Түштүк кызы 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.

5-болум

 

Апама арыз-муңумду айтсамбы деп да ойлодум. Бирок апамдын айтаары түшүнүктүү:

-Өзүңдөн алты жаш кичүү үкаңа теңелесиңби? Жаш бала да. Өзүңө аймаакы кылып…- деп апам айыптын баарын мага жүктөйт. Туратбек экөөбүздүн ортобузда мындай чыр-чатактар далай жолу болгон да.

Ошол күнү түнү атам Туратбекти мойнуна алчактатып мингизип, коргонго кирди. Атаи үчүн мен киммин дегендей, Туратбек тилин мага чыгарып, жиниме тиет. Атамдын мойнунда алчактап, эки бутун салбаңдаткан Туратбектин кебетесин көрүп, аябай ичим күйдү, осолдодум. Мен деле мындан беш-алты жыл мурда Турабектей бала болгонмун. Атам жумуштан келатканда дайыма алдынан утурлай чыкчумун. Эсимде жок атам бир жолу да мойнуна мингизип, Туратбектей алчактатып эркелеткен эмес. Бар болгону конфет, оюнчук берип, кызым деп, маңдайымдан жыттагылап өөп койчу. Мен атамдын мойнуна асылып, көкүрөгүн жыттагылап, эркелөөнү каалоочумун. Бирок атамын суз кебетесин көрүп, негедир батына алчу эмесмин…

Өзгөчө бүгүн менин жанымды кашайткан Туратбекти атамдын мойнунан көргөндө, боюма калтырак аралады, качанга чейин ушул жаман Туратбектин ызасына чыдайм…Атама бүгүнкү чыр-чатакты тартынбай айтып, жүрөгүмдү өйкөгөн оор рерседен кутулгум келди. Балалык кыялым кармап, эрерке, атамдын мойнуна асылайын дедим. Бирок атам боюе окчуп тартып, маңдайымдан өөп:

-Эстүү бол кызым. Чоң кыз да атасына асылат бекен?- деди мени уяткаргандай, жемелегендей.

Адатта чоң кыз деп бойго жеткен кыздарды айтат. А мен ошондо он үчтө элем. Алтынчы класста окуучумун. Өзүмдү эселек кыз деп эсептөөчүмүн. Чынында эле эселек кыз болчумун. Атама күтүлбөгөн жерден «чоң» кыз болгонума таң калам…

Жок, мен таң калбайм… Мен туулган жерде, кыз он экиден ашкандан кийин, көзгө көрүнүп калган турбайбы, бойго жетип калган турбайбы деп энелер угуза кеп кылышат. Ошол эле дейсиңби. Андан да орой, андан да кулакка оор учураган акыл-насааттарды айта беришет.

Мындай өөн кептерди укканда, манаттай болуп кулакка чейиникызарасың, уяласың, секирип чычалайсың. .. Өзүң тырмактайсың, анан тигиндй суук сөздөр! Мындай кептерди күн сайын уга берип акыры ташмалтага айланат да, кыздын кулагы да көнүп калат.

Кимде ким биздин мейманага кирсе, төмөнкүлөргө көңүл бурбай койбойт:

Төрүбүздө шыпка жете жыйылган үч мээрап жүк үйүбүздүн көркү. Ырас, алардын арасында эмнелер гана жок. Эки кыжым көрпө, үч товар көрпө, беш атлас көрпө, жети шайы көрпөбүз бар. Качан көрсөң бир жерине чаң жукпай, жыйылып гана турат. Апам экөөбүз кээде гана бузуп алганда, аптапка жайып, көшүтүп кайра жыйып коебуз. Кээ бир көрпөлөрдүн капталганына жети-сегиз жылга аяк салды. Бирок, ушул убакка чейин эч бирине тирүү жандын эти тие элек…

 

Анан, үйүбүздүн текчелеринде айнектүү шкафтардагы катар тирелген чыныларга, гүлдүү чайнектерге, табактар менен ликаптарга көзүңүз түшөт. Өзгөчө, дубалда илинген эки кашкар килемге суктанасың.

Булар менин септерим экен. Былтыры апам чачымды майдалап өрүп отуруп, чечилип сүйлөп, мындай деген.

-Бул буюмдардын бардыгын сага атап жыйнап жүрөм. Сен менин тун баламсың. Элдин кыз чыгарып, келин алганына апаңдын көзү күйүп жүрөт. Оюмда сенин даңазаңды көтөрүп, элден ашырып кыз чыгарсам деген максатым бар. Төркү үйдөгү илинген килемдер, жыйылган көрпө-төшөктөр, идиш-аяктар жана чоң сандыктагы толо буюмдардын бардыгы- сенин себиң. Апаң эсен болсо, жаман атаңдын этегинен жел өтүп турса, чоочун жерде кызын жер каратып, кызартпайбыз деген ниеттери бир… Бу биздин айылда эч бир жан кызынын себине эки килем бере элек, кызым… Септүү кыз түшкөн жериндн, абысындарына барктуу болот… Менин ата-энем колу жука адамдар эле. Бир кийиз, эки көрпө, үч чыт төшөк, эки жаздык менен ушул коргонго көчүрүп келишкен. Ыраматылык кайын энем (топурагы торко болсун) тили заар, териси тар киши эле. Дайыма ачууланганда, оң келсе да, келбесе да ошону эскерип:» Ата-энеңдин кайсы берген себине яалкалайсың? Элчилеп септүү келин болсоң, эч кимге күн көрсөтөөр күнүң жок экен. Тигини! Кудая шүгүр, жетим кыздай шүлбүрөп келгениңе» — деп табалачу. Кызым, апаң ушундай зардуу сөздөргө да чыдап, оока кылган. Мен ушуларды ойлосом, азыр дагы сыздап, узун боюм жерге кире түшөт. Кызым да кайын энеден, абысындардан ушундай чучук какшаткан заардуу сөздөрдү укпасын, анан мага наалат айтпасын деп, апаң сен төрөлгөндөн бери колуна ттйгенин жыйнап жүрөт…

Апам ичинде көптөн бери бук болгон сырларын мага жашырбай айтканына жеңилдегендей үшкүрүп:

-Апаң сага боло айтат. Ушул кызым өз теңинен озуп, жакшы жерге түшүп, өсүп-өнүп кетсе дейт. Апаңдын андан башка тилеги жок. Таш түшкөн жеринде оор кызым… Дагы кулагыңа куям. Майда жашыңды жашап койдуң, кичинелигиң калган жок. Он алтыга чыктың. Өзүңдү жакшы карма. Окуп-чокуп, ишчи болгон аялдардын да жалчып кеткенир көрбөдүм. Көбү эрлеринен ажырашып, соттошуп, жакалашып басып жүрүшөт. О, андан өлүм артык!

Мен апамдын энелик мээримин төгүп, ак пейилдүү сөздөрүн укканымда: бүткүл боюм элжиреп, жаш баладай мойнуна чап жармашып, ошол учурда ак мамасын жыттагым келди. Ыраазычылыгымды билдирип, алкышымды айткым келди, бирок сөөккө сиңген уялчаактык, тартынчаактык жеңип, башымды көтөрбөй жер карадым. Эки бетим тамылжып, уялдым, тердедим.

Апам кандай мээрбан, кандай камкор! Кызым жат жерде жер карап калбасын деп, төрөлгөнүмдөн бери сеп жыйнап жүрүптүр! Беш-алты жашымда, апам мени алдына отургузуп, кандайдыр бир жагымдуу, кайгылуу обон менен үнүн созуп:

Үч күндүк жолго аттанып,

Испайрам суусун кечирем.

Кимдин го кызы дедиртем,

Анан Гүкүшүмдү

Алыскы жолго көчүрөм…

-деп ырдап калаар эле.

Мен бул ырды аябай жакшы көрчүмүн, улам апам аягына жеткенде, кайра:»Ыйда» — дечүмүн. Апам да тилимди алып, көпкө эрикпей ырдай берээр эле. Кээде мен апамдын ушул ырын тыңшап жатып, мемиреп уктап кетээр элем.

Аттиңай, апам айттырбай билип, ошол ырды кадимкидей обонуна салып, азыр ырдап берсечи.

Апам себи жок кыз жер карайт деп, эң туура айтат.

Эмесе, бир эле мисал келтирейин.

Өзүбүздүн айылдык Темир аке былтыр башка тараптан сүйлөшүп жүргөн кызын ала качып келген. Ошондо баарыбыз жабалактап барып көргөнбүз… Биздин жеңебиз чачы түйдөк кызыл томолок неме экен. Ал салтка көнүп, үлпүлдөп жоолук да салынбаптыр. Катын-калачтардан ыйбаа кылбай, кайра качырып тиктеп, ар кимдин оозун карайт. Кемпирлер Темир акеге миң наалат айтып, жерге түкүрүп, тарап кетишкен.

Бир жакшы жери Темир акенин зайыбы үй оокатка тың чыгып, кайын энеси ар бир үйгө барып, экт алаканын карс уруп»:Ии ортак, Темириме ыраазымын. Түйдөк чач келиним-келин эмес, алтын экен, алтын экен. Мынабу кемхелди өзү тикти. Колу гүл турбайбы. Кылган оокатычы? Бал татыйт, ичкиң келет, такыр курсагың тойбойт. Эмне кыласың, акыры келинге жетиндим да. Берки зор келиним быякта эле калды»- деп тамшанып айтып жүрдү.

Түйдөк чач жаш абысыны элдин оозуна алынып, айрыкча кайыниэнеси оозунан түшүрбөй мактап жүргөнүн зор келин угат да, ичи өрттөнүп, кекене баштайт. Көп бтпөй эртеси эле айып таап, уруш чыгарат. Темир акенин зайыбы абасынынын ак жерден жалаа жаап жатканына ачуусумкелип, тилин тартпайт. Ошондо зор келин шымаланып:

-Тилиңди тарт, түйдөк чач! Мен беш жыл кызмат кылып, орун тапкан келинмин. А сен, түйдөк чач, астананы аттай элек жатып эмне мага теңелесиң? Үч ыштаныңды салып келген кара чамаданыңабы? Энем берген сан төшөктөрүм абийириңди жаап жүргөнүн билесиңби?- дейт.

Бечара түйдөк чач жеңем аябай кемсинип, ошондон кийин абысынынын төшөгүнө такыр жатпай коюптур дейт…

Апам Гүкүшүм жат жерде жер карап, абысындарына күлкү болбосун деп, мага дүйүм-дүйүм сеп жыйнап жүргөн турбайбы?.

О, кагылайын, өпкө-жүрөгүмдү чабайын апам! Сенин ак сүтүңдү, не бир, не бир тоодой эмгектериңди жаман кызын кайтарат болду бекен? Бул жөнүндө ойлосом, башым катат, уйкум кклбейт.

Кыз бала түнөгүндө куйрук-канатын жетилткен куш сыяктуу экен. Кези келгенде канат кагып учат экен, башка аскадан жылуу түнөкмкамдайт экен.

Эки катар мээрап жүгүбүздүн ортосунда чоң кызыл сандык бар. Апам тойлордон тийген, атам базар-учурдан сатып келген эндей материал болобу, тигилүү кийим болобу, алардын бардыгын бүктөп, ошол сандыкка салат да, кулпулап, ачкычын чачпагына байлап алчу…

Ырас, бул жолу сырдуу сандыктын ичинде эмнелер бар экенин билгим келчү, кызыкчумун, далай жолу апамдын ачкычын уурдоого аракет кылдым, бирок апам сактанып, алдырбады. Кантейин!

Акыры учуру келгенде, апам жашыруун сандыгын аңтара ачып ичиндеги буюмдарды чубап чыкты. Сырдуу сандыктын ичинде эмнелер гана жок дейсиң.

Жалпы эсеби менен аялдардын тигилүү көйнөгү отуз, эки помбаркут, хан атлас, көк кара шайы, товар (чыт менен иласты эсепке албаганда) баары кырк кишилик экен. Он бир жүн оромол, сегиз жибек оромол, 12 жуп зайпана мааси бар экен… Апам ушулардын баарын мен темтеңдеп баскандан бери термелеп жыйнап жүрүптүр. Ал турмак, апамдын атластан түптүз каптай тигилген этеги кең сеп көйнөгү да арасында жүрөт. Бул көйнөгүн апам этине салбай, тун кызымдын себине кошом деп, атайы ырым үчүн сактап жүрүптүр.

Анан кантип апамдын аскар тоодой асыл эмгегин актаар алат бекенмин деп ойлонбойм. Ойлоном да!

Апамдын ичиндеги туюк сырларын билгенден бери тынчым жок, уйкум келбейт. Көчөдө жүрсөм да, сабакта отурсам да, идиш-аяк жууп жатсам да, септерим тууралуу ойлоно берем. Үйдө эч ким жокто, мээрапта кериле жыйылган жүктөрүмө суктанам. Сыйпалап карайм, жүрөгүм элжирем кучактайм, эч бир жерине чымын кондурбайм. .. Текче шкафта чабалекейдей катар тизилген идиш-аяктарыма көз кырымды салам. Эрикпей ар бирин чүпүрөк менен сүртүп чыгам.

Өзгөчө, эки мээраптын ортосундагы чоң сандык көзүмө жылуу учурайт. Аны улам ачып, ичиндеги буюмдарды кармалап көргүм келет. Кээде күйөө-мүйөө түшпөгүдөй эле деп кооптоном. Бирок чоң кара кулпу жолотпойт. Ушул сандыктын ачкычын апам ишенип берип койсо болбойбу деп таарынсам, кандайдыр мага бейтааныш дабыш шыбырагансыйт: «Ашыкпа, Гүкүш! Жакында самаганыңа жетип, чоң сандык эмес, апаң жыйнап жүргөн башка буюмдарга да ээ болосуң.»

Ооба, мен да үйлүү-жайлуу болом. Ошондо сеп төшөктөрүмдү керилте жыям. Идиш-аяктарымды кыдырата тизем, бир килемимди дубалга илем, экинчисине орун жетишпесе, жүк астына бүктөп коем. Эч бир буюмума чаң жугузбай, үйүмдү мистей таза кармайм. Бардык сеп кийимдеримди жип тартып, катар-катар илип салам. Катын-калачтар келип көрөбүз деп, үстүмө киришет, мен сынымды бузбай, керилип-чоюлуп чай куям. Алар чай ичимиш болуп, астыртан үйүмдөгү ар бир буюм ордундабы, ал турмак колумдагы чайнектин түбү капкара эмеспи, ошого дейре карап чыгышат. Алардын ой-максаты эптеп эле менден кынтык таап, айтып кетүү. Мээраптагы өзгөчө бир түрдүү түстөгү көрпө-төшөктөрүмдү, кош килемди, өзгөчө бир нече катар менин сеп кийимдеримди көрүшкөндө, ичи тарып ызаланат, ак ниеттүүсү кубанып, баракелде деп, апама миң мертебе ыракмат айтышат. Септүү кыз!- деген атагым алыска угулат. Өзүм жат жерде жер карабай өктөм жүрөм.

Ботом, дагы мактана баштаган турбаймбы?

Жашырып не кылабыз, биз кыз калкы мактанчаак келебиз.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️