Пример HTML-страницы

Т О К О Ч.

https://kyrgyzcha.site/?p=59473&preview=true Кызыктуу окуялар.

Т О К О Ч.

УРМАТ САТАРОВА.

Алма бактын баш жагындагы кериле жайылып өскөн бактын түбүндөгү сөрүдө ысыктан көйнөгүнүн бүрмөсүн улам көтөрө желпинип койуп отурган эне дасторконго койулган ысык нандын жытына магдырай көзүн жума,

— Ох-ох, жытыңдан ай. Нандын жытындай жыт барбы дүйнөдө- деп азыр эле келини тандырдан үзүп келген нанды карап. Дасторкондо жайылган нандардын четинде турган токочту колуна алып, өптү да бешенесине тийгизип жатып токоч тууралуу өткөнү эсине түшүп кетти.Келини да дайыма өзүнө окшоп нандын бош аралыктарына ушинтип токоч жармаштыра койот.Эне да ушинтчү. Балдары май токоч деп алышкан. Дайыма токочту көргөндө ошол күндөр көз алдынан сөзсүз өтөт.

1990-жылдардан кийинки жылдар. Жаз менен жайдын ортосар мезгили.Эл арасында утчулук өкүм сүрүп,бардары бар жоктору айласы алты кетип, кара курсактын азабы кыйнаган учур. Жер жерлерде эбегейсиз эмгек менен бүткөн чарбалар тымтыракай болуп тытылып, бузулуп- жарылып, алганы алып, жутканы жутуп бүтүп, жок дегенде төрт туягы жок карапайым эл там айланган топудай жери менен калган эмес беле. Оо, ал жылдар канча адамдын өзөгүн үздүго. Телегейи тегиз жашап келе жаткан жандар оозунан ашын алдыргандай эле не кыларын биле алышпай маң болгону канча. Жоромолдуу сөздөр көп эл арасында. Кимисине ишенерин билбеген чочуркоо да жок эмес эле Көрсө, ошондон баштап бири бирине ишенбегендик пайда болуп, ыйман, ынсап кача баштаганы өзүм өлбөсөм болду жашоону пайда кылган экен да. Өз көмөчүнө күл тартып,жакын- ыраак менен мамиле үзүлүп тууганчылыктын да баркы кетип, жаатташканы канча. Кыскасы адам адамдыгын ошол жылдардан жогото баштаганы айдан ачык.

— Аа,- деп койду эне ушуларга ынангандай баш ийкей.

Эне ал мезгилде жаш курагы. Иштеп ишке, күлүп күлкүгө тойбой турган убагында жонунан жокчулук ныгыра басып, кара курсактан башканы ойлобогон күндөр, балдарынын зарыга тиктегендери сай сөөгүн сыздатчу. Албетте, ачтыктан. Курсагы ток болсо кетмек ойношуп, минтип аны жалдырап тиктешпей.

Айыл арасында таш тегирмени барлар болчу. Чамасы барлар гана куруп алышып элдин буудайын тартып, нанга,унга зарыкпагандар ошолор эле. Ошол тегирмендин бирине барып бир кочуш болсо да ун сурамак болуп барарын барып,не кылаарын билбей туруп калды. Ун жок. Таптаккыр жок.

— Унуң жокпу, буудайчы?-деп кантип эле жок болсун дегендей караган тегирменчи.

— Жок,- жер караган келин баса берерде,

— Токтой тур, мынаны карагын ушул жердегиден берейин, башка жок да.

Тегирмендеги тартылып жаткан ундун чаңынан топтолуп калган тозоңду көрсөтүп.

— Нан кылса болобу?

— Өткөндө сага окшоп бирөө алып кеткен.

— Алайын анда.

Ун деп алып келгенин жуурса кара көк камыр болуп, аны бир топко карап отурду. Бул эми кандай нан болот деген жагдайы эле. Эмнеси болсо да бышырайын деп очокко от жакты да эки муштай камырды жалпайта таптап, эптеп катырма нан кылды. Нанга окшоду бир аз. Балдары көз үзбөй карап отурушкан.

— Мына наныбыз бышты. Биринчи бышканынан бир сындырымдан балдарына берип, өзү бир тиштем оозуна салды. Нан. Же ылай эмес же ундай эмес башкача эле даам. Жутпайын десе курсагы ач, жутайын десе ары кетпей жатып араңдан араң. Чоң баласы бир тиштеп унчукпады, ойлуу гана апасын карап койуп. Ал эми кичинекейи,

— Апа, апа ылай нан.

Бирок жеп жатты. Көзүнөн буурчактаган жаштар кулап, эрдин тиштей жүзүн ары бурган ошондогу эненин акыбалын айтуу өтө кыйын.Ошол күнү ылай нан жеп укташкан.

Мектептин мугалимдерине айлыгын акчалай бербей бир туруп эле керексиз кездемелерди же ичимдиктерди беришип ансыз деле айласы алты кетип тургандарды шоруну курутуп, таш тиштетип жатышкан. Ошону сыңарындай бир айлыгына мугалимдер катарында ал дагы самын алды. Албаска айла жок. Бир деке кылып эптегиле деген жооп алышты суроолоруна. Самын. Дайын эле да. Кир когуң жуулат бирок жей албайсың да. Эптегендери ары көтөрүп бери көтөрүшүп айырбаштап, тиричилик кылышты да.

Самындарынан баштыгына салып алып, үймө-үй баш багып ,,самын керек эмеспи»деп жүргөн күндөрүнүн биринде тегирмени бар бир үйгө кирип калды. Тандырдан эми эле үзүлгөн ысык нандын жыты көөдөнүн көтөрүп жиберди.

-Ах, жытыңдан ай,- дегенин да билбей калды.

— Кел,- деп күлүп утурлай баскан орто жаштагы тегирменчинин аялы,- нандын жытын айтасыңбы?

— Ооба да эже. Нандын жытындай жыт барбы дүйнөдө.

— Айтпа.

— Самын аласызбы?Нанга алмаштырыңызчы.

— Койчу,нанга алмаштырган болчу беле.

-Ушинтип жашап калдык. Айлык ордуна самын берип салышты. Канча алсаңыз мейли бир нан берсеңиз болот.

— Самыным бар. Керек эмес.

Айласыз, жалдыраган келиндин жаш толгон көздөрүн карап,

— Макул,мынаны берейин,- деп себет толо нандын четиндеги кичинекей токочту алып узатты.

Сүйүнүп анан токочту көрө сумсайа түшкөн келин баштыгын ачып,

— Ордуна самындан алыңыз,-деди.

— Алсам алайын,- деп эки самынды алды да ары басты.

Ошентип ошол күнү бир токоч, бир кочуш гүрүчтүү болушкан.

 

Дайыма токочту көргөндө эстейт. Күндө көрсө күндө эстейт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE