Текебер аялдын тагдыры!

https://kyrgyzcha.site/?p=54414&preview=true Кызыктуу окуялар.

Текебер аялдын тагдыры!

 

Кадырга бүгүн кат келди.

Кат карылар үйүнөн келген эле. Катты апасы

жазыптыр. Ага кошо апасынын ааламдан

өткөндүгү жана эч ким келбегендигине

байланыштуу аны көптүн бири катары

кароосуз калгандар коюлуу¬чу мүрзөгө

коюлгандыгы тууралуу да кошумча кат

жүрүптүр.

Кадыр бир жакшысынан айрылгандай ичи

сыйрыла селт этип алды. Качандыр бир кезде

көзү жалдыраган балдарын тирүүлөй жетим

кылып таштап, сүйүү издеп кетсе да, апасы

тирүү кезде кандайдыр сүйөнүчү, таянычы

бардай сезчү өзүн.

Кадыр ичинен кейип, ичи сыздап турду, миң

таштап кеткен чакта деле, кантсе да өз энеси

эмеспи, көзүнө жаш алып, эмне кылышын

билбей шалдая отуруп калды.

Сырттан күлүп кирип келген зайыбы Бурулча,

күйөөсүнүн минтип көзүн жаштап отурганын

көрүп чочуп кетти. Анткени күйөөсү ар дайым

күчтүү жана анча-мынча кыйынчылыктарга

моюн сунбаган, кайраттуу жигиттерден эле.

Анын минтип мүңкүрөп отурганын эч качан

көрбөгөн. Кандай күндө калса да айла таап

чыкчу. Жетим жүрүп жетилип, турмуштун

ысык-суугуна жашынан көнгөн чыйрак жигит

болуп чоңойду.

– Ээ Кадыр, эмне болду сага, айтчы жүрөктү

түшүрбөй? – деди Бурулча көздөрүн

бакырайта.

– Апам ааламдан өтүптүр, көптүн бири катары

ошол жактан коюлуптур, – деп үнү

каргылдана сабылып отурду Кадыр. Ушул

кезге чейин эрибеген жүрөгү сайгылашып

турду. Кантсе да, эненин орду бөлөк болот

белем. Кайсы бир күнү апасы кирип келип:

– Уулум, мени кечир, – деп чачынан жыттап

эркелетсе дечү, өзү болсо апасынын

көкүрөгүнө башын салып, эне жытын моокуму

канганча жыттагысы келчү. Бала кезинде жол

карап, күүгүм киргенче көз талытып,

машиненин дүрр эткен үнү чыкса апам

келдиби деп чуркап чыкчу. Кадыр бир өмүр

апасын күтүп жашады. Чо¬ңоюп, үйлөнүп,

балалуу болуп калса да тымызын күтө берчү

апасын.

А апасы өзүнүн бир кездеги ойлонбой кылган

катасы өзүнүн башына муш болуп, же

күйөөдөн, же баладан жок как талаада куу

баштай жалгыз калып, акыры «жакшы ит

өлүгүн көргөзбөйт» болуп, эч кимиси жоктой,

карылар үйүндө каза табаарын ким ойлоду

дейсиң… Кадыр апасынын эми эч качан

келбесине ынангысы келбеди. Ишенбейин десе

апасынын өлгөнү тууралуу колундагы

маалымдама кат мисирейип «апаң өлдү, апаң

өлдү» деп дирилдеп жаткансыйт. Анан апасы

жазган катка үңүлдү. Андагы Айтургандын

өзүнүн өмүрүндөй ойку-кайкы кол тамга

менен жазылган тамгалар бир армандуу

сулуунун баянын ыйлап айтып жатышты.

«Мен бир үйдүн көкүрөк күчүгү, атамдын

жашы өтүп калганда көргөн кенже кызы элем.

Атам тамактын чүйгүнүн жедирип, ки¬йимдин

түрүн алып берип оюма коюп чалчактатып

өстүрдү. Керелден кечке эркек балдар менен

тең тайлашып чүкө атышып, күрөшүп, ат

минип, кыздарды кошо уруп ыйлаткан мени

жетинчи класска чейин эч ким кыз бала

катары көрчү эмес. Атам да, мен кызымды

уул баладай алып жүрөм деп, шым кийдирип,

кур курчантып кайда барса ээрчитип алчу.

Апамдын «койсоңчу, кыздын кыздай эле

болгону жакшы» дегенине кулак какчу эмес.

Ошентип он бешке чыкканча аябай шок

болдум» деп башталыптыр кат. Андан ары

баян уланыптыр.

Көчөдөн балдар өтө алчу эмес, кыз-бала

дебей баса калып, минип алчу. Бирок мектепте

жакшы окуп, ырга-бийге жакын болчу.

Ийримдерде да шаңкылдата ырдап, комузда

кол ойното чертип биринчиликтерди алчу,

дубал гезитте да ырлары байма-бай чыгып

тураар эле. Айтургандын тага журту ашкан

комузчулар, апасы да ооз комуз ойнойт, анан

дагы атасы менен жоролордукуна кошо барып,

алар ырчы-комузчулар менен көп отурушчу,

ошондо эле кызыгып тыңшап калчу. Он бешке

киргенде каш кирпиги төгүлгөн, көргөн көздү

суктандырган сулуу кыз болуп чыга келди!

Токтолгонун айт!.. Баягы көчөдөн өткөн

балдарды чыңыртып баса калчу, качан болсо

кошуналары даттанып келсе, тамбашыга

чыгып кетип, шатыны жогоруга тартып алып,

эч ким чыга албасына көзү жеткен сон, там

башында бийлеген кыз жок. Он сүйлөсөң бир

сүйлөгөн ыймандуу кыз болуп чоңойду.

Айылда ага ашык болбогон, кат жазып сүйүү

арнабаган жигит жокко эсе. Онунчуну бүтөөр

жылы биринин артынан бири келип жуучулар

эшик кагып жатышты. Ал түгүл, акыркы

экзамендерин тапшырып аткан кезде ала

качабыз дешип, экзаменге машинада апасы

менен барып келчү болду.

Келген жуучуларга болсо, «кызыбыз али жаш,

окутабыз» деп жооп берип атышты. Айтурган

борборго барып окуп, ичине батпаган таланты

менен элге таанылгысы келчү, эл алдына

ырдап чыккысы келээр эле…

Бүгүн акыркы экзамен күнү, апасы иниси

уулун отургузуп жентек тойго кетип, Айтурган

өзү кетти экзаменге. Бүтүрүүчүлөр баары

аппак болуп барпырашып, колдорунда гүл.

Акыркы экзаменди ийгиликтүү тапшырып

чыгышып турмуштун даңгыр жолуна

аттанышканына жетине албай, келечек

жөнүндө, ким кайсы окууга барышы жөнүндө

биринен бири озуна бажакташып, көчөдө

каалгый баратышты.

Бир маалда кыздардын тушуна чукул

токтогон машинадан сомодой болгон үч жигит

шапа-шупа түшө калышып эле, Айтурганды

тырпыратып чыңырткан бойдон машинага

салып жүрүп кетишти. Чурулдаган кыздар-

балдар кыйкырган бойдон кала беришти.

Айтурган кыйкырды, жулкунду, коё бергиле

деп ыйлаганын дуулдаган жигиттер укмак

беле. Машина зуулдаган боюнча кошуна

айылга кирип барды.

Машинанын туткасын кармап түшпөйм деп

тырмышып туруп алды Айтурган. Ага жигиттер

койчубу, колдон-буттан алып, үйгө алып кирип

коюшту.

– Айланайын десе, ак жоолугуң башыңан

түшпөсүн, тең карып тең арыгыла, этегиңден

жалгасын, – деп ак жоолукту башына салган

эненин колун кагып жиберди Айтурган.

– Убара болбоңуз, мен баары бир кетем,

отуруп калат деп ойлобогула, – деп ыйлап да,

сүйлөп да жатты.

– Айланайын десе, кыз жыргаар жерине ыйлап

барат, баарыбыз эле ушинтип келин болгонбуз,

– деп акыл-насаат айтышып, кемпир-кесек

кызды көндүрүүгө аракет кылып жатышты.

Нары кетип, бери кетип, кызды отургуза

алышпай суй жыгылышты. Ыйлай берип үнү

бүтүп, алы калбай калган кезде:

– Апамды чакыргыла, мен окушум керек, –

деп туруп алды Айтурган.

Акыры жедеп түңүлүшкөндө аттуу-баштуу

бирөөсү келип, отургузаар деп ата-энесине

чабаганчы жөнөтүштү. Аңгыча кабар жетип

апасы бир келинин салып алып келип калды.

Келип эле:

– Кызымды көрсөткүлө, өз көңүлү менен

келген болсо батамды берем, зордоп апкелген

болсоңор сот алдында жооп бересиңер, – деп

катуу айтты. Бала тарап бөйпөңдөшүп,

карылар ар сөздү мисал кылып, кыздын

энесин ийге келтирүүнүн аракетин кылып

жатышты.

– Мени кызым менен сүйлөштүргүлө, ага

чейин эч нерсе дей албаймын, – деди эне.

Апасы келин отурган бөлмөгө киргенде кызы

кечетен бери алышып, алы кетип отурган эле.

– Апаа, – деп бакырып ыйлап жиберди.

– Кызым, сенден бир ооз гана сурайм, ойлон,

кийин өкүнбөгүдөй бол, каласыңбы,

кетесиңби? Сүйлөшкөн белең, же зордоп

апкелиштиби, айт балам, мен энеңмин, сен

үчүн баарына даярмын? – деп маселени

кабыргасынан койду эне.

– Кетем, апа, кетем. Мен бул баланы

тааныбайм, мен окушум керек, калтырсаң да

баары бир кетип калам апа, – деп буркурап

жиберди Айтурган.

Кызынын көңүлү жоктугуна көзү жеткен эне

элдин кебине да кайыл болуп, намысты да

ойлобой кызын алып кетүүнү чечти. Рас,

жүрөгү бырчаланып, бир күн отуруп калды

дечү элдин кеп-сөзүнөн, ошол эле мезгилде

кызынын келечегинен да чочулап турду.

Бирок, кызынын жакшы ырдашын, андан

бирдеме чыгышына көзү жетчү, ошондуктан

салтты да, эл сөзүн да артка таштоону туура

көрүп, кызын колдон алды да, үйдүн

босогосуна жетти. Аялдар чуулдап алдын

тороп, ошол мезгилде баланын чоң энеси

астанага:

– Кетсеңер мени аттап гана чыгып кеткиле, –

деп жатып алды. Айтургандын апасы көзүн

жумуп жиберди. Эгер азыр кызын алып чыгып

кетсе, карыган адамдардын назарына

калаарын ойлоду. Таштап коёюн десе, алып

кет деп боздогон кызын кыя албайт. Эки

оттун ортосунда калгандай болду. Акыры

кызынын келечегин ойлоду да, аттап чыгып

кетишти. Жалт артына караган кыз, көзүнөн

бир тамчы жашы жүзү ылдый сызыла

кемшиңдеп:

– Бактың ачылбасын, сулуулугуң менен

текеберлигиң акыры түбүңө жетээр, – деп

күбүрөнүп жаткан, бетин бырыш баскан энени

көрдү.

Жүрөгү бир кызыктай болуп солк этип алды.

Бирок окуйм деп дегдеп алган кыз, артка

кайтпайт эле. Ошол күнү эле түндөп машина

менен шаарга алып кетти агасы.

Документтерин топтоп музыкалык окуу жайга

тапшырып өтүп кетти. Кубанычы койнуна

батпаган кыз, бүткүл дилин окууга койду, бир

көргөн түштөй болуп кечээги күндөрдү унута

баштады. Үнүнүн тунуктугу, ырды комузга

салып, кыраатын келтире созолонтуп

ырдаганы көп адамдардын жүрөгүнө от

салды. Алдына адам салдырбай, алдыңкы

студент¬тердин катарын толуктаган ырчы

кыз, окуусун кызыл диплом менен бүтүрдү.

Радио-телелерден ырлары бериле баштады,

бара-бара атагы угула баштады.

Айтурган азыр бактылуу эле, ошол эле кезде

баягы кемпирдин жаагы ылдый куюлган

тамчы жашы эсине түшүп, качандыр бир

кездерде ошол көз жаш үчүн жооп берчүдөй

сезээр эле өзүн.

Ошондой күндөрдүн биринде Султанга

жолукту. Сүйүшүп, жаштыктын эчен таттуу

күндөрүн бирге өткөзүшүп жүрүп, ата-эненин

батасын алып, эки жаш баш кошту. Бирине

бири өнтөлөгөн бактылуу жубайлардан болуп

жашап атышты. Айтургандын ата-энеси да

кызынын тагдырынан кыжаалат болушаар эле,

алар да кызынын бактысын тапканына

сүйүнүп көнүлдөрү ток тартып калган.

Күйөөсүнүн кесиби врач, чыгармачылыкка

тиешеси жок адам. Анчалык деле бай эмес,

орто үй-бүлөдөн, кызганганын, ачуусун

сырт¬ка чыгарбаган токтоо, бир сөздүү жигит.

Аялынын ырдаганын жактырат, бирок көп эле

эл алдына чыгышына каршы. Бирөөнүн көзү,

бирөөнүн сөзү тийип калышынан коркот,

анткени аялы мөлтүрөп ары сулуу, ары жаш,

бир жагынан кызганат. Бул арада эки уул, бир

кыздуу болушту. Балдар менен ырчылыкка

анча аралашпай калган Айтурган, буулуккан

аттай болуп араң жүрөт. Анын үстүнө эл

алдында жүргөн, эл адамы үйдө отуруп

калышы, албетте, кыйын нерсе го. Балдары

бир аз чоңоё түшкөндөн баштап, апасын

жардамга чакыра коюп, ара-чолодо

концерттерге бара коёт. Күйөөсү анын

иштешине, ырдашына караманча каршы болуп

туруп алды. Анткени, акыркы күндөрдө

Айтургандын илгерки эгоисттик кыялы тутуп,

бир ооз кеңешпей, балдарга бакмачы жалдап

алган. Эрте кетип, кеч келип, кээде жумалап

гастролдоп кетип калчу болду айтпай-дебей.

Бир күнү да түнү келди, оозунан арак

жыттанат.

– Кайда жүрдүң, балдарды ойлосоң боло, –

деп сурана айткан Султандын кебине:

– Тойдо болдум, ырдадым, мени сыйлашты,

мени эл баалайт, сен гана мени түшүнбөйсүң,

– деп ичиндегини айтып салды Айтурган.

– Токтот ырыңды, кыскасы таразанын бир

жагында биз – мен жана балдарың,бир

жагында – карьераң, бирөөбүздү танда, –

деди Султан.

– Мен баары бир ырдашым керек, сен мени

токтотом деп ойлобо, мен ырдоо үчүн

жаралгам, ушул ырды деп мен каргышка да

макул болгом, сен мени токтото да, тосо да

албайсың, азыр мени көтөрмөлөп алчулар

толтура, – деп мастыкка салып айтып салды

Айтурган. Ошол күндөн бери күндө жаңжал.

Экөө тең үйгө келгенден заарканышат.

Бир күнү конокко депутаттар келип калды,

аларды тосуп алуу милдети Айтургандарга

жүктөлдү. Артисттер оюн-зоок уюштуруп,

ырдап-чоордоп чиновниктердин көңүлүн алып

отурушту. Ошол кечеде Айтурган комуз менен

созолонтуп ырдады. Анын ырдаганы ошол

жерде болгон бир чоңго аябай жагып,

Айтурганды кайра-кайра суранып, кол чаап

ырдатып жатты.

Асан мырза байлыгына чиренген, ата-

бабасынан баштап чоң кызматтарда иштеп

келген бир фирманын мыкчыгери. Аялы, бала-

чакасы болсо да, убактысынын көбүн жаш

кыздарга көңүл ачуу менен өткөзүп, далай

кыздын убалына калган, алардын көз

жашынан коркпогон бир адам, ойноштору да

өтө көп.

Акчаны аял менен аракка дегенде самандай

сапырмай адаты бар эле. Бирок бул жолу,

Айтурганды чындап жактырып турду. Айтурган

үчтү төрөгөн жубан болсо да сынын бузбай

кыздай болуп жүрөт, ырдаса үнү кубулжуп

жанды эргитет.

– Ушундай аялды сүйбөй коюу күнөө, – деп

ойлоду Асан.

Ошол күндөн баштап Асан Айтургандын сары

изине чөп салып кайда иштейт, каерде

жашайт, канчада үйгө барат, баарын иликтеп

жатты. Иштен чыкканда гүл менен тосуп алып,

эрте менен чыкканда аялдамадан машинасы

менен күтүп алып жүрдү келинди. Бир күнү

Айтургандын туулган күнү болуп калды. Асан

аны ресторанга чакырды. Ресторанда экөөнөн

башка эч ким жок, атайын ошондой заказ

кылган Асан. Ошол жерден жүз тал роза жана

бриллиант көздүү шакекти колуна тагып,

Айтургандын колун сурады. Айтурган да

күйөөсүнөн жадап жүргөн жаны макул болду.

«Эмне экен бир жагынан колунда бар бай,

экинчиден бул адам мени эл алдына чыгарат,

дагы да көбүрөөк таанымал кылат. Кантип

жашоону билиш керек. Балдар чоңойсо

меники, өздөрү таап келет да», – деген ойдо

болду. Ошентип Асандын жашырынган экинчи

аялы болуп калды.

Асан Айтургандын айтканын аткарып жүрдү,

кийимдин түрүн алып берип, чет өлкөлөрдү

кыдырып саякаттап жүрүштү. Айтурган минтип

өз жанынын кызыкчылыгын көздөп, бейиште

жүргөн кезде, күйөөсү Султан абдан кыйын

абалда калды. Аялынын көз көрүнөө эле

чанып, башка бирөөгө тийип алганы ага ото

оор тийген эле. Анда-санда иче койчу болду.

Көчөгө чыга албайт, чыкса эле теңтуштары,

коңшулары «артист аялың таштап кеттиби»

дей тургандай сезилет. Аялдар артынан

күбүр-шыбыр кылып жаткандай туюлат.

Ошентип ууртап-татып жүрүп, аракка баш-оту

менен кирип кеткенин сезбей калды. Балдар

менен да иши жок, чылага оонап түнү келет

сүйрөлүп. Чочкодой болуп коңурукту кош

тартып уктайт да, эрте менен желип жортуп

баш жазганы чыгып кетет.

А балдарчы?

Баарынан да балдарга кыйын, кээде каткан

нан менен суу ичип калган күндөрү болду,

кийимдери кирдеди, жууп-тараган адам

жоктугунан байкуш балдар биттеди, мектептен

өксүштү.

Кээде тишинин кирин соруп отурган күндөр

болду, чоңу Кадыр он экиге чыгып, кыйла

акылына кирип калган, кичүү иниси ондо,

карындашы сегизде. Алар азыр анча

түшүнүшпөйт, кээде апама барам, апам качан

келет деп ыйлашат, нан жейм курсагым ачты

дешет. Үчөө апам келет дешип иңир киргенче

эшиктен кирбей күтүшөт десең.

Апасы карьера, байлык деп балдардан аша

кечип таштап кетти, атасы күйүттөн ичкиликке

берилип өзүн жоготту. Ортодо тирүүлөй

жетимдиктин азабын тартып курган балдар

кыйналды. Кадыр ыйлап-сыктап жүрүп тез

токтонуп, чоң адамдай болуп иниси менен

карындашынын камын ойлоду муштайында

байкуш бала.

Атасы болсо эт менен челдин ортосунда, бир

күн оору бир күн соо. Кадыр кээде отуруп

ыйлайт, апасына нааразылыгы күч алат.

– Апа, неге бизди таштап кеттиң, биздин

күнөөбүз эмне? Келчи апа, биз сени күндө

күтөбүз, атам да сени деп көп ичип кетти, апа

бизге кайрылчы, биз сени кечиребиз, атам да

кечирет. Сен бизге келсен эле болду,

баштагыдай баарыбыз чогуу бололучу апа, биз

сени сагындык, – деп түшүндө да сүйлөп

ыйлап чыгат.

Бирок Айтурган кайрылбады, жедеп

балдарынан тажаганбы, же табиятынан таш

боор жаралганбы, айтор, күйөөсүнүн абалын

ойлобосо да, жатынын жарып чыккан

балдарын бир ойлоп койгон жок…

Алар эмне жеп, эмне ичип, эмне кийип атканы

менен, кечке көз талыта жол карап өзүнө куса

болуп, апалап ыйлаганы менен иши да болгон

жок. Аны байлык, бийлик, карьера, эл алдына

чыгуу көзүн май бастырып койгон эле. Бирок

баардык нерсенин чеги, аягы болгондой эле,

бул көпкөн күндөрүнүн бүтүшүнө да аз калган

эле.

Тийген бай күйөөсүн бирөөлөр өлтүрүп

кетишти, күндөшү балдары менен келип, бир

даана күкүрт да карматпастан, өлөрдөй

тепкилеп, документтерин тытып сүйрөп чыгып

машинага салып, ээн талаага алпарып таштап

салышты. Ошондо ноябрь айынын акыркы

күндөрү эле. Эшик суук. Түнү менен талаада

жатып калган Айтурганды кокустан малын

издеп эшек минип бараткан чал көрүп калып

ооруканага жеткизген эле. Ал жерден өзүнө

келип, эки өпкөсүнөн кагынып, үнү жакшы

чыкпай ырдоого да жарабай, экинчи

группадагы майып болуп калды. Жарым

жылдай догдурда жатып чыккан соң кайда

бараарын билбей турду. Баягы сүлкүлдөгөн

Айтурган жок, күрт-күрт жөтөлүп сүлдөрү эле

калган. Илгерки чырайдан эч нерсе калган

эмес. Иштейин десе алы жок, өпкө кесел деп

ишке да алышпайт. Эптеп бөтөлкө чогултуп,

андан чогулган акчага нан алып жеп, түндөсү

жер төлөлөрдө өлбөстүн күнүн кечирип жүрдү.

Бир кездердеги кылган кылмыштары,

көпкөндүгү, кемпирдин каргышы, күйөөсүнүн

убалы, бейкүнөө наристелердин көз жашы

жетип, ырдаганда үнү аргендей кубулжуп,

чырайына элдин баары суктанган, далай

жигиттин талашына түшкөн Айтурган, азыр

кадимки селсаяктарча күн кечирип жатты.

Кайтаар дүйнө деген ушул белем! Жаны

сыздап кыйналганда ооруну сезбеш үчүн ичип

алат. Андай күндөрү балдарын эстеп, өзүнүн

кылган катасын сезип, эми алар чоңоюп

баары бир кечирбесин эстеп каңырыгы түтөйт.

Көбүрөөк ичип алган күндөрү өңгүрөп ыйлап

чыгат. Сулуулугунун акыры бир адамды

алкашка, адам сапаты жок айбанга

айландырса, дагы бир адамдын өмүрүн алып

тынды. Анткени, Асан аялын чанып Айтурганга

үйлөнгөнүнө намыстанган аялынын инилери

аны киши жалдап өлтүртүшкөн эле. Айтурган

өзү бир жерде кемпир кебетесин кийип ошол

баардык кылган күнөөлөрүнө тообо кылып

отуруп калган кези. Ушул жашында кадимки

кемпирдей болуп карып, кайыр сурап күн

кечирип калды. Текеберлиги өзүнүн гана

башына жетпей, балдары канча кыйналды,

эңгезердей болгон эки эркектин түбүнө жетти

кайран сулуулук!

Жетим жүрүп жетилет болуп, балдары бой

жетип, Кадыр жы¬йырма бешке чыккан

зыңкыйган жигит болду. Келинчеги Бурулча

өзүнүн классташы, нары кошунасы. Экөө бала

кезден кол кармашып чогуу өстү. Бурулча

балдар ачка болуп кыйналган кезде үйүнөн

нан, тамак алып чыгып берчү. Экөө

ынтымактуу жашашат. Үйлөн¬гөндөрүнө үч

жылга аяк басты. Инисин, карындашын

тырмышып жүрүп окутуп койгон.

Аларга эне ордуна эне, ата ордуна ата! Атасы

да ичип жүрүп бул ааламдан өткөнүнө беш

жылдай болуп калды. Байкуш киши эрки бош

белем, бир аялдын артынан айбанга айланып,

үйлөнгөн да жок, ичип жүрүп гана кете берди.

Кадыр баарына түтүп, баарына чыдаган эрки

күчтүү, тырыш¬чаак адам болуп эр жетти, аны

турмуш да тарбиялап койду. Бир жарым

жаштагы уулу бар, өзү ата сакалы оозуна

бүтүп, бир үйдүн кожоюну болуп калса да,

апасын күткөнүн таштай албады, кадимкидей

кусаланып кетчү. Баары бир тирүү адамдан

үмүт үзүлүшү кыйын экен го, өлсө го

топурагын көрүп сууп, үмүтүң үзүлөт, тирүү

туруп жок болгон адамдын айласы кыйын

экен. Байкуш балдар арадан он үч жыл өтсө

да апасын тымызын күтүшкөнү күтүшкөн.

Издегиси келип, тапса эле баарын кечирип,

төргө олтургузуп апалап баккысы келип кетчү.

А Айтурганчы? Айтурган баарын кечигип

түшүнүп, акылына кеч келип, акыры жакшы ит

өлүгүн көрсөтпөйт болуп, уятынан, намысынан

балдарына кайра кайтып бара албады.

Тагдырдын тайгүлүк ташы кайыр суратып,

оорукчан кылып, акырында карылар үйүнө

жетелеп барган. Карылар үйүндө жатып, ооруп

жүрүп, акыры оорунун узакка созулган өтүшүп

кетүүсүнөн жана балдарына болгон армандуу

кусалыкты анын жүрөгү көтөрө албай көз

жумду. Кетээринде жанындагы өзүн караган

мээрман айымдан суранып, керээз кагаз

калтырды. Маркум аны бир айдан кийин гана

ачуусун суранган эле.

Ошентип аны көпчүлүк катары жерге койгон

сон, мээрман айым керээз кагазды карылар

үйүнүн жетекчиси Маткасым Болотовичке

тапшырды. Толук бир ай өткөн соң, өлгөндүн

керээзи карыз болот дечү эле, аманатын

аткаралы деп кагазды ачып окушту. Катта

мындайча жазылган эле: «Мен өлгөн соң бир

айдан кийин ачып, ээсине бергиле, ага чейин

ачпагыла, жаназа окуп көптүн бири катары

көөмп койгула, балдарыма да болгонун

болгондой кылып өзүнчө жазгам. Менин

балдарым бар, ушундай-ушундай деген

айылда, чоң уулумдун аты Кадыр, бир

кездерде мен аларды таштап кеткем, апа

деген атка татыксызмын, ошондуктан аларга

өлүгүмдү да жүк кылгым келбейт. Болгону

апасы кылган ишине өмүрүнүн акыркы күнүнө

чейин бушайман экенин, алардын астында

тоодой, ат көтөргүс жана кечире алгыс күнөөм

бар экенин, эгер кечире алышса кечиришин

сурайм. Менин жаш кезде кылган күнөөмдү,

мендей эссиз апаңарды кечиргиле балдарым,

мен силерге азап бердим, акырында өзүм да

азап тартып өлүүнү чечтим. Кат жолдогон

силердин он үч жыл мурун өлгөн эси жок

апаңар», деп жазылган экен.

Маткасым Болотович өлгөндүн керээзин

аткарып, карыздан кутулуу үчүн белгиленген

дарекке катты почта аркылуу салып жиберген

эле.

Катты окуп отурган Кадыр, эне мээримине зар

экенин, дале болсо энесин күтүп жол карап

жүргөнүн эстеп, эсил кайран энесинен эми

түбөлүккө айрылганын билип, ичинен

«кечирдим апа, кечирдим», -деп ыйлап

отурду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️