Мен ыйлап боздогон мененда жашоо озгорбоду.Баарына козду жумуп басып кетсем,апамын уйундо бир балам атасыз чоноюп жатса,эми бул баламдыда атасыз кылсам,чонойсо мени тушуноор бекен дейм.Эч кимге ишенбей озум иштейин дейм балам жаш.Акыры ойлонуп озум учун жашабасам да балам учун жашайм,Эркин акыры адам болоор деп чечтим.Бирок Эркинди кечирген жокмун,болгону туугандарыма билдирбей,жашай бердим.Ажырашып ата энемди кыйнап ,бир туугандарымды жер каратып,баламды атасыз кыйнагым келбеди.Эркин сен мени таштап кетпесен мен баарын оз жолуна салам деп соз берди.Мен учун Эркиндин созу баарибир болду менин журогум туболукко муздады.Аялдык милдетимди аткарып,тамагын жасап, кирин жууп журо бердим.Каякта журдун ,кимден карызсын, эмне иш кылып журосун деп да сурабайм.Келбей калса кутпойм дагы.Кундузу балам менен кун откозом,туну менен ыйлап чыгам.Ошентип 8ай жашадым.8ай мен учун 8жылдай отту.Узун чачтарым тушуп,ак жуздуу бетиме бырыш тушуп,жада калса боюмда чогуп ушунчалык жудоп кеттим.Убагында Эркин сени суйот,экоонор сонун парасынар деген досторум,башыма ушундай иш тушкондо ,сен жудоп кеттин,аябай карыпда кеттин деп баары устумдон кулду.
Бир куну баламды бакчага суйлошуп,озум жумушка чыктым.Кундузу жумуштан чарчайм,кечинде балама алаксыйм,менин ойлонуп сыгылып ыйлаганга убакытымда болбой калды.Жакшы эле акча топтоп Кыргызтанга келе бердим.Эркинге жашабайм да деген жокмун.Ал бизди узатып бир айдан кийин Кыргызстанга келмекчи болду.Кайненемдерге эч нерсени айтканда жокмун.Айылда кайним менен абысыным болгондуктан,озумдун алган уйумо кайненем менен кайнатамды алып келип алдым.Алар уйдо баламды каралашты.Мен болсо чакан гана ашкана ачып иштетип баштадым.Ишим жакшы болуп жатты.Жардамчы 2кыз алдым.Эркин болсо телефон чалып ата энеси менен суйлошуп турду.Алар болсо суйлошкон сайын мени макташып,айдай аялын мончоктой балан турганда каяктагы казино оюндарына азгырылба ,баардык нерсенин убалы болот деп урушушат.Алар озунон 5жаш аял менен жашап аз келгенсип балалуу болгонун укса кандай болушмак билбейм. Баарын ичиме жутуп чыдап журо бердим.Кайненем менен кайнатам 4ай журушуп,шаарына биз коно албадык балам деп мага аябай ыраазы болуп,айылга кетишти.Мен апамды баламды чакырып алдым.Чон балам мектепке барат,кичинекейим бакчага барат.Мен эртеден кечке жумуштан бошобойм.Эркин болсо 1айдан кийин барам деп,1жыл дегенде келди.Мен анын никесиндеги аялымын келбе дегенге укугум жок.Иштеп карыздарымды толоп келдим,мен эми эч качан андай жолго баспаймын дейт.
Азыр 2балам да мектепте окуйт.Каникулда чон баламда чон энесине барып келип турат.Чон энеси баарына мен куноолумун,балам минтип ичкиликке берилип жашоосу жакшы эмес.Жок дегенде неберемди корсотуп тур дейт.Мен каршы эмесмин,каалаганда келип коруп турсаныз болот дейм.Улан кийин уйлонуптур.Ал да бир балалуу болгондо ажырашыптыр.Азырда бироо менен жашайт экен.Бирок ичкенин калтырбаптыр.Эмне болсода ичим ачышат баламдын атасы,менин биринчи суйуум.Баламды жиберип турам.
Эркин болсо мени кызганып,иштебе уйдо отур мен карайм дейт.Мен сага ишенип бутком,кааласан кете бер озундон 5жаш улуу аялына,мен иштесем балдарым учун иштейм,эми адашкым келбейт дейм.Жашоодо кыйналганда достун ким экенин,сени суйом деген адам ким экенин жакшы тушундум.Убагында окуйм мен куйоого тийбейм дечу элем,жогорку окуу жайга окубасамда ,мен турмушта кооп нерсени окудум.
Башында баштаган чакан ашканам азыр ресторан.17адам иштеп ак эмгек менен айлык алышат.Балдарым шаардагы жакшы мектепте окушат.Эл алдында Эркин экобуз кадыр барктуу адамбыз.4жаш жубайларга окул эне окул ата болдук.Бирок мен азыр ыйлабайм дебейм.Убагында кыйналган кундорумду эстеп,кээде сыгылып ыйлап алам.Эркинди болсо барибир журогум кечирбеди.Балам учун жашап журом.Бир куну мен баласымын деп баягы баласы келетда билбейм ал куну дагы кандай болом.Эркин келет алда менин баламда деп журогумду оорутат.Жашоодо адашпаган жан жок менда адашкам деп коёт.Ал жагын кудай озу таразаласын.Кудай мага ушунча сабыр бердин дагы сабыр бере кор деп тилейм.Азыр мен Аллахыма ыраазымын.Суйбосомда, кечирбесемда эл алдында ,тууган-уруктун алдында омурлук жарым бар…..Абдан акылдуу балдарым бар……Мен сыймыктанган апам бар……Эн тушунуктуу кайненем жана кайнатам бар……Кудайым ушуларды бешенеме бар кылсын…..Жашоодо душманыма да жамандык каалабайм.Аллахым баарына ыйман берсин. (аягы)Конул коюп окуганыныздарга терен ыраазычылык билдирем…..