Пример HTML-страницы

Төштөгү бак.

https://kyrgyzcha.site/?p=59484&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАБЕРИК. ( Төштөгү бак )

Ушул ата баскан жолу Жетимиш аба үчүн канчалык ыйык экенин эч ким билбесе керек ов. Анткени өмүрүнүн теңинен көбүн ушул жолду таптап өткөрдү го. Балалыгы, жаштыгы, охоо, ал күндөрдү унутууга болобу. Атасынын заптысы менен анан өзү да ар кандай иш болсо кызыкчан эле да. Кароосуз жаткан боз дөбөнү керемет бакка айландырып койсо болоорун айтып, атасы делебесин козгоп койбоду беле. Ошондогу жаштык кайраты, жигердүү иши. Мына азыр оозурун көрүп отурбайбы.

Атасы кайдан таап келгени белгисиз чүң таап келип берип иш баштаган. Ал ойлогондой бат эле бак боло койгон эмес да. Не замандардан бери кар жеп, жаан жууган жердеги таштарды казып,атасы көрсөткөн жерге ташып, суй жыгылган күндөрү болгон. Үйүлгөн таштар бара- бара көбөйүп бак болчу жерге коргон болуп калганда дөбө ташка отура тазалаган жерин карап ,, охуу, ушинтип отуруп качан бак болот» деп желкеси тырыша түшчү. Кетмен, күрөгүн ыргытып ийип кетип калгысы келе анан ошончо мээнетине ичи ачыша бир чети атасынын ,,… ишиңдин аягына чыгып жүргүн»деген заптылуу сөзүн эстей барына чыдаган. Бир күн адатынча ташта отуруп ,, айтмакчы бул жерге кайдан суу келет, бак боло турган болсо.» деп ойлоно атасынан сурамак болот. Сураганда ,, сууну Алла берет балам. Сен жерди даярдай бергин» деп койгон. Көрсө ата билгенин бала билбейт турбайбы. Алты ай саратан жер казганын токтотподу. Муштай таштарга чейин терип ой- кыр болуп жаткан таштак кумгак жерге айланды калды. Ошондо атасы жерди көргөнү келип ,,буйурса балам, эл суктанган, сенин небере чебереңе да кала турган ата мурас бак болот» деген.

Мына азыр балам карап жатат анан Арсеним карайт. Ооба ата мурас бак болду. Жер даяр болду дегенде атасы аты менен жерди айдаганда ушунчалык ачуусу келип чыдабай ыйлагыдай болгонун эч унутпайт. Кудум эле атасы айдоо жерине кайрадан таш төгүп салгандай толтура таш. Зээни кейип турганда атасы жонунан таптай ,, Азамат палваным, таштарын тазала эми. Анан дагы омкоруп айдайбыз» дегенде аябай итатайы тутулуп, ,, Өзү бир күн иштеп көрсүнчү, чыдар бекен» деп алып анан ,, карыганда иштей алчу беле» деп өзүн соороткон. Атасы заптылуу, кайраттуу, акылдуу, сээринде сезе билген киши эле да. Баласынын ички абалын айттырбай сезип, ,, саргара жортсон, кызара бөртөсүн балам. Эмгектен эр жетесиң» дегени ырас болуп чыкты. Кайра — кайра жерди омкоруп айдап отуруп таштак жер шагылдуу кара топуракка айланды. Ошондо ,, эми балам жер кыштасын анан кайра айдап бак тигебиз» десе атасынын сөзүнө түшүнө берген эмес. Көрсө аталар жердин жүрөгүнө кулак салат турбайбы. Жердин да ыроодойу болот экен да. Аны ал кайдан билсин. Бат эле бак болуп калса экен деген ойу үч жыл дегенде араң бак отургузушту.

Чоң бак тигем деп мөмөлүү дарактардан көчөт жетилтип даяр болгон жылдары алгоо- далгоо жыл башталып, өздөрү мээнети менен даярдаган жерин алдырып койо жаздап, кудай сактады. Бир чети элди жут каптап, эл алды алсырап, ач кадырын ток билбей, алдым- жуттум заман башталып, эл бир деңселип алды. Атасы мал алы бар болуп кыйналышпады, билинбейт ачарчылык. Ээн калган короо- сарайлардан ат араба менен көң ташытып, даяр болду деген жерге төктүрүп, иш үстүнө иш көбөйтөт атасы. Болдуго дегенде кайра айдатып анан ,, болду эми» десе болобу. Мезгил күзгө таталап калганда даяр болгон көчөттөрдү отургузалы ,, өзүм баштап берем» деп аткан атасы алгач түлө өткөрөлү деп калды. Айыл аксакалдарына чай берип, батасын алып ,, ушул балама калар мурасым ушул болсун» деп, алкап ак батасын бергени күнү бүгүнкүдөй эсинде. Анан да ушул жерге мээри түшүп, жипсиз байланганын эстеп бактылуу жылмайып алат. Ага түбөлүк бактылуу жашоону багыштаган ушул жер эмеспи. Ар бир мезгилдин өзүнүн мыйзамдуу иштери бар эмеспи. Ошол балалык, бой мезгилдеринде бар жандыгын бир койчуман жалдашып, анысы кырданып, үймө- үй алдына салып айылдан айдап чыкпай айдап келип алдыма салып бергиле дегенчелик ушул дөбөдө кулазыгы салынган куржунун мойнуна арта салып, пейилине окшош ийри таягын таяна күн мурду көрүнө элек эчки сакалын сылай ушул таш дөбөдө пайда болчу да. Чоң кишилерге караганда уйкулуу көздөрүн колдорунун арты менен жыра сүрүп басамбы баспасамбы деп денесинен уйку тарабаган балдар кыздарга ач айкырыгын салып колун өйдө күн чыгышты көрсөтө,

— Тез жеткиле кетип калам азыр. Анан өзүңөр жеткиресиңер артымдан,- дей турган.

Ошондонбу кой эчкисин айдагандар шашчу.

Жетимиш аба кээде ошол балдар кыздар менен же алардан эрте келчү иш жайына. Кийинчерээк аларды кутчу болуп калды. Анткени ага Зире жагып калган эле. Бойлуу,чачтары сенселип өрүлгөн айрыкча күлгөнү жагымдуу чырайына чыга баштаган жылдызы жанган башкача кыз эле да. Кантип сүйлөшсөм экен деп айласын таппай көпкө жүргөн. Башкалардан эрте айдап келчү малдарын. Ошонусун билип калып Зире чыкчу көчөсүн аңдый оромоттоп жүрүп акыры сүйлөшүү насип кылды. Атын билсе да атын сурап баштаган сөздү. Жаш бала болсо да Зиренин акыл эстүү кыз экенине ынанып, ага биротоло байланды. Күнүгө күтүп, малдарын айдап басканды адат кылып алды. Анысы Зиреге жакпадыбы же жаш кыз болсо да адебин кылып сыпайы гана,

— Элдер сөз кылат, атам, апам укса урушат. Мен өзүм эле айдап барам,- деп калган сөздөрүн ичине жутуп мукактанган эле. Көрсө кыз бала уул балага караганда зирек болот дегени туура экен.Туура айтат деген чечимге келгенби айтор кызга жакын жолобой алыстан эле кароолго алып карап койуп жүрүп көп күндөр өтө берген. Кыш өтүп жаз келгенде Зиренин ордуна иниси айдап келчү болуп, анан аны көргүсү келип, алардын көчөсүн аралап баса турган болуп калбадыбы. Мына ошондо өзгөргөнүн ал эмне деген туйгу экенине акылы жете бербесе да кандай болбосун көрсөм деп дегдей турган болуп жактырып калганын сезген эмес. Ал мезгилде отургузган көчөттөрү да бүр байлап жаңы жашоого көнүп келе жаткан. Ай жылдар өтө берет экен. Зире сегизинчи классты бүтүп өзүнчө эле сулуу селки болуп калган учуру. Атасына айта албай ыйбаа кылып, кимге айтаарын билбей же Зиренин үйүн оромоттогонун койбой, эртең менен бакка баратып ( бакта иши жок болсо да) Зиренин үйүнөн чыгаарын акмалап, кайра кечинде жумуштан келе жаткан болуп, ушинтип эле түйшүк тарта бергени колу- кошуналардын да назарын бурбай койчу беле. Ошентип сөз атасынын кулагына жетип эмнеси болсо да эркек бала го түз эле сурайынчы дегенсип,

— Уулум, түз жол турса эмне көчө аралап бакка барасың,- сынай карап,- же ал көчөдө ишиң барбы?,- деп сөздү алыстан баштап,уулунун жүрөгүнө кол сала кичине болсо да жооп берүүсүн жеңилдетейин дегени го.

— И, ата ишим бар эле,- деп атасынын оңой жообун айта салып кайра тутулган.

— Ишиңди уктум балам. Апаң экөөбүз жуучулукка баралыбы анда?

Маакул дегендей баш ийкеп уялган сымал ары басып кеткен. Оо, ошондогу кубанычын айтпа. Багына барып, бак дарактар менен ортоктош болуп, сырын айтып кечинде Зиреге жолугуп айтмак болгон. Бирок дааган жок. Зире да көрүнө бербеди. Болду. Ата энелер баарлашты, көңүлдөрүнө туура келди, тойду күзгө калтырышты. Адатта күз берешен төгүн- чачын болот эмеспи. Той да тойдой болот да.

Мына ошентип балагат мезгилден өтүп эле үйлөнүп, бакка үйүр алып, бактылуу турмушу ушул бак менен жуурулушуп, мамыр- жумур жашоо менен карылыкка да моюн сунуп калышты го.

Атадан калган бактын ыйыктыгы ал үчүн өтө аздек экени ушундай. Журт улаган, муун улаган бак. Анан ага барууга чарчайт беле. Жок көзү өткөнчө ал бакка сыйынуудан чарчабайт албетте. Муундарына да ошону калтырат. Ушуларды ойлонгончо Жетимиш аба бакка жетти. Бактын дүрүлдөп оожалып турган мезгили. Тим эле төгүлөм деп турат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE