Пример HTML-страницы

Таластык В.Исакованын ысымынын чечмеленишин эч ким билбейт

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну Вилена Исакованын ысымына таң калып сурагандар көп болот. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айрымдары Елена десе, кээ бирлер Белена деп чакырышат.

«Талас районунун Арал айылында туулгам. Менин чын атым — Вилена. Бирок күбөлүккө Велена деп туура эмес жазылып калган. Ал эми мен жаңы төрөлгөндө атымды таежем койгон экен. Төрөлгөн жылым Советтер Союзунун учуруна туура келгендиктен, атым ошол нерсеге байланыштуу болуп калган. Ысымымдын башкы тамгалары Владимир Ильич Ленин деп чечмеленет. Вилена деген ысымым (күлүп).

Бир жерге барганда атымды сөзсүз 2-3 жолу кайталап сурашат. «Койчу, чын эле атың ушундайбы? Эмнени түшүндүрөт? Негизи кыргызсыңбы? Ата-энең кыргызбы?» деп берилип сурагандар көп болот. Маанилүү документтерге атымды тамгалап айтып жаздырам. «Туура эле жаздымбы, өзүң да бир жолу карап койчу» деп айтышат. Жөн эле атыңды жаздырыш керек болсо, Зелена, Елена, Белена деген сыяктуу өздөрү уккан атты жазып коюшат.

Жолдошум менен жаңы таанышканда атымды Зелена деп угуп алса керек, чөнтөк телефонуна Зелена деп сактап койгон экен. Көп өтпөй 2011-жылы Бакай- Атанын Боо-Терек айылына келин болуп келдим. Кайын журтум атымды айтууда эч кандай кыйналган жок, бат эле жаттап алышты. Азыр жолдошум Лена дейт. Ар түрдүү кылып айта бергенге да көнүп калдым», — деди ал.

Вилена айым айылындагы №41 кесиптик лицейде усулчу болуп иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE