ТАГДЫР НАСИП.  2-БОЛУМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=54783&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАГДЫР НАСИП .

2-БОЛУМ.

Шамилдин чон энесинин койнуна кубанычы батбайт. Неберелери биринин артынан бири келип коргон толо бала -чака. Тойго даярдык чон. Эн кичуу балам деп атасы да союштарын мурдатан эле даярдап жургон экен. Анын устуно балдары да жакшы иштеп жакшы табышканынан тойдун камылгасы аябай эле кенири болду. Бирок тойго толук бир жума убак калды дегенде кудаа тараптан кабар келди. Кыз Шамилге турмушка чыкпайм деп келбей коюптур. Кызды тапкан эжесин туугандары баары жемелеп киришти.

-Ушул кантип болсун ал кызындын акыл эси жайындабы? дешип. Байкуш эжеси эмне кылаарын да билбей калды.

-Ооба жакшы адамдар болушчу, тушунуктуу эле. Шамилдин буга чейинки Санабар менен болгон мамилесин деле билишчу. Жакшылап баарын тушундургом. Кыз деле ошого макул болуп анан Шамил менен таанышкан болчу да деп ал актанып кирди.

-Же эмне Санабар барып кызга бир деме дедиби ?

— Жок антпеши керек. Ал менен баары жакшы эле буткон . Ал келин андайга барбайт деп ишенимдуу жооп берди эжеси.

Шамилдин да аябай ачуусу келди. Досторунун алдында намыстанып да кетти окшойт.

-Бул эмне кылганы? Болбосо башында эле жок деп таанышпай койбойт беле. Аны бироо зордомок беле. Менин эле ошондон козум учуп тургансып деп, Шамил кунгуронуп суйлонуп алды. Ичинен ал Санабарды ойлоп кетти.

Санабар! …Айла жок. Тагдыр экен. Туугандарындан кечип кете албайт экенсин. Анын устуно досторундун алдында да тилин кысык болуп калат экенсин.

-Э жок балдар. Санабар жакшы келин, туура. Эми бул убактынчалык да.. Озунор ал жагын жакшы тушуносунор да, дегени менен Шамилдин журогу Санабарды гана суйуп турчу.

Ошентип журуп акыры Санабар менен кол узушту. Карагат коздорунон жашын куюлтуп кала берди ал байкуш.

 

 

— Эми эмне кылабыз? , той куну белгиленип элдин баары тойга чакыруу кагазын алышкан. Кантебиз эми ? Ары тартышып бери тартышып акыры туугандары бир чечимге келишти окшойт.

-Той токтобойт! деди улуу агасы Шамилдин досторуна карап.

— Балдар жакшылап караштырып бир жакшы кыз кантип таппайсынар? , Озубуздун айылдан деле кыздар чыкса керек деди агасы.

-Силер да ойлонуп суруштургуло деди озунун карындаш келиндерине карап. Айылданбы алысыраак туугандарданбы? Кантип бир жакшы кыз чыкпасын, деп созун бутуро элек эле арасынан бир женеси бироону тапты окшойт. Ар кимиси ар кимдин кызын таап айтып жатышты.

Ошентип ошол куну кечкисин балдар кыз ала-качып келе турган болуп уйдон чыгып кетишти. Ал кыз оздорунун эле айлынан болот. Шамилден торт жашка кичуу экен. Шамилдин женелери болмону даярдап келинге деген койнок жоолуктарын алып чыгып, ар нерседен кызуу кеп салып суйлошуп олтурушту. Бирок ал куну балдар оздору эле уйго кайра кайтып кирип келишти. Эч кандай кызы жок эле. Корсо ал кыздын оздорунун эле айылдан суйлошкон жигити бар экен. Балдар барганда тиги экоонун суйлошуп турганын корушот. Тиги баланы оздоруно чакырып суйлошо келгенде алардын кыз жигит экенин билишет. Бир айылда чогуу жашап туруп кызын ала качууну туура корушпогон балдар кайра уйго кур кол кайтып келишти. Балдар эртеси кункуго Шамилдин бир досунун аялынын жакын туугандарынын кызын алып келе турган болуп суйлошушту. Досунун аялы деле ыраазы, тууган синдисин Шамилге алып качканга. Себеби Шамилдин уй булосу бут баары жакшы адамдар. Бардар жер. Зангыратып кирпичтен бийик кылып уйду салып коюшкан. Ошол уйдо кала турган эн кенжеси да ушул Шамил. Озу да жаман бала эмес. Уй жай, короо мал баары жай жайында болсо мындай уй булого ким эле кызыкпасын!

Эртеси куну тун бир оокумда машинанын сигналын катуу басып балдар кызды алып качып келишти. Кыздын каршылыгына карабай уйго которуп алып кирип салышты.

— Баары бир олтурбайм! . Ушунчанарда кайра мени жеткирип койгула. Эмесем сотко берем озунор уят болуп каласынар деп чырылдап ыйлап жаткан кыздын созуно ким кулак салмак эле?. Баары эле аялдар кызды жоошутуп айланып тегеренишип кызга жоолук салганга убара болуп жатышты. Кыз менен алышып олтуруп тан да атып кетти окшойт. Эртен мененки саат 8-9:дар чамасында уйдун тушуна милициянын машинеси келип токтоп ичинен торт жигит тушуп кирип келишти. Арасынан бироосу уголовный розыскаданбыз деп документин корсотуп, алар туура кыз олтурган уйго бастырып киришти. Аларды коргон кыз ордунан атып турду.

— Азамат! деп эле ал бироосунун кучагына боюн таштап ыйлап жиберди. Корсо кызды алып качышканда жанындагы курбу кызын таштай качышкан экен. Ал кыз тан атпай кыздын жигитине кабар берет. Кыздын суйлошкон жигити ушул Азамат органда иштейт экен.

**************

 

 

Кеч кирип Шамилдин туугандары достору баары уйдун чон болмосундо чогулуп суз олтурушту. Кимден эмне соз чыгат экен деп баары ойлуу. Акыры созду Шамилдин катуу ойлонуп отурган улуу агасы баштады.

-Балдар деди, силерге да чоон рахмат инилерим. Уч кундон бери биз менен чогуу убара болуп жумушунарды таштап Шамил досунар учун журосунор. Дос деген ушундай болуш керек .Дайыма ушинтип жакшылык- жамандыкта чогуу болуп, ушундай достугунардан жазбай журо бергиле! деди. Ал бир азга унчукпай отуруп

-Менин дагы да кудайга шугур деп, бир суйунгон жерим, бугунку эртен мененки иштин тынч жакшы бутуп кеткени болду! Тиги органдын балдары да жакшы тушунуктуу жигиттер экен. Кызга эч нерсе болбогондуктан, алар ачууга алдырбай жакшы созго келишип сыйы менен тынч чыгып кетишти.! Азамат бала- чындап эле Азамат жигит экен.! Жигит деген ушундай болуш керек чечкиндуу! деп ал муштумун бекем туйуп койду.

-Мейли алар да бактылуу болушсун. Алар го бутту.Эми озубузго келсек. Тойго торт кун убакыт калды. Коноктор тойго деп бут баары чакырылып калды. Эми кандай пландарынар бар ? деп агасы Шамилдин досторун сынай тегерете тиктеди. Балдардын баары баштарын жерге салып ойлонуп калышты. Бироосу башын кашыса бироосу тишин чукуп дегендей. Бир убакта арасынан бироо эми соз баштайын дегенде Шамилдин агасы ага колун которуп созун токтотуп койду. Баары аны карап калышты эмне дейт экен дегенсишип

— Шамил! деди агасы унун которуп. Иним менин. Мен сенин бактылуу болуп озун менен озун элдин катарында болушунду кудайдан тилеп келем. Тагдырга тан бериш керек экен иним. Тагдырдан качып кутула албайт экенсин.Тагдыр насип.! Мандайына жазганы ушул экен.? Эртен эрте менен тан атпай туруп эки досунду жанына алып Бишкекке учасын. Самалеттун учушун тактап билип койгом. Барып Санабарды алып келесин дебеспи. Олтургандар баары баштарын которуп бирин бири тан кала карашып жандана тушушту. Баары Шамилди карап калышты. Шамил уккан кулагына ишенбегендей эки жагын карап коздорун чон- чон ачып алды да шашканынан

— Аа-а албы? Санабарга званок кылсам ал озу деле учуп келе берет деп жиберди. Элдин баары дуу деп кыраан -каткы каткырышып уй менен бир болуп кулуп жатып калышты. Тизесин бир чаап козунон жашы чыкканча кулгон агасы

-Кысталак озу келе берет дейсин да. Башынан биринди бирин сыйлап уйрон. Эртен жасанып кийинип алып, эки досун менен барып алып келесин деди агасы. кулкусун тыялбай козунун жашын жени менен аарчып жатып )

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️