Пример HTML-страницы

Тагдыр

https://kyrgyzcha.site/?p=60008&preview=true Кызыктуу окуялар.

БОЛГОН ОКУЯ.

 

Саламатсыздарбы.Сиздерге башымдан өткөн окуяны, өз баянымды жазып, сырымды сиздер менен бөлүшкүм келди.

 

Тагдыр…Билесизби тагдыр мени тепкиледи…аябады, менин сүлкүлдөгөн жаштыгыма карабады. Айрым учурда «тагдырым ушул экен» деп, көп нерсени тагдырга байлайбыз…Көрсө, бул туура эмес экен. Так ушул таптарда тагдырга эч качан баш ийгим келбейт. Көп нерсени унутуп, жаңы жашоо баштагым келет. Эми баштан өткөн окуяны сиздерге ирети менен айтып берейин.

 

Атым Алина. Учурда 20 жаштамын. Азыр Москвадамын. 9-классты аяктаарым менен коллежге тапшырып окуп баштадым. Экинчи курста кыялымдагы Мырза жолукту. Жоо-ок… Жашоомду бырчалаган Мырзага жолуктум.

 

Так ушул Мырза ар дайым мага белек тартуулайт. Гүлдөр, жумшак оюнчуктар, кымбат-баалуу белектер…Чындыгында башында мындай белектерди кабыл албай жүрдүм. Ар дайым көрүп жүргөнгөбү, бул көрүнүшкө өзүм дагы көнө баштадым. Мага ар дайым белек берген сулуу жигит, менден 10 жаш улуу болчу. Акырындап көнө баштадымбы айтор, мамилебиз келишип, ага каттуу байландым.

 

Бир күнү жигитим «тоого барып келели», деп унаасы менен жөнөп калдык. Жолдон “машинаны мен айдайынчы” деп, биринчи жолу рулга отурдум. Жигитимдин  “тормозду бас” деп кыйкырганын билем, ээсиме келсем тез жардам машинасында экенбиз. Экөөбүз ооруканада 20 күндөй жаттык. Бактыга жараша оор жараат алган жокпуз.

 

Ооруканадан чыктык. 3 күндөн кийин шакек салып, колумду сурады. «Ата-энем, туугандарым жок томолой жетиммин», деди. Ага да макул болдум. Той болду. Ата-энемдер баары ыраазы.Эң бактылуу жубайлардын бири болдум… Мен окууга, ал жумушка кетет. Кечинде тамак жасап аны күтөм…

 

Ошентип арадан көп өтпөй мени сүйгөн, арзуу менен алган күйөөмдүн үйгө келиши кечеңдеп же келбей калып, жумуштарына шылтоолоп жатты. Арадан 3 ай өткөндө, мага бирөө чалып, “мен Мырзанын аялымын, биздин 3 балабыз бар”, деп оозго алгыс сөздөр менен мени каргап шиледи…

 

Ал аялга эч нерсе дей алган жокмун…телефонду өчүрүп, шылк түшүп олтуруп калдым. Жолдошумду күттүм…Түнкү саат 3 болгондо үйгө кирип келди. Мас…. Бутуна тура албайт… Чечиндирип, жаткырып койдум. Такыр уктай албай, досунун аялына чалдым. Болгон окуяны айтып, чынбы десем, “апей сен билчү эмес белең? Күйөөң сени баарын билет, ошого көндү?”, деп айтып таң калды… “Уйкуңду бузганым үчүн кечирчи”,  деп күйөөмдүн жанына жаттым. Кантип ушул сулуу көздөр, кырдач мурун, кара каштар мени алдады экен?!  Кантип?!…“Мени сүйөм” деп, алган жигиттин көрсө аялы, балдары бар тура…Мен сенин “акмактыгынды” билгенде, артистигинди билгенде,эч качан токол болуп тиймек эмесмин да…деп ойлонуп ойлонуп жатып уктап кеттиптирмин.

 

Эртең менен ойгонсом жок…»Жумушка кеттим» деп, СМС жазып коюптур. Шашылып кийиндим дагы жумушуна бардым. Жумушунда жок…Сурасам, “бир жумадан бери келе элек” дешти. Чалдым, чалсам “жумуштамын”, дейт. — Мен жумушуңа келдим, сен жоксуңго”, десем “азыр үйгө барам, мени күт”, деп трубканы коё салды.

 

Келди…Тамак жасап тосуп алдым…Сүйлөшүп олтурдук же ал сурай албады же мен…. Менин телефонума чакыруу келди. Алсам аялы… Дароо телефонду үнүн бийиктетип койдум… укмуш сөздөрдү айтты. Көзүмдүн жашы токтобой акты. Телефонду мыкчый кармап полго чаап салдым… Күйөөм чуркап келип кучактап, «болду мени кечир» деди. Акырында ал: мени кечир 3 балам үчүн жашашым керек. Мени коё бер. Сен жашсың бактылуу болосуң, колуңдан келет” деп, мени таштап үйдөн чыгып кетти.

 

Оозумдан сөз чыкпай калды… Буулугуп кыйкырып ыйлап, болгон идиш аякты талкалап аттым…Кошунама барып телефон сурап агама чалдым… Келди…Эмне болду деп коркуп кетти… Агама баарын айттым. Кантсе дагы бир тууган эмеспи,  “мен ага көрсөтөм, жер үстүндө баскыс кыламын” деп чыкты. Агама баарын түшүндүрүп, Мырзага эч нерсе кордук көрсөтүүнүн кереги жок экендигин айтып, буюмдарымды алып үйгө кеттим…

 

Ошентип чоң апамдын үйүндө 2 ай жүрүп, Москвага кетип калдым. Мына ушул карагашалуу менин тагдырым талкаланган күнгө, мартта бир жыл толот. Менден он жаш улуу мени сүйгөн жигит, мени жубайлыкка алган жигитти ушул күнгө чейин каргап келемин. Ылайым эле, кыздарың мендей болуп калсын. Тагдырдын ташы балдарыңа тийсин, менин көзүмдөн аккан жаш сени эч качан соо койбосун. 19 жашымдагы “бойдокмун” деп азгырган сөздөрүн, бирөө, сен карыганда кыздарыңды так мендей алдап, көз жаштарың сакалыңа салаалап аксын. Cен акмактын үй-бүлөөң бар экенин билгенде, 19 жашта сага “токол” болуп тиймек эмесмин…

 

Алина…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE