Төрөгөн кызымды таштап, жыйырма миң сом алдым

https://kyrgyzcha.site/?p=63678&preview=true Кызыктуу окуялар.

Төрөгөн кызымды таштап, жыйырма миң сом алдым

 

Ош, Бишкек жолунда терезени телмире карап, бөлөм экөөбүз келе жаттык. Бишкекке келсем эле маселем чечилчүдөй. Мен үйдүн эң кичүүсүмүн, апам карып калганга таштап окууга кете албай калдым. Жеңемдин кыялы аябай жаман, апамды аядым. Экинчи жылы коңшу айылдан бир бала менен сүйлөшүп жүрдүм. Бир күнү конокко алпарып мени алдап кетти, намысымды булгады. Ошо бойдон таптакыр келбей да койду. Эки жумадан кийин жүрөгүм эле айлана берди. Бөлөм менен жакшы сүйлөшөм, ага болгонун айттым. Ал экөөбүз текшериш үчүн тест алыш керек болду, жакынкы аптекадан ала албайбыз дароо жеңеме жеткирет. Атайын шаарга барып апкелдик, бирөөсүн билбей жаратпай салдык экинчиси менен текшерсек эки сызык чыгып калды. Ал кош бойлуу экениңди көрсөтөт экен. Эмне кылышты билбей жаттым. Бөлөм тиги балага барып айталы, болбосо акча тап алдырганга деди, экөөбүз айылына бардык. Мен бери жакта турдум, бөлөмдү тап берип урушуп жатканын карап турдум. Айылдагы чоң дүкөндүн ээсинин баласы экен. Бөлөм келип «айииий ай муну менен жашасаң сага күн көрсөтпөйт» деди. Айтса былжырабай жоголгула, болбосо айылдын балдарына салып берип койом — деп коркутуптур. Кеч кирип баратканга кетип калдык. Бир эле алдырыш керек болду. Айылда болбойт, шаарга барсак ал жерде биздин айылдан көбү иштейт. Бишкекке кетишим керек. Акыры иштеп келебиз деп кетмей болдук, биринчи күнгө, батирге төлөгөнгө акча тапкыча убакыт өтүп кетти. Бишкекке келдик Ош базардын жанында кир көчөдөн, экөөбүз эле бата турган, эч бир шарты жок батир алдык. Эртеси бейтапканага бардык ал жер менчик экен, бир кыргыз эже экинчи төрөт үйүнө жиберди. Ал жерге келсек, көрүп туруп эле болбойт чоң экен деди. Айлам кетти эмне кылам? Бөлөм болсо төрөп таштап кет деди. Акем билсе өлтүрсүн, апам, женем да билбеш керек. Апам кары киши. Иштеп акча таап алдырам деп жакын жерден кафеге орноштум. Кафенин сыртында жайкы ашканасы бар экен, ал жака таза идиш жеткирип, кайра кирлерин алып келиш керек экен. Бир эки жолу барып келгенде эле бетим кызарып, эсим ооп калды. Ашканада Айгүл эже чарчадыңбы? — деп компот куюп берди. Ооба аябай ысып чыкты го, дедим. Сенин бойуңда барбы? — деп капысынан суроо берди. Жок деп жооп берип сыртка жөнөдүм. Кечинде бери келсең, деп туруп, уялбай эле көйнөгүмдү көтөрүп туруп ичимди карады. Демимди ичиме тартып билгизбейин дедим, бирок билип койду. Айла жок айтып бердим, ойлонуп мени аяп турду да, эртең сүйлөшөлү деп койду. Бөлөм да ошол жерде официант болуп орношкон, экөөбүз кечке иштеп үйгө бардык. Бир короодо он бештей батир бар, кудайдан жөө качкандар жашагандай. Баарына бир эле батир, эң балит жер. Эшигибиздин илгичи ичке эле зымдан жасалган, аны  жоолук менен эле чырмап байлап койобуз. Анткени экөөбүз эле жашаганыбызды билип бир нерсе сурамыш болуп келе беришет. Астыбызга сыз өтпөсүн деп базардан коробка апкелип салып, үстүнө жука эле одеял салып алганбыз. Төшөгүбүз болгону менен үшүп чыгабыз. Эртеси жумушка барсам, Айгул эже узиге алпарып келем деди. Түштө суранып барып келдик беш ай болуп кетиптир, кыз экен. Эмнегедир,, кыз»-десе өзүмчө башкача болдум, жакшы көрдүм, келе жатып көзүмө кичинекей балдар көрүнө берди. Алдырсаң кийин төрөбөй каласың андан көрө, балага зар бирөөгө бер. Мен сага жардам берем, дос кызымдын баласы жок ошол багып алат — деди. Кечинде Айгүл эженин сиңдисиникинде төрөгүчө жашамай болдум. Төрөгөндө ошондон ары чыгарып кетмей болду, көрүшпөйсүңөр деди. Мен ал жака кетсем, бөлөм кафенин ичинен бөлмө берчү ошол жерге келмей болду. Шарты жок, муздак, терезеси жок батирде жашап аябай кыйналып кеттик. Макул болдум, сиңдиси Кой-Ташта чоң үйдө турат экен. Кызы турмушта, баласы 9-класста окуйт экен. Мени жакшы тосуп алды, атайын бир бөлмөнү шарты менен берди. Каалаганыңды алып же деп жумушка кетип калышат, мен да жата бербей, тамак жасап, үйүн жыйнап койом. Айгүл эженин да сиңдиси аябай жакшы киши экен. Күндө бир кийим алып келип берет. Бирок доктурга барып катталган жокмун, кийин таштап кетти кылып багып алат деди. Төрөсөм башка айылга барып төрөйсүң дешти. Ай күнүм жетип толгоом башталды. Толгоо ушунчалык болорун билбептирмин, болгон сөөгүм майдаланып жаткандай болдум. Кайсы айылга барганымды билбейм, толгоом сегиз саатка созулду, акыры кыз төрөдүм. Көргөзгөн да жок, эмизген да жокмун ушундай сүйлөшкөнбүз. Эртеси эле чыгарып кетти. Бишкектен батир даярдап койуптур ошол жерден жакшылап тыңып анан үйүңө кет деди. Бир сыйра кийим кече жыйырма миң берип кетишти. Бөлөм экөөбүз Айгүл эжеге рахмат айтып койолу десек, жумуштан кетип калыптыр. Биз күзгө чейин иштеп анан үйгө бардык. Апам ооруп жаткан караш керек болду. Мага жуучу келе баштады. Баарына макул болбойм, жеңем болсо, бул кыз катын алат-деп сүйлөнөт. Көп өтпөй апам өтүп кетти. Кийинки жылы Улук деген бала артыман калбай алам деп чуркап алды. Ага төрөгөнүмдү айтпай алданганымды эле айттым. Ал да баарына макул болуп үйлөнүп, Москвага иштегени кетип калдык. Бир кыздуу болдум, жыттап алып баланын баркын түшүндүм. Бир кездеги таштаган кызым кандай болду экен деп ойлончу. Канчага чыкты деп эсептедим. Айгүл эженин адресин же фамилиясын билбейт экенмин. Менин кызым биринчи классты бүттү, тикилдеген, жароокер кыз. Бир күнү ойнотуп келейин деп, көчөгө чыктык. Ойноп келип тамактаналы деп кафеге кирдик. Биздин артыбызда бир кыз апасы менен отурган, өтпөй окшойт деп койдум. Жолдошум менен сүйлөшүп кызым экөөбүздүн сүрөтүбүздү жиберейин деп тартсам арт жагыбыздагы да түшүп калыптыр. Чоңойтуп карасам менин кызыма аябай окшош экен. Дагы тартып алып карадым, тим эле өзү. Аңгыча алар туруп кетишти, бери караса Айгүл эже экен.  Дароо тааныдым артынан барып токтоттум. Мени тааныган жок. Учурашып сүйлөшүп отурдук, кызымды сурай алган жокмун, ошондогу күнгө рахмат айттым, өзүм жөнүндө айтып бердим.

Бул небереңизби? — десем ооба деп койгон. Бир кезде апа десе, бул сенин кызың деди. Эсим ооп карап турдум менин кызыма аябай окшош экен. Демек мага окшош.  Сыртта отуруп кечке сүйлөштүк кыздар селкинчекте ойношту. Айгүл эже өзү багып алыптыр, ошого жумушуна барып таппай калыптырмын. Үйгө келип түшкөн сүрөттөрдү карап отурдум. Айгүл эже экөөбүз тез тез эле жолугушчу болдук. Кыздар да телефондорун алып сүйлөшүп турушат. Бул түйүнчөк болуп түйүлгөн сырым качан чечилер экен деп жүрөм. Жүрөгүмө сайылган тикенек болуп жүрөт, өзүмдү өзүм алдап келем. Жашоомду артка айлантып карап көрдүм. Күйөөсү жок төрөдү деп бетиме көө жабылып, апамдын, агамдын бетин жер каратмакмын. Ошол кезде мага колун сунган Айгүл эженин ден-соолугун сурайм. Азыр болсо кылганыма кечирим сурайм, корком. Айгул эже багып алган кызым да тың, тапкандыкы эмес, баккандыкы дейм. Ушуга чейин багып алган кызы ыймандуу болсун. Бул сырды мен, бөлөм, Айгүл эже, сиңдиси жана бир кудай билет. Бул менин калкып чыкпас сырым болсун деп түйүп жүрөм.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️