Таза махабат

https://kyrgyzcha.site/?p=62655&preview=true Кызыктуу окуялар.

Менин атым Элина, жашым 26да. Мен өзүмдү аруу, таза махабаттын каарманымын деп келгем. Бирок акыркы бир жыл ичинде мага ыйгарылган бул наам күчүн жоготуп, улам сайын алсырап баратат. Себеби мага махабаттын ааламы болуп келген адам көчө адамына айланып бомж атын алып калды. Баарын башынан айтып берейин.

 

***

 

Жыргалбек менен мындан 8 жыл мурун жыйырмага толо элек курагымда шаардагы жаңы конуштардын биринен таанышкам. Эки жылдык окуумду аяктаган соң жатаканадан чыгып, эжемдикинде туруп калдым. Мен келгенден бир айдан соң жаныбыздагы бош жерге сөөк-саактуу, кабагы салыңкы тартып ой басып жүргөн жигит келип жалгыз убаралана берчү болду. Ал жерди тазалайт, ташын терет, суу алып келет. Таңдын кайсы маалында келерин ким билсин, мен турганда ал машинесинде бир нерсе жеп аткан болот. Күн бою алышканы — жер, эс алар орундугу — машинеси. Көз карайганда жок болуп кетет. Минтип иштөөдөн көп өтпөй жанына бир киши алып келип там сала баштады. Мурдагыдай жалгыз болбогонгобу же коңшу туттубу, ошондон баштап биз менен учурашып аркы-беркини сурап калды. Үйгө баарынан эрте келген мен болгондуктан анын көп суроосуна мен жооп берем.

 

Пример HTML-страницы

Күз менен жаңы жумушка киришүү планым болгондуктан анын алдында эс алып алайын деп айылга кеткем. Он күнчө жүрүп келсем Жыргалбектин тамынын дубалы көтөрүлүп, жакшы бүтүп келе жатыптыр. Өзүлөрү көрүнбөйт. Мен ушуларды ойлоп үйгө жайгашканча болбой машинанын катуу сигналы угулду. Биздикине багышталгандай. Чыксам Жыргалбек экен. Эмнегедир абдан кубанычтуу. Мен таанышым катары жөн-салды учураштым. Жыргалбек эмнегедир:

 

– Келдиңби? Кайда кетип калдың деги? Жакшысыңбы? – деп баш аламан сүйлөдү алгач. Мен күлсөм капа болуп калбасын деп токтоо жооп берген болдум. А чындыгында анын алактаган абалы ошол ирмемде абдан күлкү келерлик эле. Эх, менин жыргалым, ошол ирмемди эстей берем, бир жылмаям да, дароо көзүмө жаш тегеренет…

 

***

 

Ал кечте Жыргалдын суранычы менен бүтө элек тамдын оозунда узакка маектешип олтурдук. Ал ачык билдирбесе да менин көрүнбөй кеткениме абдан кабатырланганын, кечиккениме санааркап, акыркы күндөрү сагынып жүргөнүн туюк айтып өттү. Мен буларды жигиттердин айта жүргөн сөзү катары кабыл алгам. Бирок бул сөздөрдүн ар биринин артында сезим бар экендигин көп узабай эле сезип, ынандым. Жыргал менден суранып олтурбай эле менин жан сакчым, камкор адамым болуп алды. Мен да аны чанган жокмун. Жашоомдогу мындай чукул бурулуш мен үчүн күтүлбөгөн белек эле. Жыргал менен учурашуу, сүйлөшүү, тамактануу, айтор, баары мен үчүн алмашкыс бакыт-таалай болчу. Мурда ал гана мени сагынып, күтөрүн айтса, кийин мен да ал сезимдерди сезип, туюп калдым. Анымды байкадыбы же мени өзүмдүк кылып алууга шаштыбы, Жыргал тез эле үйлөнүү сунушун киргизди.

 

– Мен үйдү эртелеп бүтүрөм. Баары болот. Жумушуңдан коркпо, эне болгончо кыбырап иштеп жүрө бересиң. Мурдагы мен болгондо жүрө берсем керек эле, эми жалгыз жашоого чыдабайм, — деди.

 

Ойлонуп мен деле аны менен бирге болууга даяр экенимди туюп макулдугумду бердим. Бир ай ичинде кыска даярдык көрүп ал мени айылда иниси менен бирге турган апасынын алдына алып барды. Жыргалдын каалоосу менен чакан гана той кылдык да, кайра шаарга келе бердик.

 

Биздин мамиле мурдагыдан да ысык-ынак болуп бактылуу жашоо баштадык. Суукка калбайлы деп үйдүн эки бөлмөсүн жанталашып бүтүрүп кирип алдык. Күз ортолой электе айылдан кайненем чалып кышты шаардан өткөрөрүн айтып: “Жакында жолго чыгам”, — деди. Азыр ойлосом, деги эле арамдыкты билбеген, жаман ойдон алыс бала экенмин анда. Апам келет экен деп кубанып, “ал келгенде кайсы жоолугумду салынайын? Кайсы халатымды киейин” деп Жыргалдын кулагын жеп камынып жатып калдым. Бирок апасынын келишине ал менчелик кубанган жок. Көрсө, кайненемдин келишинин, Жыргалдын кабак салышынын чоң себеби бар экен. Аны кийин билдим.

 

***

 

Келген эле күнү кайненемдин катуу кагуусу мени абдан ыза кылды. Аны тосуп келип жайгаштырып, чайын берип, акыбалын сурап жаттым. Кабагын ачпай, үшкүргөнүн жол жүрүп кыйналганынан деп болжодум. Жыргалдын жумуштан келишин күтүп калган маалда эч нерсе оюмда жок эле жолдошум белек кылган жумшак оюнчукту кучактай олтуруп телевизорго карап калдым. Ошол замат кайненем мага бир тийди:

 

– Ай келин, жогот алдагыны, апсайтпай. Чалчаңдап көнгөн экенсиң. Очойгон алдагы үчүн эриң канча акча кетирет, билесиңби? Аял деген оокат жыйнайт, оюнчук жыйнабай, — деди. Эмне кыларымды билбей ыңгайсызданып, же ыйлай албай, же сүйлөй албай эле туруп калдым.

 

Жыргал келген соң эч нерсе болбогондой акыбалын сурап, жакшы тамактанып атабы, уйкусу жакшыбы, баарын тескеди. Мен анын бул камкор суроолору чынбы же жасалмабы, эч ажырата албай койдум. Жыргал болсо апасына эч чечилген жок. Ал түндө мага:

 

– Апам эми сага көп нерселерди айтат го. Унчукпа. Эч нерсе деп жооп кылба, — деп эскертти.

 

Айткандай эле эртеси таң менен кайненемдин каарын көтөрүп жашай баштадым. Куйган чайыма да, сунган колума да сын айтат. Караганым да, сүйлөгөнүм да ага жаккан жок. Коңшу турган эжем кирип калганда же мен алардыкына кетип калган маалда гана кулагым тынчыбаса, кайненемдин чоңдон майдага чейин кийлигишип, ар бир оокаттын тарыхын сурап же орду туура эместигин уга бергенге көнүп да калдым. Ал күнү Жыргал ишинен кышкы эс алууга чыгып үйдө болчу. Мен кир жууп оозгу үйдө жүрүп кайненемдин үнүн так укпасам да баласын кемирип-кесип жеп атканын туюп аттым. Кайненем бир далайга сүйлөнүп олтуруп улам сайын күүлөнүп баратты. Анан кыйкырып атканын өзү билбей калдыбы же атайын мени уксун дедиби, бир маалда:

 

– Итирейтип тапкан катының ушулбу. Айтканды угуп бир кубантар күнүңөр болобу, жанагы чечек экөөңөрдүн. Сен мени шерменде кылганыңды билдиңби, ыя? Билдиңби? Жыргалым Мунарадай келиндүү кылат деп сыймыктанып жүрсөм, шүмшүйүп муну жетелеп барып калат. Элге кеп болдум, элге сөз болдум, — деди.

 

– Мен силерди элге “Мунараны алат деп айт” дедим беле? Мен Мунараны алам деп айттым беле?! — Жыргал столду бир койду. Мага баары эми түшүнүктүү болду. Босогодо бүжүрөп ыйлап калдым. Жыргалдын күүсү менен эшик шак ачылып мага тийди. Апасына болгон ачуусун баса албаган ал мени бир карады да, сыртка чыгып кетти. Ыйлап-сыктаганым менен бирине да ооз ачкан жокмун. Кайненемди сүйлөбөсө экен деп тилесем, Жыргал бир жылуу кеп айтып көңүлүмдү жайгарса дейм. А Жыргалдын болгон айтканы “сен ойлонбой жүрө бер. Негизгиси мен сени мененмин го” деген болду. Ушундай жашоо менен үчөөбүз жазга араң жеттик. Күн жылыды, кайненем кетет деп мен кубанам. Бирок ал жөн кетпей чоң балээни баштап кетти. Баягы ачуусунан кийин кыш бою мага угузуп да, угузбай да “Мунара” деп какшап чыккан кайненем эми “айылга барып мени бак” дегенди ойлоп тапты. Жыргалдын айылда кичүү иниси турганын, там-ташы шаарда болуп, айдоочулук болсо дагы жумушу калыптанып калганын уккусу жок. Узакка талашышкан соң кайненем чын каалаганы эмне экенин айтып ийди:

 

– Мен кетсем, сени бул шуркуядан ажыраштырып туруп кетем, уктуңбу?! Айылга барасынбы же шаарыңда каласыңбы, кыскасы, Мунараны аласың. Айтканым айткан, дегеним деген, — деди да, жолго чыгып кетти.

 

Кайненемдин мурунку ар бир чыры бизге залакасын тийгизип келген. Мунусу андагыдан алда канча чоң таарынычтарды жаратты. Бири-бирибиз деп турганыбыз менен мамилебиз мурдагыдай болбой, мен андан шектенсем, ал менин кыялымды көтөрө албас болуп кетти. Мага эч нерсе айтпаганы менен ага кайненем айылдан тынымсыз коңгуроо кылып турарын телефонунан көрүп жүрдүм. Андан жакшы кеп болбосун билип калгандыктан “эмне деди?” деп деле сурачу эмесмин. Жайга чейин кайненем 3-4 жолу келип чоң чуу салып кетти. Мурда баласына гана асылса, эми менин жер-жебериме жетет. Мен да каяша кылып тилимди тартпас болдум. Кийин Жыргал ичип, ала күү болуп келчү болду. Кызуусунда атасынан эрте калган арманын, апасына болгон таарынычтарын айтып ыйлайт. Соосунда суранычымды орундатарын, эми ичпесин айтат. Бирок улам сайын аракка жеңилип, ага берилип баратты. Бул нерсени көтөрүү мага оор болсо да анын мага жалынып турганы, ар дайым жакшы кебин аябаганы, камкордугу баарына чыдатты. Баары жакшы жакка бурулуп, жакшы болот деп ишенген элем…

 

***

 

Бул маалда мен алгачкы кош бойлуулугум ийгиликсиз болуп боюмдан түшүп калган үчүн ден соолугума карап үйдө элем. Бир күнү бейтааныш машине келип Жыргалды сурады. Жумушта экенин айтсам, “жумушта? Ой, анын иштен чыгып калганына 3 ай болуптур го. Мен да ушул жерде иштейт деп ишенип сураганын баарын карызга бере бериптирмин. Ишине издеп барсам, “аракеч болуп кеткен” дешти”, — десе болобу. Эмне кыларымды билбей калдым. Көрсө, Жыргал апасы менен урушкан сайын күчүн арактан чыгарып жүрүп анын айынан жумушунан эбак айдалган экен. Анысын мага билдирбей бул адамдан болгон керектүүнү карызга алып келип, аракты да карызга жазылып иче бериптир. Жыргал адатынча бутунан тура алгыс мас келди. Эртеси терезени караңгылап коюп соолугуп, уйкусу канганча күттүм. Туруп тамактанган соң ыйлап-сыктап баарын айтып, жалынып-жалбардым. Бирок мен күткөндөй болгон жок. Жыргалга баары мынчалык баары бир болуп калганын билбептирмин.

 

– Жайыма койгулачы. Кулак-мээмди жебегилечи. Менде бир тынч жашоо болобу же жанагы энең экөөң мени кескилеп бөлүп аласыңарбы, ыя? — деп бакырды. Менин бир да кебимди уккусу жок.

 

Мен ага таарынып эжемдикине кетип калдым. Ал эсине келип мени издеп келет деп ойлогом. Келген жок. 2-3 күндөн кийин санаам тынчыбай өзүм келдим. Үй ачык. Эч ким жок. Оокат-жайдын турушуна караганда ал үйгө мен кеткенден кийин келген эместей. Чалсам, телефону үйдө калыптыр. Эки күн күттүм, дагы жок. Издеп чыгып таппай келдим. Ошентип, он күндөн кийин үйгө машинеси жок жөө келди. Аны эмне кылганы белгисиз. Кебетеси кадимки бомждун кейпин кийип келди. Чачы көзүн жаап, сакал-муруту сапсайып өскөн, кир. Кийимдери батташат, өзүнүкү да эмес. Кандай жерге жатып-турганын ким билсин, жыты бир укмуш. Кайненем бир келгенинде баарын көрүп билди. Күйгөнүм — ал баарын мага оодарды:

 

– Мына, ушуну көрмөксүң, ушул жашоого жетмексиң. Бул катын сени ушинтип жок кылмак, — деди. Андан кийин келгенин токтотуп, баскан-турган жерине мени каралап сүйлөп жүргөнүн угам.

 

Үйүбүз болсо курулбай эле, бузулуп аткан тамдын кейпин кийип калды. Мындай абалга түшсө дагы мен Жыргалга болгон сезимимди өзгөрткөн жокмун. Аны дагы деле сагынып, күтөм. Канча жолу жолдон ээрчитип келдим. Чындыгында абдан жийиркеничтүү абалда келет. Андай болсо да бизди табыштырган жакшы сезимдердин күчү кайтпай минтип калышын каалабай жуунтуп-тарантам. Үйдө ашып кетсе эки күн турат да, кайра эле чыгып кетет. Эң жаманы — акыркы кезде оокаттарды уурдап сатчу болду. Бербей койсом, жаман кептерди айтып жүрөгүмдү оорутат. Кошуналарым Жыргалдын 100 грамм арак үчүн акча сурап калганын айтышканда жети өмүрүм жерге кирди. Жолдошумду кайрып алгым келет. Чын эле жашоомдун жыргалы болгон мурунку Жыргалды издейм. Кандай айла кылсам экен?..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️