Тажаткан сюрприздер 2 бөлүм (АЯГЫ).

https://kyrgyzcha.site/?p=37743&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тажаткан сюрприздер.

2-болум

Жигит чындап Кудайдан ишеним менен суранса керек, ошол туулган күндүк кечтен кийин чын эле мамилелери жакшыра түштү. Кыз жигитке берилип бараткан сайын өзүн тааныбай кетчү болду. Сагына берет, күтө берет, эркелегиси келет. Ал күнү да ашыгынын чалуусун күтүп олтурган.

– Алло, саламатсызбы? – жигитинин номеринен бейтааныш үн сүйлөп жатты.

– Саламатсызбы?

– Сиз Кыялбектин түгөйү болосузбу?

– Мм, ошондой. Ой, болочоктогу.

– Аа, жакшы. Бирок азыр ал мааниге ээ эмес. Сиздин жигитиңиз ооруканага түшүп калды.

– Эмнеге? Эмне болуп?

– Жүрөгү оорулуу неме турбайбы?

– Жок, ооручу эмес.

– Анда ооруп калыптыр. Келип калыңыз.

Кыз айтылган дарекке такси менен жөнөдү. Жол бою жакынынын аманчылыгын тилеп, көз жашы да кылып жиберди. Борбордогу жеке менчик бейтапканалардын бирине жетип телефон чалды.

– Алло, мен келдим. Кайда кирем? Кыялбек кайда?

– Оорукананын алдына келдиңизби?

– Ооба.

– Ичине кирбестен, имараттын оң тарабын карай басыңыз.

Чуркап оорукананын оң тарабына бурула берип тык токтоду. Чымкый кызыл шарлардан куралган чоң кызыл жүрөк желге кылтылдап турат. Анын алдында жүрөгүн кармап жигити отурат.

– Таарындым. Ушинтип да ойнойсуңбу?

– Мен чын эле ооруп калдым.

– Ишенбейм, – кыз тескери бурулду.

– Токто, кетпе. Бир кадам тескери бассаң эле кулайм. Менин оорум сенсиң. Сени ушунчалык сүйөрүмдү бил.

Жигит жетип келип кыздын алдына чөгөлөй отура калды да, жүрөктөрдөн жасалган десте сунду. Кыз десте жүрөктү, жигит шар жүрөктү көтөрүп сейил бакка кетишти.

***

Алардын мамилеси таттуу сезимдер, жагымдуу кечтер менен улана берди. Жигит — чын эле атына жарашкан жан. Өтө кыялкеч, сезимтал, анан кызыктуу окуяларды абдан сүйөт. Мындай окуялар башында кыз үчүн орунсуздай болгону менен бара-бара көнүп баратат. Кыз, жигит бир кезде айткандай, чындап аны сүйүп калды.

Жигит бир жума мурун айылга кеткен. “Он күндөн кийин келем” деген. Дагы үч күн күтүшү керек. Алар табышкан күндөн баштап эң узак жолугушпай калуу ушул болду. Бир жума кыз үчүн бир жыл сезилди. Бүгүн да сабагына көңүлсүз чыкты. Аялдамага жетеринде бейтааныш жигит жанына чуркап жетти.

– Сиз Кыялбектин сүйүктүүсүсүзбү?

– Ооба.

– Таксиге отуруңуз, – жигит арыда турган “Жорго” таксиге ишарат кылды.

– Мен такси чакырган эмесмин.

– Сиз үчүн төлөнгөн.

– Адашып атасыз, – кыз кадамын улады.

– Сиз азыр БГУнун башкы корпусуна барасыз да, туурабы?

– Туура.

– Жүрүңүз анда.

Кыз алдыда дагы бир сюрприз турганын боолголоп таксиге отурду. Кыялбекке чалды эле, телефону өчүк экен. Машина азыраак жүргөн соң үч тал роза көтөргөн он жаштардагы бала жол тосту.

– Чоң кыз, бул кичинекей баланы ала кетсек кандай дейсиз?

– Ала бериңиз.

– Бечара, кимге ашык болуп баратты экен? – айдоочу машинени баланын тушуна токтотту, – отур, жигит.

Кара костюм-шымы жарашыктуу, кызыл галстукчан тыпырайган сүйкүмдүү бала кыздын жанынан орун алды. Күлмүңдөй карап, тартынбай суроо салганы кызга жакты.

– Сиз аябай сулуу экенсиз.

– Рахмат. Сен да жакшынакай жигит экенсиң.

– Сиздин сүйгөнүңүз бактылуу болсо керек ээ?

– Билбейм, – кыз кытылдап күлүп алды.

– Бактылуу деп ойлойм, – чоң кишиче олуттуу унчукту.

– А сен кайда баратасың, мынча жасанып алып?

– Мен ашыктарды табыштырган периштемин. Байке, токтотуп коюңузчу.

Машине дароо токтоп, бала тездик менен түшүп кетти. Кыз аң-таң болуп кала берди. Машине кандай тез токтосо, ошондой ордунан жылды.

– Байке, бала гүлүн унутуп кетти. Токтоңуз.

Кыз гүлдү колуна алганда кооз кат жерге шыпырылып түшүп кетти. Анда “бул гүлдөр менин гүлүмө. Кыялбек” деп жазылыптыр. Кыз бактылуу жылмайды. Жигитин абдан сагынып кетти. Ыраазычылык билдирип жана үнүн уккусу келип дагы чалды. Дагы деле өчүк. Окуу жайга кирип кайсы аудитория экенин билүү үчүн сабактын жүгүртмөлөрү жазылган тактага карай басты. Анын алдында турган курсташы жүгүртмөгө жеткирбей багыт берди.

– Салам, биздин тайпа 205-аудиторияда. Чурка, кечиктиң.

– Рахмат.

Кечиккенине кабатырлана жүгүрүп жөнөдү. Аудиториянын алдына келип дабышын чыгарбай эшикке жакындады. Ичтен мугалимдин да, студенттердин да үнү угулбайт. Бул курста мындай тынчтык болушу мүмкүн эмес эле. Эшикти ачса аудитория бош экен. Адаштырган курсташына ачууланып бурула береринде терезедеги белгини байкады. Терезеде жашыл барактан жасалган жебе доскага карай багытталып чапталыптыр. Ичке кирип доскада чапталган кооз ватманга кызыга үңүлдү. Анда жылдызчалар, жүрөктөр чапталып, гүлдөр, көпөлөктөр жандуудай жасалыптыр. Бул кооздуктун үстү жагына “жубайым болчу” деп, асты жагына “чыныгы бакытта өмүр сүрүүгө убакыт келди” деп жазылыптыр. Кыз бакыттан башы айлана туруп калды. Жүрөк тереңинде күтүп жүргөнү ушул сунуш болгону менен анын мынча эрте болорун ойлонгон эмес эле. Толкунданып, карегинде кубанычтын жашы тегеренип турду. Бул аудиторияда жападан жалгыз болсо да албырган жүзүн алаканы менен басып алда кимден уялып алды.

– Макулсуңбу? – артынан чыккан үндөн кыз катуу чочуду. Колундагы розалары ыргып кете жаздады.

– Кыялбек, качан келдиң?

– Биринчи сен жооп бер.

– Албетте.

Экөө бир далайга үн-сөзү жок кучакташып турушуп, анан гана ал-жай сурашып, учурашышты. Көз ачып жумганча бир саат өтүп кетиптир. Кыз ал күнкү сабактарга кирбей калды. Бул күндүн урматы үчүн бүгүн өздөрүнө эс алуу жарыялашты.

***

Кыялбектин тамашалары алар баш кошкондон кийин да улана берди. Кыздын чартылдап кетме кыялы да калган жок. “Бирок бир жаманга бир жакшы” деген чын экен. Кыялбектин тамашага жакын, жайдарылыгы кыздын кыялын жаап-жашырып турчу. Кубанганы — күйөөсү маселелерди да жалаң тамаша менен чечип коёт. Маселе чечилип, таарынычтар унутулганда сөзсүз жолдошунан ал идеяны кайдан тапкандыгын, кантип ойлонуштуруп ишке ашырганын сурайт. Күйөөсү уккан, көргөндөрүнөн, интернеттен окугандарынан кураштырганын айтат. Бул — алар үчүн кызыктуу темалардын бири.

Өгүнү мындай окуя болду. Кыялбек апасына “учурашып келели” дегенде аялы баласына убакыт бөлүшү керектигин айтып баш тартып койду. Жолдошу унчуккан жок. Кечки тамак даяр болгон маалда кечигүүсүз келип калчу күйөөсү ал күнү абдан күттүрдү. Кеч келип маанайсыз жатып алды. Дем алуу күндөрү үй-бүлөсүнүн жанынан чыкпаган Кыялбек эртеси дем алышта үйдө болгон жок. Кайда экенин да айтпады. Аялы чалып сураганда: “Сен катты дагы деле окуй элек турбайсыңбы?” — деп телефонду коюп койду. Иш столунун үстүнө кат калтырыптыр.

“Жашоодо мен сүйгөн аялзаты жалгыз сен эмессиң. Антип ойлосоң жаңылышасың. Сен наристебизди жарыкка алып келген күнү, сенин толгоо тартып, жаның кыйналганын көргөн күнү мен бир аялды абдан сүйүп калдым. Кийин балам экөөң үйгө чыгып келгенден баштап ал аялга болгон сыйым, урматым, берилүүм күчөй берди. Кийин аны бат-баттан сагынчу болдум. Ал менин эң кымбатым, эч алмаштыргыс адамым экенин билдим. Ошондон баштап аны түштөнүүгө чакырып, кечки тамакта анын жанында көп болчу болдум. Бирок сен мага маани бербей, антип жүргөнүмдү кайдыгер кабыл алдың. А мен ал аялга болгон мамилемди бекемдеп гана жүрүп олтурам. Артка жол жок. Минтип ачык айтпасам, билбейт экенсиң. Мен азыр да ошол асыл аялзаттын жанындамын”.

Заматта жашоосу аңтар-теңтер болуп кетти. Каттын аягына чыкканча жашы сызылып, окуп болгон соң бир шолоктоп ыйлап алды. Аңгыча жолдошу чалды.

– Окудуңбу?

– Ооба.

– Аны көргүң келеби?

– Ооба.

– Кел. Гүл алып алууну унутпа.

– Бул тамаша эмес.

– Ооба, гүл тууралуу айтканым тамаша эмес.

– Башкасычы.

– Башкасы да, баары чындык. Даректи азыр жазып жиберем.

Аял дагы бир ыйлап, сооронгончо дарек жазылган кат келди. Окуса ал келин болуп барган, кайненеси ак көшөгөгө киргизип, ак жоолугун салган үйдүн дареги экен. Күйөөсү баалап, барктап калган аял кайненеси экенин билип, каттын эмне тууралуу жазылганын ошондо түшүндү. Апасына учурашууга барбай койгонуна бети кызарып уялып кетти. Катасын оңдоо үчүн жолдошу айткан бир кучак гүлдестени алып, уулун жетелей күйөөсү туулган үйгө шаша жөнөдү.

(Аягы)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️