Түштүк кызы 9 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.

9-болум.

Директор агайга балдардын кереги жок бекен?- деп, Кадыр кычылык кылып, башын тырмайт.

Айткандай эле директор агай чакырыптыр.

-Келгиле, кыздарым отургула.

Биз стулга коомай отурдук. Агай да сөзүн түз эле окуудан баштады:

-Экөөң тең Фрунзеге окууга бармак болдуңар.

Биз жер карап унчукпадык.

-Эмне окугуңар келбейби?

-Агай, менин саанчы болом деген тилегим бар,- деп бул жолу да Зулай озунуп койду. Агай колундагы карандашын тыкылдатып, башын чайкады да:

-Кызым, ушул өзүңдүн сөзүңбү же апаң үйрөткөн сөзбү?

-Жок агай, өзүмдүн оюм.

-А сенчи кызым?- деп, мага кайрылды. Баягы эле жүрөктү өйүгөн суроо. Эмне дейм?

-Билбейм агай…

-Түшүнүктүү. .. Эмесе, кыздарым, кеп ушундай. Быйыл райондо онунчу классты бүткөн бардык кыздар жогорку окуу жайга барат. Ушундай көрсөтмө бар. Бизде саанчылар жетишет. Окуган кыздар жокко эсе. Экөөңөрдүн тең атаңар кыздарыбызды жиберебиз деп, убадасын беришти. Ыргылжың болбой экзаменге жакшы даярдангыла.

Биз ордубуздан жай туруп, «чын эле айтып жатасызбы?» дегендей жалдырап карадык.

-Агай, атам макул болдубу?- дейм ишенбей, күмөн санап.

-Калмурза аке макул болду. Кызымды Фрунзеге жиберишке кайылмын деп убада берди.

Таң каларлык. Эч нерсе түшүнбөйм. Бетим ымыр-чымыр. Ишенбейм, дагы деле күмөн санайм. Зулайды ээрчий чыктым. Коридордо балдар үймөлөктөшүп, кулактарын түрүп, бизди күтүп турушуптур.

-Кыздар эмне кеп?

Мен унчукпадым.

-Биз Фрунзедеги каалаган окуу жайына экзаменсиз кабыл алынат экенбиз.

-Баарыбызбы? — деп Аманбай чебеленет.

-Жоок. Силерди эмес, бизди, кыздарды, Гүлайым экөөбүздү,- деп Зулай кубанычтуу добушун бийик чыгарат. Кадыр бизге суктанып карап:

-Кап, кыз эле болуп калсамчы,- деп арман кылгансып сүйлөйт. Баарыбыз жапырт күлдүк. Жакшы тилегиң бар экен дешип, балдар Кадырдын сөзүн ала качышып, туш тараптан какшыкташат.

Бирок, алардын көңүлдүү тамашасы кулагымдын сыртынан кетип, жүрөгүм туз куйгандай ачышат.

Атам кантип макул болду экен? Ишенбейм…ишенбейм…

 

 

Артымдан бирөө кубалагандай үйгө шашып келатам. Бул эмне деген кеп деп, эч нерсеге түшүнбөй, ойлонуп келатам. Мындай кысталыш учурда жол да арбыбайт. Жүрөгүм кабынан суурулчудай талпынат. Дүк… дүк… дүк…

Эч качан минтип шашкалактап, элдин сугу түшкөн сынымды бузган эмесмин. Бирөөлөр көрсө эмне дейт? Элеңдеп аяк-быягымды карайм.

Коргонубуздун сыртындагы жапыс талда атамдын жээрде аты окуранып, жер тепкилеп турат.

Кирдим. Апамдын ачууланган добушун угуп, тандырыбыздын жанында токтой калдым.

-Көзгө кармаган кызымды жанымдан карыш эч жакка жылдырбайм дедим, жылдырбайм! — Апамдын үнү буулугуп чыккансыйт.

Түшүнүктүү.

Мен алардын үстүнө шарт кирип баралбай же артыма кайта албай, ордумда арсар туруп калдым.

Апам тынбай какылдап, атамдын жазасын колуна нак карматып жатат. Апамдын заардуу добушуна чыдабай, мынабу жансыз коргонубуздун дубалдарынан жаңырык чыгууда, бирок атам тилсиз кишидей унчукпайт. Чыдамкайлыгына ыракмат ээ.

Унчукпоо атамдын көнүмүш адаты. Апамдын сары түгү бетине жамырап чыгып, жаны кейип ачууланганда, атам эч качан каяша сүйлөбөйт. Ушул убакка чейин атамдын эркексинип, апама атырылып муш көтөргөнүн көрө элекмин. Чыр-чатактын баарын апам баштайт да, жемени атам угат. Ошон үчүн апамдын теңтуштары: «Карамат, багың ачылган зайыпсың да. Кызыл камчы эрге жолуксаң, тилиң бир кулач болмок эмес»,-дешкендерин көп угам.

 

Атам апамдын тилинен такыр чыкпайт. Айтканын эки кылбай орундатат. Апам ансайын бааланып, оюна келгенин кыла берет. Буга атамдын урук-туугандары нааразы. «Калмурза адамбы? Бир жоош өгүз да. Аны аялы ноктолоп мурдунан жетелеп алган»,- деп кеп кылышат. Кантсе да апам багы ачылган зайып…

Күтүлбөгөн жерден атамдын кыйкырыгын угуп, селт эте түштүм.

-Эй, макулук, кандай түшүнбөгөн жансың? Менин эркимде болсо, кызымды окутайын деген оюм жок. Акыры ишенесиңби адамга. Жалгыз эле сенин кызың барыппы? Биздин райондун кыздары такыр жогорку окуу жайында окубайт деп, жолдош Ташымовду секеге чакырып, бүйрөдө каттуу жаза бериптир, акыры түшүнөсүңбү? Ар кимге жан керек да. Сенин кызың үчүн мен кызматымдан айрылып, көчөдө салпактап басып жүргүм келбейт. Акыры түшүнөсүңбү?

-Кызматым, кызматым. Бош жүргөн адамдын оокаты өтпөй калыппы? Ошол кызматыңды Ташымов мойнуна тагып алсын. Түшүндүрүп айтпайсыңбы. Тилиң жокпу?

Ооба, атамдын тили жок. Унчукпайт. Ага боорум ооруйт. Негедир ичим кайнайт. Атамдын мынчалык жер караган жооштугун мен да жактырбайм. Мен атамдын ордунда болсом, ордумдан атырылып тура калып:»Эй катын, өз ишиңди бил, менин кызматыма киришпе. Кызым эл катары окууга барат. Кеп ушул» дейт элем.

Атам унчукпайт.

 

Алар унчугушпай калышты. Эч нерсе укпаган, билбеген кишидей момоюп үйгө кирдим. Апам кумсарып, сары түгү бетине чыгып калыптыр, чоң сандыктын жанында отурат. Атам кире бериште айыптуу кишидей жер карап мурчуят.

Эч кимиси озунуп келдиңби деп да койгон жок. Мен да унчукпай, сыртка карай жөнөдүм. Ооба, азыр апам артымдан сынап карап турганын желкемден көрүп турам.

Мага бардыгы эртеси түшүнүктүү болду. Мындай күтүлбөгөн окуя болот деп ким ойлоптур дейсиз.

Кечээ биздин колхохго райондун биринчи секратары жолдош Ташымов өзү келип, активдер менен кеңешме өткөрүптүр. Талкууланган негизги маселе, кош айдоону, чөп орууну мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү эмес, онунчу классты бүткөн кыздарды милдеттүү түрдө жогорку окуу жайына жиберүү экен. Эсепке караганда биздин райондун кыздары жогорку окуу жайларында өтө сейрек учурайт имиш.

Бул имиш эмес, чындык! Алыска барбай биздин колхозду алып көрөлү. Силерге жалган, мага чын. Ушул убакка чейин биздин колхоздон бир дагы кыз онунчу классты бүтүп, жогорку окуу жайларына кире элек десем, кээ бирөөлөр аябай таң калышы мүмкүн. «Кантип? Бул жалган, апыртуу» деп мага жалаа жабышы да ыктымал. Албетте, бул угууга өтө оор, бирок чын кеп. Ал мындайча: биринчи класста балдар менен кыздар теңме тең эле болот. Кыздар жогорку класска жеттиби, элегендей суюла берет, суюла берет.

уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️