Пример HTML-страницы

Таласта 18 жылдан бери мектепте эмгектенген жарандын үйүнөн курал табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунда бир нече ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алынган маалыматтардын негизинде, 2023-жылдын 16-мартында Манас районунун Бала-Саруу айылынын 1963-жылы туулган тургуну О.С.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда анын үйүнүн короосунда жайгашкан сарайынын ичинен мыйзамсыз сакталган «ИЖ-18м» 16-калибрдагы, 12-калибрдагы «ТОЗ-8» курал жарактар табылып алынган. Мындан тышкары 12.16 мм бош гильзалар, 5.45 мм 3 даана ок, 7.62 мм 7 даана ок, 12.16 мм 17 даана ок жана белгисиз курал жарактын магазини табылып алынган.

Кармалган жаран 2005-жылдан бери Бала-Саруу орто мектебинин чарба иштеринде эмгектенет. Иликтөө учурунда, ок атуучу куралдарды көп жылдан бери сактап жүргөндүгү, өз алдынча мергенчиликке чыканы аныкталган.

Бул факт Манас РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тиешелүү экпертизалар дайындалды.

Бүгүнкү күндө тергөө жана иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE