Тил (Аңгеме) 

https://kyrgyzcha.site/?p=20891&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тил ( Ангеме )…

 

Он жашка чыккан Эмилбек апасынын жалгызы. Уйдун эркеси. Энеси анын козунун агы менен тен айланат. Дайыма эркелетип, айтканын эки кылбайт. Жегени астында, жебегени артында. Талтандап керели кечке шоктук кылып жургону жургон. Кочодогу озу курду балдарга эзели тынчтык бербейт. Бироосунун оюнчугун алып качса, экинчисине устомдук кылуу учун таш менен урат. Иши кылса, Эмилбек эрезеге жетпей жатып чырдуу бала атка конгон. Кокус, бироо жарым андан ойдороок келип, мойнун толгоп койгон болсо болду, Кудай берип, онгуроп ыйлап, кочону башына кийип алат. Жалгызынын коз жашын колдотконуно апасы карап турабы. Баягы адатынча балбалактап, урушкан баланы да, анын ата — энесин да жерден алып, корго чейин каргап- шилейт. Копчулук, жесир аялга тенелбейли дешип жым болушат. Андайда ал тим эле женилгиз жоону женгендей, андан бетер алынып, жулунуп, кыйкырып, чуу салып бакырып жатып калат.

» Келип — келип ушул бир жетимге алынар жетет да! Жалгыз да! Жетим да, ошого оолугасынар кол которуп. Силер муну ыйлатсанар, Кудай силерди ыйлатсын! Баланардын башынан балээ кетпесин! Анын ушундай создорун каалабаган копчулук, кобун эсе Эмил айыптуу болсо да, оз баласын куноолоп, жесир аялдын жемелерин угуудан качышат. Мына ошол Эмилбек он учко кирген кундордун биринде, кеч кирери менен чыгып кеткен бойдон эл жатаарда тоок которуп келди. Баласынын мындай кылыгына кубанган апасы » Азаматым десе. Чоноюп калган турбайбы, апасын минтип тоок эти менен багып » — деп мактап койду. Мактаганды жакшы коргон Эмил кыйратып койгонсуп, ансайын мардайып калды. Ошентип кундор ото берди. Он алтыга кадам таштаганда уч кун жок болгон Эмилбек, тортунчу куну бир капта килейген кочкордун этин алып келди. Балам ишке жарап калыптыр деген ой, энесин ансайын кубанычка болоду.

Анан адатынча: » Жигит деген ушундай болот. Эгер мындай тапкан болсон, эртен уй- булоонду бакканда да кыйналбайсын «, — деп далыдан таптап койду. Энесинин бул созу баласын дагы да мыкты иштоого ансайын шыктандырып салды. Арадан эки жыл отуп- отпой Эмилбек бир куну балдар менен иштеп келем деп кетип, торт кундон сон тун жамына уйуно адатынча торпок жетелеп келди. Уулунун иштен куру кол келбегенине кубанган апасы, тамактанып жатып, баласына уйлонуу туурасында кеп козгоду. Эне- бала бир кыйлага чейин баарлашып, Тун бир оокумда гана уйкуга кетишти. Алардын таттуу уйкусун танга маал тапыр- тупур уйго бастырып келген кызыл шапкечендердин: » Кыймылдаба, жон жат. Турсан курал колдоном «- деген ундору бузду. Коз ачып жумганча эки килейген бала, Эмилди оордунан тургузбай басып калды. Бироосу Эмилди уурулукта айыпталып жаткандыгын тушундуруп, атканадагы торпок кошуна айылдагы Анарбай акеники экенин айтты. Колу кайрылып, артына байланган Эмил алардын коштоосу менен энесинин жалынып- жалбарганына, коз жаш токконуно карабай тор машинага салынып, райборборго жоноду. Жаш болгонуна карабай уурулукка жетишкен бул жигит, ошентип он алты жылга кесилип кетти. Жалгызынын жазмышына кейиген эне кундоп- тундоп ыйлап журуп, беттерин бырыш каптады. Колдору калтырап таяк суйонуп калды. Чачын ак басты. Бир кун мин кунго арзып, арадан он алты жыл аран отту. Баласынын абактан чыгаар кунун алдынан эсептеп жургон эне, ошол куну тан эрте бийик дубалдуу, дубалдын башы тикен зым менен оролгон, сурдуу имараттын дарбазасынын алдына барды. Жалгызын корууго ушунчалык ашыкканы менен, тушко жакын гана имараттын дарбазасы шарактап ачылып, андан ону дубалдай бопбоз, бутун аран суйрогон Эмил чыкты. Онундо кубануу да, кайгыруу да жок. Мисирейген абалда акырын келди. Энеси болсо » Эмилим эле Эмилим, чырагым, жалгызым » — деп кучагына кысып, коз жаш тогуп беттерин опкулоп, Жаратканга шугурчулук айтып ыйлап жатты. Бир канча убакыт откон сон гана Эмил акырын:

— Апа тилинди чыгарчы деди. Эмне? — апасы суроолу тиктеди. Тилинди чыгарчы. Тилинди. Баласынын кыргылданган унун уккан апасы, эч нерсени тушунбогон абалда тилин чыгарды. Эмил он колунан бармактары менен энесинин тилин мыжыгып: » Кечир эне, кечир, сенде айып жок. Куноонун баары мына бул тилинде. Эгерде ошондо биринчи жолу кошунанын тоогун уурдап келгенимде ушул тилин мени мактап, жактабай, ушул тилин уурулуктун аягы кууш болоорун, арты окунуч, арман, кайгы менен аяктаарын айтканда, бугун экообуз бул жерде минтип турбайт элек. Кечир апа, кечир, сенде айып жок. Куноонун баары ушул тилде » — деди да колун тилден тартып алып, артын карабай нары басты. Он алты жыл кунду- кун, тунду- тун дебей Жараткандан жалгызынын эсен- аман келишин, жалынып- жалбарып тилеги энеси уулунун эмне учун тилин мынчалык мыжыкканын тушунуп- тушунбой эсин жоготуп, жерге жатып калды…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️