Түштүк кызы 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.11-болум

Быйыл кыздарды сөзсүз Фрунзеге окууга жиберет экен, жаны ачышканда Ташымов өзү белсенип киришип калыптыр деген кабар биздиниайылды жалбырттаган өрттөй аралады. Эки аялдын башы бириксе сүйлөшкөнү, иши, эрмеги ушул кеп. Бул күтүлбөгөн кабарга Гүлсүн апа жер тепкилеп сүйүнүп жүрөт дейт. Ал жолуккан аялды атайы токтотуп алып:Кыйын болсо Карамат кызын эми куткарып алсынчы. Ол, этеги делбиреп бирөөнү мазакташка жаралган. Ошол жер-сууга тийгизбей мактаган кызы чачын кырктырып, бир жүн башты ээрчип, окуп жүргөндө кантээр экен. Кантип жаны чыдаар экен. Охо, куп болду да. Табам ушунчалык канып атат, ортак. Караматтын кызын окууга тарткан өкматтан айланайын. Испайрам суусун кечирем, алыскы жолго көчүрөм деп, оозун бир карыш кылып мактанчу эле, буюрса көчүргөнүн көрөбүз. Кыздарын окутпай калыңга саткан ата-энелерге өзгөчө чара колдонобуз, — деп райком Ташымов чогулушта Калмурзага колун кезеп сүйлөгөн имиш. Эски чирик кимде экенин билген да. Куп болду, ортакжан. Эми Айзадаканым кайда окуса ыраазымын» ,- деп, ар кимге заңкылдап айтып жүргөнүн апам угуп:»Элден чыгып, энесин таштап, бир жетимдин этегин кармап кеткен, бузуку кызын актабай эле койсун. Адамда ар болбосо аңыраңдап(апамдын тилинин заардыгы ай) сүйлөй берет да. Мениникөзүм тирүү турганда кызым жанымдан карыш жылбайт», — деп күүлөндү.

Апамдын төбө чачын тик тургузган беймазаа окуя эртеси болду. Аркы өйүзгү беттеги колхоздо апамдын кара чечекей бир тууган Уулбү деген сиңдиси бар. Ошо таежем кокус келип, апамдын күйүтүн угуп, ого бетер жарасын ырбатып кетпедиби.

 

Айланайын эже, кантип Гүкүштөй кызды ошол Прунзеге окууга жибересиң. Кантип чыдап турасың? -Алаканды шак коюп, чала-бучук ыйлап жиберди. -Абысынымдын Прунзеге барган уулу ооруган экен, ошого барып келди. Ал айтып отурса, чачың тик турат эжекебай. Прунзе бүт эле бузулуп кеткен имиш. Кыргыздын ыманы ысык Гүкүштөй кыздары чачын түбүнө чейин кырктырып, теги адам кебетесинен кетип калыптыр дейт.

-Койчу, кантип эле?- деп апам ишенип турса да, бүшүркөп коет.

Таежем андан бетер күйүа- бышып, алаканын шак эттирет да, кебин улайт.

-Эжекебай эсиңиз барда этегиңизди жабыңыз. Айдай кызыңыздын убалына калып, мусулманчылыктан чыгарып, элдин бетин карай албай калбайлы. Абысын түшүкүр айтып отурса, чачың тик турат тим эле. Көңүлүң айынып, кыжырың келет. Бойго жеткеникыздар күпкүндүз эле эркектер менен колтукташып, кучакташып анан басат имиш. Менин абысыным калп айтчумкатын эмес. Өзткөзү менен көрүптүр. Түндөлөрү жер жуткур окуучу кыздаркараңгы бактардын түбүндө эркектер менен кучакташып турганын көрдүм дейт. Ошол эле дейсиңби? Жанагы абысыным окуган беш жылдык окуунун жатаканасында балдар менен кыздар аралашып жата берет имиш.

-Калп айтпачы!- апамдын жаны ык этип, ийне менен сайгандай секирип кетти.

-Калп айтсам өлүп кетейин эжекебай. Баламдын күнүн көрбөй калайын.

-Кой антип, суук сөздөрдү оозуңа алба.

Абысыным айтат: күн чыгаарда бир чачы саксайган кыз төшөгүн көтөрүп, бир кызыл майкечен жигитти колтуктап, бактан чыгып келатыптыр дейт. Жакамды кармап, оозум ачылып, аңкайып эле карап калыпмын. Ой, бетиң курусун, чарыкты жамап алганын, уялып койбойт. Дагы арсаңдап күлүп, кызыл майкеченди чымчылап коет. «Булар эмне кылып жүрөт?» -деп уулумдан сурасам, ал уялып жер карап:»Сааркы салкында мээ сергек болот деп сабак окуп жүрүшөт»- деп эптеп жашырып койду. Мен ишенген жокмун, баамымда ошол бакта түнөп чыгышкан немелер, деди абысыным.

Мен да аңкайып таежемдин сөзүн тыңшап, текчеге сүйөнүп, колумдагы ак чыныны эрмектеп туруп калыпмын. Таежемдин кейип кепчиген сөздөрү жүрөгүмө тикенектей сайылат. Таежем күүлөнүп, алаканын улам шак эттирет да, жаңы кубат менен ачышканын, күйгөнүн билдирип кебин улантат:

-Жалган чынын ким билсин ошол окуган кыздардын бир да соосу жок имиш. Боюна болуп калса, догдурга барып, сойдуруп алдырып салат имиш.

-Бузулган эл турбайбы? Гүкүшүмдү кантип анан ошол жакка жиберейин? Жибербейм.

Апам да кайраты тайып, ыйлап жиберди.

-Жибербеңиз эжекебай. Айтайын деп ишимди таштап, күйүгүп келдим. Жездем экөөң бир аракетин кылгыла.

-Э, жездең жемирең калсын. Жолдош Ташымовго убада берип койдум деп, лөкүйүп тилимди албай атат.

-Тилиңизди алдырыңыз. Менден укккандарыңызды төкпөй-чачпай айтып бериңизчи кантээр экен?

-Айтам.

-Айтыңыз.

Таежем дагы бир нерсени эстей койгондой, алаканын шак этирди да:

-Ошол жактын бир жаман адаты бар имиш. Бети курусун айтып отурса. Чырайлуу-чырайлуу кыздарды артынан пайлап жүрүп, аңдооч коюп, бир күнү оң келгенде «Победага» аңтара салып, ала качат экен. Эжекебай, жумурткадай таптаза Гүкүшүңдү ушуларды угуп, билип кантип Прунзага жибересиз. Кызыңызды бармактайынан бирөө ала качып, анан Ысык-Көл дейби, Талас дейби бир жерине сандалып барам деп өстүрдүңүз беле?- таежем көз жашын шыпырып алды.

Мындай адамдын санына без чочута турган кабарды укканымда, Фрунзеге барып окусам деп эки көзү төрт болгон дилгир жан мен да, тайсалдап калдым. Биз адамдын сымбатына жарашыксыз, чыкчыйган көйнөк кийген, эриндерин боешкон, чачтарын кырктырышкан шаардык кыздарды газета-журналдарга чыккан сүрөттөрүн көрүп, күлүп жүргөнбүз. Ал эми күпөкүндүз эле кучакташып, өбүшүп, боюнан алдырышкандарына денем дүркүрөп, ишенбей чочуп турам. Эгер ушундай болсо эң жаман. Кыздар жибектей созулуп, биринчи кезекте өз абийирин сактап жүрүш керек да… Анан окуу..

 

Мүмкүн таежем апыртып айтып жаткандыр. Ким билет. Мүмкүн, бул кыздардын ата-энелеринин эсин чыгарыш үчүн ойлонулган ушактыр. Кантип эле университеттин жатаканасында балдар менен кыздар аралашып жатсын. Каерде болсо да тартип болот эмеспи.

Быйыл кышта биздин мектепке Ош пединститунун студенттери практикага келишти. Теңи эле кыргыз кыздар экен. Ырас, алар бирге окуган балдар менен колтукташып жүргөнүн көрдүк. Бирок таежем айткандай шумдуктарды байкабадык.

Өз оюмду тайманбай апама айтуудан тартындым. Батына албадым. Жаны кейип, урушаарга киши таппай, көзүнө кан толуп турганда апама акыл айтуу коркунучтуу. Кутулбаган балээге каласың.

Мунун үйрөткөн акылын карасаң. Ушак деп коет. Сенин кара чечекей сиңдимдин күйүп айтканы ушак имиш. Оюна койсо, Прунзага барып, чачын кырктырып, жеңи жок көйнөк кийип, ээн-эркин жүргүсү бар. Өлсөм да окууга жибербейм! — деп долуланып, кулак-мээмди жебейби. Мындай заардуу кепти уккандан көрө, кеп тыңшап отурганым эп эмеспи.

Таежем апамдын кулагына куюп, «Гүкүштү окууга жибере көрбө» деп, жер муштагылап кеткенден бери биздин үйдө уруш-жаңжал. Апам эптеп эле шылтоо таап баарыбыз менен урушат. Мен кичине чеки бир нерсе кылсам:»Көрчү, окууну уккандан бери мунун түрү өзгөрдү», эгерде экзаменге даярданып баш көтөрбөй китеп окуп калсам, колумдан жулуп алып:»Мага мударис болуп көрүнбө, баарыбир окууга жибербейм» — деп чамынат. Мен эмес Туратбек да мурункусундай талтаңдап апама асыла коюп көп таяк жеди. Табам каным калды.

Баарыбыздан апамдын балээсине калган атам. Эртең менен туруп кетет да, жатарда гана үйгө келет. Чай ичет да жатып алат. Апам болсо башына соксоюп отуруп алып, ачууланат, урушат, ыйлайт.

-Акыры ошол Ташымовуң да тирүү жан го, жолун таап, беш-алты миңди берип болсо да Гүкүштү калтырсак деп, атама кайрылат.

-Кадырың жан болсун, Ташымов андайга барчу киши эмес.

-Камырап койбогон кандай ташбоор жансыз? Ойлоносузбу акыры? -Атам тетири карап унчукпайт.

-Акыры эр болгондон кийин бир масылаат айтасызбы?

Апам чарчаганда, сабыры суз жанымама кынтаят. Көпкө уктай албай ойдолоктой берет. Көзү илинип, уктап кетсе да денеси диртилдеп, чочуп ойгонот.

Айтпаса да түшүнүктүү. Баягы, коркунучтуу түштөр да!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️