Тушуном сенда балан учун кечирип жашадын.Ал барибир сенин кадырына жетпейт,эми аны ойлоп озунду кыйнаба деди.
Ошентип экобуз 2жылга жакын кыз жигит болуп журдук.Анын арасында мен Кыргызстанга барып уй алдым,Эркин да жардам берди.Бир куну ата энелерибизге телефон чалып,алар уруксат берип,Россияда кафеде той жасап уйлонуп чогуу жашап калдык.
Алгыча алтыным,алгандан кийин катыным дейтго.Чогуу жашаган кундон ал мени иштетпеди.2жылдай журуп бир билбепмин, ал укмуш кызганчаак экен.Макул болдум куйом да ,айтканын угушум керек.Кечке уйдо жалгызмын.Эркиндин директору бизге 1 комнаталуу квартирасын берген.Эркин сен жакшы иштейсин,ичпейсин чекпейсин,мен сага ишенем,караганча бекер эле жашай бергиле деп.Эркин эрте менен жумушка кетет кеч келет.Келип мени шаар айлантат,кунуго окшош кундор.Бир жылдан ашык жашадык бирок менин боюмда болбоду.Больницага корунсом бойрогу ооруйт даарыланыш керек,анан болушу мумкун деп койду.Мен тажадым кечке уйдо жалгыз отургандан баламды алып келем десем биздин озубуздун балабыз болот сен даарыланышын керек дейт.Ал эмне менин балам эмеспи деп эн биринчи жолу аябай катуу урушубуз болду.Ден соолугум начарлап,ар жерим ооруйт ,акыркы кундору Эркинге конулда бурбай калдым,мен кобунчо больницада болуп.Акыркы кундору ночто да иштеп атам деп келбей калчу болду.Ишенчээк жаным эч качан жаман ойлободум.Бир куну Кыргызстанга барабыз ата энем келгиле деп атышат сенда ошол жактан даарыланасын деп калды.Биз Эркиндин уйуно келдик.Кайненем кайнатам эн сонун адамдар экен.Менда аларга жактым Кыргызстанга келип оорубай да калдым.Менинда ата энемдин уйуно бардык.Арадан 1ай отуп Эркин Россияга кетти.Мен апамдын уйуно барып келип кайын журтка кызмат кылып журдум.Больницагада корунуп айыгып кеттим.Куйон менен кошо жур эми бизге да кызматынды кылдын деп кайненемдер Россияга жонотушту.Келсем менин Эркиним негедир башкача.Мени суйуп журуп алган эч качан алдабайт деп 100 процент ишенет элем.Анан менин боюмда болду.Таксикоз кыйнады.тамак жасай албайм эч нерсе жакпайт.Ал нерсе эркекке кантип жаксын.Сен мени карабайсын конул бурбайсын деп таарынымыш болуп уйго келбей калчу болду.Корсо ал кезде казинодо убакыт откозуп акчасын уткузуп жургон кези экен.Ичпеген,чекпеген,урбаган сокпогон Эркиндин оорусу казино экен.Мен аны эч байкаган эмесмин.Мен кыйналып атсам сен кочодогу кыздар менен журосун деп эле уруша берипмин.Мен торогучо иштеген акчасын уткузуп карыз боло баштады.Эч кимдин созун укпады.Ата энеси бир туугандары да аны токтото албады.Мен кыйналып журуп уул тородум.Уулум бар мен эми токтотом деп соз берип бирок дагы да токтотподу.Акыркы кундору карыздары уйго сурап келе баштады. (уландысы бар )