундай жер тиктеди…

— Эже мен келдим !
— Эмнеге ,эмнеге келдиң? – деди буулугуп ,көз жашын аарчып. Көздөрундө жек көрүү да , сагыныч та бир бооруна соолубас мээримда турган… Мунөөзү атасын жазбай тарткан , эжеси жүзүнө тике карап ансайын жүдөттү.

– Келесоо десе ! Өз үйүмө келдим деп айтпайсыңбы !? Эмне башыңды ийесиң ,? Көтөр! Көтөр башыңды ! Эртерек аракет кылбайт белең ,мынча кеч , мынча кеч келдиң ? Апам байкуш саргайып күткөнүн билесиңби ? Акыркы күнүнө чейин, журөгү сокпой калгыча сени эстеп , сени күттүгө байкушум апам , сагынып ушул уйдөн жылбай умут кылды. Сенин көздөрүңө тоюп карап , Оо дүйнөгө армансыз кетмек! Атакеме сен жөнүндө кабар бермек . Апамдан да айрылдык ! Биз эми томолой жетим болдук . – деп ыйлады . Эжесинин башын кучактап , өзүн койорго жеп таппай өксүп , көкүрөк көөдөнү толуп ашып ыйга ,жарылып кетчуудөй болуп ,бул ааламга батпай турду…

Уч бир тууган ,бугун бирикти . Бөксөргөн журөктөру толуп , бири бирин кучактап бир бүтүн болушту.
Эмесе окуурманым сөз башынан болсун …
≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈»≈≈≈≈≈≈»≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈≈
–– Тилеген байке ! Байке туруңуз ,! Байке туруңузчу атам келе жатат.
— Мм калп айтпай барчы . Өлөсүң азыр .. Жаздык менен башын чумкөп жатып алды.
–– Өзүңүздөн көрүңүз , кийин мени урушуп журбөңүз.
–– Суйлөнбөй жогол. Мен уктаймын. Түш болду туруңузчу–уу.
Трактордун дабышын уктуңузбу ? Атам жакындап калды . Көчөдө ойноп жатканмын ,алыстан көрүп чууркап кирдим .
–––Калп айтпай турчу ,чыгып кетчи ,– деп жаздыкты алып атып урду. Аңгыча апасы Кымбат кирип келди;
–– Тилген батырак турчу балам. Бол тезинен атаң жакындап калды. Териңди тескери сыйырат азыр келип калса. Тур эми . Тезинен жузуңдү жууп үлгүр.. Тилген шашып ордунан атып турду , фудболкасын оңдоп устуно кийип сыртка чууркап чыкты. Эшик алдындагы арыкка аттай салып , эки колдоп суу алып жузун чачыратып жууп, чачын салалары менен тарап , жүз аарчысын колуна алып , короого кире качты…. Тракторун тырылдатып Абай кирип келди.
–– Абышка келиңиз деп ,колунда жылуу суусу ,желкесинде жуз аарчы менен Кымбат тосуп алды.

Пример HTML-страницы

–––– Келдим , келдим байбичем . Кандайсың ?
–– Түзүк. келиңиз жузунузду жууп ,кийимдериңизди алмаштырып алыңыз.

––– Аа жок байбичем, тим эле кой. Тамактанып жумушка чыгып кетемин. Жүз колумду жууп аламын болду. Тамагың даярбы?

––– Ооба баары даяр . Ыссыкта теги бир аз дем алыңызчы , күн оогондо да жумушка улгурөсүз..

–––Кой убакыт саатты келип турганда иштеп, үлгүрүп калайын. Демди да алабыз . Ал кез да жакын буйурса , небере жыттап ,улбурөп отуруп калабыз. Эртең уулунда окуусун аяктап жатат. Ага да акча керек. Жол кире тамак аш , жумушка орношуп алгыча камсыз кылып жардам беребизда . Белди бекем бууп ,ал күчүм барда тиричиликти кылайлы ,. Туурубу байбиче?

––– Тууру ,туура айтасыз абышкам. – деп күлүп алышты….

Абай менен Кымбат эл катары тиричилиги бар ,карапайым эле жубайлар. Болгону адал эмегеги менен , тамак ашын таап, балдарына жакшы тарбия берип , бирин бири сыйлап урматтап жакшы жашоочу. Айылда кадыр барктуу , сөзү өткөн сыйлуу инсан . Мына өз күчү менен чон кызыны окутуп, турмушка берип , уй булөөлүү болуп келип кетип турат. Кезек Тилегенде . Окууну аяктап , уйлөнгөнү дапдаяр. Самара мектепке окуган Абайдын сүймөнчук эрке кызы…..

– Кымбат ! Тиги уулуңу чакыр , тамактанып алсын.
– Тилген ! Уу Тилегее–еен!
– угуп жатамын апа ,
–Кел уулум , атаң менен олтуруп тамактанып ал.

Тилеген колун жууп, келип атасынын оң тарабынан орун алды.
–Ассаляму алейкум ата келдиңизби?
– Ва алейкум салам. Ооба келдим. Уйку быштыбы ,аа ата уул?
–– Турдум ата ,турдум. –деп уялып күлүп жер карады.
––Мм окууң ,эгзамендериң кандай жакшыбы ? Кандай баалар, теги билимиң кандай? Дипломду алып жумушка орношо аласыңбы?
–– Ата мага шаардан жумуш чыгып жатат.
Чакан иш кана « Бал ширин » – атуу суусундук, шербет чыгаруучу заводко оз кесибим бойюнча технолог болуп, ишке чакырышып жатышат. . Маянасы аз экен ойлондуруп жататко..

––Уулум , биринчи көзүң көнүгүп, үйрөнгүчө ошондой болот, ыраазы болуп ,жумушка орнош . Балким жакшы иштеп , бүт баарыны үйрөнүп алсаң, сенда чакан завод ачып ,өзүндүн бизнесинди баштаарсың. Жакшы уулум ойлонуп жатым эле .
Аа мына! Көңүлүм жайына түштү , тамакка табитим да ачылып кетти, кел байбиче дагы бирди куй тамагыңдан аябай даамдуу болуптур.

Кеч кирип Тилеген шаарга окуусуна кетти. Окуусун аяктап , бат эле жумушка орношту . Күн өткөн сайын жумушу алдыга журушуп, ишмердүүлүгү ашып, мөмө жемиштерден ден– соолукка пайдалуу шербет чыгара баштады. Кыргызстандын бардык булуң бурчуңуна жеткирилип , жада калса коңшу өлкөлөр Казагыстан жана Россия га да жөнөтүлө баштады… Ар аймактан дүң баада өрүк ,алма шабдалы , бардык мөмлөрдүн таза сортторун алып барган сайын заводу чоноюп ,маянасы да ашып , капчыгы кампайып калды. Биринчи айлыгыны алып , атасы менен апсын кубантып келген. Ата энеси , тууган урук уйлөн деп шаштырып кулак мээсин жеп жаткан кез болчу. Ошондой кундордун биринде чогу окуган группалаш дос баласы кечеге чакырып калат… Эриккен жаны ,жумуштан кеч чыгып тууру досунун уйунө жөнөп кетет. Барса Аслан баштаган уч дос баласы беш кыз менен олтурушуптур. Баары кызуу , каткырыкты калың салып , жуздөн ичип койюп , тамашаны бири бирине жаадырып жаткан .
–– Ээ Ассаляму алейкум , кандайсыңар доскелер?
––Ва алейкум салам , кел досум кел. Аябай кечиңтиңго .
–– Жумуш көп , чыгышым ушул болду . Баары менен учурашып, кыздар менен таанышып та үлгүрдү. Төөрдө олтурган кыз эч кимге кошулбай ,жактырбагандай түр көрсөтүп жатканын байкап карап олтурду. Назданып ар бир сөзгө жактырбай жооп берип , эч кимди көзгө да илчүүдөй эмес. Сулуулугу ай тим эле шилекейиңди агызат. Тилегендин бүтүн ойун ээлеп,жээлеп өзүнө тартып туруп алды. Мындай кыздардын даалайыны сынынан өткөзүп , көнгөн жаны Айкөлгө да сөз ачып көрдү.
– Төрдүн көркүн ачып , олтурган сулуунун аты ким экен ?
Шынк этте күлүп жооп берди.

–Атым Айкөл.
––Соннун атың бар турбайбы?
–Өзүм соннун кызмында .
––Туурасын айтсам мактанган кыздарды жактырбаймын.

–Көзүм учуп турганы жери жок. Министирдин баласындай керилдиңго тим эле .

––Текеберчилик бул шайтанга берилген сапат. Министирдин балдары менен алмаштырып алыпсыңго , эшик оң тарапта . Бул жер,карапайым бизге окшогон, адамдык сапатын жоготпогон инсандар учун .

Көптү көрүп, көпчүлүктүн арасында жүрүп сөзгө чыйралган жаны эки сөз менен Айкөлдү сөзгө жыкты. Кичинеден алып олтуруп,кыйла кызый түшту. Ортодо бийлеп жаткандардын арасына кошулуп , Тилгенда бийлеп кирди.
Арт жакта бийлеп жүргөн Айколдү колдон алып ,жеңил бийге тартты . Экөө ортодо кучакташып бийлеп жатышты. Мас боло тушкөн дос балдары шишенин акыркысын бөлгөнү кухняга кирип кетишти. Бөлмөдө экөө жалгыз , . Тилеген койнундагы мөлтүрөгөн сулууга азгырылып, анын шаңкылдаган күлкүсү, көзүн сүзүп назданып жооп кайтаруусу , жагымдуу жытты делебесин козгоп баратты. Көзүнө укмуш сулуу көрүнүп , ак суйуусун ,жада калса жүрөгүн да арнап салгысы келди.
– Айкөл жашын канчада ?
Жашым он тогузда .

–Аябай жаш турбайсыңбы? Бирок өзүңдү алып журушуң, мамилең чон кыздардай.

,– Мм ошондой деңизчи байкеси , акыры өзүңүз тан алдыңызго. Жанатан бери сөзгө жыгып айламды алты кетирип жаткан элеңиз.

–Кечирчи ? Кечирип койчу мени каралдым. Карлыгачым менин.
Мынча сулуусуң ? Тим эле бир кашык чайга аралаштырып ууртап койгуң келетко.
Жагып калдың , жүрөгүмдү уурдап алдың . Жигитиң жокпу теги?

–– Мендей сулуу кыздарын жигити жок болчу беле ? Хехехе
––Таштачы аларды . Мен менен бирге болчу?
–––Асмандагы айды алып беремин деп албаңыз?
––Жоок согуп турган журөгүм курман го алтыным. Айкөлдүн А тартып , кызарып ,борсойюп турган эриндеринен өөп алды.
Айкөлгө да жагып тушту. Кандайдыр куч арбап , сезимдери алып учуп ,өзүнү асмандын жетинчи кабатында жүргөндөй элестетти. Мындан алдын өзүнүн суйлөшкөн жигити менен далай жолу өбушкөн , бул ирет өзгөчө болду. Бою узуун , ак жуздуу , абдан таза , тыккан, келишкен кен далылуу Тилеген, Назик белинен кысып, жагымдуу сөздөр менен эс учун тандырды.
Баликим бул биринчи суйуудур , экөө тең бири бирине жагып, бат тил табышып, сөздору уланып таң аткыча суйлошуп олтурушту. Айкөл суйлошуп жүргөн жигити Нурболотко Тилегенди салыштырып, ар бир сөзүн байкап жатты.

Тилгендин тушунуктуулугу, тамашакойлүгү , ананда сыйлап, аяр мамилеси өзгөчө жагып турду. Көзүнө тике карап ;

Ичинен ; « мындай баланы колдон чыгарып ийген акмактын ишиго , Тилеген сени эч кимге эч качан бербейм. Сен меникисиң , мен учун жаралгансың ,мен анык билдим »– деп , жылмайып көкүрөгүнө башын жөлөдү.

Тилген ; « чын элеби ? Чын эле мен күткөн, мен издеп жүргөн кыз ушул бекен? Мынчалык тез арада жакын болуп кетүү өзү мумкун эмес. Бугунку тун эч тугөбөсө экен. – деп кучагындагы перини жоготуп алыштан коркуп турду.

Бут тагдырын, жашоосун ушул кичинекей алсыз кучагында созулуп жаткан кыз өзгөртүп салышыны билбеди. Суйуу , сулуулук көзун тосуп, жүрогуүндө өз бийликтерин жүргүзүп, акылына баш бербей жаткан кези болчу. Эгерде артын карап , келечегин ойлогондо бул кыздан алыс качмак.

Эрте менен баары тарап кетишти. Жумушка барган Тилегендин оюн бутундөй Айкөл ээлеп алды. Басса турсса көз алдынан кетпей шыңгыр күлкүсү кулагына жаңырып, кыйнады……Туштөн кийинки убакта жумушу азайып телефону кулагынан тушпөй , кечке Айкөл менен суйлөшуп жүрдү.
Кечке бири бирине кат жазышып, кимдин колу бош болсо телефонуна чакыруу жөнөтушуп, бири бирин кутуп, калышты.

–Жумушуңуз бүттүбү ? Сизди сагындым.

––Жөжөм менин , жолдо бара жатамын. Чыгып тур , менда сагынып сагынып кеттим.

Айкөл катты окуп, жытуу самын упаларын алын ,душка кирип жуунуп, жүзүн бойоп ,өзгөчөлөнүп жасанды. Кыска кызыл көйногүн , кара такалуу бийик туфлисин кийип ,чачын жайып , кузгу астына келди. Көйногу дене мучоосуно чак келип, ансайын ажарын ачат. Өзүнүн сулуулугана кызыга алды артын карап, айланып , чыгып баратты.
––«Ай кыз кечинде кайда»–? деген апасынын уну чыкты кухнядан.

–Азыр келемин. Бат эле .

––Артка кайт , чыкпайсың ! Нурболодко тийсең кор болосуң келечеги жок. Айдай чырайыңды кор кылба . Тиги Жанышка эле турмушка чык . Жыргап жайшайсың. Менин сөзүмдү уксаң ,кем болбойсуң. Эжеңди кара жыргап жашап жүрөт .

––Кайда жыргап жашап журөт? Каарыган чалдын койнунда титиреп какшап жашап жүрөт! Жийиркенемин мен. Мен антип жашабаймын.

–––Унутпа ошол каарыган чалдын уйундө жашап журосуң. Тиги кийген кийимдериң, жеген тамагыңда ошол чалдын акчасы. Эжең сени мени деп ,тийип олтурат.

––Уфф апа! Болду кылыңызчы ? Мен башкасыны таптым, окууну буткөн ,жумушу бар бала . Сизге да жагат. Сиздин көңүлүңүзгө абдан төп келет.
Нурболот биринчи жигитим, жолдошум болбойт . Билем менда , апа мен келгенде суйлошобуз. Балкондон карап туруңуз ишенбесеңиз ,бул такыр башка бала.

––Макул , этият бол….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️