Пример HTML-страницы

Тагдыр сыноолору 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17341&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАГДЫР СЫНООЛОРУ..5-болуму.

Ар кимге ар калпты айтып кетирет.Бул кунда отот.Булда болсо тагдырдын сыноосуда деп сабыр кылдым.Биринчи куйомду ичет,урат деп ажырашсам,экинчиси казиного барат деп ажырашсам 2баламды атасыз кантип тарбиялайм деп чыдап журо бердим.Келбей калса дагы казинодо деп ойлойм эч качан кыздарга барды деп ойлобойм.акыркы кундору уйронупда калдым.Бир куну туну менен ойноп эрте менен келип уктап жаткан.Телефону званок болду, мен алдым,аял киши сен кимсин Эркин гана дейт.Мен аялы болом Эркин уктап жатат дедим.Кандайча аялы ал эмне мени алдап журобу менминго аялы дейт.Ошол жерде эмне дешимди билбей коздорум карангылашып журогум тим эле оозума келгендей дукулдоп шарт телефонду очуруп койдум.Ваннага кирип бетимди жууп,кичине озумо келип,Эркинди ойготтум.Ангыча ал дагы чалып калды.Эркин албастан очуруп койду.Ким ал мен аялымын дедиго десем бироо тийишкендирда сен эмне тийишесин менин телефонума деп урушуп койду.Бир куну мен Эркиндин телефонунан баягы номерди жазып алдымда Эркин жокто телефон чалдым.Баягы келин мен аялымын сен кимсин,керек болсо менин балам бар сен каяктасын тапсам сенин чачынды жулам деп каяктагы уят создор менен урушуп жатты.Мен угуп чыдап тура албадым.Кайра кайра чалат мен албадым.Бир маалда ммс келди карасам ишенбесен мына баласы деп баласынын суротун жибериптир.Чынында Эркиндин копиясы.Бир жашарга жакындап калган билишимче.Ал убакта менин балам 10айлык болуп калган.Менин баламда атасына аябай окшош.Эркинди чакырдым ал келип баарын мойнуна алды.Сени суйом, сен жакшы жансын ,сен тушунуктуусун мени кечир.Мен коп суммада бироодон карыз алып аны уткузуп,ал мага срок койуп айткан кунго таап бербесен аялынды залогко алабыз дешкенде мен ал аял процентке акча берерин угуп алып кутулгам дейт.Калган соз белгилуу ал келиндин акчасын убагында таап бере албай аны суйдум куйдум деп алдаган.Чогуу жашайбыз десе мен иштеген жерде жашайм деп чогуу жашаган эмес.Ал келиндин боюнда болуп суйундургон.Ал кезде мен боюмда болбой даарыланганча кайын журтка кызмат кылып жургом.

Уккан кулагыма ишенбей жашоодон тунулуп ыйлайм.Убагында сени ыйлатпайм,сени эч качан кор кылбайм деген адам тируулой олтурду.Кайра мени куноолоп сен мени эч качан суйгон жоксун,сени канча козунду карасамда Уланынды унуткан жоксун.Убагында мен сени кутуп сагынып жургондо сен барып Уланын менен жашап алгансын,ошол кезде озумду кантип алаксытканды билбей казиного берилип кеткем деп баарына мени куноолоду.Оо шордуу жаным ошол кундору бир билсем мен сага тийбейт элем,куйоосу жок балам менен тынч гана жашайт элем,мага мынча кордуктун кереги жок эле деп боздодум.(уландысы бар )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE