1-болум
(Башталышы)
Кыз чындыгында суктанарлык. Анан чынында татыктуу жигитти жандап кетчү куракка келип калды. Бир жаманы – чартылдаган мүнөзү бир топ жакшыларды качырып жиберген. Кыз ага капа деле эмес. Азырынча күйөөгө кетүүм керек деп тынчсызданбайт. Бирок энеси, анан эжелери менен жеңелеринин тынчсыздануулары анын тынчын абдан алат. Ал тажаган кезектеги аңгеме жеңеси менен болду:
– Кыз, кандай гана сулуусуң.
– Рахмат.
– Сага бир гана мыкты жигит жетишпей турат да.
– Ага дагы рахмат.
– Качпа. Мени ук.
– Угуп атам.
– Сага чындап төп келчү азаматты мен таптым. Азыр эч жообуңду укпайм, унчукпа. Ал куду эле сенин жарымың. Ой десе ою, бой десе бою бар. Ал турсун, сенден ашып кеткен да жагы бар. Учурда окуусун аяктап, кесиби менен иштейт. Тың-тарс, иштен качпайт.
– Рахма-ат.
– Кыз, таанышып кой, сураныч. Ал сага жагат.
– Жагарына ким кепилдик берет?
– Мм, Кудай буюрса… Кудай буюрса, мына мен кепилдик берем.
– ???
– Номериңди берип коёюн ээ?
– Бирок жакпай калса тынчымды албасын.
– Жарайт.
***
Дем алуу күнүнүн кызыктуу өтүшү кыз үчүн абдан маанилүү. Бирок маанайы жакшы болбогон маалда маанилүү иштерге кол салбай, майда-бараттары менен гана алек болот. Маселен, сулуулук салонуна барат, бөлмөсүн иреттейт же жанагы жеңеси суранган сыяктуу таанышууларды аткарат. Бүгүн маанайы анча эмес. Андыктан жигиттин чакырган жолугушуусуна макул болду. Анын алдында чачын кырктырып алышы керек.
Күндүн ысыгы ай. Борборубуздагы элди эң узак убакытка кармаган жол чырак Ахунбаев-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактар болсо керек. Аны ойлоп күн уялткан көздөрүн колу менен калкалап тажап турду. Көзү аркы беттеги шоронун кол чатырынан өтүп жатты. Жашыл жарык жанса батыраак аркы бетке жетип муздак чалаптан кана жутуп алса. Суусундугу эми колуна тийгенде кичинекей кырсык болду.
– Ой, кечиресиз. Баары төгүлдүбү? Мен чоң стаканын алып берем, чоң кыз, – жигит аны жек көрө караган кыздан чындап жалтанып турду.
– Баары момунун айынан болду, – жанындагы балага муштуму менен тап берди, – балээ баскырдыкы десе, тамашабыз так сиздин жаныңызга келгенде күчөп калганын карабайсызбы, – жүз аарчысын алып кыздын чалап жаба куюлган көйнөгүн сүртмөкчү болду.
– Колуңду тийгизбе. Анан көзүңдү ачып жүр.
– Аа макул, бизге эки чалап, эже. Чоңунан. Бизди да бирөө жарым жөөлөп кетсе түбүндө кичине калгандай болсун да. Бул чоң кыздыкындай болуп какшып калбай, – кыздын кагып салганына капа болгон жигит тийише унчукту.
Кыз салонго кирип кезегин күтүп олтурганда жолукчу жигит чалды:
– Саламатсызбы, сулуу?
– Салам.
– Мен кечти чыдамсыздык менен күтүп жатам.
– Жакшы.
– Үнүңүз абдан суз экен. Бирөө капа кылдыбы?
– Ооба, түз баса албаган бирөө көйнөгүмдү булгап салды.
– Оо-оо. Эмне кылып?
– Отчёт бере албайм.
– Мм, эмне болушу мүмкүн? Ысыкта суу эле куюп ийбесе.
– Көзүң ачык го, ошондой.
– Аа, андайларды кечирип коюш керек. Кечирип койчу аны.
– Ашкере кичи пейилдик.
– Чын эле аны кечирип кой. Суранам. Ошондо биздин жолугушуу көңүлдүү өтөт.
– Мейли, ал өз жолу менен кетти, мен өз жолум менен.
– Эң жакшы. Мен сага бүгүн сюрприз болорума абдан кубанып атам.
– Эмнең сюрприз? Балким, кызыктырбайттырсың дагы.
– Кызыгасың.
– Пока.
Телефонду коюп салды. Жигиттин мындай өзүнө ишенимдүүлүгү азыр кызга жаккан жок. Бирок ал келечектеги жолдошунун ушундай адам болушун каалайт.
***
Алар ошентип чалап окуясы менен таанышышты. Жанагы жигиттин бажырайган розаларга жашырынып келиши чын эле кыз үчүн сюрприз болду. Түштөгү окуяга ачуулана түшүп таанышпай койгусу келди. Бирок кенедей нерсени шылтоо кылып бирөөнүн убактысын алып, аракеттерин тепсей бергидей ал акылсыз кыз эмес. Сабырдуулугу да бар. Сабыр кылганы ырас болуптур. Болбосо мындай акылдуу, билимдүү, жайдары мүнөз адамдын алдында текеберлиги менен уят эле болуп калмак экен.
***
– Сени досторум менен өтө турган шаңдуу кечеге чакырам.
– Кечелер мен үчүн эмес.
– Кече менин урматыма уюшулат. Туулган күнүм.
– Куттуктайм, жакшы өтүшүнө тилектешмин.
– Сага ойлонууга, мендей жакшы жигитке белектердин эң сонунун камдоого убакыт бар. Кече эки күндөн кийин.
– Балким, мен аны куттуктагым да келбесечи?
– Мүмкүн эмес. Сен мени куттукташыңды, ошол кечте биздин сезимдердин күч алышын мен Кудайдан абдан суранам.
– Сурангандын баары эле ишке аша бербейт го.
– Мен ишеним менен суранам.
– Таарынып калышыңды каалабайм. Туура кабыл ал. Кече аттууга бутум тартпайт.
– Бутуң тартпаса учуп барышың керек. Ал да болбойт десең, башка жолун табабыз.
***
Кыз жигитти жактырып калганы чын. Андыктан анын кубанычы үчүн белек тартуулап коюуну туура көрдү. Жигит аттууга, анан да сезимдерин ойготуп аткан бул жигитке биринчи жолу, биринчи болуп кат жазды. “Туулган күнүң менен, жакшы жигит. Жакшы адам жарыкка келген күндүн урматына жолугуп кетүүңүздү суранам. Дарек: “Ататүрк” гүлбагы. Убактысы 15:00”.
Кыз-жигит дал ушул мүнөттөрдө жолугушту. Кызды капа кылганы жигит “кечеге даярдыкты жакшы көрүшүм керек. Абдан сыйлуу адам келе турган болуп калды” деп шашып кетип калганы болду. Капа экенин билдирбей узатып коюп жөө басты. Жөө басуу анын эң жакшы көргөндөрүнөн. Басып баратып жакшы ойлорду табат, кээде жакшы маектештерди да таап алат. Бирок бүгүн ага жаман адамдар жолугушту. Бейкапар бараткан кызды узун бойлуу үч жигит көтөрө качышты. Кыз эки жагын байкаганча болбой кара машинеге отургузушту да, көзүн таңып салышты. Жанагы үчөөгө ачуулуу экенин болушунча билдирип, оюна келгендин баары менен коркутуп көрдү. Кебелишпейт. Айласы кетип жигитине чалып алууну суранды.
– Алло, шеф, кыз жигити менен байланышып алууну суранып атат.
Шефи көп сөз айтып, анан макул болду окшойт, телефонду сунду.
– Бирок бир гана жолу чаласың.
Жигити албай койду. Экинчи жолу чала калайын деди эле, мүмкүнчүлүк бербей телефонду алып коюшту. Аңгыча машине токтоду.
– Азыр шефке киресиз. Чачыңызды, кебетеңизди оңдоп алыңыз.
– Кирбейм жана менин кебетем оң эле турат.
– Шеф сиздин жагымдуу келишиңизди каалайт экен, — азыр бөлөк үн сүйлөдү. Анан ал кебинин аягында бырс этип күлүп ийди. Анысын башкасы кабыргага бир койду окшойт, – түшүңүз.
– Мен тамашалашпайм. Эгер мага коркунуч жаралса, силер жоопсуз калбайсыңар, – кыз коркуп атса да кайраттуу болууга тырышты.
Экөө эки каруусунан алып жетелей басышты. Кыз эмнеси болсо да көрөйүн деп каршы болбой калды. Лифт менен көтөрүлүп бир үйгө киришкен соң жигиттердин жылып чыгып кеткени байкалды. Кыз эми жалгыз калгандай селтеңдеп, көзүндөгү таңууну алуудан коркуп турду. Бирок эч дабыш болбогондо таңууну алды. Мына сюрприз. Маңдайында жылмайып туулган күн ээси турат. Кыз ыйлап жиберди.
***
Албетте, мындай жагымсыз сюрпризге таарыныч чоң болду. Бирок жигит аны ошол бойдон калтырмак эмес. Таң калтырган тамашалары менен бат эле көңүлүн таап алды. Кыз өзүнүн мынчалык кечиримдүү, назик болуп, алсыздыкты жакшы көрүп калганына таң калып атты.
– Бул кече эмес, биздин кеч. Мен жактырган кыз достор менен шаан-шөкөттү жактырбагандыктан байкуш досторум бир кечеден куру калышты.
– Мен күнөөлүү экенмин да.
– Эми бул күнөө кечиримдүү. Маанилүүсү — менин Кудайдан тилегеним келди. Мына бүгүн туулган күнүм. Мына сен жанымда.
– Бирок сен мунун баарын мажбур менен кылдың. Мага жаккан жок. Керек болсо сен да жакпай калдың.
– Ооба, жагымсыздык болду. Сен мени жактыргың келбей атканын билип турам. Бирок билесиңби, бир күнү сен мени сүйүп каласың.
– Эмнеге таянасың?
– Аракет кылабыз.
– Кантип?
– Бүгүнкүдөн да кызыктуу сюрприздер алдыда.