Түштүк кызы 7 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.

7-БӨЛҮМ

Айзадага ушунча боорум ооруйт, эч нерсе эмес теңтушжан, көнүп кетесиң, бардык кыздар ушинтип күйөөгө чыгып жатпайбы? Бизди ата-энебиз кантип эле калыңга сатышсын, алган акча жөн эле ырым-жырым, салт. Бизди бекер берсе, ата-энебиз деле сызга отуруп калбайбы?- деп көңүл айтаар элем, эгерде Эсенамандан башка бирөө болсо.

-Мен кантип ошол Эсенаманга чыгам? Ойлоп көрсөң Гүкүшжан,- десе көз жашы жамгыр.

Мен оор абалдамын. Ооба, туура айтасың. Эсенаманга чыкпа деп ачык айта албайм. Анткени, болоор иш болуп, ата-энелер кол алышып коюптур. Эң эле алсыз абалдамын. Бармактайдан бирге өскөн теңтушумдун келечек тагдырын ойлосом, менин да зээним кейип ыйлагым келет.

Күн чыкпай, уй саап жатканмын. Жогор жактан ый аралаш чаңылдаган үндү угуп, жүрөгүмдүн тамырлары зырп этип, чочуп кеттим. Жанагы үн улам биздин үйгө жакындап келатат, мен тыңшап турам.

-Ой, эл-журт барсыңарбы? — деген Гүлсүн эженин үнүн тааный коюп, шылкыйып отуруп калдым. Эки тиземдин арасындагы челек кулап, сүт жайыла төгүлдү. Мен түш көрүп жаткандай нес болом. Айзаданы Эсенаман түндө алып кеткен экен да?

Кечээ биздин үйгө Айзада келген болчу. Апам жок эле. Ал менин жууган чачымды майдалап өрүп берген.

-Кемелден кат-кабар барбы?- деп мен тамырын тартып сураганмын.

-Кемелден да түңүлүп калдым.

-Койчу.

-Ишенип кой Гүкүш. Болгон ишти жашырбай жазып, эмне кылабыз деп кат жиберсем:» Кантмек элек. Каргыш тийген эскичиликке наалат айтып, Кемел шордуу таза махабатынан айрылып кала берет да… Бактылуу бол», деп жооп жазыптыр…

-Койчу.

-Сенин ишенбегениңе күйөм да, кантейин- деп оор үшкүргөн Айзада жөн эле ичинен чыгарып айтып жатат го деп ишенбей:

-Ошол катын мага көрсөтчү,- деп суранганмын.

Айзада тоготпогондой мурдун чүйрүп сүйлөгөн.

-Ошонун катын сактап жинди болуптурмунбу? Кечээ анын бардык каттарын, сүрөтүн отко салып өрттөдүм.

-Койчу.

-Өрттөбөгөндө, аларды мен башыма тартат белем.

Мен күйүтүн козгобоюн деп, андан ары териштирип сураган эмесмин. Кепти кайра өзү козгоп:

-Гүкүш, ишенсең, Эсенаманды жакшы көрүп баратам. Түндө түшүмө кириптир,- деген күлүп сүйлөп. «Койчу, ортакжан, ошол сөйрүктү ким жакшы көрсүн»,- деп айтып жибере жаздап, оозумду араң басып калганмын.

-Эмне унчукпайсың? Эсенамандын элден эмне кемчилдиги бар? Сулуу десең сулуу, барктуу ата-эне, заңгыраган жаңы үй, мингени «Победа» .

Мен өчөшкөндөй унчуккан эмесмин. Айзада ыраазы болгондой минтип мактанган:» Айзада колума тийсе, кирпигине кир жугузбай, ата-энеме кызмат кылдырбай, төбөмө гана көтөрүп жүрбөсөм» ,- деп жоро-жолдошторуна мактанып жүрөт имиш. Буга эмне дейсиң?

-Баягы Эсенамандын сөзү да,- деп жиберип. -Ким билет, эми аялдын баркына жетип калгандыр да. Оозумдан капыс чыгып кеткен сөзүмдү араң оңдогонмун.

 

Айзада үйүнө кечке жуук кеткен. Дарбазага чейин узатып чыгып, артынан көзүмдү үзбөй карап турганмын. Ал башын оң мүрүсүнө кичине шылкыйтып, ойлуу басып бараткан. Теңтушумдун бир тутам белине, такымынан өткөн чачына, эч бир жеринде айыбы жок боюна кимдин көзү түшпөсүн. Ак маралдай керилген Айзада, сөйрүк Эченаманга кор болобу?

Айзада көпүрөдөн аша берээрде, мага кайрылып кол булгаган. Көрсө, кечээ коштошкону келген экен… Эгер туюп калсам, жанымдай көргөн теңтушумдун бетинее кучактап өөп калбайт белем. Ушул жолу менден жашырыныптыр…

Гүлсүн эженин чуу кыйкырыгы күчөгөндөн- күчөп, апам, анын артынан мен көчөгө жүгүрүп чыктык. Заматта коңшу аялдар топтоло калып, жылаңбаш, чачтары иретсиз апсыйган Гүлсүндү тегеректеп, иреңдери үрпөйүп, кажылдап бир нерселерди сурап жатышат.

-Жатаарда кызың бар беле?

-Айланайындар, бар эле, калп айтсам күн баткыча жаным чыксын! Жанаша жатканбыз. Азыр туруп, сыйпалап таппай калдым. Карабаган жерим калган жок…

Ой жүзүкара! Кылгылыкты кылып, оозу-мурду кыйшайбай, карганып жатканын карачы. Бул аялдын колунан ар кандай кыянатчылык келгидей. Дагы уялбай, бетинин бир-эки жерин тытып алыптыр. Мен дагы энтигип жетип бардым. Муундарым калтырап, көз жашым кирпиктеримде мөлтүрөп кылгырат. Айзада ошол сөйрүккө кор болгон экен да…

 

Гүлсүн эже буркурап ыйлап, оозуна кирген сөзүн ылгабай кызын каргап-шилеп жатат.

-Барган жеринен бак таппай, өмүр бою куурап өтсүн, жалчыбасын.

-Кой, антип каргачу эмес,- деп апам кагып койду.

-Сенин Гүлайымың бирөөнүн этегин кармап качып кетсе, каргабаганыңды көрөт элем…

-Оозуңа кара таш. Сенин кызыңа ит окшосун,- деп апам чычалай түштү.

Акыры чыдап тура албадым.

-Өзүңүз Эсенаман аке менен качырып жиберип… — деп, ар жагын айталбай, шолоктоп ыйлап жибердим.

Тегеренип турган аялдар чуулдай түштү.

-Уктуңарбы?- деди Гүлсүн эже көздөрүн коркунучтуу алактатып.

-Кызымды оң жолдон чыгарып бузган ушул. Карасаңар, уялбай айыпты мага жүктөп жатат дагы,- деп чаңырып жиберди.

Апам тиртеңдеп мени кыстады.

-Айт, кайдан билесиң буларды?- Жаным кашайып калган мен тартынбай билгенимдин баарын айтып бердим.

-Калп, мунун баары калп!- Жулмалап жиберчүдөй мага жулунганда апам жолун тосту.

-Ой, жүзүкара катын!- Апам шымаланып, күчөп кирди. -Кызыңды өзүң качырып жибересиң, анан уялбай бети-башыңды аймап долуланасың, өлбөйсүңбү ошондон көрө.

-Сен өл. Эгер кызымды Эсенаман алып кетсе, мен бутуңдан элдин көзүнчө өбөйүн, эгер башка бирөө ала качып кетсе, сен бутумду өбөсүңбү?

Апам тобоке деп, анан анын тайманбай сүйлөгөнүнөн тартындыбы тайсалдап:

-Ой мээси жок катын, сенин бузуку кызың качса, мага эмне күч келди. Өзүң кошо качсаң да кабыргам кайышып койбойт,- деп апам мени жетелеп үйдү карай басты…

-Качтыңбы? Менин кызымды сен качырдың! -деп артыбыздан кыйкырып калды.

Айзаданын качышы бүткүл айылды, мугалимдерди дүрбөлөңгө түшүрдү. Издөө башталды. Райондон эки милиция келди. Таң каларлык нерсе, Эсенаман түндө үйүндө ооруп жатыптыр… Түшүнүксүз. .. Гүлсүн эженин тили узарып, каерде болсо бизди жамандап басып жүрөт. Эмне калп айтасың, эл алдында адамды өлтүрбөдүңбү? — деп, апам санымдан аткып алды… Жазыксыз мен ыйладым…

 

Кыскача тарых мындай экен… Айзада бирөө аркылуу Кемелге куш тилиндей кат жиберет. Ал кайраттанып, кантип болсо да куткарып алам деп талпынат.

Ош шаарында областтык кыздар орто мектеби бар. Кемел ошол мектептин директоруна келет да, болгон окуяны жашырбай айтат, жардам сурайт. Директор тийиштүү кишилер менен макулдашып, «Айзаданы өзүң чуу чыгарбай алып кел, андай окууга дилгир кызды кабыл алабыз, жогорку окуу жайга киришине бардык жактан жардам беребиз», — деп убада берет. Кемел иштин жөнүн кыскача баяндап, Айзадага кабар берет, болжошкон түн келип таксиге салып кетет.

Бул кабар айылга шамалдай тез тарады.

-Ой тооба, ушундай бети жок кыз болот экен ээ. Биздин айылда мындай адепсиздик болгон эмес,-деп жакасын карманып, жерге түкүрүнгөндөр андан көп.

-Жүрөгүндө оту бар кыз экен, ушул Эсенаманды куп шерменде кылды окшойт,- деп табасы кангандар мындан көп.

Гүлсүн эже Ошко арызданып барып, кирбеген жери калбаптыр. «Силер мага окшогон жесирдин арызын укпасаңар, Маскөөгө жазам… Менин эрим согушта өлгөн»,- дем жулунган имиш.

 

Айласы түгөнгөндө, Айзадага барып, жалынып-жалбарып, жаңылдым-жаздым, ошол Эсенамандан кол үзөм, мени элге шылдың кылба жүр кетели деп, көз жашын төксө да, Айзада көгөрүп болбой коюптур. Гүлсүн эже кайрылып үйгө барбайм, Ак-Буурадан агып өлөм,- деп коркутса да, Айзада көнбөптүр. Гүлсүн эже кызын каргап, шилеп, үйүнө түңүлүп кетиптир.

Эсенаман аке аябай жер тепкилеп кейиген имиш:

-Мындайын билсем, озунуп ала качпайт белем. Эзилип бышып турган алмамды оозумдан алдырдым,- деп тирүүлөй өлгөн имиш. Ал уялбай ата-энесине айып жүктөп:- Окуусуна карабай ала качайын десем, коркуп өилимди албай койдуңар эле, мына окуусун бүтиү, даяр келинди үйүңөргө киргизип алгыла,- дем өзүнчө албууттана чамынган имиш.

Адамда ар болбосо ар нерсе деп сүйлөй берет да. Мен Эсенамандай шерменде болсом, журт аралап басып жүрбөй, бейтааныш жерге качып кетип, ошол жакта төбөм менен жер казып, абийир, атак алганда гана келет болчумун. Дагы уялбай:»Кемел менден калган кызды зордуктап ала качты да… Карап тургула, анын акесин таанытам» ,- дейт имиш.

 

Баарынан да апамдын табасы канды. Көңүлү жакын аялдарды үйүнө яакырып, түрдүү тамактарын дасторконго жайнатып коюп, Айзада жөнүндө кеп салат:

-Качкан кыздын энеси жаман да… Энелүү кыз качат деген эмне кеп? Өилесиңер го, Гүлсүн өзү жаш кезинде ушундай ойнооку эле.

Мен тамылжып кызарып, баш көтөрбөй, улам чай сунуп, карылардын кебин тыңшайм.

-Карамат мактанба, баарыбыздын бойго жеткен кызыбыз бар, ичтеринде эмне ойлоп жүргөнүн билип коюппузбу? Алдыраарда жаздыраар болгон да,- деп Калча аяш энем сүйлөсө, апам жулунуп макул болбойт:

-Ортак, ал сөзүңдү кайра алыңыз. Менин Гүкүшүм кыз аттуудан өзгөчө чыкты. Улууга тике карап каяша сүйлөбөйт. Эркектин алдынан кыя басып өтпөйт.. Уландысы бар

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️