«ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР»

https://kyrgyzcha.site/?p=52262&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР»

Анда сөз башынан болсун. Жадыраган жаз мезгили эле, күн нөшөрлөп жамгыр жаап жаткан. Универден үйгө карай жол тарттым. Күн жаап жаткандыктан, жолдо басууга болбой калган. Колумда кол чатырым жок, жол жээгиндеги бир бактын түбүнө чууркап кирип кеттим. Бир аз убакыттан соң жаныма эки татынакай сулуу кыздар келип туруп калышты. Менимче аларда жаандан коргонуу үчүн келишкен чагым. Өзүмдү ыңгайсыз сезе баштадым да чууркап кетип калдым. Жол узак болгондуктан аябай суу болдум. Жамгырдан түшкөн тамчылар бүт дене боюма тарап жатты. Кантсе да үйгө эптеп жетип алдым. Кийимдеримди алмаштырып, төшөккө чүмкөнүп жатып алып ошол боюнча уктап калыптырмын. Эрте менен турсам дене табым бир аз көтөрүлүп, өзүмдү жаман сезип калыптырмын. Мунун баары кечээ күнкү жамгырдын таасири го — деп ойлоп окууга жөнөдүм. Барсам балдар чогулуп турушкан экен, менида чакырып калышты. Кечинде балдар кыздар болуп чогулуп, отуралы деп атышыптыр. Мен: » Кыла бергиле өзүңөр » — деп келе бердим. Бир маалда мен турган батирге менин эң жакын досум Медет келиптир. » Чогуу баралы кызыктуу олтурабыз » — деп болбой, эптеп мени барууга көндүрдү. Негизи андай жерлерге менин анча деле табитим жок. Кантсе да Медет суранды, айла жок, эми барышым керек. Кечинде достор менен чогуу белгиленген жерге бардык. Чынын айтсам мындай жерди кинолордон гана көргөм. Мен биринчи жолу мындай жерге келгеним үчүн бир аз өзүмдү ыңгайсыз сезип турдум. Баары бийлеп жатышты, жанымда бир кыз олтурган эле. Эмнегедир көзүмө жылуу учурап, бир жерден көргөндөй болуп жаттым. Акыры ал кызга суроо узаттым:

— Салам чоң кыз, эгер бош болсоңуз бир аз бийлеп келели, кандай дейсиз? — деп сөз узаттым. Кыз назданып башын ийкемиш этип, макул дегендей ишарат кылды. Бийлеп жатып тааныштык:

— Менин атым Акыл.

-А меники Акылай! Биз Акылай экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. Мурдагы тааныштардай көп нерселерди сүйлөшүп жаттык.

-Сени бир жерден көргөндөй болуп жатам — десем, жылмайып күлүп:

-Кечээ күнү бактын түбүндө турган экенсиз — деп калды.

-Аа, ооба. Эми эстедим. Кайсыл жерден көрдүм эле деп коём!

-Аябай суу болсоңуз керек, жамгыр катуу жаап жатканда кетип калдыңыз, же бизден сүрдөп кеттиңизби? — деп жылмайып күлүп койду.

Эмне дээримди билбей:

— Шашылып жаткан элем! — деп койдум. Ошол күндөн бери Акылай экөөбүз күн сайын жолукчу болдук. Ар кандай темаларды сүйлөшүп өзүбүз жөнүндө айтып берип жүрдүк. Акыркы күндөрү жолукмай сайын жүрө албай калдык. Сүйүү сезим пайда боло баштагандай сезилип жатты. Менимче сүйүп калганмынго деп ойлоп жүрдүм. Бир күнү сейил бакты аралап жүрүп, кантседа Акылайга сүйүп калганымды билдирдим. Алда сүйүнүп кучактай калып, сүйүшүн айтып, ушул күндү көптөн бери күтүп жүргөм деп жылмайып күлүп койду. Мына ошондо чыныгы сүйүүгө кабылган кезим эле. Күндөрдүн биринде балдар болуп, сүйлөшкөн кыздарыбызды тааныштырмакчы болдук. Бир кече уюштуруп түндө олтурдук. Менин жакын досум Медетда келди. Медет менен айылдан шаарга жаңы келген кезимде таанышып дос болгон элек. Башыбызга кыйын күндөр түшсө бири — бирибизге жардам берип турчу элек. Кантсе да Медет байдын баласы эле. Кечеде олтуруп бири бирибиз менен таанышышып шаңдуу олтурдук. Аңгычы эле айылдан атамдар чалып калышты. Эшике чыгып алсам:

-Балам кандайсың? ден соолуктарың жакшыбы? окууларың кандай? Оорубай эле жүрөсүңбү? деп алы акыбалымды сурап жатты.

-Баары жакшы ата! Өзүңүздөр кандайсыздар? Үйдөгүлөр жакшыбы? Апам оорубай эле жүрөбү?

-Жакшы балам баары жайында! Жакында Нурмат байкеңдин баласы үйлөнүп жатат, айылга келесиңби? деп калды

-Макул барам ата! деп коштошуп телди өчүрүп ичкериге кирсем, Акылай менен Медет бийлеп жатышкан экен. Эмнегедир кызыкча болуп кеттимда, анча көңүл бурбай жылмайып отуруп калдым. Бийлеп келип аларда олтурушту, эч нерсе дей албай эле олтупдум. Кеч болуп кетти кетейли деп, кафеден чыктык. Медет: — Мен жеткирип коём — деп калды. Бирок, мен сөздү кесе : Жок рахмат, өзүбүз эле деп — коштошуп тарадык. Акылай экөөбүз жолдо басып бара жаттык. Эмнегедир көңүлү жоктой, сурасам башым бир аз ооруп жатат деп койду. Үйүнө да жетип калдык, үйүнө кирип кетти. Акылай менен эч эле мурункудай сүйлөшө албадым. Түшүнө албай сурасам айтпайт же. Ошентип айылга кетүүмө туура келди. Айылга барып тойдо кызмат кылып жүрүп көпкө кармалып калдым. Айылдан шаарга келип Акылайга телефон чалсам эч эле албайт Медеткеда чалсам ал дагы албай койду. Универдеги кыздардан сураштырсам аларда билишпейт экен. Ары жактан Акылайдын жакын досу Анара келе жаткан экен, ушул билсе керек деп ошол тарапты көздөй жөнөдүм. Азырак баскандан соң, алдыма бир машина аркама бир машина токтоп мени салып алып кетип калышты. Эч нерсеге түшүнө албай койдум оозумду жаап, колдорумду байлап, бир жерге алып барышып ур тепкиге ала башташты. Арасынан бирөөсү Медетке сендей достун кереги жок деп башыма катуу бир нерсе менен урду эле эсим ооп калды. Көзүмдү ачсам больницада жатыптырмын, жанымда бир бала жана Жаркын олтурган экен. Аябай катуу сабашкандыктан кыймылдай албай калыптырмын. араң зорго сүйлөп жаттым:

-Эмне болду? эмне болду? десем.

-Бир аз эс ал» деп жатышты. Төрт беш күндөн соң өзүмө араң келе баштадым. Уктап кеткен экем, тушумдө Акылай турмушка чыгып жаткан экен, түгөйүнүн жүзү эч эле көрүнбөй койду. Мени болсо кайдагы бир нерселер кармап коё бербей туруп алды. Чочуп ойгонуп кеттим, бөлмөнү карасам эч ким жок экен. Анан эле Жаркын кирип келип калды.

-Эмнелер болуп кетти? деп сурасам.

— Сен эч нерсени билбейсиңби? деп кайра мага суроо берди.

— Жок, Эмнелер болду? Мени кимдер бул акыбалга калтырышты? Эмнелер болуп жатат? Билсең баарын айтчы? деп кайра кайра сурап жаттым.

-Акылайга эмне болду? ал кай жакта жүрөт десем.

-Акылай турмушка чыгып кетти дегенде жан дүйнөм муузга айлангандай болду. Эмне кылаарымды билбей кызыкча болуп кеттим.

-Тамашанды койчу десем

-Сени бул абалга калтырган Акылай деп айтты. оюмаа эмнелер гана келбеди, ишене албай туруп калдым. Бул мени алдап жатат деп да ойлодум. Андыктан сөзүн улап баштады:

-Силер сүйлөшкөн кыздарыбызды тааныштырабыз деген куну башталды баары. Сен эшике чыгып кеткениңде, Медетке Акылай бийлеп келүүнү сунуштаган. Медет болбой жатты, акыры Акылай аны эптеп атып экөө бийлешти. Ошондо Акылай Медетке кызыгып калган экен. Сени менен көп сүйлөшпөгөндү да себеби ошол. Акыры Акылай жашыруун Медет менен жолуга баштады. Медет досумдун сүйлөшкөн кызысың го десе, эч нерсе болбогондой эле биз ал экобуз жөн гана доспуз деген экен. Медетке да сени жамандап, ар нерселерди айтып, анан дагы мен Акылай менен жолукканда Медетти жамандайт деп да айткан экен. Мына ошондо көзүмдөн жаштар агып, тагдырым талкалангандай болду. Медет менен Акылайды ойлоп эле жаттым. Медет анын айткан сөздөрүнө анча ишенбей мага чалса өчүк болуп албай койгон экем. Ошондон дагы Акылай пайдаланып дагыда жамандап бири бирибизге душман кылып коюптур. Анан Медет чыдай албай, менин айылдан келгенимди угуп балдарын жөнөтүптүр. Демек мени сабагандар Медеттин балдары экенда деп ичим өллө күйүп жанып жатты. Мени байлыка сатып кетти деп тынбай ойлоп жаттым. Кандай гана оор нерсе, эстеп алып ыйлапда жибердим. Мени машинага салып кетишкенде, Жаркын көрүп калып групалаш баоасынын машинасы менен артымдан жөнөшкөн экен. Катуу кеткендиктен жолдо жоготуп жиберишиптир. Акылайга телефон чалып, Акылды кайда алып кетип жатышат кайда алып барышат десе эч эле айтпай койуптур. Айласы кетип эгер Акылды өлтүрүп койушса, баарын сен кылганынды милицияларга кабар берем дегенде араң зорго айтыптыр. Жаркындар барса мен кып кызыл канга буланып жаткан экем. Ошондо мени больницага алып келишиптир. Эгер Жаркындар болбогондо бул жашоодо жок болор белем, айтор Жаркынга ыраазы болдум. Жаркын Акылай менен сырдаш жакын дос болгондуктан баарын айтып берген экен. Мунун баарына байлык себепкер болду. Акылай байлыкка кызыкпаганда мындай болбоор эле. мурда атамдар үйлонуп ал дешсе сүйлошкон кызым бар дечу элем. Эми минтип байлыка сатып кетмшти. Атамдар эгер сурап калышса ушинтип жакын досума тийип кетти демек белем. Күнү — түнү ойлоном. Медет менен Акылайды көргүмда келбей калды көргөнго козум жок. Окууну эптеп бүттүи да айылга кайттым. Үйдөгүлөргө кыз таап бериниздер деп өзүм айыл жумуштары менен алек болуп жатам. Сүйүүдөн болсо көңүл калды. Медет менен Акылай болсо тагдырымды бир заматта талкалашты. Келечекти алдыга койуп жакшылыктан үмүт үзбөй жүрөм!

Мейли эле башка менен башка жакта,

Болсоң жаным кубанмакмын бакыт тилеп.

А бирок сен дос баламдын жары болдуң,

Жатыптырсың достугубузду сен тебелеп.

Менго мейли эптеп айла табаттырмын,

Башка жанды жубайлыкка алаттырмын.

Чогу басып же айланып калган кезде,

Өткөндү эстеп кантип карап тура аласың!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️