Тагдыр ташы

https://kyrgyzcha.site/?p=53074&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тагдыр ташы

 

 

​ Бишкектен жылган поезд үч күн дегенде Москва шаарына келди. Ошол үч күн бою Үмүттүн терезеден көргөнү бийик тоолор, аягы бүтпөс кең талаалар, каз-катар тизилген бак-дарактар, калың токойлор жана бүт жолду бойлой бир канча метрден кийин орнотулган ак-кара мамылар. Кээде гана ар кайсы жерден жалгыз үйлөр караңгы түндө калың булут арасынан жылт эткен жылдыздай көрүнө калат.

 

​Акыры токойлор, талаалар айылдарга, шаарларга алмашып, бетон плиталары менен курчалган чоң шаарга киришти. Эки жагын караса элдер түшүүгө даярданып жатышыптыр. Биринчи жолу поездге түшүп жаткан Үмүт эл эмне кылса, ошонун баарын кылып жатты. Эки бутунун ортосуна кыпчып отурган сумкасы чоң, оор дагы.

​Эшиктер ачылып, поездде иштеген эжелер элди түшүрүү үчүн тизилип калышты. Поездден эң акыркы болуп Үмүт түштү. Вокзалда элдер көп, жада калса кумурсканын уюгу да мынчалык жайнабаса керек. “Москва, Москва, сени да көрдүм…” деп Үмүт шаардын бийик үйлөрүн жантыркай карады.

​Айылда көп жыл бою мугалим болуп иштеген, жада калса Үмүттү да окутуп калган Мира эже “Вокзалдан сени өзүм тосуп алам, чалып кой, келгенде” дегенинен гезит саткан күркөдөн барып, сим-карта сатып алды. Тарыхтан берген мугалими “жарым саттан кийин келип калам,ордуңдан жылба” деди.

​Казань вокзалы чоң, көптөгөн линиялар менен темир жолдор ушул вокзалга келип кошулат. Поезддердин бири кетсе, экинчиси келет. Четте турган отургучка баштыгын коюп, Үмүт отура кетти.

​- Канаданын борбору?

​- Ыя? Эмне?!

​- Канаданын борборун билесиңби?!

​- Жок. Оттава болсо керек.

​- От-та-ва. Туура келет экен. Билет турбайсыңбы! Сканвордду жакшы көрөм, бош убактым болгондо бош клетка калтырбай толтуруп эрмектей берем, – деп Үмүттүн жанында отурган эже маңдайындагы алтын тиштерин жаркыратып, күлүп жиберди.

​- Эже, сиз кыргызсызбы?

​- Ооба, бул жерде миллиондон ашык кыргыз бар, Бишкектен да көп. Карасам, сен дагы бизге кошулат окшойсуң. Менин атым Күлийпа, — деп гезитти четке коюп, колун сунду.

​- Үмүт.

​- Колдоруң апакай, назик экен. Бир кездери менин да колдорум ушундай эле. Азыр мына, карарып, бырыш да басып калды. Бул колдорум эмнени гана көрбөдү. Тряпка менен достошту, алма-өрүк менен сырдашты, кышта тоңду, бир жолу машиненин эшигине да кыпчытып алдым, мына, могу тырык ошондон.

Үмүттүн жүрөгү камтамалуу сокту. Угуп калчу эле, Орусияда иштеп жүргөн кыргыздар начар шарттарда эмгектенишет деп, азыр ошол турмуштун белгилерин бу эженин колунан көрдү. ​

​- Сиз бул жерде иштейсизби?

​- Жо-ок, мен Кремль деген жерде иштейм. Ал жерде ким отурат билесиңби?

​- Пу-тин, — деп Үмүт таң калганынан араң айтты.

​- Туура. Мына ошол Путиндин кеңешчисимин. Маанилүү бир чечим чыгараарда менден сурайт.

​- Чын элеби?

​- Ой, айланайын, калп да! Мен сени тамашалап койбодумбу! Ишенчээк кыз экенсиң, мындай болсоң бул жакта сени баары алдап кетишет. Мен кичинекей кафе иштетем, Балтийское көчөсүндө. Бул жерден алыс эмес. Кыргыздар көп, келип тамак ичип кетишет. Бир официант кызым бар эле, аябай жакшы кыз. Бир күнү ыйлап келди, эмне болду десем мал алгыла, айылдагы эски үйдү ремонт кылгыла деп бир жылдан бери башын өйдө көтөрбөй иштеп чогулткан акчасын ата-энесине берсе жарымына инисине той беришип, калганын шүмшүк атасы жанагы казино деген балээден уттуруп салыптыр. Ал кызым эми башка жакка кеткен. Сен ошонун ордуна кирип иштебейсиңби? Жумушка тың кыз көрүнөсүң.

​- Аа, кечиресиз. Мени азыр эжем тосуп келет, ал мага базардан орун камдап койгон.

​- Ка-ап…

​Телефон шыңгырады, караса Мира эже. 20 мүнөттө барып калам деди. Сканворд сүйүүчү эми ойго чөгүп отурду. Себеби аны күткөн, аны тоскон киши Кыргызстанда жок, Ала-Тоо гана кучак жайып күтүп алат. Жолдошу менен ажырашып кеткенден кийин бул жакка баса берген. Ортодогу жалгыз баласын ала кетем десе ага өчөшкөн күйөөсү бербей койгон. Башында уулуна эптеп тапкан акчасына белектерди сатып алып, өткөн-кеткендерден берип жиберчү. Кийин телефон аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болуп, сагынган уулунун үнүн угайын десе, “сендей эненин мага кереги жок, сен бизди таштап кеттиң. Чалба, экинчи” деген муздай сөздөрү жүрөгүндө калды. Күлийпа баласынын айтканына ишенбей, аны атасы атайын “бурап” койду деп кайра-кайра чалса, улам өчүрүп коет.

 

*** *** ***

 

​Алыстан элдин арасында форма кийген полиция кызматкерлери көрүнөт. Күлийпа аларды жакындап калганда көрө калып, Үмүттөн “документтериң даярбы?” дегиче жетип келишти. Өзүлөрүн тааныштырып, документин сурашты. Сумкасынан көк паспортту алып чыгып берди, арасында анын Бишкек-Москва каттамына алган билети да бар эле. Бир сыйра карап, “Джолшубаева Умут” деп окуп, бир сүрөттү карап, бир Үмүттү карап, туулган жылын сурап, иши кылып эле бир жеринен сындырып алайын дегендин айласы. Документтердин баары жайында болуп чыкты.

​- Мен буларды “шайтандын туугандары” деп коем, ары бассаң да, бери бассаң да, чүчкүрсөң да документтериңди текшерет. Сен аны унутпай дайыма жаныңа салып жүр, мөөнөтү бүтсө жаңыртып ал. Антпесең булар бир тамгасы туура эмес болуп калса жасалма деп кара тизмеге киргизет же беш-он суткага камап коюшат.

​- Меники баары жайында, — деди биринчи сыноодон өткөн Үмүт.

​Чоң экрандан Москва-Бишкек каттамындагы поезд он мүнөттөн кийин кетээрин көрүп, он жылдан бери Москвада иштеген Күлийпа эже гезитин акырын бүктөп, сумкасына салды. Ал жактан бир кооз, сүйрү ташты алып чыгып, Үмүткө сунду:

​- Ала кой кызым, мен бул ташты он жыл мурун Кыргызстандан ала келгем, мекенимдин бир бөлүгү мени менен болсун деп. Кээде бийик тоолорду сагынганда бул ташты өөп-өөп алам. Ташыңдан айланайын кыргыз жерим! Буйруса, эки-үч күндө койнуңда болом, кандай сагындым, сөзүм жетпейт.

​- Рахмат эже. Сиз Кыргызстанга кетип жатасызбы?

​- Ооба, бул жерде он жыл жүрдүм, туулган жериңди сагынат экенсиң. Куса болгон жүрөгүм төштү жарып чыкчудай болот.

​- Мен жаңы келсем, сиз кетип жаткан экенсиз… Мага эстафетаны өткөрүп берип жаткан экенсиз, — деп Үмүт күлдү, анан “мен бул ташты өзүм менен дайыма алып жүрөм, сөз берем!” деп кошумчалап койду.

​- Анан документтерди дагы.

​- Албетте! Билесизби, сиз менин чоң энеме абдан окшош экенсиз. Ыраматылык энем мага көп жомок айтып берчү эле. Азыр сизди көрүп, эстеп кеттим.

​- Боло берет. Мен чоң энеңди эске салганым үчүн кубанычтамын!

​Вокзалдын ичин жаңырта микрофондон сүйлөгөн кыздын үнү Москва-Бишкек каттамындагы поезд жети мүнөттөн кийин жылат деп жүргүнчүлөрдү эртерээк орун алууга чакырды.

​- Мына, мен он жылдан бери күткөн мезгил да келди. Өмүрүм бөтөн жерде, бөтөн элде кумурскадай жүгүрүп жүрүп өтүп кетеби деп ойлогом.

​- Кудай буюрса, барып каласыз, сизди үй-бүлөөңүз тосуп алат… Жашыңызды сүртүңүз.

​- Айи-ий. Көзүмө чаң кирип кеткен окшойт…, — деп тамашалап койду. А чындыгында жүрөгү ооруп турган. Ушу шаарга келгенден бери ооруйт, баласын, айылын ойлобогон күнү жок го… Алмадай жүрөк баарына чыдап, аскадай жүктү көтөрдү.

​Коштошоордо жаңы эле таанышкан кызды бекем кучактап, жарым мүнөттөй турду да баштыгын сүйрөп, вагонун издей жөнөдү. А Үмүт болсо мага да Кыргызстанга аман-эсен кетүү буйруса экен деп эженин артынан карап турду…

​Телефон шыңгырады, караса Мира эжеси.

​- Алло?!

​- Артыңды карасан!

 

***​***​***

 

​Поезд ордунан жылды. Күлийпа эженин көз алдынан өмүрү кар кетпеген, эрибеген көк муз мөңгүлөр, керемет жүзү ааламдын аркы жагына чейин көрүнгөн ыйык көлү чууруду. “Капастан бошонгон куш сымал өз жериме учуп баратам!” деп ичинен эки-үч сыйра кайталап, купедеги орундугуна жайланышып, көзүн жумду да ачпаганга аракет кылды…

​Жарым сааттан кийин ал вагондон: “Тезирээк! Тезирээк! Дарыгер керек! Бул жакта бир аялдын жүрөгү токтоп калыптыр!” – деген үрөй учурган үндөрдөн вагондун коридору жүргүнчүлөргө толуп кетти…

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️