Пример HTML-страницы

Телефонго тартылбай калган окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облустук соту ата-баланы сабаган адамдарга карата Түп райондук сотунун 2022-жылдын 9-сентябрында чыгарган өкүмүн өзгөрттү. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринин тургуну Анарбай 2021-жылы 26-майда саат 14:30 чамасында өзүнүн баласы Ратбек (аты өзгөртүлдү А.Р.) экөө «Мерседес Бенц 123» унаасы менен Кутургу айылына барышкан. Ал жактан кайра келе жатышканда мурда тааныш болгон Сапарали (аты өзгөтүлдү С.А.) бир тууган иниси Сүйүнбай (аты өзгөртүлдү С.Ю.Н.), атасы Бакы (аты өзгөртүлдү Б.Н.С.) менен бирге алардын унаасынын алдына чыгып токтотушкан. Ал жерден баласы экөөнү унаадан сыртка алып чыгып, уруша кетишкен. Алар кашанын жыгачтарын чыгарып, аны менен баласы экөөнү сабап, унааны таштар менен уруп, 28 миң сомдук зыянга учуратышкан. Ата-баланы сабап жатышкан учурда Анарбай коргонуп унаасына кирип, уюлдук телефону менен окуяны тартууга аракет кылган. Бирок Сапарали аны бетке муштап, «Редми А2» үлгүсүндөгү 12300 сомдук телефонун тартып алган. Ата менен бала жеңил жаракат алышкан.

Сапарали райондук сот тарабынан бейбаштык беренеси менен айыптуу деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) 2 жылга пробациялык мөөнөт белгиленген.

Сүйүнбай да бейбаштык беренеси менен айыптуу деп табылып, бирок 2 жылга пробациялык мөөнөт белгиленген. Алардан жабырлануучу ата-баланын пайдасына 53800 сом материалдык зыян жана 10 миң сом моралдык зыян өндүрүлгөн.

Бирок бул өкүмгө жабырлануучулар макул болбой, Сапаралини 8 жылга, Сүйүнбайды 4 жылга эркиндигинен ажыратууну, аларга доо-арызда көрсөтүлгөн материалдык жана моралдык чыгымдарды толук өндүрүп берүүнү суранып, облустук сотко кайрылышкан.

Жабырлануучулар эмне дейт?

Соттук отурумда жабырлануучу Анарбай көрсөтмө берди. Ал баласы экөө келе жатканда айыпталуучулар тосуп алып, уруп салышканын билдирди. Окуяны уюлдук телефонго тартып баштаганда колунан тартып алышкан. Телефону ошол бойдон кайтарылган эмес. Материалдык чыгым өндүрүлгөн эмес. Унааны таштар менен урушкан. Ал боюнча дагы материалдык зыян өндүрүлө элек.

Анарбайдын баласы Ратбектин айтымында, атасы экөө унаа менен келе жатканда айыпталуучулар аларды тосуп токтотушкан. Атасы унаанын эшигин ачып «эмне болду?» деп сураганда алар колдорундагы таяк менен атасын сабай башташкан. Айыпталуучулардын атасы кашадан секирип чыгып, аны таш менен урганда ал жыгылып кеткен. Алар атасын таяк менен уруп, телефонун тартып алышкан.

Айыпталуучулар эмне деди?

Сапарали сотто күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Окуя болгон күнү ижарага алган жер тилкени кашалап жатышкан. Ошол учурда унаа менен кетип бара жаткан Анарбай жана анын баласы Ратбек колу менен «жест» көрсөтүп тийишип өтүп кеткен. Алар кайра унаа менен келип, алардын жанына токтоп, «биз силерди басмырлаганбыз, мындан ары дагы басмырлай беребиз» деген. Анарбайдын уулу Ратбек болсо балканы ала калып, кичүү инисин кубалаган. Ошол учурда Ратбектин атасы Анарбай чыгып, экөө жакалаша кетишкен. Ал телефонго тарта баштаганда эмнени тартканын көрүү максатында телефонун колунан тартып алган. Аны текшергенде эч нерсе жок экенин көрүп, кайра унаанын салонуна таштап койгон.

Ал буга катар эле Түп райондук сотунун 2022-жылдын 9-сентябрындагы өкүмүн өзгөртүп, материалдык жана моралдык зыянды өндүрүү боюнча бөлүгүн алып салууну суранды.

Сүйүнбай да сотто айыбын жарым-жартылай мойнуна алды. Алар окуя болгон күнү иштеп жаткан. Ошол учурда жабырлануучу Ратбек унаа менен бара жатып аларга колу менен уят нерсе көрсөтүп, мазактап өтүп кеткен. Кайра унаасы менен алар жакка келип токтоп, Анарбай унаадан түшүп, агасы Сапарали менен менен сүйлөшүп турганда Анарбайдын баласы Ратбек унаадан балканы алып чыгып аны коркутуп кубалаган. Кайра келгенде уруш чыгып кеткен. Ал дагы Түп райондук сотунун 2022-жылдын 9-сентябрындагы өкүмүн өзгөртүп, материалдык жана моралдык зыянды өндүрүү боюнча бөлүгүн алып салууну суранды.

Соттун өкүмү:

Ысык-Көл облустук соту 2022-жылдын 16-ноябрында иштин материалдарын карап чыгып, Түп райондук сотунун 2022-жылдын 9-сентябрындагы өкүмүн өзгөрттү. Сапарали 6 жылга жылга эркиндигинен ажыратылып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 3 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды. Андан Анарбайдын пайдасына 12300 сом өндүрүлөт. Өкүмдү калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE