Түштүк кыз 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.

1-болум

Үйдө эч ким жокто, кечтелеп сайма сайганды, кыңылдап ырдап, кыялданганды жакшы көрөм. Бул менин көнгөн, үйрөнгөн адатым. Ар кимде ар кыял , ал кыялды ким тыяр дептир. Мен обу жок ыржактап күлбөйм, ырсактап бирөөгө тийишпейм, ушак айтканды зээнимде жактырбайм. Көчөдө болсун, мектепте болсун, боюмду көпчүлүктөн оолак кармап, жалгыз жүрөм.

Менин зымпыйып, өзүмдү оор басырыктуу алып жүргөнүмдү баары макташат. Апамды ээрчип, аш-тойго барып калсам, сынымды бузбай сыңар тизелеп отурам, кеп сураса шашпай жооп берем. Отургандардын эки көзү менде экенин билип турам. Ансайын жеп карап созулам. Улгайган аялдар адептүүлүгүмө ыраазы болушуп, маңдайымдан чоп эттирип өөп: «Өмүрүң узун болсун айланайын, биздей карып-ары» дешип, ак баталарын аяшпайт… Кээ бир энелер кыздарын урушканда: «Өзүң теңдүү Гүлайымдан үлгү албайсыңбы? Чоң кишидей акылдуу. Эл көзүнчө созулуп, керели кечке бир сүйлөп койбойт. Кандай жандын кыздары ошондой болот экен?» деп, арманмкылышканын да укканмын.

 

Албетте, энемдей кишилердин мактоолору мага майдай жагат. Көңүлүмдү эргитет. Мындан ары да өз баркымды эл көзүнө түшүрбөскө аракет тырышып, жибектей созулам, улуу кишилердин алдынан кыя басып өтпөйм. Ошон үчүн мени жакшы кыз дешет…

Ботом мактана баштаган турбаймбы?.. Уят… Уят. Бетим кызарып баратат. Бирөө ушул оюмду угуп калса өлбөдүмбү?..

Ким укмак эле, үйдө жалгызмын. Атам, апам, үкам үчөө тең жарышып Ош базарына кетишкен. Сиңдим экөөбүз калганбыз. Апам айткандай чоң дарбазаны ичинен кулпулап, эртеңден бери эки мээрап жүктү аптапка жайып, кайра керилте жыйдым. Колум талып эле калды.

Эми кол бошоп, сайма сайып отурам. Үйүбүздүн үстү жагындагы асфальт жолдон машиналар өйдө-төмөн кумурскадай каттап турат. Бул дүйнөдө ар түрдүү адамдар бар окшойт. Кээ бирөөлөр машинанын үстүндө кол булгалап өтөт, кээ бирөөлөр үнүнүн бардыгынча дарылдап ырдайт, кээ бирөөлөр ажырашып кала тургансып, бекем кучакташып алышат. Уялбайбы? Андан көрө тынч отуруп, айланага көз жиберип суктанышпайбы, кыялданышпайбы? Аттиңай, мен мен машинага түшүп, алыс-алыс сапар тартсам, кандай кыялданаар элем… Кыялым машина менен тең жарышмак… Созулуп, сүйлөбөйт деп мактаган энелер менин ичимдеги уйгу-туйгу ойлорумду, жүрөгүмдү мыкчып эзген сырларымды билип коюппу?..

 

Мен күн өткөн сайын негедир өзүбүздүн коргонду жек көрүп баратам. Туюк аскадай айланаңды курчаган коргондо өзүң жалгыз отура берсең, ичиң бышып зеригесиң, бук болосуң… Көңүл түшкүр элирет, кайдадыр талпынат, жүрөгүм тынбай согот…

Бул коргонду мындан элүү жылча мурда чоң атам курдурган экен… Жаңы кезинде өтө бийик болчу деп атам айтып калат. Бурганактап көз ачырбай, алай-дүлөй карлар жаап, аптасына созулган жамгыр куюп, жыл өткөн сайын чоң атамдын коргонунун такпайы бошоп, топурагы эзилип, урай баштайт. Айрыкча, өзүнүн көзү өткөндөн кийин бул коргон кароосуз калат…

Кечээ жакында, мен эс тартып калганда, коргонубуздун батыш тарабы аңырайып бузук эле… Элдин бош жүргөн малы кирип, тынчыбызды алганда, атам өзү шымаланып гүвалак коюп, эптеп бүтөп койгон.

Кийинки үч-төрт жылда биздин айылдагылар бири-бирине атааңдашып, үй-коргон салышып, алардын жанында биздики жепирейип, аябай ырайы суук көрүнүп калды.

Атам да арданып, ар кимден акыл сурады. Кээ бирөөлөр ушул тамтыгы кеткен коргонуңду бузуп, (антпесең баарыбир эски такпайы эзилип кетет) жаңы конушка өт дешти. «Ата конушумду чалдыбарга айлантпайм, ушул жаман коргондо өсүп-өндүм» ,-деп макул болбой, эски коргонубуздун тамтыгы кеткен үстүңкү паксаларын көчүрүп, анын ордуна жаңыдан беш пакса улап урдурган… Коргонубуз тогуз паксага жетип, шаңкайып калды.

Үйүбүздүн жанынан эртели-кеч өткөн карыялар: «Бали, куп коргон экен да! Кимдики болду экен? Мындай бийик коргон бу арада жок… Ким курса дп, атасына ыракмат»- деп, тамшанып өтүшкөндө, атам ого бетер дардайып калат.

 

Коргонубуздун ичи кенен, беш-алты сотых келет. Мурдалары апам бул аянтка кара тамеки экчи эле, былтыртан бери сорт алмалар мөмөлөп, шактарынын көлөкөсү далдайып жайылган сайын, тамеки бышпай калды.

Буга апам капа, мен ыраазы. Анткени кара тамекинин бүткүл түйшүгү менин мойнумда: экчүмүн, кайталап чабыктан чыгарчумун, апта сайын желкем үзүлүп отоп турчумун. Күзүндө тамекини каптап алып, апам, Ош, Анжиян карай жөнөчү…

Алмалар жетилгенден бери бул машакаттан кутулдум да калдым. Эң таң калаарлык нерсе кыпкызыл алмалар шагында эзилип бышып турса жегиң келбейт…

Ботом кыялым дагы алыстап кеткен турбайбы?

Ошентип, он жетиге жык толуп, алыскы сапарга уча турган куштай канатымды дирилдете каккылап, эми кай жерге барып коноор экенмин деп, жүрөгүм туйлап, ушул коргондо сыланып-таранып турган кезим…

Кыз жүрөгү сезгич келет.

Кийинки айларда ата-энемдин көп-көп базарларга каттап жаткандыгы да кокус эмес…

Өткөн базарда апамдар көтөрүп келген куржунду кызыгып аңтарып жиберсем, эркектин бир жуп өтүгү бултаң этип чыга калды.

-Ата өзүңүзгө алдыңызбы?- десем:

-Жок, кызым,- деди да, атам заматта кызарып кетти.

-Жакшы өтүк экен… Хром турбайбы? Анан кимге алдыңар?- деп, кычагандай такып сурапмын. Менин такышымдын да жөнү бар, биздин үйдө мындай чоң өтүк кие турган атамдан башка киши жок. Атам мостоюп, айласы түгөнгөн кишидей унчукпай жер карады. Карасам, жайык маңдайы тердей түшүптүр…

 

Мынча такып калдың? Кереги бар. -Суктанып кармалап турган өтүктү апам колумдан жулуп алды да, жаман көзү менен акырайып карап койду.

Түшүндүм! .. Ошондо түшүндүм, ошондо аалам караңгылап, үйүбүз кыйшайып, оодарылып бараткансыды, тула боюма муздак тер жармашты. Кире качууга жер таппай шашып калдым. Атам да эшикке жылып чыга берди. Апам кулак-мээмди койбой жемелеп кирди. Жемелебей турган апам беле, баарынан да атамдын алдында өлбөгөн төрт шыйрагым калбадыбы?

Ушу менде паам жок. Атам дудук болуп, кызарганда эле эмне сезбедим экен?.. «Жакшы өтүк экен?» деп, суктанып карап калганымды кантейин?.. Ошондон бери атама өик багып карай албай качып жүрөм.

Баарынан да ошол табышмактуу өтүк менин тынчымды алды. Кайда бассам, ал менин артымдан калбай ээрчип жүргөнсүйт. Ошол өтүктүн тык-тык этип баскан үнү угулгансыйт, карай салсам жок, анан дагы баягы тык-тык…

Баса, атамдар бул өтүктү кимге атап алышты экен? Деги атаган ээси бар бекен, же азырынча аты-жөнү белгисиз бир кишиники болду бекен? Ушулардын бардыгын билгим келет, бирок аны мага ким айтат?..

Бул өтүктү кимге алдыңар деп апамдан кайталап сурашка оозум барбайт, уялам… Бирок, ичим уйгу-туйгу болуп билгим келет.

Кыялданып күн бешим болду. Апамдар базардан тезирээк келсе экен. Зеригем. Ордумдан турсам, бүткөн боюм талыкшып калыптыр. Эстеп, керилип-чоюлдум. Эмне кылсам? Китеп окусамбы? Көңүлүм чаппайт. Жол карап тамдын башына чыктым. Тээ сарайдын жанында келиндер кылакташып тамеки эгип жүрүшөт. Азыр эмгек кызыган кез…

Кызыл-Кыя тараптан бир машина зымырап учуп келетат. Үстү толо кишилер, арасында жылаңбаш аялдар да бар окшойт. Кимдир бирөө ырдап жиберди. Үйүбүздүн тушуна келгенде, жанагы неме мага карай кол булшалады да:

Үйүңүздүн үстүнөн

Ырдап өтөм Гүлайым.

Кимдин жары болосуз?

Сурап өтөм Гүлайым,-

деп кошуп жиберсе болобу? Ырдай бер!- деп, калгандары чуулдашты. Заңкылдап эле жаагы жанып, атымды билгендей ырдап баратат.

Андан аркысын тыңшабадым. Кайсы балекет басып тамдын башына чыга калдым эле. Мына ушул ыр бардык элге жайылат, ак жерден жаманатты болом. Эмне үчүн чыктың, кимге бой көрсөтөйүн дедиң эле деп апам жанымды сууруп алат эми. Кайдан көзгө көрүнүп, бойго жеттим экен. Эселек бойдон, куурчак ойноп жүрсөм, мындай түйшүк түшүмө кирмек эмес.

Эмесе, биз тараптын кызга болгон адаты ушундай…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️